Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча 2025-жылдын аталган мезгилине карата жалпысынан 58 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 174 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, 39 сунуштама жана 9 талап прокурордук актылары жана 5 доо арыздар келтирилген.
Келтирилген прокурордук актылардын негизинде тийиштүү бюджетке 16 896 300 сом акчалай түрдө жана 254 162 000 сомдук натуралай түрдө жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылган.
Ошону менен бирге бул багытта 12 кылмыш иштери козголгон.
Мисалы: Ош шаарынын мэриясынын кызмат адамдары, бийлик ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, өздөрүнүн 2022-жылдын 8-сентябрындагы токтомдору менен “Айыл чарба” багытындагы жайыт жерлерин “Өндүрүштүк” багытындагы жерлер категориясына мыйзамсыз которушуп, “К.Т.Л” ЖЧКна мыйзамсыз 55,33 га жер тилкесин жеке менчикке ажыратып берип жиберишкен.
Мындан сырткары, жогорудагы аталган ЖЧКнын наамына 51,97 га жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке ажыратып берип жиберишкендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын КЖКнын 336-бер. 1-б. (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн караштуулугу Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаарын жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмдүн улук прокурору Н.Жумаев
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр