• Чт. Июн 11th, 2026

Популярные метки

Кең-Сайга электр жарыгын тартуу иштери башталды

Автор:Osh Shamy

Сен 22, 2025

Ош шаарынын Кең-Сай массивинде электр энергиясын тартуу иштеринин алгачкы этабы башталды. Бул багытта 6300 кВт кубаттуулуктагы жаңы трансформатор алынып келинип, орнотулду.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев иштин жʏрʏшʏн жеринен кɵрʏп чыкты.

Мындан 10 жыл мурун курулуп баштаган электр подстанциясы бʏтпɵй, ара жолдо каралбай калган. Мэрдин демилгеси менен маселе кайрадан кɵтɵрʏлʏп, иш жанданды.

Ɵткɵн аптада конушту сугат суу менен камсыз кылуучу станция ишке берилсе, ушул жылдын аягына чейин жергиликтʏʏлɵр жеткиликтʏʏ электр энергиясы менен камсыз болушат.

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *