13 октября, 2025

«Менин максатым – UFCнин чемпиону болуу»: Мыктыбек Оролбай уулу менен эксклюзивдʏʏ маек

Кɵпчʏлʏгʏбʏз спортчуларды рингдеги жеңиштеринен гана тааныйбыз. Бирок ошол жеңиштин артында кандай таалыкпаган мээнет турарын биле бербейбиз. Бʏгʏн биз UFCнин октагонунда кыргыз желеги менен чыгып, дʏйнɵгɵ таанылып жаткан, бирок жолун чакан залдардан баштап, Америкага машыктыруучусуз, жалгыз учуп кеткен Мыктыбек Оролбай уулунун спорттогу карьерасы тууралуу кеп кылабыз.

“Аганы кɵрʏп, ини ɵсɵт”, — деп кеп баштаган каарманбыз 1998-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында тɵрɵлгɵн. Мыктыбектин спортко болгон кызыгуусу агаларына шыктануу менен башталган. Москвада жʏргɵн агалары ММА менен машыгып, беттештерге чыгып жʏрʏшкɵн. Ушул кɵрʏнʏш Мыктыбектин тагдыр жолуна бурулуш алып келген.

– ММАга келʏʏмɵ эң чоң себеп – агаларым болду. Экɵɵ тең спорт менен, тактап айтканда ММА менен алектенишчʏ. Москвада жʏргɵндɵ мелдештерге чыгып, машыгып жʏрʏшкɵнʏн кɵрʏп чоңойгом. Мен да кичинемден спортко, ɵзгɵчɵ кʏрɵшкɵ жакын элем. Акыры ММАны тандап, бул менин жолум экенин тʏшʏндʏм.

2017-жылы Ош шаарындагы “Улуу кыргыз” спорт клубунда машыгууну баштагам. Ал жерде мага багыт берген, таасир эткен машыктыруучулар – Тынчтык Ɵмʏрзаков, Алтын Балтагулов жана Арслан Тыныбеков агайлар болду. Алардын эмгеги аябай чоң. Кийин Кыргызстанда, Орусияда, Чеченстанда, Ɵзбекстанда, кыскасы, КМШ ɵлкɵлɵрʏндɵ беттештерге чыгып жʏрдʏм.

– Эсиңизде болсо, биринчи профессионалдык беттешиңиз кандай ɵткɵн?

– Биринчи беттешим Ош шаарында ɵткɵн. Ал учурда рингге биринчи жолу кирип жатканда абдан ɵзгɵчɵ сезимдер болгон. Алгачкы кадам ар дайым эстен кеткис болот эмеспи. Мен ʏчʏн ɵзʏңдʏ кɵрсɵтʏʏ, туура стратегия тандап, беттешти жакшы жыйынтык менен бʏтʏрʏʏ абдан маанилʏʏ эле. Убакыт ɵткɵн сайын мындай сезимдерге кɵнʏп, ɵзʏмдʏ эркин жана ишенимдʏʏ сезе баштадым. Алгачкы жеңиштер ɵзгɵчɵ кубаныч тартуулайт экен.

 – Кыргызстандагы машыгуу шарттары тууралуу эмне айта аласыз?

– Кыргызстанда машыгуу шарттары, ачыгын айтканда, начар болчу. Зал жок, кɵчɵдɵ же стадиондун машыкчубуз. “Улуу кыргыз” спорттук клубунун ɵзʏнʏн залы да жок болгондуктан, ар кандай фитнес-клубдарда убактылуу машыгууга туура келчʏ. Кээде залдын убагы, керек болгон жабдыктардын жетишсиздиги да тоскоолдук жаратчу. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабай, спортко болгон сʏйʏʏбʏз, алдыга койгон максатыбыз кʏчтʏʏ болчу. Эгер максат так болсо – жол табылат. Бизде жакшы шарттар болбосо да, аракет кылып, эмгектенип, бир аздан болсо да жыйынтык чыгарып турдук.

– АКШ кетип, UFCге жеткенге чейинки жолуңуз кандай болгон?

– 2021-жылы виза алып, максаттуу тʏрдɵ АКШга кеттим. Алгач эле максатым – ошол жактагы UFC мушкерлери менен машыгуу, ɵзʏмдʏ эл аралык деңгээлде сыноо болчу. Ал жакта мени тосуп алган, жардам бере турган эч ким жок,  машыктыруучум да Кыргызстанда калган эле. Жалгыз болсом да, ичимде ʏмʏт кʏчтʏʏ болчу. Кээде чɵнтɵктɵ бир тыйыным да калбай, ачка калган кʏндɵр да болгон. Бирок ошол оор учурларда ɵзʏмɵ бир нерсени бекем тʏшʏндʏм – бул спортто эң кʏчтʏʏсʏ эмес, эң туруктуусу, сабырдуусу, баш тартпаган адам жеңет экен. Ар дайым кыйналганда, артымда турган 7 миллион кыргыз элимди эстедим. Алардын ишеничи, ʏмʏтʏ мага кʏч, мотивация берип турду. «Мен бул жакка жɵн келген жокмун, менин артымда элим бар» деген ойлор мага дем берип, алдыга умтулууга жардам берди. Ар бир кыйынчылык мени бекемдеп, бʏгʏнкʏ даражама жеткирген мектеп болду десем жаңылышпайм.

– UFCге сунуш качан жана кандайча тʏштʏ? Алгачкы беттеш тууралуу айтып берсеңиз?

– Америкада LFA деген лигада ʏч беттеш ɵткɵрʏп, баарын утуп чыктым. Ошондон кийин UFCден сунуш тʏштʏ. ʏч кʏн калганда бир мушкер жаракат алып, “чыгып бере аласыңбы?” деп сурашты. Мен дароо макул болдум. Мындай мʏмкʏнчʏлʏктʏ колдон чыгарбаш керек эле. Кээде бул спорт тобокелдикти да талап кылат. Ошол беттешке чыгабыз деп, атаандашымды кɵрбɵй туруп, даярдык аз болсо да, чыккам.

Биринчи беттеште калпак, желек менен чыгып, утулуп калуу мен ʏчʏн уят болмок. Аз даярдыкка карабай дебюттук беттешимде жеңишке жетишкенмин. Кийинкисинде Аллахтын жардамы менен жакшы даярданып, жʏрɵгʏм менен киришип, 2-раундда эле муунтуу ыкмасы менен мɵɵнɵтʏнɵн мурда жеңдим.

– UFC тууралуу айтып берсеңиз, башка лигалардан кандай айырмасы бар?

– UFC – дʏйнɵдɵгʏ эң чоң лига. Мушкерге жасалган мамилеси, шарты баары жогорку деңгээлде. Тамак-ашы, витаминдери, медициналык тейлɵɵсʏ – баары бар. Ал жердеги мушкерлер тандалып алынып, дыкаттык менен иреттелет. Бʏтʏндɵй атмосферасы ɵзгɵчɵ, ошондуктан бул жерде жʏрʏʏ чоң сыймык.

– Учурдагы машыгуулар кандай ɵтʏп жатат? Алдыдагы беттешке даярдыктар кандай?

– Азыр машыгуулар кʏнʏнɵ эки жолу ɵтɵт. Алдыдагы беттешке даярдык кызуу жʏрʏп жатат. Учурда мен UFC легендасы Юрайя Фейбер жетектеген Team Alpha Male клубунда машыгып жатам. Бул клуб, бул чɵйрɵ мени чындап ɵзгɵрттʏ десем болот. Ар кайсы бурчтан келген таланттуу мушкерлердин арасында жʏрʏп, алар менен тажрыйба бɵлʏшʏп, машыгуу — бул мен ʏчʏн чоң ɵстʏрʏʏчʏ мектеп болду.

