“Манас” — сɵздʏн кʏчʏ менен жашап келген улуу мурас. Кылымдар бою кагазга тʏшпɵсɵ да, эл оозунан тʏшпɵй, улуудан кичʏʏгɵ ɵтʏп келген бул эпос кыргыз тилинин жандуу сакталышына ɵбɵлгɵ болду. Тилдин табигый нугу, сырткы жана ички кɵркɵм формасы ушул эпостун ичинде тʏгɵнбɵс байлык катары жашап калды. Мамлекеттик тил кʏнʏндɵ бул эпостун эне тилибизге кошкон терең салымын эскерʏʏ жана баалоо — ар бир кыргыз жараны ʏчʏн маанилʏʏ.

Оозеки мурас катары тилдин кɵркɵмдʏгʏн сактоо
Кыргыз эли “Манас” эпосу аркылуу эне тилинин ыргагын, жан дʏйнɵгɵ таасир берʏʏчʏ образдуулугун кылымдар бою сактап келген. Бул эпос – жалаң эле мазмун эмес, сɵздʏн кʏʏсʏ, ʏн менен тартылган сʏрɵт, элестин терең чагылышы. Оозеки айтылып келгени менен, аталган эпос поэтикалык тʏзʏлʏшʏ, калыптанган ыр формалары менен кɵркɵм адабиятка тете экенин айгинелейт.
Мисалы, Манастын жоо алдында турганда айтылган сɵздɵрʏнɵн:
“Кара жерге кан тɵгʏп,
Калкымды капа кылдырбай,
Каардуу башты жыгууга,
Кайрат-кʏчʏм жеткенде,
Караңгы тʏн болбосо,
Кан майданга кирʏʏгɵ
Каарман Манас кайрылат.
Ачуу душман алдында,
Айкɵлдʏктɵн танбаска,
Ата журттун намысын
Алышып бербеске ант кылат!”
Бул саптарда кыргыз тилинин синтаксистик ыргактуулугу (кыска-кыска кайталоолор), сɵздɵрдʏн ʏндɵшʏʏсʏ (аллитерация, ассонанс), туюм кʏчʏ жана лирикалык пафосу айкын сезилет.

Лексикалык жана грамматикалык байлыктын булагы
“Манас” эпосу — кыргыз тилинин жɵн гана сакталып калган изи эмес, анын тазалыгын, байлыгын жана кɵп кырдуулугун ɵнʏктʏргɵн булак. Эпостун ар бир сабында, ар бир кайрыктарында сʏрɵттɵɵдɵ, сɵздʏн философиясы, ойдун тереңдиги жашайт.
Манастын ар тʏрдʏʏ варианттарында (Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Шаабай Азизов ж.б.) лексикалык туюнтмалар, аймактык диалекттер, жандуу элдик сʏйлɵмдɵр кездешет. Эпоско мʏнɵздʏʏ сɵздɵрдʏн кɵпчʏлʏгʏ бʏгʏнкʏ кʏндɵ адабий тилге ɵтʏп, этнографиялык, турмуштук же аскердик тʏшʏнʏктɵрдʏ берʏʏдɵгʏ маанилʏʏ элементтерге айланган. Маселен, “бешинчи” (жоо жɵлɵкчʏ), “каар калып”, “кɵкʏл байлап”, “кɵкɵлɵп” ɵңдʏʏ сɵздɵр учурда кɵп колдонулбаса да, кыргыз тилинин уңгусун тʏзгɵн баалуу лексикалык катмар катары илимий жана кɵркɵм изилдɵɵлɵрдɵ колдонулуп келет.
Ошондой эле эпосто архаикалык грамматикалык формалар, эски синтаксистик конструкциялар, ыр ыргагы менен туураланган кайталанма формалар тилдин калыптанышына зор салым кошкон. Бул кыргыз тилин башка тʏрк тилдеринен айырмалап турган татаал жана ɵзʏнɵ гана таандык тʏзʏмдɵрдʏ кɵргɵзɵт.
Бул боюнча фольклорчу, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалими Абдумиталип Мурзакметов тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтат:
“Манас” — бул сɵздʏн океаны. Саякбай Каралаевдин гана жазма варианты жарым миллиондон ашык сапты тʏзɵт. Адамзат тарыхында мындай ири эпос болгон эмес. Эң кызыгы — ушундай улуу эпосту дʏйнɵнʏн бурчундагы чакан эл — кыргыз эли жараткан. Эмне ʏчʏн мындай эпос, мисалы, миллиарддан ашкан калкы бар Кытайда эмес, кыргыздарда жаралды? Бул элдин тарыхый жана маданий ɵзгɵчɵлʏгʏндɵ.
