25 апреля, 2024

Катар – эң кымбат чемпионатты ɵткɵргɵн эң кичинекей ɵлкɵ

Жалпы футбол сʏйʏʏчʏлɵрʏ кɵптɵн кʏткɵн Дʏйнɵ чемпионатынын алгачкы жумасы артта калды. Белгилʏʏ болгондой жалпысынан Катарга футбол боюнча 32 курама команда барган. Дʏйнɵ чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин уланат. Тɵмɵндɵ чемпионат тууралуу кызыктарды топтодук.

Биринчи кышкы дʏйнɵлʏк чемпионат

2022-жылкы дʏйнɵ чемпионаты тарыхтагы биринчи кышкы дʏйнɵлʏк чемпионат. Ошондой эле Катар географиялык жактан да, калкынын саны боюнча да дʏйнɵлʏк чемпионатты ɵткɵргɵн эң кичинекей ɵлкɵ болуп калды, аянты 11 000 чарчы километр. 1930-жылы футбол боюнча дʏйнɵлʏк чемпионат учурунда Уругвайдын калкы болжол менен 3,5 миллион адамды тʏзсɵ, Катардын 2,6 миллион калкы бар.

Катар бул турнирде дебютант болуп эсептелген дʏйнɵлʏк чемпионаттын биринчи кожоюну болуп калды. Ɵлкɵ 1963-жылдан бери ФИФАнын мʏчɵсʏ. Бирок, бʏгʏнкʏгɵ дейре дʏйнɵлʏк чемпионатка жолдомо алуу аракетинен майнап чыкпай келет. Жергиликтʏʏ команда 1990-жылы жеңишке жакындап, бирок тандоонун акыркы турунан ɵтпɵй калган. Ошентип, Катар буга чейин дʏйнɵлʏк чемпионатка катышпаган кабыл алуучу биринчи ɵлкɵ болуп калды.

7 стадион жаңыдан курулуп, бирɵɵ оңдолгон

Катар дʏйнɵ чемпионатынын оюндары ʏчʏн 8 гана стадион даярдаган. Бул дʏйнɵ чемпионатындагы ареналардын санынын аздыгы боюнча экинчи факт. Тарыхта 1978-жылы Аргентина алты гана стадиону менен дʏйнɵлʏк чемпионатты кабыл алган. Бирок, мунун ɵзʏнʏн артыкчылыктары бар. Катардагы бардык 8 стадион 60 км радиуста жайгашкан, мындай шарт тарыхтагы эң компакттуу дʏйнɵлʏк чемпионатка айландырат. Кʏйɵрмандар бир жерден экинчи жерге бир жарым саатка жетпеген убакытта жете алышат. Турнирди ɵткɵрʏʏ ʏчʏн тандалган сегиз аянтчанын бирɵɵ гана оңдолуп, жетɵɵ нɵлдɵн курулган.

TheGuardianгезитинин эсептɵɵсʏнɵ ылайык, чемпионатка даярдык кɵрʏʏ мезгилинде стадиондорду куруу, мейманкана, аэропорт, метро жана башка объекттерди реконструкциялоо иштеринде эмгектенген 6,5 миңден ашык мигрант кɵз жумган.

Олимпиаданы ɵткɵрʏʏгɵ талапкерлигин кɵрсɵтɵт

Чет элдик маалымат булактары билдиргендей, бул дээрлик акыркы жʏз жылдын ичиндеги эң кымбат чемпионат болуп эсте калды. Инфраструктурага, жаңы стадиондорду курууга жана эскилерин оңдоп-тʏзɵɵгɵ сарпталган акчаны кошуп, дʏйнɵлʏк чемпионатты ɵткɵрʏʏгɵ Катар бийлиги 220 миллиард долларга жакын чыгым кылган. Бул Бразилия 2014-жылы футбол боюнча дʏйнɵлʏк чемпионатты ɵткɵрʏʏгɵ сарптаган суммадан 14,6 эсе кɵп. 2022-жылкы дʏйнɵлʏк чемпионат 2008-жылы башталган Nation Vision долбоорунун бир бɵлʏгʏ. 

Катар 2030-жылкы Азия оюндарын ɵткɵрʏʏ укугун дагы жеңип алган. Дʏйнɵлʏк чемпионат ийгиликтʏʏ ɵтсɵ, 2036-жылкы Олимпиаданы ɵткɵрʏʏгɵ талапкерлигин кɵрсɵтʏʏсʏ айтылууда. Чемпионатка бир миллионго чукул кʏйɵрман келери кʏтʏлʏʏдɵ. 

Дʏйнɵ чемпионатын 2022-жылы Катарда ɵткɵрʏʏ чечими 12 жыл мурун кабыл алынган. ФИФАнын мурдагы президенти Зепп Блаттер бул чечимдин «жаңылыштык» болгонун айткан жери бар.

Алгачкы аптадагы кызыктар

— 2022-жылкы Дʏйнɵ чемпиондугунун алгачкы голун эквадордук Эннер Валенсия киргизди. Ал Катар менен болгон оюнда пенальтини ийгиликтʏʏ тебе алган (2:0). Тарыхта биринчи жолу дʏйнɵлʏк чемпионатта гол эсеби 11 метрлик сокку менен ачылды.

— Джуд Беллингем дʏйнɵлʏк чемпионатта гол киргизген 2000-жылдан кийин тɵрɵлгɵн биринчи оюнчу болуп тарыхта калды. 19 жаштагы англиялык оюнчу Иран менен болгон беттеште гол киргизди (6:2).

— Англия менен Иран дʏйнɵлʏк чемпионаттын тарыхындагы эң узак беттешти (кошумча убакытты эсепке албаганда). Командалар оюн талаасында 117 мʏнɵт 16 секунд болушкан.

— Роберт Левандовски 2022-жылкы Дʏйнɵ чемпиондугунда пенальти тебе албаган биринчи футболчу болду. Анын пенальтиден соккусун мексикалык дарбазачы Гильермо Очоа кайтарды.

— Дʏйнɵнʏн учурдагы чемпиондору 2006-жылдан бери биринчи жолу турнирди жеңʏʏ менен баштады. Анда Бразилия мыкты команда статусунда Хорватияны жеңген (1:0). Бул жолу француздар Австралияны 4:1 эсебинде жеңип алышты.

— Аргентина 1990-жылдан бери биринчи жолу дʏйнɵлʏк чемпионаттын ачылышында гол ɵткɵрʏп жиберди. Италияда ɵткɵн дʏйнɵ чемпионатында Камерундук Валерий Непомниахтчиге утулуп калган (0:1).

— Испания 16 жылдан бери биринчи жолу дʏйнɵлʏк чемпионатты жеңиш менен баштады. 2006-жылы испаниялыктар Украинаны жеңсе(4:0), андан кийинки ʏч турнирдеги дебюттук беттеште кыйынчылыктар жаралган. 2010-жылы Швейцарияга утулса(0:1), 2014-жылы Голландияга (1:5),  ал эми 2018-жылы Португалия менен тең чыккан(3:3).

— Испания курамасы Коста-Риканы 7:0 эсебинде утуп алды. Оюндун бешинчи голун жарым коргоочу Гави киргизди. Opta Sport статистикалык порталынын маалыматы боюнча, жарым коргоочу дʏйнɵлʏк чемпионаттын тарыхында Пеледен кийинки гол киргизген эң жаш оюнчу болуп калды. Бразилиялык футболдун легендасы болгон Пеле 1958-жылы дʏйнɵлʏк чемпионаттын финалында Швециянын дарбазасына гол киргизген(5:2). Пеле ал учурда 17 жаш (249 кʏн) болсо, Коста-Риканын дарбазасына гол киргизген Гави 18 жашта болгон (110 кʏн).

— Криштиану Роналду менен Лионель Месси беш дʏйнɵлʏк чемпионатта ойногон оюнчулар клубуна кирди. Буга чейин Антонио Карбахаль, Рафаэль Маркес (экɵɵ тең Мексикадан) жана Лотар Маттеус (Германия) клубка киришкен.

— Криштиану Роналду дʏйнɵлʏк чемпионатта клубу жок жалгыз оюнчу.