Юрайя Фейбер менин карьерамда ɵзгɵчɵ орунда турат. Ал мага ишенип, мʏмкʏнчʏлʏк берип, UFCге кирип калуумда чоң себепчи болду. Анын колдоосу, кеңештери жана жетектɵɵсʏ менин деңгээлимди кɵтɵрʏʏгɵ зор салым кошту. Азыр эми буюрса, ошол ишенимди актап, жаңы жеңиштер ʏчʏн бар кʏчʏм менен даярданып жатам. Бул мен ʏчʏн жɵн гана беттеш эмес — бул кыргызстандык мушкер катары дʏйнɵгɵ дагы бир жолу ɵзʏмдʏ кɵрсɵтʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ.

– Спортчу катары жашоо образыңыз, диета жана кʏнʏмдʏк режим кандай?

– Жашоо образы абдан жɵнɵкɵй. Эрте туруп, ɵз убагында машыгуу, туура тамактануу, эс алуу – баары тартип менен. Эки маал машыгам. Убакытты текке кетирбейм. Чɵйрɵмдʏ да кылдат тандайм. «Досуң ким экенин айт, сен ким экениңди айтып берем» дегендей, мен таза жашоону каалаган жɵнɵкɵй адамдар менен чогуу болууга аракет кылам.

– Сизди ʏлгʏ туткандар кɵп… Кыргызстандагы жаш спортчуларга кеңешиңиз?

– Бул спортто ийгиликке жетиш ʏчʏн эң негизгиси – сабыр, тарбия жана тынымсыз мээнет. Спорт менен катар билим алуу да маанилʏʏ. Дисциплинаны кармаган, билимдʏʏ спортчу – баарына жетет. Убакытты туура пайдалануу, сабыр, тырышчаактык – ийгиликтин ачкычы. Ийгилик бирине эрте келсе, башкасына кечирээк. Жɵн гана максатыңды так билип, сабыр менен алдыга умтула берʏʏ керек.

Жаштарга кеңешим: билим алып, намаз окуп, ата-эненин ыраазылыгын да алып, тартипти, сабырды, адамгерчиликти жоготпогула. Рингде гана эмес, жашоодо да кʏчтʏʏ, ошол эле учурда жɵнɵкɵй  болгула. Мен ʏчʏн мисалы чемпион болуу менен чогуу, жакшы адам болуу да маанилʏʏрɵɵк.

– Келечекке койгон максаттарыңыз кандай?

– Менин максатым – жɵн эле UFCде мушташуу эмес. Мен UFCнин эң мыкты мушкерлеринин катарына кошулуп, ошол жерде чемпион болууну кɵздɵйм. Бул жɵнɵкɵй кыял эмес – бул менин жашоомдун чоң максаты. Кыргызстанда тɵрɵлʏп, жɵнɵкɵй шартта чоңойгон бала катары, дʏйнɵлʏк аренага чыгып, алдыңкы орунду ээлɵɵ ар кимге эле буюра бербейт. Ошондуктан бул мʏмкʏнчʏлʏктʏ колдон чыгарбастан, кʏнʏ-тʏнʏ эмгектенʏʏ мен ʏчʏн ыйык милдет.

Менин эң чоң тилегим – алгачкы UFC чемпиондук курун Кыргызстанга алып келип, элимдин желегин дʏйнɵлʏк ареналарда желбиретʏʏ. Бул мен ʏчʏн жеке жеңиш эмес, бʏтʏндɵй кыргыз эли ʏчʏн сыймык болмок. Ар бир машыгууда, ар бир курмандыкта ушул максатты эстеп, ошол багытта кадам таштап келем. Ал максатка жетʏʏ ʏчʏн бардык кʏчʏмдʏ, убактымды жана жʏрɵгʏмдʏ жумшайм. Буюрса, ал кʏн алыс эмес.

           Гульнура Ормонова

About The Author