
Кыргыз элинин тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылган чыгаан уул, кɵрʏнʏктʏʏ ишмер, Кокон хандыгы учурунда атагы алыска тараган улуу вазир — Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракеси Алай тоосунун койнунда улуу салтанат менен ɵттʏ. Эки кʏнгɵ созулган иш-чарада кыргыздын тарыхы, маданияты, улуттук оюн-зоогу жана руханий мурасы кайрадан элге кɵрсɵтʏлдʏ.

Шырдак кɵргɵзмɵсʏ менен ачылган маараке
11-сентябрь кʏнʏ Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинде шырдактардын кооз кɵргɵзмɵсʏ ачылып, майрам салтанаттуу башталды. Ууз-чеберлердин колунан жаралган 280ден ашык шырдак залдын ажарын ачып, конокторго улуттук ɵнɵрдʏн кайталангыс ʏлгʏсʏн тартуулады.
Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин ɵкʏлʏ, коомдук ишмерлер жана жергиликтʏʏ тургундар катышкан кɵргɵзмɵдɵ кыргыздын комузунун кʏʏсʏ жаңырып, улуттук рух кɵтɵрʏлдʏ.


Алымбек датканын ысымы кɵчɵгɵ ыйгарылды
Мааракенин алкагында маанилʏʏ чечимдер да кабыл алынды. Фуркат айылынан башталып, Ош шаарына кире беришиндеги эстеликке чейин созулган кɵчɵ мындан ары “Алымбек датка проспектиси” деп аталмай болду. Бул чечим датканын ысымы тарых менен катар жерге да уюшуна, муундан муунга кала берерине кепил.
Кɵк бɵрʏ — эр намысынын сыноосу

Гʏлчɵ айылында ɵткɵн кɵк бɵрʏ чемпионаты ɵзʏнчɵ чоң майрамга айланды. Жети райондон келген командалар таймашып, оюн талаасында чаң кɵтɵрʏлдʏ. Жеңʏʏчʏлɵргɵ ири суммадагы сыйлыктар тапшырылып, мыкты оюнчулар эл алдында урматка татыды. Ат ʏстʏндɵгʏ ар бир таймашта кыргыз жигитинин намысы, тайманбас духу кɵрʏнʏп турду.
Мелдештин тайпалык этабы 10-сентябрь кʏнʏ башталган. Анда командалар эки тайпага бɵлʏнʏп, ɵз ара оюн ɵткɵрʏшкɵн. Тайпадан жеңʏʏчʏ болгон командалар ɵз ара ойношкон.
Натыйжада 3-орун ʏчʏн Ɵзгɵн командасы менен Ноокат командасы чыгып, 2:0 эсебинде Ɵзгɵн командасы жеңди.
Ал эми финалга Алай 1 командасы менен Кара-Кулжа командасы чыгып, беттеш 2:0 эсебинде Алай-1 командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Жыйынтыгында 1-орунду алган Алай-1 командасына 600 миң, 2-орунду алган Кара-Кулжа командасына 400 миң, 3-орунду алган Ɵзгɵн командасына 200 миң, 4-орунду алган Ноокат командасына 100 миң акчалай сыйлыктар тапшырылып, катышуучу командаларга 50 миң сомдон берилди. Ошондой эле, «мыкты чабуулчу», «мыкты оюнчу», «мыкты коргоочу» болгон командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Этно шаарчадагы улуттук оюндар

Жошолу айылындагы Калама жайлоосуна 100дɵн ашык боз ʏй тигилип, этно шаарча тʏптɵлдʏ. Куш учуп, тайган чуркап, кыз куумай ойнолуп, жаа тарткан жигиттердин кыймылы менен жайлоо шаңга бɵлɵндʏ. Бул кɵрʏнʏш кыргыздын кɵɵнɵрбɵс салты бʏгʏн да тирʏʏ экенин далилдеди.
Акындардын айтышы

Калама жайлоосунда орнотулган чоң сахнада эл чогулуп, акындардын сɵз таймашына кʏбɵ болду. Жʏрɵктʏ козгогон саптар, арман менен ʏмʏт аралаш ырлар элди кайдыгер калтырган жок. Жыйынтыгында Чыңгызхан Кожошев баш байгени жеңип алды. Бул сыйлык айтыш ɵнɵрʏнɵ берилген чыныгы баа катары кабыл алынды.
Айтыштын жыйынтыгы:
Изат Айдаркулова -1-орун (500 миң сом).
Кутман Садыбакасов — 2-орун (300 миң сом);
Жылдызбек Тɵрɵканов — 3-орун (200 миң сом).
Ордо менен тогуз коргоол
Улуттук оюндардын дагы бири — ордо менен тогуз коргоол боюнча мелдештер ɵтʏп, Таластын, Бишкектин, Чʏйдʏн жана Ысык-Кɵлдʏн оюнчулары мыктылыгын кɵрсɵттʏ. Бул оюндар да кыргыздын акыл-эс менен стратегияга болгон илгертен берки кызыгуусун айгинелеп берди.
Президенттин сɵзʏ жана жаңы багыттар

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бɵлʏгʏ Алай райондук стадиондо Алымбек датканын 225 жылдыгына арналып уюштурулган концерттик программа менен башталды.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер, жергиликтʏʏ тургундар катышты.
Садыр Жапаров стадиондо келиши менен концерттик программа Алымбек Асанбий уулунун бейнесин баяндаган видео баян менен башталды. Андан соң датканын ɵмʏр таржымалын чагылдырган театралдык кɵрʏнʏш элге тартууланды.
Аны менен катар эле ырчылар ыр ырдап, дрондордун шоусу башталды. Анда дрондор аркылуу Алайдын аскалуу тоолору, боз ʏй, Алымбек датканын элестери чагылдырылып турду.
Ага улай эле Алымбек датканын ɵз учурунда Ош шаарынын инфраструктурасын оңдогон, медресе курган доору театралдык кɵрʏнʏштɵр аркылуу кɵрсɵтʏлдʏ.
Мындан тышкары, ар бир сахналык кɵрʏнʏш менен кошо дрондор менен Алымбек датканын, Курманжан датканын, Алай тоолорунун кɵрʏнʏштɵрʏ чагылдырылып, «Алымбек даткага 225 жыл!», «Гʏлчɵ», «Алай району», «Ош облусу», «Кыргызстан» деген жазуулар асманга жазылды.
Иш-чаранын ачылышын арналган негизги концерттик программа жыйынтыкталып, президент сɵзгɵ чыкты.

«Урматтуу агайын-туугандар! Кадырлуу коноктор!
Кыргыз элинин эгемендигин ʏчʏн жанын канжыга койгон эчендеген эрендер ɵткɵн. Бʏгʏн биз атагы далайга тараган, чыгаан мамлекеттик, саясий ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз.
Алымбек датка менен анын урпактары эле эмес, жалпы кыргыз эли сыймыктанабыз. Сыймыктануу менен эле калбай, анын ɵмʏр таржымалын элге жеткиришибиз керек.
Алымбек датка Кокон хандыгынын бийлигине 35 жыл аралашып, Нʏзʏп бий, Алымкул аталык сыяктуу эле атагы бийик болгон», — деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров Гʏлчɵ айыл ɵкмɵтʏнɵ шаар статусун берʏʏ ʏчʏн тиешелʏʏ мамлекеттик кызматкерлерге тапшырма бергенин, Гʏлчɵнʏн инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏгɵ Турукташтыруу фондунан 500 млн сом бɵлʏнгɵнʏн кошумчалады.

Ага улай эле ɵлкɵ башчысы тɵкмɵ акын Чыңгызхан Кожошевге айтыштын баш байгесин жеңгени ʏчʏн Ош шаарынан бир бɵлмɵлʏʏ батирдин ачкычын тапшырды.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы ат оюндарында 1-орундарды алган чабандестерге 3 автоунаанын ачкычтарын тапшырды.
Иш-чара концерттик программа менен аягына чыкты.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды