13 октября, 2025

ЖК тарады: Президенттин билдирʏʏсʏ, шайлоо жана округдардын чеги

2025-жылдын 25-сентябрь кʏнʏ Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ɵзʏн-ɵзʏ таркатты. ЖКны таркатууну 32 депутаттан турган топ демилгелеп, 25-сентябрдагы сессияда Жогорку Кеңешти таркатуу маселесин 84 депутат колдоп берди. Парламенттин ɵзʏн таркатуу жараяны Кыргызстан эгемендик алгандар берки убактан бери алгачкы кɵрʏнʏш экени айтылды.

Арадан беш кʏн ɵткɵндɵн кийин Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады.

30-октябрь кʏнʏ Садыр Жапаров тʏз эфир аркылуу кайрылуу жасап, элди талапкерлердин куруу убадасына алданбоого чакырды.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз, бийлик тарап, таза шайлоо ɵткɵргɵнгɵ толук шарттарды тʏзʏп бердик.

Эми сиздер таза шайлап ʏйрɵнʏңʏздɵр.

Добушуңуздарды сатпаңыздар.

“Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар.

“Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын кɵзɵмɵлдɵйт, эл менен бийликтин ортосуна кɵпʏрɵ болуп, округунда кандай кɵйгɵйлɵр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам кɵрɵт.

Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер ʏчʏн же мамлекет ʏчʏн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою ɵзʏ ʏчʏн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан кɵрбɵйсʏздɵр.

Талапкерлердин дагы бир тʏрʏ болот.

Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт.

Андай депутаттарды да кɵрдʏңɵр, кɵрʏп эле жʏрɵсʏңɵр. Алардан да сак болгула.

Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар ɵзʏңɵргɵ наалыган болосуңар.

Кимдерди шайласаңар да, алар силердин ɵзʏңʏздɵрдʏн 5 жылдык депутатыңар болот.

Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирɵɵ депутат болуп келген башаламан система жок.

Мындан ары депутаттарды тʏздɵн-тʏз ɵзʏңʏздɵрдʏн араңыздардан шайлап аласыздар.

Биз, бийлик, “талапкерди эл ɵзʏ тандап алсын” деп толук шарт тʏзʏп бердик.

Эми ɵзʏңɵр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар.

Бул жолу чыныгы элдик ɵкʏлдɵрдʏ, ɵзʏңɵрдʏн ɵкʏлʏңɵдʏ шайлайсыздар», — деди президент кайрылуусунда.

Ошондой эле ɵлкɵ башчысы мамлекеттик кызматкерлердин мурдагыдай шайлоого аралашкан фактысы болгон болсо, катуу чара кɵрʏлɵрʏн эскертти.

«Ушул жерден айыл ɵкмɵттɵн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин.

Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.

Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.

Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жʏрɵккɵ жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок ʏгʏт иштерине катышпаңыздар.

Баланча талапкерди ɵткɵрɵм, тʏкʏнчɵ талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар.

Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен ɵзʏм кɵзɵмɵлдɵймʏн.

Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирʏʏлɵрʏнɵ жеке ɵзʏм барып катышам же комиссия тʏзʏп, ишенимдʏʏ кишилеримди жиберемин.

Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз.

Келиңиздер, биз деле ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵр сыяктуу цивилизациянын туу чокусуна умтулалы. Экономика менен алектенели, коргонуу, коопсуздугубузду бекемдейли.

Качанга чейин ызы-чуудан башыбыз чыкпай жʏрɵ беребиз?

Кыскасы, бул шайлоо биздин тарыхыбызда болуп кɵрбɵгɵндɵй таза ɵтʏшʏ керек.

Эл кайсы талапкерди кааласа, ошол талапкер ɵтсʏн.

Эл шайлап берген депутаттар менен иштешʏʏгɵ даярбыз», — деди мамлекет башчысы.

2025-жылдын 1-октябрында Шайлоо жана референдум ɵткɵрʏʏ боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрʏʏ максатында кɵп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Бул чечим президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы «Жогорку Кеңешке мɵɵнɵтʏнɵн мурдагы шайлоону дайындоо жɵнʏндɵ» жарлыгынын негизинде, ошондой эле шайлоо мыйзамдарында жана шайлоо округдарын аныктоо тартибин жɵнгɵ салган Конституциялык мыйзамдарда кɵрсɵтʏлгɵн талаптарга ылайык кабыл алынды.

2025-жылдын 1-октябрына карата маалымат боюнча, ɵлкɵдɵ жалпысынан 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Бул кɵрсɵткʏчкɵ ылайык, республика 30 кɵп мандаттуу шайлоо округуна бɵлʏнгɵн, алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 миң  900 шайлоочу катталган. Мыйзамдык нормаларга ылайык, ар бир округдагы шайлоочулардын саны орточо кɵрсɵткʏчтɵн ±20%га чейин ɵзгɵрʏʏлɵр орун алган. Бул норма ɵлкɵнʏн географиялык жана административдик ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн эске алуу менен шайлоо округдарын адилеттʏʏ жана тең салмактуу тʏзʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет.

“Шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын бекитʏʏ чечими кабыл алынар алдында Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлдɵрʏ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле жумушчу топтун мʏчɵлɵрʏ менен кеңири талкуу ɵткɵрʏлʏп, бардык региондордун пикирлери жана сунуштары кылдат каралды. Бул ачык-айкын жана натыйжалуу ыкма аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздоого жана чечимдин коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынышына чоң салым кошту”, — деп айтылат БШКнын сайтына жарыяланган маалыматта.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо боюнча иш-чаралардын графигин бекитти. Жаңы тартипке ылайык, бардык мɵɵнɵттɵр мурдагыга салыштырмалуу ʏчтɵн бирге кыскарды.

Шайлоого катышууну каалаган партиялар шайлоо дайындалгандан кийинки ʏч кʏндʏн ичинде БШКга арыз бериши керек. Кɵп мандаттуу округдардагы талапкерлерди кɵрсɵтʏʏ 30-октябрга чейин уланат.

Документтерди кабыл алуу мɵɵнɵтʏ 2-ноябрда соңуна чыгат. Талапкерлерди каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат. ʏгʏт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин жʏргʏзʏлɵт.

Добуш берʏʏ 30-ноябрда ɵтʏп, саат 08:00дɵн 20:00гɵ чейин созулат. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-декабрга чейин жарыяланышы керек.

  Дооран Токтошев

About The Author