28 марта, 2024

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН БИЗ БИЛБЕГЕН ЖАКТАРЫ

Улуу Ата Мекендик согуштун башталыш учуру, жʏрʏшʏ жана бʏтʏшʏнʏн айланасындагы азыноолак кеп-сɵздɵр ушул кʏнгɵ дейре жʏрʏп келет. Ага таңдануунун кереги жок, анткени ал – тарых, ата-бабаларыбыздын улуу тарыхы. Мектепте бизди Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылдын 22-июнунда саат тɵрттɵ башталган деп окуткан, азыр деле ошентип окутса керек. Ата Мекендик согуш качан, кантип башталганын аскер адиси, публицист жана тарыхчы Александр Широкорад кененирээк баяндайт.

“СОГУШ ТАҢКЫ СААТ ТƟРТТƟ ЭМЕС, YЧТƟ БАШТАЛГАН”

1941-жылдын 22-июнундагы саат 3тɵн 7 мʏнɵт ɵткɵндɵ Кара деңиз флотунун командири, вице-адмирал Филипп Октябрский РККАнын  Генштабынын начальниги Жуковго деңиз тараптан келе жаткан самолеттордун массасы жɵнʏндɵ кабарлап, аларды ПВО кʏчтɵрʏ менен тосуп алуу сунушун билдирген. Жуков флот наркомуна дароо  доклад берʏʏ  аркылуу  аракеттенʏʏгɵ буйрук берген.

22-июндун тʏнʏндɵ люфтваффтын  сегиз “Хейнкелл-111” учактары Севастополго чабуул жасашкан. Биздин моряктар тосмо ок чыгарышкан, бирок учактар шаарга бир нече магниттик бомбаларды таштоого ʏлгʏргɵн. Биздикилер дароо учактарга ок ата башташкан, башында шаарга немистер десант таштайт окшойт деген ой болгон. Учактар эч жоготуусуз шаардан чыгып кетишкен. 

Ошентип,Севастополь немистердин чабуулуна Бресттен мурда тушуккан. Штабда шаарды  дароо эле деңизден аткылап башташат деген пикир басымдуулук кылган. Ошондуктан ал жакта катерлер да бар болчу. Ал эми чалгынчылардан италиялык кораблдер  Босфордон ɵттʏ деген кабар тʏшкɵндɵн кийин Октябрский Севастополдун акваториясын миналап таштоо буйругун берген. 22-июнга келип,  жолдун баары жабылып, ʏчɵɵсʏ гана калган. Батышка карай бир, чыгышка карай бир фарватер(миналанбаган тилке) жасалган. Акыбетинде,  1941-жылы эле ɵзʏбʏздʏн 12 корабль ɵзʏбʏздʏн эле миналарга жарылып кеткен.

СОГУШ БАШТАЛГАНЫН ОКТЯБРСКИЙ ЭЛЕ КАБАРЛАГАН ЭМЕС

Согуштун башталганын жалгыз эле Октябрский кабарлаган деп айтуу туура эмес. Саат 3.30да Батыш фронтунун штаб начальниги генерал Климовских Беларустун 12 шаарына немис учактары чабуул жасаганын Москвага билдирген.Андан ʏч мʏнɵттɵн кийин Тʏштʏк- Батыш фронтунун штаб начальниги генерал Максим Пуркаев Украинанын он шаарын немистик учактар бомбалап баштаганын кабарлаган. Саат 3.40 та Тʏндʏк-Батыш фронтунун командачысы генерал Федор Кузнецов Каунас жана Литванын башка шаарларына башталган аба чабуулдары жɵнʏндɵ билдирген. Немецтер саат тɵрткɵ чейин эле ондогон советтик аэродромдорду бомбалап таштаган.

Улуу Ата Мекендик согуштун башталган моменттери ар бир саат, мʏнɵтʏнɵ чейин кимдин эмне кылып жʏргɵнʏн кийинки тарыхчылар жакшы билʏʏгɵ жана ким экенине карабай ошого жараша тийиштʏʏ тыянак чыгаруулары керек. Мында эч кандай спекуляцияга жол берилбɵɵгɵ тийиш.

Мисалы, немис генералы Гудериан тʏнкʏ саат 2ден 10 мʏнɵт ɵткɵндɵ Буг дарыясынын жээгиндеги командалык пунктта болгон экен. Бул маалда Сталин менен  Ворошилов да уктап жаткан эмес. Май жана июнда учактарды чек арага чукул аэродромдорго топтоштуруу жɵнʏндɵгʏ буйруктар Москвадан берилген. Буйруктар аткарылган, бирок толук мазмунда эмес экенин  22-июндун алдында биздин аэродромдордун ʏстʏнɵн айланып учуп текшерген НКВДнын У-2 учагы аныктап чыккан. Учактар бɵлʏп-бɵлʏп топтоштурулбай, бирине бири катар жайгаштырылган. Мындай топтоштуруу душмандын учактарынын аба чабуулун аябай ийгиликтʏʏ болушуна эң сонун шарт тʏзʏп берген.

Ошентип, таңкы саат 3. 15те даярдык башталып, 3.40 та тɵмɵнгɵ шукшурулган бомбардировщик учактардын алгачы чабуулунан кийин 4.15те Буг дарыясынан душмандын ɵтʏʏсʏ  ишке ашырылган. Немистерди  биздин чек аранын 66-чыңдалган районунун чек арачылары алгачкы ирмемдерден баштап эле  ɵтɵ катуу каршылык менен тосуп алышкан. Немистер ошол себептен 66-чыңдалган райондун колго тʏшʏрʏлгɵн бардык жоокерлерин ордунда атып салышкан.

