19 апреля, 2024

Ɵзгɵчɵ оор кылмыш иштер боюнча соттун белгилеген жазалары

2022-жылдын 1-январынан бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин Ош шаардык соту тарабынан ɵзгɵчɵ оор   кылмыштар боюнча 9 кылмыш  иши 15 адамга карата каралып, анын ичинен 8 кылмыш иши боюнча 13 адамга карата айыптоо ɵкʏмʏ кабыл алынса, 2 кылмыш иши боюнча   2 адамга карата актоо ɵкʏмʏ кабыл алынган. Кабыл алынган ɵкʏм мыйзамсыз жана негизсиз болгондуктан, 2 иш боюнча 2 адамга  апелляциялык сунуш келтирилген, 1 иш боюнча 1 адамга карата Ош облустук сотунун жазык иштери жана  жоруктар жɵнʏндɵгʏ иштери  боюнча соттук коллегиясы тарабынан ɵкʏм жокко чыгарылган, 1 иш 1 адамга соттук коллегия тарабынан  каралууда.

Ал эми каралган   ɵзгɵчɵ оор   кылмыштар боюнча тергɵɵ мʏчʏлʏштʏктɵрʏн жоюу ʏчʏн прокурорго кайтарылбаганы, ошондой эле   прокурорго кылмыш ишке тиешелʏʏ адамдарды камсыз кылуу ʏчʏн кайтарылганы, жоопкерчиликке тартуу мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулганы жана  ɵндʏрʏштɵн убактылуу токтотулганы орун алган эмес.

Кабыл алынган айыптоо ɵкʏмдɵрдʏн ичинен 8 кылмыш иши боюнча 13адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. Аларды берене боюнча бɵлʏп кɵрсɵткɵндɵ КРнын Жазык Кодексинин 267-бер. 3-бɵлʏмʏ менен(баўгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып ɵткɵрʏʏ максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жɵнɵтʏʏ, берип жиберʏʏ, ошого тете мыйзамсыз ɵндʏрʏʏ же сатып ɵткɵрʏʏ,ɵзгɵчɵ ири ɵлчɵмдɵ жасалган  жосундар) 5 кылмыш иш боюнча 8 адам эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле кабыл алынган айыптоо ɵкʏмдɵрдʏн ичинен КЖКнин 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏ жана 158-беренеси менен 1 иш  1 адамдын  аракетинде КЖКнин 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏ кɵрсɵтʏлгɵн кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган, КЖКнин 158-беренеси менен кʏнɵɵлʏʏ деп табылып, ал боюнча 6 жылга эркиндигинен ажыратылган, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 82-беренесинин  негизинде 3 жылдык мɵɵнɵткɵ пробациялык кɵзɵмɵл колдонулуп, ал эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ  жаза ɵтɵɵдɵн бошотулган, 1 иш боюнча 1  адам   КЖКнин 154-беренесинин 3-бɵлʏгʏ, 2-бɵлʏгʏ боюнча  11 жыл 3 айга эркиндигинен ажыратылган.

Мындан сырткары КЖКнин 282-беренесинин  3-бɵлʏгʏ, 2-бɵлʏгʏнʏн 2,3-пункттары, 3-бɵлʏгʏ менен 2 кылмыш иш боюнча 3 адам эркиндигинен ажыратылган.

Негизинен оор кылмыш иштер боюнча соттор тарабынан каралышын талдап чыкканда, соттордун аталган категориядагы иштерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык карап жатышкандыгын белгилеп кетсек болот. Ошону менен бирге кээ бир иштерди кароодо соттолуучунун аракетине туура эмес баа берип, негизсиз актоо ɵкʏмдɵрʏн кабыл алган фактылар орун алган.

