1 декабря, 2025

Ош шаарынын ɵнʏгʏшʏ: бюджет, мыйзамсыз жерлер жана жаңы демилгелер

10-сеньябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин XIII сессиясы болуп, сессияга Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев, тɵрага Болот Баетов,  шаардагы мекеме -ишканалардын жетекчилери, 49 депутат катышты.

Сессияны ачуунун алдында тɵрага Болот Баетов «Милдет» фракциясынан жаңы депутатттарды тааныштырды.

«Сессиянын ишин баштоодон мурун, Ош шаардык Кеңешинде болгон  ɵзгɵрʏʏлɵр менен тааныштырып ɵтɵйʏн.  «Милдет” депутаттык фракциясынын мʏчɵлɵрʏ Обозов Мелис Абдыразакович жана Канат уулу Улан депутаттык  мандаттарын мɵɵнɵтʏнɵн мурун тапшырышып, алардын ордуна Туратбеков Нурсеит Туратбекович жана Наватов Дастан Эркинбекович  депутат болуп келишти. Нурсеит Туратбековичти жана Дастан Эркинбековичти куттуктап,  депутаттык иштеринде ийгиктерди  каалап кетʏʏгɵ уруксат этиңиздер!», — деди Баетов.

Кʏн тартибине 18 маселе коюлуп, биринчи маселе – «Ош шаарынын мэринин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы жɵнʏндɵ» маселеси каралып, депутаттар арасында талкуу кʏчɵдʏ.

Анда биринчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу Ош шаарында акыркы 6 айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жаткан учурда депутаттар вице-мэрдин отчетун угуп отурбай эле, «суроо-жооп» форматына ɵтʏʏ боюнча сунуш берилип, колдоо тапты.

«Бир бол» фракциясынан депутат Айгуль Салиева Салык кызматынын тɵрагасы Алмамбет Шыкмаматов келген учурда Ош шаарына НСПнын 50%ын Ош шаарына берʏʏ боюнча маселе кɵтɵрʏлгɵндʏгʏн айтып, маселе кандай болуп жатканын сурады.

Ош шаардык салык кызматынын башчысы Нурбек Сатыбалдиев Ош шаары НСПден жылына 1 млрд 900 млн сом чогултарын, эгер маселе колдоо таап калса, Ош шаарына 900 млн акча каларын айтты.

Ɵз кезегинде Айгуль Салиева азыркы учурда НДС 12%, НСП 2% тʏзɵрʏн, азыркы кезде кɵп ишкерлер бирдиктʏʏ салык режимине (4%) ɵтʏп жатканын, ошол учурда  НСПден эч кандай акча тʏшпɵй каларын белгиледи.

Нурбек Сатыбалдиев салык мыйзамдарына ылайык, бардык эле ишкерлер бирдиктʏʏ салык режимине ɵтɵ албастыгын кошумчалады.

«Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат Мирбек Маматов Сулайман-Тоону Ош шаарына алуу сунушун колдоорун айтып, Ош шаарына этно музей куруу сунушун айтты.

«Ош шаары Маданият министрлигине карарын эч ким билбейт экен. Саргайып турса, райондордон келген эл мэриядан кɵрɵт экен. Сиз рейддерде туура белгиледиңиз, Сулайман-Тоону Ош шаарына ɵткɵрʏʏ боюнча депутаттар да кошо сунуш берип, арыз менен кайрылалы»,- деди ал.

Жеңишбек Токторбаев депутаттын сɵзʏн кубаттап: «Президент менен сʏйлɵштʏк. «Тоо жагы Маданият министрлигинде калсын» дейт. Анткени, тоонун статусу тʏшʏп кетпеши ʏчʏн. Ал эми Сулайман-Тоонун тегереги, жака бели Ош шаарына ɵтɵт. Азыр иш кагаздар даярдалып жатат. Сулайман-Тоонун айлантып жол курабыз. Газондорду себебиз», — деди мэр.

«Мурас» фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча жана Мелис Мырзакматовго тиешелʏʏ жерлер боюнча сурады.

Женишбек Токторбаев: «Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча айтсам, 3 гектар жерине парк жасадык. Октябрда ачабыз. Анан комплекстʏʏ гараждар бар эле, экс-налоговиктин клиникасы, Жээнбековдун кафелери бар болчу, то есть бийик курулуштан водозаборго чейин парк жасайбыз.

Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери бар экен. Анын ичинде 2 гектардан ашык жери бар экен. Ал боюнча сот жʏрʏп жатат. Бир тууганына катталган 36 гектар жери бар экен. Аны да алганы жатабыз. Андан сырткары, 4 гектар 80 сотых кайненесине каттаган жери бар экен, ал боюнча да сот жʏрʏп жатат. Жалпы 43 гектар жери бар экен».

Бекбол Арзибаев ошондой эле Кең-Сай конушундагы мыйзамсыз берилип кеткен 100 гектар жер боюнча суроо салды.

Жеңишбек Токторбаев: «Кабарыңыз бар. 15 жыл токтоп калган иштер жʏрʏп жатат. Жанагы 110 кВт подстанция боюнча бʏтʏрʏп, ишке беребиз. Андан сырткары, таза суу боюнча подрядчик табылды, ал да чыгат. Сугат суу боюнча да иштер жʏрʏп жатат. Анан жанагы 100 гектар жер боюнча, Айбек Осмоновдун жери боюнча айтып жатасыз да. Бул боюнча Замир Байышович жооп берсин», — деди мэр.

Вице-мэри Замир Юсупов ишти прокуратура тергеп жатканын, мыйзамдуу жагын аталган орган билерин айтты.

Ош шаардык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жана коррупцияга каршы кʏрɵшʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы Шабдан Муратбеков:  «Коррупция беренеси боюнча 55 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду. Жалпы 100 гектардан ашык боюнча кылмыш иши козголуп, тергɵɵ жʏрʏп жатат»,- деди ал.

«Жаңы Кыргызстан» фракциясынын депутат Хулькар Исамова жеке батирлердин суткалык, айлык ижарага берʏʏ боюнча маселени кɵтɵрʏп, аталган жарандар Салык кызматына катталганын же катталбаганын сурады.

Ош шаарынан мэри Жеңишбек Токторбаев батирлер боюнча маселелер талкууланып жатканын айтты.

«Батирлер боюнча маселелер каралып жатат. 2,5 миңден 8 миңге чейин суткалык акы алып жаткан батирлер бар экен. Батирлер боюнча маселелер каралат»,- деди ал.

«Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдында Жаштар театрынын тʏзʏʏ жɵнʏндɵ» маселе каралып, колдоо тапты.

«Мурас» фракциясынан депутат Кутманалы Абдрахман уулу мэр Жеңишбек Токторбаев Щепкиндин 22 бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнɵ 22 батир берип, чоң колдоо кылганын, дагы бюджеттен акча берип, «артисттерди  жалкоо кылып албайлы» деген пикирин билдирди.

«Жеңиш Шермаматович, бекер батирлерди берип, чоң колдоо кɵрсɵттʏ. Эми дагы бюджеттен акча бɵлʏп, жалкоо кылып албайлы»,- деди ал.

Салтанат Аманова Маданият башкармалыгынын алдында тʏзʏлɵ турган бул театрда кɵркɵм жетекчи, башкы сʏрɵтчʏ, гример, театралдык костюмер, кароолчусу жана актёр, актрисалар, хор аткаруучулары, чыгармачыл жамаат болуп, 100гɵ жакын кызматкер иштерин айтып, «колдоого татыктуу маселе» экенин айтты.

«Орточо айлыгы 17 миң сом — маданият кызматкерлерине коюлган оклад ушундай баада.

Ош шаарынан ɵзʏнʏн театры жок . Ош шаарында Маданият министрине баш ийген эки театр, бир филармония бар.

Жакында эле Щепкиндин 22 бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ келип, Ош драма театрына келип иштеп атат. Мурда Щепкинди бʏткɵндɵр кʏчтʏʏ актёр, актрисалар болуп, кыргыз киносу сапаттуу болгон. Андыктан, Астанада да жаштар театры бар. Ошол себептʏʏ театр тʏзʏп, кызматкерлеринин штатын аныктайлы.  Айлык-акысына 4 млн сомдон ашык акча кетет экен»,- деди С. Аманова.

«Милдет» фракциясынан депутат Медер Абдыманапов маданият кызматкерлерин каржылоого кɵп акча кетерин, 4 млн сом менен «нары же бери болбосун» билдирди.

«Салтанат Абдылдаевна, театр кызматкерлеринин айлыгы эмес эле да. Алар бир драманы аткарыш ʏчʏн канча декоративдер, кийим-кечелер керек. Ошол эле «Падыша Лирди» кантип аткарышат? Кылсак жакшы акча берип кылалы, кылбасак мындай эптемей кылбай эле коёлу»,- деди депутат.

«Бир бол» фракциясынан депутат Арыпбек Айтбаев Щепкиндин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ Ош шаарында канча жыл иштерине кызыкты.

Салтанат Аманова 5 жыл кызмат кылып, андан гана каалаган жагына кетерин билдирди.

«Ɵмʏр бою иштеп да ʏй ала албай жаткандар арбын. Булар Ош шаарында 5 жыл иштеп, батирлерин сатып, Бишкекке кетип калышат да. Ошондуктан, 10 жыл иштеп берсин деген сунушту киргизет элем»,- деди Арыпбек Айтбаев.

«Мурас» фракциясынан депутат Шайырбек Нуранов «ʏйрɵнɵ элек койго нокто салгандай» маселе болуп жатканын айтып, бул маселени колдоорун билдирди.

«Ош мэриясы комитетке ушундай резонанстуу маселени алып келди. Мен негизи маданият маселесин колдойм. Бирок, «ʏйрɵнɵ элек койго нокто салгандай» болуп жатат. Анткени, маданият кызматкерлеринин отурган имаратын, жаштар комитетинин отурган имаратынын шарттарын кɵргʏлɵ. Эмне деген жерде отурушат?»,- деди ал.

Натыйжада аталган маселе колдоо тапты.

Ош шаары республикалык бюджеттен дагы 1 млрд сом насыя алат

«Республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга жана кредитти кʏрɵɵ менен камсыздоого макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ» маселеси каралды.

Каржы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров Ош шаарынан инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏ максатында республикалык бюджеттен 1 млрд сом насыя алынарын, кʏрɵɵсʏнɵ Ош шаардык автовокзал коюлганын айтты.

«Насыянын мɵɵнɵтʏ 6 жылды тʏзʏп, 1 пайыз менен алынат»,- деди Ош шаарынан башкы  финансисти.

Жыйынтыгында бул маселе да колдоо тапты.

Дооран Токтошев

About The Author