2 декабря, 2025

Айыл чарбасын каттоо – эмнеге маанилʏʏ жана кандай максатты кɵздɵйт?

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ” №122 токтомун ишке ашыруу максатында Ош шаардык мэриясы тарабынан 2024-жылдын 11-апрелинде №471 токтому чыгарылып, айыл чарбасын каттоону уюштуруу жана ɵткɵрʏʏ ʏчʏн Ош шаарынын мэриясынын 22 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия тʏзʏлгɵн жана ушул жылдын 20-февралында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ боюнча иш-чаралардын  планы иштелип чыккан.

Ош шаардык статистика башкармасынын  жетекчиси: У.Мокеев иштердин жʏрʏшʏ тууралуу маалымат берди.

“Жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн токтомдорду  ишке ашыруу максатында Ош шаардык статистика башкармалыгы тарабынан тʏзʏлгɵн планга ылайык иш-чаралар жургʏзʏлʏʏдɵ.  Ушул жылдын январь-апрель айларында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏгɵ бир ɵкʏл жана эки башкы адис ишке кабыл алынган.

 Адистердин иштɵɵ шарты тʏзʏлгɵн жана техникалык, атайын жабдуулар,офистик эмеректер жана концелярдык товарлар менен камсыздалган. Мындан сырткары Ош шаарындагы 6 муниципалдык 3 айылдык аймактык башкармалыктарда атайын бɵлмɵлɵр жана тиешелʏʏ эмеректер, оргтехникалар жана башкалар менен камсыздоо иштер жʏрʏп жатат”, — деди ал.

Мокеев кошумчалагандай, Улуттук сатистика комитетинин сатистикалык каттоолор жана геомаалымат системалар бɵлʏмʏнʏн башчысы А.А.Кудакеева баш болгон жана башка тиешелʏʏ адистер, тʏзʏлгɵн праграммага ылайык ушул жылдын март айында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ боюнча окуу-семинар ɵткɵрʏштʏ. Семинарга Ош шаарынын вице мери,бɵлʏм башчылары, МАБ, ААБтын жетекчилери жана айыл башчылар, кварталдык комитеттер катышты.

“Ошондой эле 3-июнь 2025-жылы Улуттук статистика комитетинин адистери жана ФАОнун ɵкʏлдɵрʏ Darek-kg жана жер ʏйлɵрдʏн тизмесин тактоо боюнча практикалык окуу ɵткɵрʏштʏ. Ал жыйынга регистраторлор, Ош шаардык стат башкармалыгы,мэриянын кызматкерлери, МАБ ,ААБтан жалпы 89 адам катышты”, — деди ал.

 Азыркы учурда Ош шаарындагы, аймактардын, айылдардын админстративдик-аймактык чек араларын тактоо, алардагы кɵчɵлɵрдʏн жана турак жай массивтеринин аттарын, ʏй чарбаларынын номерлерин тартипке келтирʏʏ, ʏйлɵрдʏн номердик белгилерин жана кɵчɵлɵрдʏн аталыштары жазылган табличкалардын болушун камсыздоо менен курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивтериндеги турак ʏйлɵрдʏ номерлер менен камсыздоо, кɵчɵлɵрдʏн аттарын жазуу иштери жʏрʏп жатат.

“Ал эми бузулуп(снос) кеткен жер ʏйлɵрдʏ жана башка айыл чарба каттоого тиешелʏʏ обьектилерди тактоо жумуштар МАБ жана ААБтар тарабынан такталып, маалыматты  Ош шаардык статистика башкармалыгына берʏʏ жɵнʏндɵ кат жолдонгон.

Ошондой эле Министирлер Кабинетинин “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ  жɵнʏндɵ №122 токтому менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоого оз убагында жана сапатту даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ боюнча  негизги иштердин календардык планынын 5 жана 13-пунктарына ылайык, калктын арасында каттоонун максаттары жана тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ, баннерлерди  даярдоо жана илдирʏʏ, ЛЭД экрандарга киргизʏʏ  максатында даярдык кɵрʏлʏʏдɵ”,- деди У. Мокеев.

Эскертʏʏ: Ош шаарында жер ʏйлɵрдɵ жашаган жана айыл чарба жерлери бар атуулдар каттоого барган каттоочуларга сураган суроосуна толук жооп беришиниздерди ɵтʏнɵбʏз!

About The Author