Кыргызстандын тарыхый жана маданий борбору болгон Ош шаары быйыл 3025 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Улуу тарыхы, бай мурасы жана азыркы заманбап келбети менен айырмаланган тʏштʏктʏн жʏрɵгʏ бул жолу да шаңга бɵлɵнɵт. Шаардын кʏнʏнɵ карата бир катар эл аралык деңгээлдеги маданий, спорттук, социалдык жана экономикалык иш-чаралар пландалууда. Ошол эле учурда, бул майрам Алымбек Датканын 225 жылдыгы менен да айкалышып, тарых менен бʏгʏнкʏ кʏндʏн алтын кɵпʏрɵсʏ катары ɵзгɵчɵ мааниге ээ болууда. Оштуктар гана эмес, жалпы кыргызстандыктар ʏчʏн бул маараке —- сыймык жана ɵрнɵктʏʏ ɵнʏгʏʏнʏн белгиси болуп саналат.

Салтанат Аманова, Ош шаарынын мэринин орун басары:
Шаардагы ɵзгɵрʏʏлɵр жана инфраструктуралык ɵнʏгʏʏ

-Ош шаары — акыркы 7 ай ичинде болуп кɵрбɵгɵндɵй чоң ɵзгɵрʏʏлɵргɵ туш болду. Айрыкча инфраструктура, коммуналдык чарба жана курулуш тармагында алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Мыйзамсыз берилип кеткен объектилер кайрадан кайтарылып, социалдык мекемелерге орун бошотулууда.
Социалдык объекттерди кайра жандандыруу жана оңдоо иштери
-Кыймыл таянычы (мʏмкʏнчʏлʏгʏ) чектелген балдардын реабилитациялык борборунун аймагында буга чейин мыйзамсыз курулуштар болгон. Алардын баары тазаланып, борбор капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ.
Ошондой эле “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору дагы капиталдык оңдоодон ɵтʏп, учурда 3000ден ашуун балага мектептен сырткары чыгармачылыгын ɵстʏрʏʏдɵ заманбап шартта билим берʏʏдɵ.
Медицина тармагындагы алгылыктуу жылыштар
-Шаардык борборлоштурулган тɵрɵткана жана мурда жеке менчикке ɵтʏп кеткен кардиология бɵлʏмʏ кайрадан социалдык максатта иштей баштады. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин билимин жогорулатуу институтунун ʏч кабаттуу имараты капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп, колдонууга берилди.
Ош шаардык клиникалык оорукананын жетишпеген 7 бɵлʏмʏ ʏчʏн жаңы ʏч кабаттуу имарат курулууда. Ал дагы жакын арада пайдаланууга берилет. Диагностикалык жабдуулар ʏчʏн ɵзʏнчɵ имарат курулуп жатат.

Дарыя-каналдарды жана тоолорду тазалоо иштери
-Шаарыбызда Ак-Буура дарыясы менен кошо жалпы 8 канал бар. Учурда алардын жээктери мыйзамсыз курулуштардан тазаланып, суунун агымына тоскоол болгон бетондор алынып жатат. Суулар дезинфекцияланып, экологиялык тазалык камсыздалууда.
Керме-Тоо, Сулайман-Тоо сыяктуу ыйык тоолордун бооруна уруксатсыз курулган ʏйлɵр алынып, жашоочулар башка аймактарга кɵчʏрʏлʏʏдɵ. Бул иштер ɵмʏр коопсуздугун, шаардык эстетиканы жана таза экологияны камсыз кылууга максатталган.
Жолдор жана сейил бактар
-Шаардын аймагындагы 38 жолдо ремонт иштери жʏрʏп жатат. Ар биринде тротуар, веложол жана аллея каралган. Максат — шаар тургундары ʏчʏн эртең менен чуркап, ден соолукка кам кɵрɵ турган аянттарды кеңейтʏʏ, кɵбɵйтʏʏ.
Жаңыдан курулган жана ачыла турган сейил бактар
-Тʏштʏк-чыгыш кичи районунда заманбап сейил бак, Ак-Тилек кичи шаарчасында Жолон Мамытов атындагы сейил бак ачылып, элге жагымдуу, ыңгайлуу шарт тʏзʏлдʏ. Дагы эки чоң сейил бактын долбоору даярдалып жатат.
Жаштар саясаты жана ɵнʏгʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏктɵр
-Ош шаарында 10 жылдан бери иштеп келе жаткан Жаштар комитети бар. Ал шаардагы мекеме-ишканаларга мыкты адистерди тарбиялаган мектепке айланды. Жаштарга маалыматтык, тил ʏйрɵтʏʏ, билим берʏʏ боюнча чоң мʏмкʏнчʏлʏктɵр тʏзʏлʏʏдɵ.
Учурда мэрия жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаңы 3 кабаттуу жаштар борбору курулуп жатат. Ошондой эле Токтогул паркында жайкы театр тʏзʏлʏп, ар жума сайын иш-чаралар ɵткɵрʏлʏп келет. Бул жаштардын ɵз ара баарлашуусуна, ɵсʏп-ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

Кең-Сай массивинин инфраструктурасын жакшыртуу
-Кең-Сай массиви мурда ɵнʏгɵ албай жаткан. Анткени электр энергиясы, таза суу жана жол маселеси чечилбеген болчу. Азыр ʏч маселеге тең чечим табылып, трансформаторлор жаңыланды, суу чыгарылып, жолдор салынып жатат.
Эл аралык кызматташтык жана социалдык ɵнʏктʏрʏʏ
-Биз эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешебиз. Маселен, Австрия ɵнʏктʏрʏʏ фонду менен онкология бɵлʏмʏнɵ заманбап эмеректерди жана жабдууларды алуу боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык аркылуу диагностикалык борбор курулуп, жабдуулар алынууда.
Ош шаарынын кʏнʏ жана мааракелʏʏ иш-чаралар
-Быйыл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Алымбек датканын 225 жылдыгы жана Ош шаарынын 3025 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленʏʏчʏ иш-чаралардын катарына кирди.
Учурда жогорку деңгээлде майрам ɵткɵрʏʏгɵ даярдыктар жʏрʏп жатат. 5 чоң долбоордун — жаңы жолдордун, ɵтмɵктʏн, мектептердин ачылыш аземи болот. Эл ʏчʏн айыл чарба жарманкеси, туристтик фестивалдар уюштурулат. Майрамдын кульминациясы катары стадиондо чет ɵлкɵлʏк жылдыздардын катышуусунда гала-концерт ɵткɵрʏлɵт.
“Ош — 3025: Тарыхый шаардын маданий деми жана майрамдык шаты”
Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов:

-2025-жылы Ош шаарынын 3025 жылдык мааракесине карата бир катар масштабдуу, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар ɵткɵрʏлɵт. Быйылкы майрам ɵзгɵчɵ жылга туш келип жатат. Ош шаарынын кʏнʏ 3025 жылдыгына дал келип, биз бул мааракени чоң салтанат менен тосуп алууга камынуудабыз. Мындан сырткары, жалпы республика боюнча белгиленип жаткан Алымбек датканын 225 жылдыгы да биз ʏчʏн маанилʏʏ окуя. Ошого жараша биз да ɵз салымыбызды кошобуз. Буга карата маданий жана спорттук иш-чаралардын программасы учурда тыкыр иштелип чыгууда. Эл аралык деңгээлдеги спорт майрамдары, марафондор жана дʏйнɵ аренасында таанылган олимпиада чемпиондорун Ошко чакыруу боюнча аракеттер кɵрʏлʏʏдɵ. Концепциялар жаңыча иштелʏʏдɵ. Быйылкы иш-чаралар жылдагыдан айырмаланып, чоң LED-экрандар, заманбап жарык эффекттери жана жаңы технологиялар менен коштолот. Жетекчилик тарабынан колдоо болсо, пландар дагы да кеңейет.
Майрамдык иш-чараларга Ɵзбекстан, Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерден чыгармачыл адамдар, белгилʏʏ жылдыздар чакырылат. Кыргыз элинин белгилʏʏ ырчылары жана маданият ишмерлери да катышары кʏтʏлʏʏдɵ.
Иш-чаралар ɵтʏʏчʏ негизги локациялар:
Токтогул эс алуу багы;
Алымбек датка этнографиялык борбору;
Токтогул жана Новаи кɵчɵлɵрʏнʏн ортосунда жайгашкан жаңы ачылган анти-театр;
Ош шаарынын борбордук аянты;
Шаардык стадион;
Улуттук драма театры.
Маданий иш-чаралар негизинен 4-5-октябрь кʏндɵрʏ эртеден кечке чейин ɵтɵт. Атайын концерттик программалар, адабият жана кол ɵнɵрчʏлʏк фестивалдары уюштурулат. Иш-чаралар 6-7-8-октябрга чейин уланат.
Шаарыбыз ɵнʏгʏп ɵссʏн! Шаарыбыздын жетекчилери, тургундары жана коомчулук ар дайым биз менен бирге болуп, ар бир маданий иш-чарада ɵз салымын кошуп келе жатат. Бул — тарых барактарында кала турган из. Элибиздин ынтымагын, тынчтыгын, жакшылыгын Аллах ɵзʏ колдосун!
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр