Кɵпчʏлʏк кыргыз аялдары ʏчʏн миграция жашоонун жалгыз жолу болуп кɵрʏнɵт. Бирок Ноокат районунун тургуну Бузарипа Жигитали кызы башка жолду тандады. Ал балдарынын жанынан чыкпай, ʏй-бʏлɵсʏ менен чогуу болууну. Ошол тилеги аны айылда тигʏʏчʏлʏккɵ баштоого жетелеп, бʏгʏнкʏ кʏндɵ чакан чеберканасы менен дʏйнɵлʏк рынокко чыккан ишкер айымга айландырды. Анын колунан чыккан курак тɵшɵктɵр жергиликтʏʏ тургундарга сеп болуп барса, декоративдик жаздык кабы Орусиянын ири маркетплейстеринде сатылып жатат. Бузарипа ɵз тажрыйбасы аркылуу: “Эгерде колуңда ɵнɵр болсо, айыл менен шаар ортосунда эч айырма жок”, — деген тʏшʏнʏктʏ далилдеп берди.

Балалыктагы шыктан башталган сапар
Ноокат районунда жашаган Бузарипа тигʏʏчʏлʏккɵ болгон кызыгуусун мектеп кезинен тартып байкаган. Ал майда иштерди жасоодон эч качан зээрикпей, сайма сайганды ɵзгɵчɵ жакшы кɵрчʏ. Ɵзʏнʏн айтымында, бул ɵнɵр ага тубаса берилген. Кесиби боюнча орус тилчи мугалим болгону менен, мугалимдикти тандоо анын каалоосу эмес, ʏй-бʏлɵнʏн тандоосу болгон.
«Мен кесибим боюнча орус тили мугалимимин. Бирок, ачыгын айтсам, мугалим болуп иштегим келген эмес. ʏй-бʏлɵдɵ баары мугалим болгондуктан, мени да ошол жолго багытташкан. ЖТРден алган баллым жетип калгандыктан филфакка ɵтʏп кеткем. Бирок жʏрɵгʏмдɵ ар дайым чеберчиликке болгон кызыгуу жашап келген”,- деп эскерди ал студенттик кʏндɵрʏн.


Миграциядагы ойлор жана кайра кайрылган хобби
Жашоосун жакшыртуу максатында Бузарипа да кɵпчʏлʏк кыргыздар сыяктуу Орусияга итштегени барган. Ал кезде балдары али жаш, апасына таштап кеткен учурлары болгон. Бирок жʏрɵгʏ тынчыбай, «балдарымдын жанында болуп, Кыргызстанда эле иш баштасам кандай сонун болмок» деген ой жан дʏйнɵсʏн эзип жʏргɵн.
“Балдарымдан алыста жʏрʏʏ абдан оор болду. Ошол учурда кɵп ойго баттым. “Эмне ʏчʏн ɵз жеримде эле иш баштасам болбойт? Балдарымдын жанында болуп, ʏй-бʏлɵм менен чогуу жашасам кандай жакшы болмок” деген тилек улам кʏчɵй берген. Акыры ошол кыял мени кайрадан тигʏʏчʏлʏккɵ жетелеп келди”, – деп эскерет чебер айым миграциядагы кʏндɵрʏн.

Алгачкы кадамдардагы тоскоолдуктар
Тигʏʏчʏлʏккɵ киришʏʏ оңой болгон жок. Жаңы баштаганда ага кол сунган, дем берген эч ким болгон эмес.
“Тʏшʏнбɵгɵндɵр кɵп болду. Айрымдары “бул иштен эмне чыгат?” деп шек санашты. ʏйдɵ уруш-талаштар да болду. Бирок мен баштаган ишимди таштаган эмесмин. Кичинекей болсо да натыйжаны кɵрсɵткɵндɵ гана жолдошум ишенип, колдоп калды”, – дейт Бузарипа.
Ишкерлик багыты жана рынокторго чыгуу
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Бузарипа эки багытта иш жʏргʏзʏп келет:
1. Жергиликтʏʏ рынок – кызга сеп тигʏʏ: заманбап ʏлгʏдɵгʏ курак тɵшɵктɵр.
2. Онлайн платформа – Орусиянын белгилʏʏ Wildberries маркетплейсине декоративдик жаздык кабын тигип жиберет.
«Ал жакка жɵнɵтʏлгɵн товарды бирден карап чыгам. Эгер тигилишинде кемчилик болсо, сɵзсʏз оңдоп туруп, андан кийин гана жиберем. Кардарлардан жакшы пикирлер келип турат, “отзыв” жазышат. Ошол эле биздин рейтингди кɵтɵрʏп жатат, алардын жакшы баасы бизди алдыга сʏрɵйт”, – дейт ал.
Материалды негизинен Ош шаарындагы Кара-Суудагы базарлардан алат. Азыр иш процесси жолго коюлуп, керектʏʏ буюмдарды телефондон эле буюртма кылса, атайын айдоочу дарегине жеткирип берет.


Соцтармак жана “сарафанное радио”
Иштин жʏрʏшʏндɵ социалдык тармактардын ролу чоң экенин чебер айым ɵз тажрыйбасынан байкаган. Анын айтымында, TikTok аркылуу буюртма кɵп келет. Ошондой эле айыл ичинде “сарафанное радио” – ооздон-оозго жакшы сɵздʏн жайылышы ишенимдʏʏ кардар тартууга ɵбɵлгɵ болууда.
«Бизден алып кеткен товар жакса, албетте, кардар кайра тааныштарын жиберет. Ошентип кардарлар кɵбɵйʏп жатат», – дейт ал.
ʏй-бʏлɵлʏк чакан бизнес
Учурда Бузарипанын ʏй-бʏлɵсʏ толугу менен тигʏʏчʏлʏккɵ ɵткɵн. Жолдошу да миграцияны токтотуп, экɵɵ биргеликте иштеп келишет. Ошондой эле айылдагы кыз-келиндерге жумуш орундарын тʏзʏп беришкен.
«Бизде «надомница» швеялар бар. Биз даяр кройлорду алып барып беребиз, алар ɵз ʏйлɵрʏндɵ тигип беришет. Даяр буюмдарды кайра мен чогултуп, таңгактап Орусияга жɵнɵтɵм. Бул да айылдагы аялдар ʏчʏн кошумча киреше булагы болуп жатат», – деп кубануу менен белгилейт Бузарипа.

Тажрыйбасыз башталган, бирок чоң максаттарга жетелеген жол
Бузарипанын тигʏʏчʏлʏк боюнча атайын билим жок. Цехте же фабрикада да тажрыйбасын ɵстʏргɵн эмес. Балдарына мектеп формасын же кийим-кече тигʏʏнʏ интернеттен кɵрʏп, ютубдан ʏйрɵнʏп келген. Азырынча негизги багыты – ʏй текстили. Бирок кийинки максаты – кийим тигʏʏ жаатында да ɵзʏн сынап кɵрʏʏ.
«Региондордо цехтер жокко эсе. Келечекте чоңоюп, 50-60 жумушчусу бар тигʏʏ цехин ачсак деп тилек кылып жатабыз. Бул биздин айыл аймактар ʏчʏн чоң мʏмкʏнчʏлʏк болмок», – дейт ал.
Жаш кыз-келиндерге сабак
«Эң башкысы, адам ɵзʏнʏн интуициясына ишениши керек. ʏй-бʏлɵдɵ каршы болгондор болсо да, кичинекей натыйжага жеткенче токтобой аракет кылуу зарыл. Азыркы 21-кылымда интернет аркылуу ɵнɵрдʏ ɵнʏктʏрʏп, кайсы жерде жашабасын – айылдабы же шаардабы – кирешеге чыгууга болот. Шылтоо издебей аракет кылгыла», – дейт Бузарипа Жигитали кызы ɵз кеңешинде.
Киреше жана ийгилик
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ анын бир айлык кирешеси орто эсеп менен сезон учурунда 100 миң сомдон ашат. Ал эми буюртма аз болгон учурларда да 56-60 миң сомдун тегерегинде пайда табат. Бул айыл жеринде жашап, ʏй-бʏлɵсʏ менен биргеликте кураган чакан бизнес ʏчʏн чоң жетишкендик»,- деп маегин жыйынтыктады.
Бузарипа Жигитали кызы – жɵнɵкɵй айылдагы келиндин образында гана эмес, тубаса шыкты чарба менен айкалыштырып, ɵжɵр эмгектин аркасы менен дʏйнɵлʏк рынокко жол тапкан кыргыз айымынын чыныгы мисалы. Анын турмуш жолу кɵптɵгɵн кыз-келиндерге шыктандырарлык ʏлгʏ болуп калды.
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды