27 июля, 2024

ТҮРКИЯДА «ДЕДЕ КОРКУТ» МАДАНИЯТ ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 17-23-июль күндөрү Түркиянын Байбурт шаарында Деде Коркут Эл аралык маданият жана искусство фестивалы өткөрүлдү. Жүздөгөн жылдар бою түрк дүйнөсүнүн маданий өзгөчөлүгүн, ошондой эле орток мурасын алып жүргөн Деде Коркут майрамына миңдеген жергиликтүү жана чет элдик коноктор келди.

Деде Коркут түрк маданиятынын көрүнүктүү инсандарынын бири болгон. Анын “Деде Коркут”  эпикалык поэмасындагы баатырдык, эр жүрөктүүлүктү баяндаган окуялары түрк тарыхын жана маданий өтмүшүн чагылдырган эмгек катары эл колунан түшпөй окулуп келет.

Деде Коркуттун күмбөзү жайгашкан Байбурт шаары 1994-жылдан бери көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп келет. «Деде Коркут маданият жана искусство эл аралык фестивалы» да дал ушул жерде өткөрүлдү. Бул фестиваль Байбурттун эң маанилүү маданий иш-чараларынын бири болуп, өзгөчө түрк дүйнөсүнүн кызыгуусун жаратты.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН БИРИКТИРГЕН МАЙРАМ

Деде Коркут майрамы Масат айылындагы Деде Коркут Турбесине зыярат кылуу менен башталды. Деде Коркут ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилгенден кийин маанилүүлүгү дагы да артты. Фестивалда чирит оюндары, жергиликтүү тамак-аш жарманкелери, сүрөт жана кол-өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, концерттер уюштурулуп, көптөгөн коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. , Ошондой фольклордук шоулар, поэзия кечелери болуп, конференция жана талкуулар болду.

“Деде Коркут маданият жана искусство фестивалына” түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жана Түркиянын бардык аймактарынан катышуучулар чакырылган. Бул майрамдык жумалыкка ар кайсы өлкөлөрдөн үч жүз миңге жакын катышуучулар келди.

МУУНДАН МУУНГА ӨТКӨН ОКУЯЛАР

“Түрк дүйнөсүнүн даанышманы” катары тилге алынган Деде Коркут түрк эпикалык поэзиясыжана аңгемелеринде өтө көп кездешет. Анын ысымы, даанышман сөздөрүн түрк элдеринин уламыштары жана аңгемелеринде көп жолуктурасыз. Ар кандай риваяттарда аны «Коркут» же «Коркут Ата» деп да атап коюшат. Бирок ал түрк адабиятында өзүнүн аты менен айтылган уламыштарды айтып берүүчү катары белгилүү.

«Деде Коркут» түрк элинин баатырлары тууралуу окуяларды баяндайт. Анын аңгемелери түрк тил жана адабиятындагы эң көрүнүктүү чыгармалардын катарына кирет. Деде Коркуттун эмгектеринде негизинен түрк уруулары жана үй-бүлөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, маданияты, үй-бүлө түзүлүшү жана адеп-ахлактары жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылган. Бул окуялар кийинки муундарга өтмүштү, бабалар басып өткөн жолун жеткирүү максатында жазылган деп болжолдонууда.

Деде Коркутту кол жазмалары аркылуу түрк элинин маданий баалуулуктары мындан ары да муундан-муунга өтүп, кылымдар бою өлбөс болуп жашай берет. Анын эмгектери өтмүш менен бүгүнкү күндү байланыштырган, чыңдаган, маданий үзгүлтүксүздүктү камсыз кылууга жана келечекке ээлик кылуу сыяктуу жеке иденттүүлүк түшүнүктөрүн жеткирүүгө жардам берет.

Түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген Деде Коркут мурасы да 2018-жылдан бери ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.