Кыргызстанда чет ɵлкɵдɵн автоунаа алып келʏʏ багыты акыркы жылдары кескин ɵсʏп, атаандаштык кʏчɵгɵн рынокко айланды. Бул тармакта ишеним, ачыктык жана сапат башкы шарт болуп калды. Кардардын каражатын туура пайдалануу, ар бир унааны дыккат тандоо жана документтерди кемчиликсиз бʏтʏрʏʏ иштин жʏрɵгʏ. Ушул талаптарды жети жылдан бери ʏзгʏлтʏксʏз аткарып, Тʏштʏк Корея, Америка, Дубай жана Европадан автоунааларды импорттоо менен элдин ишенимин актап келе жаткан ишкер — Уланбек Алдашев. Ал Тʏштʏк Кореядан автоунааларды алып, кардарларына алып келип берет. Биз анын тажрыйбасы, жасаган иши жана бул тармактагы кɵйгɵйлɵр менен жетишкендиктери тууралуу кеңири маек курдук.
Уланбек Алдашев, “Улан авто Корея” ЖЧКсынын жетекчиси:
“Башында Орусиядан унаалардын тетигин ташып баштадык”

-Мен автобизнеске жети жыл мурун кирип келдим. Башында Орусиядан унаалардын тетигин ташып баштадык. Ал кезде рынок башка, суроо-талап да башка болчу. Элдин унаасына сапаттуу тетик табуу оңой эмес эле. Биз ошол талапты кɵрʏп, Орусия менен тыгыз иштеп калдык. Деталдарды таап, сындырып албай алып келип, кардарларга кызматыбызды кɵрсɵтʏп жʏрдʏк. Бирок убакыт ɵтʏп, рынок ɵзгɵрʏп, элдин талабы да ɵзгɵрдʏ. Убакыттын ɵтʏшʏ менен биз тетик менен эле чектелбей, чоңураак багытка ɵтʏʏнʏ чечтик. Тʏштʏк Кореянын унаа рыногуна кызыгып, ал жактагы аукциондорду, базарларды, бааларды изилдеп, акырында ошол жакка бурулдук. Ошентип авто тетиктен автоунаага ɵттʏк. Башында коркунуч болду. Алыстан унаа алып келʏʏ чоң жоопкерчилик. Бирок убакыттын ɵтʏшʏ менен бул тармакка толук кирип, бʏгʏнкʏ деңгээлге жеттик.
“Элге сапаттуу унаа сунуштоо биздин принцип болсо, Корея ошол сапатка жооп берген ɵлкɵ”
-Эң кɵп берилген суроонун бири , “эмне ʏчʏн Америка эмес, Дубай эмес, дал Корея?” деген суроо. Мен бул суроого дайыма бир эле сɵз менен жооп берем. Кореянын унаалары таза, документтери так, техникалык кароо ɵз убагында жасалат жана унаа маданияты ɵтɵ жогору. Америкада кандай гана сонун кɵрʏнгɵн унаа болбосун, тарыхында авария жашырылган учурлар кɵп. “Карфакс”, “АутоЧек” тиркемелери да баарын кɵрсɵтɵ бербейт. Дубайда болсо климат ɵтɵ ысык болгондуктан моторлор эрте чарчайт. Кореялыктар болсо техникалык тейлɵɵ убакытын так сакташат, унаалардын кɵбʏ ички рынокто айдалган, документтерде алдамчылык жок. Ошондуктан биз дал ушул рынокту тандадык. Элге сапаттуу унаа сунуштоо биздин принцип болсо, Корея ошол сапатка жооп берген ɵлкɵ.

