Кыргызстанда балдар адабиятынын жетишсиздиги байкалып турган маалда, каарманыбыз ɵз баласынын китепке болгон кызыгуусунан шыктанган жаңы багытты ачты. Студенттик жылдарында лидерлер тууралуу мотивациялык китеп чыгарып, котормочулук менен алектенген 25 жаштагы Тɵлɵнбай Таалайбеков ʏй-бʏлɵсʏ менен бирге кыргыз тилинде интерактивдʏʏ, оюн аркылуу ʏйрɵтɵ турган уникалдуу – балдарга арналган китептерин жаратууда. Ɵз каражаты, эмгеги жана идеясы менен башталган иш азыр “Талим Тай” брендинин алдында балдарга билим тартуулаган жаңы долбоорго айланып, жеткинчектерге ылайыкталган китептерди тʏптɵɵдɵгʏ маанилʏʏ кадамдардын бири болуп калды.
Тɵлɵнбай Таалайбеков:
“9-класстан тартып китепке болгон кызыгуум артып, колум бошой калса эле китеп издеп окуй баштадым”

-Менин ата-энем мугалим болгон. Атам (маркум) абдан кɵп китеп окуган киши болчу. ʏйдɵ дайыма китеп тураар эле, бирок биз анча окучу эмеспиз. Менин бала чагымдагы эң чоң кыялым — журналист болуу эле. Бир жолу атам: “Китеп окубасаң, эч качан журналист боло албайсың”, — деп айткан. Ошол сɵз мага катуу таасир этти. 9-класстан тартып китепке болгон кызыгуум артып, колум бошой калса эле китеп издеп окуй баштадым. Бирок кийин, тилекке каршы, журналист болуу оюм ишке ашпай калды. Эл аралык мамилелер факультетин бʏтʏрдʏм. Андагы багыттардын ичинен чыгыш таанууга (востоковедение) ɵзгɵчɵ кызыгып, чыгыш ɵлкɵлɵрʏнʏн лидерлерин изилдедим.
“Студент кезимде китеп чыгаруу кыялымды ишке ашырганмын”
-Чыгыш ɵлкɵлɵрʏнʏн лидерлерине кызыкканымдын башкы себеби, дипломдук ишимде лидерлердин тагдыры чагылдырылып, сапаттуу болушу керек эле. Алардын кɵбʏ ɵз убагында тʏрмɵгɵ камалып, кийин ɵлкɵнʏ башкарып калган адамдар болчу.
Тʏркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоган да бир нече ай тʏрмɵдɵ отуруп чыккан.
Сталин, Ленин, Гитлер сыяктуу тарыхый инсандардын дагы биографияларын изилдедим. Ошол маалыматтардын негизинде студент кезде “Лидерлер моюн сунбайт” деген мотивациялык китепти чыгарганбыз. Ошентип, студент кезимде китеп чыгаруу кыялымды ишке ашырганмын.
Котормочулук жана башка чыгармалар
-Андан кийин австриялык жазуучунун бир китебин которуп чыгардык. Ал китеп ɵзгɵчɵ улуу муун тарабынан жакшы кабыл алынды. Биз байкаган нерсе — жаштар классикалык адабиятка анча жакын эмес экен. Кийинчерээк Эрнест Хемингуэй деген Нобель сыйлыгынын лауреатынын “Чал жана деңиз” деген чыгармасынын кыргызча котормосу бар эле, (аны совет мезгилинде Алым Токтомушев которгон) биз ошол котормону жаңылап, кайра басып чыгарганбыз. Ошентип жʏрʏп “Жаргылчак” аттуу басма ʏйʏн ачып алганбыз. Бирок убакыттын ɵтʏшʏ менен чыгармачылыктан алыстап, тиричиликтин артынан кɵбʏрɵɵк чуркап кеттик.

“Келинчегим экɵɵбʏз китептин мазмунун, идеясын толугу менен ɵзʏбʏз иштеп чыктык “
-Биздин чоң балабыз эки жашта. Балабызды жубайым экɵɵбʏз телефон менен эмес, китеп менен алаксытууну, китепке жакындатууну кɵп ойлончубуз. Балама жомокторду окуп берип, китепти кɵбʏрɵɵк кɵргɵзчʏ элек. Бирок бизде кичинекей баланы алаксытуу ʏчʏн интерактивдʏʏ китептерди сатып алып берели десек, андай китептер Кыргызстанда жок экен. Деги эле азыркы кичинекей балдарга “Bizi Book” сыяктуу, оюн аркылуу ʏйрɵткɵн китептер керек экенин тʏшʏндʏк. Мындай китептерди кыргыз тилине тʏздɵн-тʏз которуу ʏчʏн терминология да, формат да жок болуп чыкты. Балама китеп сатып берейин десем, кыргызча кɵбʏнчɵ жомок китептер гана бар экен. Ал эми бала ɵзʏ окуй турган интерактивдʏʏ китептер англис тилинде да, орус тилинде да бар, бирок кыргыз тилиндегиси жок. Ушул себептен улам, “эмне ʏчʏн биз кыргызча интерактивдʏʏ, ойноп ʏйрɵткɵн китептерди чыгарбашыбыз керек?” деген ой пайда болду. Бирок мындай китепти Кыргызстанда чыгаруу мʏмкʏн эмес экен: атайын бычак (формаларды кесʏʏчʏ), атайын калем (интерактивдʏʏ элемент), шакекче, лепучка (жабышма бɵлʏктɵр) — булардын баары Кыргызстанда жасалбайт экен. Ошондуктан биз Кытайдагы бир басма ʏйʏ менен келишим тʏзʏп, китепти ошол жактан чыгардык. Келинчегим экɵɵбʏз китептин мазмунун, идеясын толугу менен ɵзʏбʏз иштеп чыктык. Ал эми дизайнды жасай албагандыктан, аны да кытайлык дизайнерлерге тапшырдык. Кыргыз тамгаларын туура жазуу ʏчʏн ар бир тамганын ʏстʏнɵн кайра-кайра иштеп чыктык. Бул нерселер кɵп убакытты талап кылса дагы акыры китепти чыгартып алып келдик.
“Балам 2 жашта болсо дагы, китепти жыртып салбайт”
-Эгер бала мектепке чейинки жашта китепке кызыккан болсо, кийин чоңойгондо да китепкɵй болуп ɵсɵт. Балам кичинекей кезинен бери китепке жакын. Уктап жатканда да, ойноп жатканда да жомок окуп берчʏбʏз. Балам 2 жашта болсо дагы, китепти жыртып салбайт, абайлап кармайт. Азыр болсо: «Ата, китеп окуйбуз!», «Ата, дʏйнɵнʏн картасын кɵрɵбʏз!», — деп кызыгуусун билдирип турат. Балабызды дагы да болсо кызыктыруу ʏчʏн колдонгон усулубуз: карталар, желектер, дʏйнɵ картасы, жаныбарлар, мɵмɵ-жемиштер, адамдын мʏчɵлɵрʏ боюнча карточкалар. Бул нерселердин жардамы менен эки жаштагы уулум 70-100гɵ жакын ɵлкɵнʏн желегин таанып калды.
“Унаа алабыз деп чогултуп жʏргɵн акчабызды, китеп чыгарууга жумшадык”
-Кыргызстанда адатта 500-1000 нускада китеп чыгат. Кытайда болсо 5000ден тɵмɵн заказ кабыл алышпайт экен. Биз сʏйлɵшʏп жатып, 2000 нуска чыгарттык. Анын баасы 500 миң сомдон ашты. Жол чыгымы эле — 100 миң сомдон кɵп. Бул балдар ʏчʏн биринчи китебибиз болуп, толугу менен ɵз каражатыбызга чыкты. Унаа алабыз деп чогултуп жʏргɵн акчабызды, китеп чыгарууга жумшадык. Ал эми экинчи китебибиз инвесторлордун колдоосу менен чыгып жатат.
“Колдон келсе, балдар ʏчʏн дагы кɵп китеп чыгарып, бул багытта чоң иш жасайлы деген ойлорубуз бар”
-Биз азыр “Талим Тай” деген бренд менен балдарга арналган 4–5 китептин макетин даярдап койдук. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам басууга кетирбей, кармап турабыз. Колдон келсе, балдар ʏчʏн дагы кɵп китеп чыгарып, бул багытта чоң иш жасайлы деген ойлорубуз бар.
Китепкɵй инсан болуу ʏчʏн…
-Мен кɵбʏнчɵ кɵркɵм адабиятка кызыгам. ʏйдɵ ɵзʏмдʏн китеп текчем бар, кɵпчʏлʏгʏ кыргызча которулган дʏйнɵлʏк классика. Азыркы учурда кɵбʏрɵɵк финансылык сабаттуулук боюнча китептерди окуйм. Анткени бул нерсеге деле турмуш ɵзʏ себепчи окшойт. Биринчи курстан бери китеп чогултам. Досторумдун арасында “китеби кɵп” жагынан эң байы — ɵзʏм деп айта алам. Жаштарга кеңеш: кесибиңе ылайык китептерди кɵп окуу керек. Сталин айткандай, кадрлар баарын чечет. Эгер адам ɵз тармагында мыкты адис болсо, анда ал сɵзсʏз ийгиликке жетет.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды