1 декабря, 2025

Муниципалдык мекемелерди жаңылаган – новатор мэр

Жыл башынан бери экинчи борбор калаада кɵзгɵ кɵрʏнɵрлʏк ɵнʏʏгɵлɵр болуп жатканы кɵзʏ азизге да, дʏлɵйгɵ да белгилʏʏ болуп калды окшойт. Чʏ дегенде эле бул иштердин артында Жеңишбек Токторбаев турат. Анын жаңычыл кɵз карашы, чечкиндʏʏлʏгʏн арты менен Ош калаабыз болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵзгɵрʏп, дагы да ɵзгɵрʏʏнʏн алдында турат. Албетте, калаа башчынын бул кадамдарын новаторлук деп койсок жарашат. Батышта кайсыл бир тармак боюнча жаңычыл кɵз карашты тартуулап, жаңычыл иштерди жасагандарды «новатор» дешет. Бʏгʏн шаар башчысы ушул сɵзгɵ татыктуу болуп отурат.  Бул жолу биз Жеңишбек Токторбаевдин муниципалдык ишканалардын имаратын кантип жаңылаганын фактылар менен айтып беребиз. Эмесе кептин чоо-жайын Чубактын кунундай чубалжытпай фактыларга токтололу.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарына мэр болуп дайындалып, мэриянын аппаратына тааныштырылгандан кʏндʏн экинчи жарымында эле, тʏз эле «Кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинатына» барып, аталган комбинаттын эскилиги жеткен имартынын абалын, Советтер Союзунан калган эски автоунаалардын кɵрʏп, имаратты жаңыдан куруп, автоунааларды жаңылоо тапшырмасын берген эле.

Ошентип, бул имарат Жеңишбек Токторбаев мэрлик кызматта туптураа 10 ай отурган мезгиле туш келип, 20-ноябрь кʏнʏ пайдаланууга берилди. Анын ачылуу аземине Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин тɵрагасы Болот Баетов жана мекеменин кызматкерлери катышты.

Жаңы курулган имараттын жалпы аянты 7304 чарчы метр, курулуш кɵлɵмʏ 4096 чарчы метр. Анын ичинде административдик имарат, чарбалык жай, суу кампасы, ашкана, кампа, автоунаа жуучу жай, жуунучу, автоунаа токтотуучу жайлар жана аларга арналган навес сыяктуу толук шарттар каралган.

Долбоор жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каржыланды. Жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлерине тʏзʏлгɵн шарт ушуну менен токтобойт. Алдыда аз пайыздык батирлер жана айлык акыларын жогорулатуу пландалган.

Иш-чаранын жʏрʏшʏндɵ мэр “Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчисине кызматтык унаа тапшырды.

14-августта Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын башкы имараты Анар кичи районундагы жаңы имаратка кɵчкɵн. Жаңы имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин тɵрагасы Болот Баетов жана мекеме кызматкерлери катышкан.

Имарат буга чейин Ош шаардык суу чарба башкармалыгына тиешелʏʏ болгон. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде бул имарат «Жылуулук камсыздоо» ишканасына берилип, толук кандуу капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵн. Бардык зарыл шарттар тʏзʏзʏлʏп, калаа башчы кызматкерлерге кʏжʏрмɵн эмгек каалап, алдыдагы жылытуу мезгилине мыкты даярдык кɵрʏʏ тапшырмасын берген эле.

Ага кошумча ишканага президент Садыр Жапаровдун атынан атайын техникаларды да тапшырылган болчу.

25-октябрда «Ош унаа базарынын» корей ɵндʏрʏшʏндɵгʏ автоунаалар сатылган бɵлʏгʏ оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, тɵрага Болот Баетов жана тургундар катышты.

Жалпы 1500гɵ жакын унаа баткан бул бɵлʏктɵ бардык керектʏʏ шарттар тʏзʏлдʏ. Буга чейин автоунаа базарынын башка бɵлʏгʏндɵ да оңдоо иштери жʏргɵн болчу.

Быйылкы жылы унаа базары жайгашкан жер тилкеси айыл чарба багытынан коммерциялык багытка которулуп, унаа базары толугу менен реконструкциядан ɵткɵрʏлʏп, заманбап шарттар тʏзʏлдʏ.

— базардын ички аянтына асфальт тɵшɵлдʏ;

— кошумча 2 навес салынды;

— коммерциялык багытында имараттар курулду;

— жалпы аянты 108 чарчы метр 31 ашкана салынды;

— канализация, таза суу, газ тартылды;

—  заманбап акылдуу шлагбаумдар коюлду;

— аянты темир решеткалар менен тосулду жана жарыктандырылды;

— видео байкоо системасы орнотулду;

— автоунаа базарынын аянты 2.5 гектарга кеңейтилди (мурда 2500-2600гɵ жакын автоунаа батса, азыркы учурда 4 200 унаа батат).

— ошондой эле автоунаа жуучу жай, ажатканалар да курулду.

Бул жумуштар Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ишке ашып, тыкыр кɵзɵмɵлʏ астында бʏткɵрʏлдʏ. Унаа базарга келген сатуучулар жана кардарларга ыңгайлуу шарттар толугу менен тʏзʏлдʏ. Эми жылдын бардык мезгилинде «Ош унаа базары» татыктуу кызмат кɵрсɵтɵт.

Оңдоп-тʏзɵɵдɵн кийин тейлɵɵ системасы санарип форматка ɵткɵрʏлʏп, мурдагыдай колмо-кол акча жыйноо жоюлду. Бардык тɵлɵмдɵр электрондук тʏрдɵ жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Анын натыйжасында унаа базарынын кирешеси ɵстʏ. Алсак, ɵткɵн жылдары жылына орточо 20-25 млн. сом тʏшкɵн болсо, быйылкы жылы оңдоп тʏзɵɵдɵн кийинки 3 айда эле 35 млн. сомго жакын киреше жыйналган.

Аталан иш-чарада Жеңишбек Токторбаев буларга токтолгон эле.

«Бул «Ош унаа базары» мурда бир жылда араң 25-30 млн сом чогултчу экен. Бир жылда… Бул эмне деген акмакчылык? 100 пайыз уруулук. 2 айын мамлекетке тɵккɵн, 10 ай уурдап жешкен. 10 ай… Мына базардын европалык унаа сатылуучу бɵлʏгʏ 2,5-3 айдын ичинде эле 30-35 млн сом топтоду.  2,5 айдын ичинде 35 млн сом… Кудай кааласа, азыр жакамды кармап сʏйлɵйʏн. Азыр бул базар бир айда 10-12 млн сомдун тегерегинде чогултуп жатат. Эгер айына 10 млн сомдон топтолсо ай сайын, анда бир жылда 120 млн сом топтолот. Эгер ай сайын 12-13 млн сомдон топтолсо, бир жылда 150 млн сом топтолот. Буюрса, мындан да кɵбʏрɵɵк топтогонго аракет кылабыз».

27-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵн имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жана мекеменин жамааты катышкан эле.

Бул имарат курулгандан бери биринчи жолу капиталдык ремонттон ɵтʏп, учурда 3 кабаттуу имараттын фасады жана ички бɵлмɵлɵрʏ жаңыланып, 1 500 чарчы метр аянт асфальтталып, суу насостору алмаштырылып, аймак кɵрктɵндʏрʏлдʏ.

Белгилʏʏ болгондой, ишканада 360 кызматкер иштейт. Ал эми 181 автобус жана троллейбус шаар боюнча 11 каттамды тейлейт.

21-ноябрь кʏнʏ  капиталдык ремонттон ɵткɵрʏлгɵн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын ачылышы болуп, ишке берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин тɵрагасы Болот Баетов, Президенттин Ош облусундагы ɵкʏлʏнʏн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев жана тиешелʏʏ тармактын кызматкерлери катышты.

Мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу менен келген учурда каралбай, таланып тонолгон, союз кезинде курулган бойдон оңдолбогон объектти кɵргɵн. Ичинде жана сыртында жеке устаканалар иштеп, гаражда эски унаалар таштандылар менен аралашып жатканына кʏбɵ болгон. Мындан улам облустун балансындагы бул автогаражды мэрдин демилгеси менен мэриянын карамагына алуу боюнча Министрлер Кабинетине кат жазылып, натыйжада толугу менен Ош шаарынын мэриясынын карамагына ɵткɵрʏлдʏ. Андан соң дароо оңдоп-тʏзɵɵ иштери башталып, кароосуз калган автогараж толугу менен жаңыланды.

Ичи эле эмес, сыртынан бери 100% ɵзгɵрдʏ. Кире бериш дарбазасы, тосмолору жаңыдан жасалып, асфальт тɵшɵлдʏ. Ошондой эле мурда жаан-чачында суу ɵткɵн чатыры да жабылды. Ичиндеги унаа жуучу жай, оңдоп-тʏзɵɵ ʏчʏн мастердик бɵлмɵ, айдоочулар ʏчʏн жуунуучу жайдан тарта, ажатканасынан бери оңдолду.

Быйыл Оштогу муниципалдык коммуналдык кызматтар жаңы техникалар менен толукталды. Аны менен катар мэрдин орун басарларына, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине, МАБдардын башчыларына жана бир нече бɵлʏмдɵргɵ кызматтык унаалар тапшырылды.

Ошол эле кʏнʏ  Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын алдындагы эвакуатор кызматынын унаа токтотуучу жайы ишке берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, тɵрага Болот Баетов, Ош ШИИБдин жетекчиси Дамирбек Исаков катышты.

12 378 чарчы метрди тʏзгɵн бул жайды 300 унаа токтотууга ылайыкташтырып, асфальттоо иштери жʏрдʏ. Чийиндерин сызып, жарыктандырылып, заманбап офистерди куруп, жаңыланды.

Административдик имараты стандарттык курулушка ылайык башынан аягына чейин бʏткɵрʏлʏп, ички жана тышкы жасалгалоо иштери санитардык нормаларга толук ылайык жасалды. Ички канализация системасы тартылып, жаңы дарбаза коюлду. Объекттин тегереги еврозабор менен тосулуп, коопсуздукту камсыздоо максатында видеобайкоо камералары орнотулду.

9 000 чарчы метр аянтка 12 см калыңдыктагы эки катмардуу асфальт тɵшɵлдʏ, 90 метр аралыкка ирригациялык лотоктор орнотулду.

Бул айып короо жайына туура эмес жерге токтотулган унаалар алып келинип, киргизилет. Мындан башка дагы бир жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай бар. Алдыда дагы шаардын эки жерине уюштуруу пландалган.

Ал эми бул унаа токтотуучу жайдын орду ɵндʏрʏштʏк багыттагы жер тилке болуп 1,5 гектар аянты менен 2005-жылы жеке тараптардын колуна ɵтʏп кеткен. Туура эмес менчиктештирилген имараттарды жана жер тилкелерди кайтарып алуу боюнча жасалып жаткан кɵлɵмдʏʏ жумуштардын алкагында, мʏлк УКМК тɵрагасы Камчыбек Ташиевдин аракетинин астында толук мамлекетке кайтарылып алынган. Кайтарылган жер аянты имараты менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏлʏп берилген.

Дооран Токтошев

About The Author