«Манас” эпосундагы сɵздɵр — нукура кыргыз тилинин терең катмарын сактап калган мурас. Жазуучу Айткул Убукеев: “Уктап жаткан сɵздɵрдʏ, колтугуна суу бʏркʏп болсо да ойготуп пайдалануу керек”, — деп айткан. Ошол себептʏʏ биз эпостогу сɵздɵрдʏ бʏгʏн колдонууга тийишпиз. Алар тилди кɵркɵмдɵйт, байытат, ɵз нугуна кайтарат.
Мисалы, Манас кɵз жумарда Каныкейге керээз калтырат:
“Кылыч менен кырдырып,
Кымыз менен жуудуруп,
Чарайнага чаптатып,
Шайенгиге каптатып,
Ыжыктардан сактатып,
Ырчыларга мактатып койгун…”Бул саптардан элдин сɵɵк коюу жɵрɵлгɵлɵрʏ кɵрʏнɵт. “Ырчыларга мактатып” деген бул — эркектердин кошок айтуусу. Азыр бул салт жоголууда. Ал эми “ыжык” деген сɵздʏн маанисин Алтай-орус сɵздʏгʏнɵн таптым – ал “шамал тийбеген, тынч жер” дегенди билдирет.
Эпосто жираф, носорог, кенгуру сыяктуу жаныбарлар да айтылат. Мисалы, носорог — мʏйʏз тумшук эмес, “керик” деп эле аталган. Жираф — акыра, ал эми кенгуру — бɵрсɵ деп берилет. “Бɵрсɵ деген дагы бар, чɵнтɵгʏнɵ баласын салып алган жаныбар” деп сʏрɵттɵлгɵн. Бул кыргыз элинин дʏйнɵ таанымынын кеңдигин, табият менен байланышын жана тилинин байлыгын кɵрсɵтɵт”.

ОшМПУнун кыргыз тили жана адабияты мугалими, манас таануучу Уланбек Нажимидинов буларга токтолду.
«Эпос — бул биздин улуттук руханий мурасыбыз. Кыргыз элинин нукура тили, кɵɵнɵ сɵздɵрʏ, жер-суу аттары, улуттук каада-салттары, турмуш-тиричилигине байланыштуу буюм-тайымдардын аталыштары – мунун баары эпостун кудуреттʏʏ катмарында сакталып калган. Адабий тил калыптана электеги доорлордон бери жашап келген бул тил байлыгы бʏгʏнкʏ изилдɵɵлɵр ʏчʏн теңдешсиз булак болуп эсептелет», — деди ал.
Элдик баалуулуктардын тил аркылуу муундан муунга ɵтʏшʏ
“Манас” эпосунун эң чоң табылгасы — ал жɵн гана окуяларды баяндаган чыгарма эмес, элдин дʏйнɵ таанымын, акыйкатка болгон ишенимин, мʏнɵзʏн, кулк-мʏнɵзʏн, руханий баалуулуктарын ɵз тили аркылуу муундан муунга ташып келе жатканы.
Элдик баалуулуктар эпосто тил аркылуу бекемделет. Жɵн гана «эр жʏрɵк», «жакшы адам» деп айтылбайт, кɵркɵм тил, салыштыруулар, ыр ыргагы, эпитеттер аркылуу сапаттар сыпатталып, угарманга терең жетет.
Манасчылар: “Манасты уккан бала башкача чоңоёт, ал жерде тарбия бар, жʏрɵк бар. Кайсы сапты уксаң да, ичинде “эл ʏчʏн” деген сɵз жашырылып тургандай. Бул эпос – сɵз менен берилген тарбия”, — дешет. Дал ошол сɵз менен берилген тарбия, тилдин кʏчʏ аркылуу жашап, ар муундун аң-сезимине элдик нарк-насил ɵзгɵрбɵй сиңип келген. Бʏгʏн биз “Манасты” окуганда, мурунку доордогу кыргыздын жарандык позициясын, улуттук мʏнɵзʏн, дʏйнɵ таанымын, коомдук тʏзʏлʏшʏн тилдин ɵзʏ аркылуу тʏшʏнɵ алабыз.
Фразеология жана ырааттуу айтышуулар
Эпос кылымдар бою оозеки айтылып келгендиктен, анын обондуу, кайталоо менен кʏч алган ырааттуу сɵздɵрʏ, элестʏʏ салыштыруулары, метафора жана эпитетке бай тил куралы элдин кʏнʏмдʏк турмушуна сиңип калган.
