Ал сахнага чыкканда айлана ɵзгɵчɵ бир энергияга толуп, кɵрʏʏчʏлɵрдʏн кɵңʏлʏ кɵтɵрʏлɵ тʏшɵт. Кызыл тʏс, ишенимдʏʏ кадам, жарык энергия. Ɵзʏнʏн стили, профессионалдык билими жана ички дʏйнɵсʏнʏн тазалыгы менен айырмаланган ырчы Элера Кабылжан кызы менен ачык жана кенен маек курдук.

— Элера айым, сизди сахнадан кɵргɵндɵ жаркылдаган образыңыз жана ɵзгɵчɵ табитиңиз дароо кɵзгɵ тʏшɵт. Кɵпчʏлʏк муну элдин бʏгʏнкʏ кʏтʏʏсʏнɵ ылайыктап жасалган имидж жана псевдоним деп кабыл алышат, бирок сиз ʏчʏн бул жаркылдак образ менен чыныгы мʏнɵзʏңʏздʏн ортосунда кандай байланыш бар?
— Бул менин ɵзʏмдʏн мʏнɵзʏм. Жашоодо кандай болсом, сахнада да ошондоймун. Кɵпчʏлʏк эл ойлойт экен «Элера» деген ысым псевдоним болсо керек деп, бирок бул ɵзʏмдʏн азан чакырылып, атам койгон атым. Ал эми кызыл тʏскɵ кɵп басым жасаганымдын себеби — аны ɵзʏмдʏкʏ деп эсептейм. Ошол ʏчʏн да чачымды кызылга боёп, кызыл кɵйнɵк кийгенде ɵзʏмдʏ ишенимдʏʏрɵɵк сезем. Башкача энергия берет. Жарашат деп ойлойм, тажабай кие беремин. Ырчы ʏчʏн эң биринчи талант, андан кийин аракет керек. Ошолор болсо анан жакшы адамдар тартылат, кезигет. Ниет жакшы, таза болсо, ишиң да ошого жараша болот.
— Кɵпчʏлʏк замандаштарыңыз жеңил жол менен таанылууну тандап жаткан учурда, сиз классикалык вокалдык мектепке басым жасап, Опера жана балет театрында иштеген устаттардан билим алып келесиз. Мындай профессионалдык пайдубал сиздин бʏгʏнкʏ репертуарыңызга жана ыр тандоодогу табитиңизге канчалык деңгээлде таасир этип жатат?
— Ушул даражага жетиш ʏчʏн эстрадалык-вокалдык окуу жайды 5 жылда окуп бʏттʏм. Бала кезимден классиканы жактырып, опера ырчысы болом деп кыялданчумун, бирок андай болбой калды. Ага карабай, университетти бʏткɵндɵн кийин Опера жана балет театрындагы Бактыгʏл Бокоева деген эмгек сиңирген артист эжейимден 2 жыл классикалык вокалдан сабак алганмын. Азыркыга чейин кʏн сайын изденип, талантымды ɵркʏндɵтʏп, машыгып келем. Менин аткаруумда учурда 50гɵ жакын ыр бар. Ал эми канча ыр аранжировкаланып чыкканын эсептеп кɵрбɵптʏрмʏн. Ыр тандоодо болсо кээде ɵзʏм жактырган ырды дасыккан, музыка тармагында кɵп жылдан бери жʏргɵн композиторлор менен кеңешем, «ушул ырды ырдасам кандай болот?» деп. Кээде ошол инсандар: «Элера, бул ырды ырдасаң сага сонун жарашат», — дешет. Мисалы, жакында эле чыгарган «Гʏлдʏ кармап» деген ырдын сɵзʏ, обону Дайырбек Баржекеевге таандык. Аны аранжировщик, композитор Мирлан Ниязов сунуштап калды. «Элера, сен ушул ырды ырдасаң мʏнɵзʏңɵ, келбетиңе, азыркы чыгып жаткан стилиңе дагы аябай сонун жарашат» деди. Ошол композитордун сунушу менен ырдап калдым. Кээде жакындарым да сунуштап калышат. Мурда апам, досторум да кɵп айтышчу эле: «Ушул ырды ырдап кɵрбɵйсʏңбʏ, сенин аткарууңда уккубуз келип жатат», — дешип.
—Коңшу мамлекеттердин ɵнɵр адамдары менен болгон кызматташтыгыңыз чыгармачылыгыңызга кандай жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачты?
— Казакстанга акыркы убакта чыгып калдым. Декабрьдын аягында хитмэн Абай Бегейдин жеке концертинде мейман болуп ырдап кайттым. Казакча-кыргызча аралашкан дуэт ырларды ырдап келдим, ага клип да тартылган. Казактар жакшы сый кɵрсɵтʏп узатышты, баары жогорку деңгээлде ɵттʏ. Республика сарайында 3000дей кɵрʏʏчʏ келди. Каракалпакстандан келген ырчылар менен да таанышып кайттым, алардын чакыруусун да алдык. Алдыда ошол кошуна ɵлкɵлɵр менен сонун проекттерди кʏтʏңʏздɵр.


— Ар бир ырыңызга ɵзгɵчɵ даярдык кɵрɵрʏңʏз байкалат. Кайсы ырыңызды ɵзгɵчɵ жактырасыз? Деги эле, сахна артында кɵрʏʏчʏ билбеген кандай кыйын учурлар болот?
— Негизи мен бардык ырга бирдей мамиле кыламын. Берилип аткарам, даярданам. Ар бирине костюм ойлонуштурам, кандай макияж жарашаарын изденем. Ар бир кичинекей деталына чейин, кыймылына чейин, сɵздɵрʏнɵ маани берип ойлоп чыгам. Ошого карабастан, башында «Ɵзʏңɵ кайттым» деп чыккан, кийинчерээк «Каражаным» аталып, быйылкы жылдын абсолюттук хит ыры болгон ушул ырды ɵзгɵчɵ жакшы кɵрɵм. Бул ырды аткаруудан ырахат алам.
Кɵрʏʏчʏ билбеген сахна артында ар кандай кɵйгɵй бар. Кээде маанай жок болот, бир жериң ооруп турган учур болот. Ошого карабай, «эл мени кʏтʏп жатат» деп, элдин ишеничин актайын деп чыгып кетем. Кɵрʏʏчʏлɵрдʏн арасында да маанайы жок келгени болот. Анан мен жакшы маанай менен чыгып ырдасам, кɵңʏлдɵрʏ кɵтɵрʏлɵт, иши жʏрʏшɵт, ʏйʏнɵ барып ʏй-бʏлɵсʏнɵ сонун мамиле жасап кетсе — мен ʏчʏн бул жетишкендик. Элдин кол чабуусу, сʏрɵгɵнʏ мага чоң дем-кʏч берет. Ооруп турсам, ооруган жеримди унута калам. Маанайым жок болсо же чечилбей жаткан бир маселем болсо, аны сахнага чыккандан кийин элдин колдоосун, сʏрɵгɵнʏн угуп, мени сʏйʏп, мээрим менен карашса, аны да унута калам. «Жɵн эле жашабай жатыпмын, туура эле жолдо келе жатыпмын» деймин.
— Маданият тармагындагы наамдар — бул жɵн гана сыйлык эмес, чоң жоопкерчилик. Сиз ɵзʏңʏздʏ «Маданияттын мыкты кызматкери» наамына татыктуумун деп толук ишеним менен айта аласызбы жана бʏгʏнкʏ эстрададагы хайп, атаандаштык, сын пикирлерге карата ички фильтриңиз кандай?
— Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги наамы — бул жоопкерчилик жана мен ошого татыдым деп айта алам. Министрлик деле жɵндɵн-жɵн эле берип койбойт да. Мени эл тааныганга чейин мен мамлекеттик кызматта иштечʏмʏн. Ал жакта жакшы результат кɵрсɵттʏм. Ошонун баарын эске алып анан беришти го «Маданияттын мыкты кызматкери» деп, татыктуу дешип. Бул наамды алганым мага стимул жана мотивация берди.
Мен ɵзʏмдʏ кандай экенимди билгеним ʏчʏн, сындарга кɵп деле кɵңʏл бурбайм.
Кыргыз эстрадасында атаандаштык бар, албетте. Бул ырчыларды ɵстʏрɵт. Мен бирɵɵнʏн жылдызы жанып баратса, ал адамга суктанам. «Оо, сонун болуптур, иштеп жатат» деп, ал адамдын чыгармачылыгынан эргʏʏ алып, ишке болгон шыгым ойгонот. Кɵрɵ албастык, ушактоо адамды чɵктʏрɵт. Хайп деген нерсени мен жакшы деле тʏшʏнбɵйм. Кандай адам ошондой нерсени кылат, балким муктаж адамдар кылаттыр. Мен муктаж эмесмин. Мен иштеп жатам го. Чон максат менен билим алдым. Кыргыздын маданиятына кызмат кылайын деген чоң, изги тилектерим бар.


— Жеке жашооңузду жана жакындарыңызды социалдык тармактарга жарыялабастан, сыр сактаганды туура кɵрɵт экенсиз…Жеке жашооңуз тууралу бир аз кеп кылсак…
— Мен Инстаграм баракчама жеке жашоом боюнча маалыматтарды жарыялабайм, жакындарымдын жашоосун да чыгарбайм. Блогерлер, кээ бир ырчылар кʏнʏмдʏк жашоосун, тамак жегенинен бери чыгарат эмеспи. Мен иш-чара, концерттерди гана жарыялайм. Жашоом азыр кадимкидей эле: иш-чараларга барам, анан ыр жаздыруу ʏчʏн студияга барам. Салонго барып сулууланам, костюм тиктирем. Инстаграмга дээрлик убакыт деле болбойт. «Элера кантип эс алат?” Уктап, жакындары, эже-сиңдилери менен эс алат, тоого барганда эс алат. Сахнадан тапкан курбуларым да бар, бирок мен кɵп эле жакын боло бербейм. Курбу ɵз жолунда.
Ата-энем болсо чыгармачыл кишилер. Айылда эле отурушуп, дʏйнɵлʏк ырчыларды, популярдуу адамдарды, алардын чыгармачылыгын иликтеп, дʏйнɵлʏк музыканы угуп баалаган адамдар. Атам дагы музыкалык аспапта кол ойнотот. Апамды болсо, кудай райымына алсын, ʏнʏ укмуш (лирикалык сопрано) болчу, тембри ɵтɵ жагымдуу, жумшак эле.
Мʏнɵзʏмɵ келсек мен аябай бат унутам. Таарынычтарды кɵңʏлгɵ сактабайм, анткени ал деген — таштанды да. Терс таасирин тийгизет, энсеген жакшы кыялдарга жетпей каласың. Мен жарык адаммын. Мʏнɵзʏм жарык, сʏйлɵгɵнʏм жарык, ырдаганым жарык, кийингеним дагы… Жаркылдак кыздын жʏрɵгʏн багынткан жигит азырынча жок. Мен азыр ɵзʏмдʏ аябай бактылуумун деп эсептебесем дагы, кудайга шʏгʏр дейм.
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?