“Биз ʏчʏн унаа кардардын колуна жеткенде “мындай болуп калат турбайбы” деген сɵз чыкпашы керек”
-Биздин эң чоң артыкчылыгыбыз текшерʏʏнʏ ʏчʏнчʏ тарапка бербейбиз, ɵз командабыз жасайт. Ар бир унааны ɵз кɵзʏ менен кɵрʏп, кардарга видеосун жɵнɵтʏшɵт. Изилдɵɵ тɵмɵнкʏдɵй этаптардан ɵтɵт: компьютердик диагностика, кузовду прибор менен ɵлчɵɵ, мотор, коробка ишин угуп текшерʏʏ, ички салондун абалын кароо. Ал эми документтерди текшерʏʏ – айып пул, карыз, каттоо чектɵɵлɵрʏ менен каралат. Кардар “жакты” дегенче биз 3-4 вариант кɵрсɵтʏп, салыштырып беребиз. Аукциондон алган унаалардын да тʏбʏн, катуу сокку алган-албаганын, алмашкан деталдарын толук тактап чыгабыз. Биз ʏчʏн унаа кардардын колуна жеткенде “мындай болуп калат турбайбы” деген сɵз чыкпашы керек.
“Кардарга кайсы унаа жакшы болсо, ошол унааны сунуштайбыз”
-Кореяда рынок чоң. Аукцион бир гана багыт. Ошондой эле жеке адамдар саткан платформалар, жеке авто базарлар, компаниялар сунуштаган унаалар, trade-in менен чыккан авто сыяктуу баарын карап, кардардын бюджетине жана талабына жараша издейбиз. Кыргызстандагы Lalafo сыяктуу платформалар Кореяда да бар. Ал жактан да жакшы сунуштар чыгат. Кардарга “кайсы жактан чыкса ошол жактан” деп эмес, кайсы унаа жакшы болсо ошол унааны сунуштайбыз.

“Кийин кɵйгɵй чыкпашы ʏчʏн документти ɵтɵ кылдат текшеребиз”
-Кɵпчʏлʏк кɵйгɵй документ жагында чыгат. Айрыкча жеке адамдар саткан унааларда документ кечиксе, жʏктɵɵ да кечигет. Эл ошондо нааразы боло баштайт. Бирок биз дайыма бир принципти карманабыз. Документ бʏтмɵйʏнчɵ жʏккɵ салбайбыз. Бул кардар ʏчʏн да, биз ʏчʏн да коопсуздукту камсыз кылат. Кийин кɵйгɵй чыкпашы ʏчʏн документти ɵтɵ кылдат текшеребиз. Документ маселесин туура бʏтʏрʏʏ — бул унаанын бʏт тарыхын таза сактоо деген сɵз.
“Кɵп кардар документ жагынан коркот”
-Биздин максат — кардардын убактысын коротпоо. Унаа тандагандан тартып, кардардын колуна келгенге чейин биз кɵзɵмɵлдɵйбʏз. Биздин кызматтар: унааны жʏктɵɵ, контейнерге бекем салуу, камсыздандыруу, порттон чыгаруу, Кыргызстанга жеткирʏʏ, бажыдан ɵткɵрʏʏ, документтерди толуктап берʏʏ. Кардарга калганы – унааны кабыл алуу гана. Кɵп кардар документ жагынан коркот. Биз ошол коркуу сезимин жок кылып, кадам сайын коштоп турабыз.
“Авто дʏкɵндɵр да биз аркылуу алып келип, ɵз салондорунда сатышат”
-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵпчʏлʏк жеке адамдар ɵзʏнɵ ылайыктуу, бюджетке туура келген унаа издеп жатат. Ошондуктан жеке заказдар кɵбɵйдʏ. Ошол эле учурда авто дʏкɵндɵр да биз аркылуу алып келип, ɵз салондорунда сатышат. Бул ишибиздин тактыгын дагы бир жолу далилдейт.
“Мурда 7-8 миң доллар турган унаалар азыр 6-7 миңге тʏшʏп калды”
-Бул биз сыймыктанган нерсе. Мурда 7-8 миң доллар турган унаалар азыр 6-7 миңге тʏшʏп калды. Себеби Корея багыты кʏчɵп, атаандаштык кɵбɵйдʏ. Сапат да жогорулады, эл буга кɵндʏ. Бʏгʏн эл бюджеттик унаадан баштап премиум унаага чейин буюртма берет: Hyundai Sonata, Kia K5, Hyundai Avante, BMW X7, Lexus LX570, Toyota Land Cruiser.
“Эл менен тʏз байланыш иштин сапатын дагы жакшыртат”
-Учурда бизде расмий кеңсе жок, бирок суроо-талаптын кɵптʏгʏнɵн улам Ошто кеңсе ачуу чечимин кабыл алдык. 10-15 кʏн ичинде ачылат деп пландап жатабыз. Эл менен тʏз байланыш иштин сапатын дагы жакшыртат.
“Токтоп калбаган адам гана алдыга жылат”
-Биз канча жолу жыгылдык, канча жолу кайра турдук. Бирок токтоп калбаган адам гана алдыга жылат. Мен бизнес баштоону каалаган жаштарга айтаар элем, эч качан токтобогула, ишенгиле, иштегиле, туруктуу болгула. Ошондо сɵзсʏз ийгилик болот.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды