1 декабря, 2025

Жумушка орношууда ɵз укуктарын кантип коргоого болот?

Дʏйнɵдɵ, анын ичинде батыш ɵлкɵлɵрʏндɵ жарандардын кɵпчʏлʏгʏ жумушка орношуу, жумуштан кетʏʏ жана башка маселелер боюнча ɵз укуктарын жакшы билишерин чет элдик ЖМКлардан окуп жʏрɵбʏз. Ал тургай укугу бузулган кайсыл бир жаран ɵзʏ иштеген компанияны анын укугун тебелегени ʏчʏн миллиондогон доого жыккан учурларын окуп калабыз. Деген менен Кыргызстанда калктын канча пайызы ɵз укуктарын билет деген суроого толук жооп алуу кыйын. Негизи эле юридикалык маселелер абдан татаал болгондуктан, ɵзʏнʏн адиси менен акылдашуу ашыктык кылбайт. Мындан улам бул жолу биз жарандар жумушка орношууда ɵз укуктарын кантип коргошу керек, маселени эмнеден башташ керек, эмнени билип, эмнени жасаш керек деген кептердин айланасында жактоочу Нуртилек Сайдинов менен маек курдук.

– Нуртилек мырза, жумушка орношууда эмнени билишибиз керек?

– Биринчи кезекте, ар бир адам Эмгек кодексин билиши абзел. Анткени, ал жумушка орношуу, эмгек келишими, иш берʏʏчʏ менен кызматкердин укуктары жана милдеттери тууралуу баарын тʏшʏндʏрɵт. Мисалы, дискриминацияга жол берилбейт, эмгек келишими мыйзамдуу болушу керек, эмгек акы мыйзамда кɵрсɵтʏлгɵн тартипте тɵлɵнɵт. Ошондой эле, иш убактысы, эс алуу кʏндɵрʏ жана коопсуздук да камтылат. Кыскасы, Эмгек кодексин билʏʏ кызматкерге ɵз милдетин туура аткарууга жана укуктарын коргоого жардам берет.

– Жумушка орношуу учурунда иш берʏʏчʏ менен баарлашуу болот. Ошол учурда иш берʏʏчʏ кандай суроолорду берсе мыйзамдуу болот дагы , кайсынысы мыйзамсыз болот?

– Мыйзамга ылайык, иш берʏʏчʏ сиздин кесиптик жɵндɵмʏңʏзгɵ жана тажрыйбаңызга байланыштуу суроолорду гана бере алат. Мисалы, “Бул кызматта кандай тажрыйбаңыз бар?” же “Бул программаларды колдонууга кɵндʏмʏңʏз барбы?” деген суроолор толугу менен мыйзамдуу жана маанилʏʏ. Алар аркылуу иш берʏʏчʏ сиздин милдетти аткарууга даяр экениңизди баалайт.

Ал эми жеке жашоо, ʏй-бʏлɵлʏк абал, улут, дин, сексуалдык ориентация жана башка жеке маалыматтарды сураган суроолор мыйзамсыз. Мындай суроолорго жооп берʏʏдɵн толугу менен баш тартканга болот жана бул жарандын укугу болуп эсептелет. Ошондуктан, баарлашууда ɵз укуктарыңызды билʏʏ абдан маанилʏʏ.

– Айтсаңыз, жумушка орношууда кайсы документтерди даярдоо керек?

– Негизги документтер – паспорт, эмгек китепче же анын кɵчʏрмɵсʏ, ошондой эле сиздин кесиптик квалификацияңызды тастыктаган документтер, мисалы, диплом же сертификат.

Андан тышкары, жумуштун мʏнɵзʏнɵ жараша кээде кошумча документтер талап кылынышы мʏмкʏн, бирок алар да мыйзам чегинде болушу керек. Башкача айтканда, эч кандай мыйзамсыз же жеке жашооңузга тиешелʏʏ документтерди сурап алууга укугу жок. Бул маалыматтарды алдын ала даярдап, баарын иреттеп алып келʏʏ жумушка орношуу процессин жеңилдетет.

Young Handsome man enjoy shopping online on mobile phone with credit card.

– Эмгек келишими тууралуу кенен айтып бере аласызбы?

– Эмгек келишими сɵзсʏз жазуу тʏрʏндɵ тʏзʏлʏшʏ керек. Анда тɵмɵнкʏдɵй пункттар сɵзсʏз камтылышы зарыл:

• тараптардын укуктары жана милдеттери;

• эмгек акынын суммасы жана тɵлɵɵ мɵɵнɵтʏ;

• эмгек убактысы жана эс алуу убактысы;

• жумуш шарты.

Эгер келишимсиз иштɵɵгɵ макул болсоңуз, мисалы “конверт” менен айлык алсаңыз, социалдык тɵлɵмдɵрдʏ жана пенсиялык камсыздандырууну жоготосуз. Ошондой эле мыйзамдуу компенсацияларды алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жокко чыгат.

– Сыноо мɵɵнɵтʏ жɵнʏндɵ айта аласызбы?

– Сыноо мɵɵнɵтʏ — иш берʏʏчʏ менен кызматкердин ɵз ара кызматташуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн текшерип кɵрʏʏ ʏчʏн коюлган атайын убакыт. Ал сɵзсʏз тʏрдɵ эмгек келишиминде жазылышы керек. Бул мезгилде кызматкердин укуктары толук сакталат: эмгек акы ошол эле ɵлчɵмдɵ тɵлɵнɵт, иш шарттары ɵзгɵртʏлбɵйт жана кызматкерди негизсиз тапшырмалар менен кысымга алуу мыйзамга туура келбейт.

Ошол эле учурда, сыноо мɵɵнɵтʏ аяктагандан кийин иш берʏʏчʏ кызматкер менен жолун улантууну же токтотууну чечиши мʏмкʏн. Эгер бошотуу болсо, ал чечим ачык тʏшʏндʏрʏлгɵн, мыйзамга шайкеш жана расмий тʏрдɵ жʏрʏшʏ зарыл. Кызматкер да сыноо мɵɵнɵтʏнʏн ичинде же аягында жумуштан ɵз каалоосу менен кетʏʏгɵ укуктуу.

Адистер бул мезгилди эки тарап ʏчʏн “коопсуз баалоо цикли” деп эсептешет: иш берʏʏчʏ кызматкердин кесиптик жɵндɵмʏн, кызматкер  жумуш шартынын реалдуулугун текшерип алат.

– Дискриминациянын тʏрлɵрʏ жана ага каршы кантип аракет кылуу керек?

– Эмгек мыйзамдары жумушка талапкерлерди жана кызматкерлерди ар кандай кысымга же бɵлʏп кароого жол бербейт. Дискриминациянын эң кɵп кездешкен тʏрлɵрʏнɵ гендердик, улуттук ɵзгɵчɵлʏккɵ байланыштуу, жаш курак боюнча, ошондой эле ʏй-бʏлɵлʏк абал, дин, же жеке жашоого тиешелʏʏ жагдайлар кирет. Мындай суроолорду берʏʏ же талаптарды коюу — мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Эгер жумушка орношууда же кызмат учурунда дискриминациянын белгиси байкалса, жумушка талапкер же кызматкер бул тууралуу эмгек инспекциясына, прокуратурага же сотко кайрылууга толук укуктуу. Далилдерди — билдирʏʏлɵрдʏ, жазууларды, кʏбɵлɵрдʏн сɵзʏн  сактоо чара кɵрʏʏгɵ жардам берет. Мыйзам ар бир жарандын тең укуктуу эмгекке жетʏʏсʏн коргойт жана дискриминацияга жол бербейт

– Медициналык текшерʏʏлɵр кантип жʏргʏзʏлɵт?

– Кыргызстанда медициналык кароо талапкердин жеке макулдугу жана мыйзамда каралган гана жагдайларда жʏргʏзʏлɵт. Айрыкча ден соолук жана коопсуздук жогорку мааниге ээ болгон кесиптерде, мисалы, айдоочулар, ɵндʏрʏш жумушчулары, тамак-аш тармагында иштегендерди алдын ала медициналык кароо милдеттʏʏ болушу мʏмкʏн. Бул текшерʏʏ кызматкердин ɵзʏнɵ да, иш ордуна да коркунуч жаратпоо ʏчʏн жасалат.

Башка жагдайларда иш берʏʏчʏ талапкерден мыйзамсыз медициналык маалыматты, анын ичинде жеке диагноздорду, ʏй-бʏлɵлʏк пландарды же ден соолук тууралуу ашыкча суроолорду талап кылууга укугу жок. Мындай суроолорго жооп берʏʏгɵ эч ким милдеттʏʏ эмес жана талапкер аларга сылык тʏрдɵ баш тартса болот.

Мыйзам жеке жашоо жана жеке маалыматты коргоону камсыздайт: ар бир медициналык текшерʏʏ максаттуу, негиздʏʏ жана мыйзамдуу болушу керек.

– Ишке кирерде  ɵз укугуңду коргоо ʏчʏн кандай практикалык кадамдарды жасоо керек?

– Жумушка орношууда ɵз укуктарын сактоо жана мыйзамсыз аракеттерден коргонуу ʏчʏн талапкерлерге бир нече жɵнɵкɵй, бирок натыйжалуу кадамдарды сактоо сунушталат:

— иш берʏʏчʏнʏн укуктук статусун текшерʏʏ – компаниянын расмий каттоосу, лицензиясы жана иш жʏргʏзʏʏ укугу бар экенин алдын ала билʏʏ маанилʏʏ;

— маек учурунда мыйзамсыз суроолорго жооп бербɵɵ – жеке жашоо, улут, ʏй-бʏлɵлʏк абал сыяктуу суроолорду берʏʏгɵ укугу жок;

— Эмгек келишимин тыкыр окуп чыгуу жана суроолорду тактоо – ар бир пунктту тʏшʏнʏп, суралган жагдайларды жазуу жʏзʏндɵ тактоо керек;

— жазуу жʏзʏндɵгʏ келишимге гана кол коюу – оозеки убада же “конверт менен” айлык алуу туура эмес жана тобокелдʏʏ;

— юридикалык консультация алуу жана укуктарын коргоо боюнча органдарга кайрылуу – шектʏʏ жагдайларда адвокат же эмгек инспекциясына кайрылуу сунушталат.

Ɵз укуктарыңды билʏʏ жана коргоо – биринчи кезекте ɵзʏнɵ таянуу. Мыйзамсыз талаптарга макул болбоо, документтерди сактоо жана юридикалык жардам алуу – ар бир жумушчу ʏчʏн негизги коргоочу чаралар. Этияттык жана маалымат – жумушка орношууда тобокелдиктерди азайтуу жана укуктарды сактоонун кепилдиги.

Гульнура Ормонова

About The Author