Немис аскерлери алгачкы жолку чабуулда эле Брест сепилинин жарымын ээлеп алууга жетишкени менен, сепилдеги советтик жоокерлердин кашык каны калганга чейинки салгылашуусу немистердин ɵздɵрʏн да таң калтырган. Кайсыл бир советтик офицерди каза болгондон кийин немис офицери аны нагыз аскердик расим менен кɵмʏʏгɵ буйрук бергенин “Брест сепили” деген китепте жазылып калган.

Брест сепили казарма жана склад катары кызмат кылган. Баш-аягы чогулуп 15  квадрат чакырымды ээлеген бул сепил ал убакта Польша менен Беларусга тең бɵлʏнʏп берилген абалда эле.Формалдуу тʏрдɵ согуштун башталышына карата алганда сепилдин 45 пайызы немецтердин колунда болуп, алар ошол жерден чабуулду андан ары ɵнʏктʏрʏʏгɵ тийиш эле.

СОГУШ ЖƟНYНДƟ СИГНАЛДАР

90-чек ара отрядынын начальниги Бычковский 21-июндун кечиде эле Буг дарыясын кечип ɵтʏп, биздин чек арачыларга колго тʏшʏп берген немец ефрейтору Альфред Лискофтун так кɵрсɵтмɵсʏнɵ таянуу менен Германиянын СССРге кол салуусу тууралуу докладын Москвага жɵнɵткɵн. Бирок, Москвага ар тʏрдʏʏ булактардан информациялар жана дезинформациялар агылып келип тургандыктан, буга деле анча маани берилбесе керек. Мисалы, Рихард Зорге Германиянын алдыдагы  кол салуусу жɵнʏндɵ бир нече ирет кабарлаган, бирок мɵɵнɵтʏнɵ келгенде эки жолу жаңылып калгандыктан, ага ишенишкен эмес. Абвер менен байланышта делип шектелип жʏргɵн литвиялык бир  журналисттен Германия СССРге 22-июнда кол салат деген маалымат тʏшкɵн. Бычковскийдин доклады да Москвага жетип ʏлгʏргɵн. ”Сталин муну деле дезинформация деп кабыл алганбы?”деп сурашыңар мʏмкʏн. Бир кездерде Германиянын алгачкы аскердик ийгиликтерине согуштун 22-июнда башталышына карата Сталиндин ишенбестик позициясы да жардам берген деген пикирлер арбыныраак айтылып калганын эске сала кетели.Бирок, мындай пикирлер, божомолдор  бери эле болгондо келжиректик деп баалагандан башкага жарабайт.

Сталин  жашыруун мʏнɵздɵгʏ мобилизацияны согуш башталган кʏндɵн бир ай мурда эле баштаган. Батышты кɵздɵй курал-жарак ɵздʏк курам жʏктɵлгɵн эшелондор агылып турган. 21-июнда саат 21.30 да СССРдин Тышкы иштер министри Молотов Германиянын элчиси Шуленбергке  немистик учактардын советтик чек  арадагы провокациялык аракеттерине карата протест берген. Ондогон немистик чалгындоо учактары чек ара тилкелеринде чек араны массалык бузуулар менен учушкан, эки же ʏч учакпы  иштен чыгып, советтик аймактарга конууга аргасыз бологон. Ошондо деле Сталин согуштун башталып кетʏʏсʏнɵ эч кандай шылтоо-тʏрткʏ берген эмес.

22-июндун саат 3.40 та Коргоо  эл комиссары Тимошенко Жуковго согуштук аракеттердин башталганы жɵнʏндɵ кабарлоону ɵтʏнɵт. Сталин Саясий бюронун бардык мʏчɵлɵрʏн Кремлге  чакырууга буйрук берет. Бул сааттарда Брест, Гродно, Житомир, Севастополь, Рига жана Вильнюс  ок жана бомбалоонун алдында калган болот. Бʏткʏл техниканы согушка кɵтɵрʏʏгɵ буйрук берилет. Бирок, карабайсыңарбы, биздин танктардын 5тен 15ке чейинки пайызы алгачкы эле мʏнɵттɵрдɵ  ордунан жылбай ɵчʏп калат.Бизде танкалардын 12 тиби бар эле, бронемашиналардын ушундай каша болуп кетишин ким болжоптур. Немистер танкалык батальондун курамында аракеттенсе, биздикилер танкалык полктун курамында согушуп жатты. Биз  1941-жылдын июнь-август айларында танктарыбызды душмандын огунан  эмес, бузулуу же ждараксыздыктардан улам кɵбʏрɵɵк  жоготуп алдык.

Баса, Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы жɵнʏндɵгʏ расмий маалыматты жана Башкы командачы Сталиндин: ”Биздин иш ɵз жолунда, душман талкаланат, Жеңиш биздики болот!” деген сɵздɵр менен аяктаган кайрылуусун  москвалыктар радиодон 22-июндун экинчи жарымында угушкан. Гитлерчилер  бул мезгилде Брест сепилинин негизги бɵлʏгʏн ээлеп алган эле…

Абдираим Мамытов