Мисалы, 2022-жылдын 20-июнунда  Ош шаардык соту тарабынан КЖКнин 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏ жана 158-бернеси менен И.Т.И. айыптоо боюнча  кылмыш иши каралып,  жыйынтыгында КЖКнин 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏ боюнча соттолуучунун аракетинде  кылмыш окуясы болбогон деген негиз менен актоо ɵкʏмʏ кабыл алган.  Аны КЖКнин 158-береси  менен кʏнɵɵлʏʏ деп табып 6 жылга эркиндигинен ажыратып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 82-беренесинин негизинде 3 жылдык мɵɵнɵткɵ пробациялык кɵзɵмɵл колдонуп, ал эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ жаза ɵтɵɵдɵн бошотулган. 

 Ош шаардык  сотунун 2022-жылдын 20-июлундагы  ɵкʏмʏ мыйзамсыз жана негизсиз болгондуктан, башкача айтканда, ишти караган судья соттолуучунун аракетине туура эмес баа берип, КЖКнин 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏ менен негизсиз  актагандыгына байланыштуу мамлекеттик айыпты колдоп катышкан прокурор тарабынан 2022-жылдын 18- августунда апелляциялык тартипте сунуш келтирген. Келтирилген сунуш Ош облустук сотунун жазык иштери жана  жоруктар жɵнʏндɵгʏ иштери  боюнча соттук коллегиясы тарабынан каралып,  соттук коллегиясынын 2022-жылдын 3-ноябрындагы  ɵкʏмʏ менен Ош  шаардык сотунун 2022-жылдын 20-июлундагы ɵкʏмʏ мыйзамсыз жана негизсиз болгондуктан ɵзгɵртʏлʏп, айыпталуучу  И.Т.И. аракети КЖКнын 154-беренесинин 4-бɵлʏгʏнɵн ошол эле КЖКнин 158-беренесине  которулуп квалификацияланып, И.Т.И. КЖКнын 158- беренеси менен кʏнɵɵлʏʏ деп табылып (Г.Инин эпизоду боюнча) 6 жылга эркиндигинен ажыратылган  КЖКнин 77-беренесинин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп соттолуучу И.Т.И.  эркиндигинен ажыратылган. 

Башка мисал, 2022-жылдын 10-мартында  Ош шаардык соту тарабынан КЖКнин 267-беренесинин 3-бɵлʏмʏ менен айыптоо боюнча кылмыш иши каралып,  К.Н.А.,Т.В.А жана А.Э.С. кылмыш иши каралып, жыйынтыгында К.Н.А. КЖКнин 267-беренесинин 3-бɵлʏгʏ менен кʏнɵɵлʏʏ деп табылып 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Т.В.А. КЖКнин 267-беренесинин 3-бɵлʏгʏ менен беренеси менен кʏнɵɵлʏʏ деп табылып 10 жылга эркиндигинен ажыратылган, А.Э.С. 267-берененин 3-бɵлʏмʏ  боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

 Ош шаардык  сотунун 2022-жылдын 10-мартындагы  ɵкʏмʏ мыйзамсыз жана  негизсиз болгондуктан, ишти караган судья соттолуучунун аракетине туура эмес баа берип, 267-берененин 3-бɵлʏмʏ менен  негизсиз актагандыгына байланыштуу мамлекеттик айыпты колдоп катышкан прокурор тарабынан апелляциялык тартипте сунуш келтирген. Келтирилген сунуш Ош облустук сотунун жазык иштери жана  жоруктар жɵнʏндɵгʏ иштери  боюнча соттук коллегиясы тарабынан каралууда.

Ал эми шаардык сот тарабынан каралган ɵзгɵчɵ оор жана башка кылмыш иштер тууралуу айыптоо ɵкʏмʏ чыкканы боюнча мисал, 2022-жылдын 12-сентябрында Ош шаардык соту тарабынан КЖКнин 282-беренесинин 3-бɵлʏмʏ, 282-беренесинин 3-бɵлʏмʏ жана 211-беренесинин 2-бɵлʏгʏнʏн 2-пункту М.А.К айыптоо боюнча  кылмыш иши каралып,  жыйынтыгында     аны КЖКнин 267 бересинин 3-бɵлʏгʏ менен кʏнɵɵлʏʏ деп табып 10 жылга эркиндигинен ажыратылган, КЖКнин 211-беренесинин 2-бɵлʏгʏнʏн 2-пункту менен кʏнɵɵлʏʏ деп табып 5 жылга эркиндигинен ажыратылган, 77-беренесинин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп 13 жылга эркиндигинен ажыратылган, 78-беренесинин негизинде мурдагы ɵкʏм боюнча дайындалган жазанын ɵтɵлɵ элек бɵлʏгʏн жарым-жартылай кошуу менен биротоло 14 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын каттуу тартиптеги тʏзɵтʏʏ абактарында ɵтɵɵсʏн белгилеген.

Ош шаардык   прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордо ɵкʏлчʏлʏк кылуу бɵлʏмʏ тарабынан  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун  буйругунун талаптарын кынтыксыз аткаруу ʏчʏн тийиштʏʏ деўгээлде  иш чаралар жʏрʏп жатат.     

Жыйынтыктап айтканда,  жазык, жарандык сот ɵндʏрʏшʏ жана соттук чечимдердин аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ  бɵлʏмʏнʏн прокурорлору тарабынан  мамлекеттик айыптоону колдоодо мыйзамдын талаптарын кыйшаюусуз жетекчиликке алып, бардык далилдердин жыйындысы милдеттʏʏ текшерʏʏгɵ алынып, изилденʏʏгɵ жана баа берилʏʏгɵ активтештирилʏʏдɵ, ишке тиешелʏʏ процессуалдык укуктар колдонулуп, иштин чыныгы жагдайын аныктоо жана сотто мыйзамдуу жана негиздʏʏ чечим чыгарууга тʏрткʏ берилʏʏдɵ. Ошондой эле жазык жана жазык-процессуалдык мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган соттук чечимдерге, белгиленген мɵɵнɵттɵ сунуш киргизʏʏ жагы колго алынган. 

Жазык, жарандык сот ɵндʏрʏшʏ жана соттук чечимдердин аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлʏмʏнʏн прокурорлору тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун   буйруктарынын талаптарын  аткаруу максатында дагы   иш чаралар жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Тактап  айтканда,   мамлекеттик айыптоочу соттук териштирʏʏгɵ катышуу ʏчʏн жазык иши боюнча чогултулган материалды толук окуп чыгып, соттолуучуну каралоочу жана актоочу, кʏнɵɵсʏн далилдɵɵ ʏчʏн чогултулган далилдердин бардыгын объективдʏʏ изилдеп, аларга баа берʏʏ иштери, сотто мыйзамдуу жана негиздʏʏ акыйкат чечим чыгаруу максатында, иштин жагдайын ар тараптан тактоого  жана сотто катышкан прокурорлордун апелляциялык, кассациялык жана кɵзɵмɵл иретинде келтирилген сунуштардын, мамлекеттик айыптоонун сапатын жогорулатуу, кетирилген кемчиликтерди жоюу иштери ʏзгʏлтʏксʏз жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Кыргыз Республикасынын КЖПКде  кɵрсɵтʏлгɵн айыптоо актысы менен келип тʏшкон иш боюнча прокурордун аракеттери жана чечимдери, адамды айыптоо актысын  бекитʏʏдɵ кылмыш иши  ɵтɵɵ кылдаттык менен  окулууда, коюлган айыптоонун негиздʏʏлʏгʏ, ал иште болгон далилдер менен ырасталган- ырасталбагандыгы жана айыпкердин жосуну туура же туура эмес квалификациялангандыгы эске алынууда. 

Ош шаарынын прокуратурасынын жазык жана  жарандык ɵндʏрʏш бɵлʏмʏнун прокурору юстициянын  подполковниги     К.Т.Темиржанов