1 декабря, 2025

ОРУС ЭМНЕГЕ СОЗДУКТУРУУДА?

Орус-украин согушунун мɵɵнɵтʏ улам узарган сайын бул суроо дʏйнɵ коомчулугунда башкы суроолорго айланууда. Анын жɵпжɵнɵкɵй жообу эки ɵлкɵнʏн гана талаш тартышында жана карманган позициясында эмес, геосаясий шарт-кырдаалдардын ɵз ара айкалышында жана албетте согуштун азыркы доордо ылдам ɵзгɵрʏлʏп бараткан жол-жоболорунда, философиясында жатканын аңдап-багуу талап кылынат.

Эске сала кетсек,  маселенин баары кɵптʏн кɵзʏн буга чейин эле кызартып келген айтылуу Крымдын Россиянын курамына кайтуусунан башталган. Эч кандай кан тɵгʏʏсʏз, референдум аркылуу эле Крымдын Россия Федерациясына кошулуусундай процесс тарыхта болбогонун талдоочулар таамай белгилешет.

Андан ары  Луганск жана Донецк орус кɵзɵмɵлʏнɵ ɵттʏ. Эгерде, Крым жана Донбас аймагы Россиянын таасирине тартылбаганда, Россиянын  азыркы абалы жана акыбеттери абдан жаман болоору айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Донбасс негизинен алганда, орус тилдʏʏ калк. Жашаган жана тарыхый жактан алганда деле Россиянын аймагы катары  саналат. Аталган аймакта тʏзʏлгɵн  Луганск  Элдик республикасы менен Донецк Элдик республикасынын жетекчиликтеринин ɵтʏнʏчтɵрʏ менен Россия атайын аскердик операциясын баштаганы баарына белгилʏʏ. Эл аралык укук жагынан буга эч ким кың дей албайт, ал республикаларда да референдумдар ɵткɵрʏлгɵнʏ маалым жана ал аймактарды Россия Украинага эч кандай шартта кайтарып бере албайт.

2016-жылы АКШ бийлигине Трамп келди. Ал мезгилде америкалык  ар бир  ири журнал жана гезит : «Трампты орустар шайлады. Ал чыккынчы жана бɵтɵн президент” деп жазган. Трамптын ал жылдарда Россияга киргизген алгачкы санкциясын америкалык шайлоочулар алдында ɵз репутациясын “адалдоо” аракетеринин бири деп тʏшʏнʏʏ туура болот. Анткени, Трамптын ал убакта Украина менен иши да болгон эмес.

 Украина Россия менен каршылашуунун “ысык” объектисине Жо Байден АКШ президенттигине шайланган 2020-жылдан кийин айланды.  Украинанын бандерачыл бийлигинин орус тилдʏʏ аймактардагы ачык эле русофобиялык саясаты жана ага АКШ баш болгон Батыштын тʏздɵн-тʏз башын тыгуусу Россияны ɵз коопсуздугун алдын алуучу аракетке тʏрткɵнʏ белгилʏʏ. Улуу державалардын таасир талашуу оюндарында Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы сыяктуу жʏрʏштɵр эрɵɵн кɵрʏнбɵйт. Бирок, анын созулуп кеткени жана андан да дагы канчага созулары белгисиз болуп жатканы гана тʏрдʏʏ талаш-тартыш пикирлерге жем таштап жатканын белгилɵɵгɵ болот.

 Албетте, Росия азыркы учурда утуштуу абалда тургандыгы дʏйнɵ коомчулугуна бештен белгилʏʏ. Андыктан, “орустар маарага  неге жайбаракат, шашылбай келатышат” деген собол кɵбʏнʏн кɵңʏлʏн ɵйʏп турганын жашырууга болбойт. Мындай маанидеги кеп-сɵздɵрдʏ башканын баарын кой, Трамптын ɵзʏ баш болуп кɵтɵрʏп жатканы да белгилʏʏ. Бирок, ал минтип ойду-келди сʏйлɵп койгонсуганы менен, Трамп иш жʏзʏндɵ отко май куюп жаткандай да таасир калтырат. Кандайынан караганда да, орус-украин согушу АКШнын аскердик ɵнɵр жайына миллиардаган долларлык пайдадан башка зыян алып келбегендиги кɵрʏнʏп эле турбайбы. “Мен болгондо Украинаны эбак эле, эки айда алып тынмакмын”, — деген Трамптын максаты —  орустун душманды жайбаракат алсыздандыруу стратегиясын бузууга гана багытталганын баары болбосо да, талдоочулар так байкашып туршат.

“Согуштун мʏнɵзʏ азыркы учурда радикалдуу тʏрдɵ ɵзгɵргɵн, — дейт Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин дʏйнɵлʏк саясат факультетинин профессору, отставкадагы генерал-лейтенантЕвгений Бужинский. — Асман эки тараптын тең ар кандай дрондору менен толуп турган кырдаал согуштук кагылышуу линиясына жакын жайларда кандайдыр бир топтордун пайда болуп калуусуна иш жʏзʏндɵ таптакыр жол койбойт. Курск салгылашуусундагыдай танкалык согуш акыр-тʏбʏ менен тарыхта гана калды. Азыр  жайында деле жердин “кɵк майсаңында” кʏчтɵрдʏ жашыруун  тʏрдɵ да топтошурууга мʏмкʏн эмес. Анткен менен, иш жʏзʏндɵ аскердик жаңы тʏр-штурумдук топтор пайда болду. Бул — таптакыр башка согуш. Улуу Ата Мекендик согуштагыдай биздин аскерлер эмне ʏчʏн кʏн сайын 200-300 чакырымдык жʏрʏш жасабайт дегендерге жооп:  ал бʏгʏн мʏмкʏн эмес. Айрыкча, бир шаар бат эле колдон колго ɵтʏп турган Донбасста, шаардык курулуштар ɵтɵ тыгыз шарттарда согуштук аракетерди жʏргʏзʏʏ эки эсе кыйынчылык жаратат. Анан да, бизде жоготууну минималдаштыруу деген милдет  бар, биринчи кезекте ошону эске алуу зарыл.

 1945-жылы советтик аскерлер Варшаваны жана ага чектеш аймактарды нацистерден бошоткондо, биздин жоготуу дээрлик 600 миңден ашып кеткен. Бизге азыр ушундай керекпи? Жайбаракаттык менен бирок ишенимдʏʏ, бɵɵдɵ чыгым — жоготуусуз алдыга жылуу жакшы эмеспи”, — деген ал.

Европалык айрым саясатчылар Россия менен  кʏтʏлʏп жаткан ыктымалдуу согушка даярдык кɵрʏʏгɵ чакырык ташташууда. Ал согуштун ыктымалдуулугу канчалык экенин, эч кимиси айта албайт жана мындай акыл кимисинен биринчи чыкканы да белгисиз, бирок орус дегенде жʏрɵгʏ тʏшʏп, оңкосунан  кеткендер “илим-билимдʏʏ” Европада деле аз эмеси аңдалып турат. Азыркы учурда ошондой “акылдуу” саясатчылардын азабын европалык карпайым калың калк тартып баштаганы белгилʏʏ.  Андай азап аздыр-кɵптʏр бумеранг сыяктуу айланып-тегеренип келип эле ошол саясатты калыптандырып жаткан саясатчылдардын ɵз баштарына тие баштаары бештен белгилʏʏ. Азырынча алар ɵз саясаттары менен европалыктарды коркутуп-ʏркʏтʏп, зарыл болсо кɵкʏтʏп-кɵкɵлɵтʏп, негизгиси социалдык нараазычылактардан алаксытып-алакчылап жатышканын сокур кɵрʏп, дʏлɵй угуп турат.

“Россия бʏгʏн дʏйнɵдɵ эң эффективдʏʏ куралдуу кʏчкɵ ээ, — дейт Евгений Бужинский. — Технология жагынан алганда деле алдыга карай чоң секирик жасап алдык. Ириде бул  учкучсуз аппараттарга жана ПВОго тиешелʏʏ. Бирок, эң эле баалуулсу жана кымбаты -согуштук тажрыйба.  Ага эч кандай машыгуулар жана ʏйрɵтмɵлɵр менен жете албайсың. НАТО ɵлкɵлɵрʏнʏн калканы, куралдуу кʏчтɵрʏнʏн эселенген кɵптʏгʏнɵ карабастан, биз, россиялыктар  алар ʏчʏн абдан кооптуу каршылашпыз. Россия менен болуп калуусу ыктымал деген согуш аполегеттери чакырык таштаганда дал ушундай моменттерге басым жасашаары айтпаса да белгилʏʏ.

Албетте, Россиянын  эч бир ɵлкɵгɵ, Европага да, Америкага да, башкасына да, эч бир ɵлкɵгɵ кол салайын деген ниет-максаты жок экендигин дагы канча ирет тастыктоо керек, мен биле албай турам…”.

 Абдираим МАМЫТОВ

About The Author