Эпостон келген кɵптɵгɵн сɵз айкаштар, улам-улам кайталанган формалар азыркы учурда идиом сыяктуу кабыл алынып, кээде макал-лакап катары колдонулуп жʏрɵт. Алар тилди кɵркɵмдɵп гана тим болбостон, ойду тереңирээк жеткирʏʏгɵ, эмоцияны кʏчɵтʏʏгɵ, элдик тʏшʏнʏктʏ сактап турууга кызмат кылат.
Мисалы, эпостон тɵмɵнкʏдɵй сɵз айкаштар сизге тааныш болушу мʏмкʏн:
“Кара башын кан кылып, калк ʏчʏн кызмат кылуу” – ɵзʏн эл ʏчʏн курмандыкка чалууга даяр болуу;
“Тʏндɵ чагылган чартылдап, кʏндʏз ажал шарпылдап” – абдан оор жана кооптуу жагдай;
“Жалынгандай калкына, жаал тийбесин акына” – эл менен акындын ыйык байланышына ишеним;
“Кɵк жалданган баладай, колунан кылыч тʏшпɵгɵн” – тайманбас баатырдын элеси.
Ошентип, “Манас” эпосу — тилдин фразеологиялык байлыгын калыптандырган кɵркɵм ɵнɵр мектеби. Ал элдин сɵз маданияты менен бирге жашап, тилге туюм, ыргак, элестʏʏ маанини тартуулап келет.
“Манас” эпосу лингвисттик изилдɵɵнʏн объектиси
“Манас” эпосу — улуттун руханий казынасы гана эмес, ошондой эле илимий изилдɵɵнʏн чоң объектиси болуп саналат. Бул эпосту изилдɵɵгɵ чоң салым кошкон илимпоздордун катарында, ɵзгɵчɵ Самар Мусаев сыяктуу адистер белгилʏʏ.
Самар Мусаев жана анын кесиптештери “Манас” эпосунун ар кандай вариантынын тексттерин жыйнап, салыштырмалуу анализ жʏргʏзʏп, системалуу тʏрдɵ илимий негизде чыгарууга аракет кылышкан. Алардын эмгектери аркылуу эпостун оозеки формасы менен жазма нускасынын ортосундагы байланыш, тилдин ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, тексттин тʏзʏлʏшʏ илимий негизде терең иликтелди.
Мисалы, Самар Мусаевдин эмгегинде Саякбай Каралаев жана Сагымбай Орозбаков сыяктуу белгилʏʏ манасчылардын варианттары топтолуп, алардын айырмачылыктары жана окшоштуктары каралган. Бул иш эпостун жазылбаган, оозеки мурастын азыркы кʏнгɵ чейин кандай жеткенин, ал эми ошол тексттин жазма тʏрдɵ кантип сакталып, академиялык нускага тʏшкɵнʏн тʏшʏнʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берген.
Ошол эле учурда, манасчылар ɵздɵрʏнʏн бай тажрыйбаларын илимий иликтɵɵлɵр менен айкалыштырып, эпосту жаңы муунга жеткирʏʏдɵ чоң роль ойношот. Алардын салымы менен илимий дʏйнɵ эпосту улуттук рухтун, тилдин тирʏʏ сактоочусу катары баалап келет.
Мындан тышкары, академиялык басылмаларда жарыяланган тексттер, изилдɵɵлɵр “Манастын” ыргагы, грамматикасы, лексикасы тууралуу жаңы тʏшʏнʏктɵрдʏ берет. Бул тил таануучуларга жана адабиятчыларга кыргыз тилинин ɵнʏгʏшʏнɵ чоң салым кошот. Ошентип, илимпоздордун эмгеги “Манас” эпосунун тарыхый мураска айланышын, тилдик касиетинин сакталуусун жана ɵнʏгʏʏсʏн камсыз кылган негизги факторлордун бири болуп саналат. Аларсыз улуттук эпосту жана анын тилин дʏйнɵгɵ таанытуу кыйын болмок.
Тилди сактаган мыйзам, мыйзамды сактаганы эл керек
Быйыл Кыргызстанда “Манас эпосу жɵнʏндɵ” мыйзамга ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилди. Бул мыйзамдын максаты — эпостун ʏчилтигин мамлекеттик деңгээлде сактоо, жайылтуу, изилдɵɵ жана билим берʏʏ иш-милдеттерин бекемдɵɵ. Бул мыйзам — тилди сактап калат. Эпостун сɵзʏ, обону, ритми жаш муундарга тийип, алардын тилин, аң-сезимин байытып турганда “Манас” чыныгы тилди тирʏʏ кылган эпос болуп калат.
Гулнура Ормонова
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр