6 июля, 2025

Медина Бектурова: “Чет ɵлкɵгɵ чыгуу кыялымды ар бурчу тарых жыттанган Италияда орундаттым”

Италияда эмгектенген мекендешибиз Медина Бектурова жумушунан сырткары “Италиядагы мигранттын жашоосу” тууралуу блог алып барат. Аны кɵрʏп чын эле кыргыздын кыздары кыйын экенине ынанасың.

 Ɵзʏм Ысык-Кɵл облусуна караштуу Тоң районунун Темир-Канат айылынан болом. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктагандан кийин чет жакка чыгууну туура кɵрʏп, 2023-жылы ноябрь айында Италияга келгемин. Университетти бʏткɵндɵн кийин чет ɵлкɵнʏ кɵрʏʏ кыял болчу. Эгер Кыргызстанда калып иштей турган болсом, ɵзʏбʏздɵгʏ айлык менен чет жакка чыгуу бир аз кыйын болуп калар эле. Ошол себептен мигрант болуп кетʏʏнʏ туура кɵрдʏм. Италияга тайежем аркылуу келгем. Ишеничтʏʏ адам болгон ʏчʏн ата-энем каршы болбой турган жалгыз жол ушул эле. Ага чейин дагы Тʏркия мамлекетине окууга тапшырууга аракет кылып, пандемияга байланыштуу бара албай калдым.

Италия ɵзгɵчɵ кооз мамлекет. Ушул жакка келип калганыма шʏгʏр кылам. Себеби келгенден кийин “ушундай да жашоо бар турбайбы” деп таң калган учурлар болду. Табияты кооз, тарыхы бай, эли аябай кичи пейил. Баарынан да табиятынын кооздугу жагат. Италиянын 80 пайызы деңиз менен курчалгандыктан деңиз ушундай кооздукту тартуулап турат. Деңиз эле эмес архитектурасы мыкты жасалгаланган ар бир бурчу тарых жыттанып турган мамлекет. Эч эле суктанып бʏтɵ албайсың. 

Бул жакта жумушум менен кошо Италиядагы мигранттын жашоосу тууралуу блог алып бара баштадым. Себеби айрым мекендештерибиз бизди чет жакта жыргап, акчаны шыпырып жʏрɵт деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Чет мамлекетте жʏргɵн мигранттар жыргап жʏрбɵйт, алар иштейт. Анда-санда эки жакка чыгып жер кɵрʏп, эл кɵрʏп, сʏрɵт-видеолор менен бɵлʏшкɵн учурда Кыргызстанда турган адамдар “жыргап эле жʏрɵт” деп ойлошу толук мʏмкʏн. Ошол ʏчʏн мен мигранттын чыныгы жашоосун кɵрсɵткʏм келди. Азыр деле Кыргызстандан иштегени келгендер арасында “мындай элестеткен эмесмин, мындай жумушта иштейм деп ойлогон эмесмин” деп кайра кайтып кеткендер да бар. Ошол себептен мен кандайдыр бир деңгээлде Италияга келʏʏнʏ пландап жаткандарга кандай жашоо кʏтʏп турганын, чыныгы жашоону кɵрсɵткʏм келет.  Негизи блог баштоо кɵп жылдан бери оюмда бар болчу. Италияга келгенде кызыктуу темалар кɵбʏрɵɵк болот деген ойдо ушул жактан баштап калдым. А бирок башында баштаганда мен жумушумду, ушул жактагы чыныгы жашоону эле дайыма кɵрсɵтɵ берем деп ойлогон эмесмин. Италиядагы ɵзгɵчɵлʏктɵр, кандай жакшы нерсе бар, кандай жаман нерсе бар, эмнеси кызыктуу, эмнеси кызыксыз, кандай мамиле кылышат, тамак-ашы кандай деген сыяктуу темалардан баштасамбы дегем. Бирок жашоомдун кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ жумушта ɵткɵнʏнɵ байланыштуу жумушту дагы кошуп, чыныгы жашоону кɵрсɵткɵн блог алып барууну туура кɵрдʏм.

Жумуш жɵнʏндɵ айта турган болсом эки балалуу ʏй-бʏлɵдɵ алар менен кошо жашап иштейм. Жатып иштегендин бир жакшы жери акча табабыз деп келгенден кийин акчаң чогулат, жатаканага, тамак-ашка, жолкиреге деп акча коротпойсуң. Болгон жумушумду кɵрсɵтʏп, кандай кыйынчылыктар бар, мага жаккан кандай нерселер бар ошолор тууралуу бɵлʏшʏп турам.

Италияда жакында эле биз турган шаарда той болду. Кыз узатуу мааракеси ɵттʏ. Италиянын Милан шаарынан келип Неопал шаарынан кызды алып кетишти. Кызыбыз Нарындык жигитке турмушка чыкты. Жалпы кыргыздардын башын бириктирген сонун той ɵттʏ. Мен аябай кубанычта болдум. Себеби баарыбыз алыс жакта жʏрɵбʏз, Кыргызстанды сагынабыз,  баргың келет. Кыргыздын эл чогулган жерде ар кайсыны кобурашып сʏйлɵшкɵн ɵзʏнчɵ бир атмосферасы бар да. Ошол атмосфераны тартуулаганда кандайдыр бир деңгээлде болсо дагы сагынычың тарап, ɵзʏңдʏн адамдарыңдын арасында жʏргɵндɵй сезинʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болду.  Кыргыздар бул жакта негизги майрамдарда, эгемендʏʏлʏк кʏнʏндɵ, Ноорузда чогулуп, спорт оюндары уюштурулуп, майрамдык иш-чаралар ɵткɵрʏлʏп турат. 15-20 жылдан бери жашаган кыргыздар салт-санааны карманып, жоготпогонго аракет кылышат. Туугандар, ушул жактан кыргыз тʏгɵй таап ʏйлɵнʏп, ушул жакта тʏтʏн булатып кɵп жылдан бери жашагандар абдан кɵп. Жаңы келген кыргыздарды тез эле арасына кошуп алышат. Бул жакта иштеп Кыргызстандан ʏй, жер алып муктаждыктарын толуктаган, ийгиликтерге жеткендер арбын. Алар кɵп жылдан бери жʏрʏшɵт. Мисалы мен бир ʏйдɵ иштейм жана иштеген жеримде жашайм. Бул акча чогултуп, бир нерсеге жаратууга аябай ыңгайлуу. 

Алгач келгенимде тил жагынан кыйынчылыктар болду. Сɵздɵрдʏ алмаштырып айтып алчумун. Мисалы эшикти ачканда “Саламатсызбы!” деп учурашам деп анын ордуна “Алло!” деп алган учурлар болду. Элестетиңиз, эшикти ачып туруп “Алло!” десең (кʏлʏп). Бирок ошондой болсо дагы бул жакта адашып калсаң биздегидей шылдыңдап, басмырлабайт. Мигранттарга аябай жакшы мамиле кылышат. Билбесең, туура эмес сʏйлɵп алсаң “жок, андай болбойт, мындай болот” деп ʏйрɵтʏшɵт. Кичинекей балдары дагы ошондой тарбияланышат. ʏстʏңɵн кʏлгɵн нерсе жок да. Мисалы мен канча деген сɵздɵрдʏ туура эмес сʏйлɵп атсам дагы муну айткысы келип атат окшойт деп ɵздɵрʏ эле болжоп тʏшʏнʏшɵт. Бизде Кыргызстанда аябай эле кадыресе кɵрʏнʏш да бул, ар бир экинчиси кʏлɵт. Ошондон тартынып дагы тил ʏйрɵнʏʏ жагы бир аз кɵйгɵйгɵ айланат. Мигранттарга кылган мамилесинен мага эң эле жаккан жери — маңдайда келаткан адамга жылмайгандары. Келгенимде дароо байкалган. Алдыңда келаткан адамды карап ɵтʏп баратсаң сага кɵзʏ тʏшʏп калса, жылмайып ɵтɵт.  Кɵңʏлʏң кɵтɵрʏлɵт да. Жакшы мамиле кылышат жана мигрант, ак, кара деп бɵлʏшпɵйт. Салты, маданияты, дини, тили бɵлɵк эл болгондуктан кыргыздар менен аябай чоң айырмачылыктары бар. Мен бир ʏй-бʏлɵдɵ жашагандыктан аябай салыштырып кɵрɵм. ʏйрɵнɵ турганыбыз да кɵп.

Азыр дагы Кыргызстанга кетким келет. Бул жакта кɵп жылдан бери барып-келип жʏргɵндɵр менен сʏйлɵшʏп калсак, “Кыргызстанга барсаң эки жума жʏргɵндɵн кийин кайра кеткиң келет” дегендерин угуп калам. Улам-улам ɵзʏмɵ: “кой, максатыңа жетип, кɵздɵгɵн иштерди ишке ашырып алгандан кийин биротоло кайра келбегидей болуп кет” дейм. Ушинтип ɵзʏмдʏ алдап, соороткон учурлар кɵп эле болот. Кыйналганда, айрыкча ата-энеңди сагынганда же Кыргызстанда кандайдыр майрам болгон учурда баары чогулуп майрамдап атышса сен жоксуң. Ошол учурда Кыргызстанга кеткиң келет.

Бʏкалча Маматали кызы

About The Author