13 октября, 2025

XIII республикалык театр фестивалы: “Кыямат” спектакли менен ачылган руханий майрам

2025-жылдын 15–20-сентябрында Ош шаары XIII республикалык театр фестивалына кʏбɵ болду. Бул ири маданий иш-чара С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында башталып, ɵлкɵнʏн бардык булуң-бурчунан келген 14 театр жамааттары ɵздɵрʏнʏн спектаклдерин кɵрʏʏчʏлɵргɵ сунушташты. Фестиваль Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Сейитказы Андабековдун 100 жылдыгына арналган.

Фестивалдын расмий ачылышы 16-сентябрда ɵтʏп, ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, калыстар тобу, маданият ɵкʏлдɵрʏ жана кɵрʏʏчʏлɵр катышты.

Ачылыш жаш артисттердин концерттик прологу менен башталып, сахнадан ак кɵгʏчкɵндɵр учурулду. Бул майрам тынчтыктын жана биримдиктин символу катары кабыл алынды.

Министрдин орун басары Марат Тагаев фестивалдын 18 жылдан кийин кайрадан Ош шаарында ɵтʏп жатканына токтолуп, шаар жетекчилигинин театр ɵнɵрʏн ɵнʏктʏрʏʏгɵ кошкон салымын белгиледи. Ал ɵз сɵзʏндɵ:

“Бул фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабековдун 100 жылдыгына арналууда. Согуш мезгилинде чыгармачылык менен элге дух берген Андабековдун эмгеги бʏгʏнкʏ муун ʏчʏн улуу сабак. Бул фестиваль – театр чɵйрɵсʏндɵгʏ чыгармачыл байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана руханий баалуулуктарды жайылтуу ʏчʏн чоң мʏмкʏнчʏлʏк. Театр ар дайым чындыкты чагылдырган улуу ɵнɵр болуп келген. Бул сахналык майрам ар бир кɵрʏʏчʏнʏн жʏрɵгʏнɵн орун алып, жаңы ойлорго жетелейт деп ишенем”, — деди ал.

Вице-мэр Салтанат Аманова театр ɵнɵрʏ адамдарды руханий жактан тазартарын айтып, буларга токтолду.

“Театр адамды жакшылыкка, бийик ой-максаттарга ʏндɵйт. Ошондуктан кɵрʏʏчʏлɵрдʏ театрды сʏйʏʏгɵ чакырам”, – деп белгиледи ал.

Фестивалдын алгачкы кʏнʏ Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы сахналаштырылып, кɵрʏʏчʏлɵрдʏ терең ойлорго чɵмʏлттʏ. Бул чыгарма аркылуу коомдук кɵйгɵйлɵр, ишеним, адамзат тагдыры жɵнʏндɵ маанилʏʏ ойлор айтылды.

Спектакль залдагы жаш кɵрʏʏчʏлɵрдʏ ɵзгɵчɵ толкундантты. Кɵрʏʏчʏлɵр чыгарманы жаратуучуларды кызуу кол чабуулар менен узатып, сахнада берилген ойду терең кабыл алышты. Бул боюнча бир жаш кɵрʏʏчʏ мындай деди:

“Биз театрды сагыныптырбыз, театр бизди сагыныптыр. Спектакль бизди ойго салды, ар бир каармандын образы жашообузга байланыштуу экенин тʏшʏндʏк”.

Залдан кубанычтуу маанайда чыккан кɵптɵгɵн жаштар спектаклдин тʏбɵлʏктʏʏ темалары – жакшылык менен жамандыктын кʏрɵшʏ, руханий-ыйман, баалуулуктар жана экология маселелери жɵнʏндɵ ой жʏгʏртʏʏгɵ тʏрткʏ бергенин айтышты.

Аталган театрдын артисти Адилет Ибраимов сахнадагы тажрыйбасын мындайча эскерди:

“Мен Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 2018-жылдан бери артист болуп иштеп келем. Фестивалдын ачылышында ‘Кыямат’ спектаклинде Петруха аттуу наркомандын ролун жараттым. Биз жамаат менен кеңешип, дал ушул спектаклди коюуну туура кɵрдʏк. Анткени, Чыңгыз Айтматов дʏйнɵгɵ белгилʏʏ жазуучу, анын чыгармачылыгы аркылуу элге чындыкты жеткиргибиз келди. Биз наркоманиянын чечилбеген кɵйгɵйлɵрʏн, ошондой эле Кудайдын бар экенин сахналык образ аркылуу айткыбыз келди”.

Ошондой эле актер наркомандын образын жаратуудагы кыйынчылыктарга токтоду:

“Ɵзʏм эч качан наркотик колдонбогондуктан, наркомандын абалын сахнада берʏʏ жеңил болгон жок. Ошондуктан биз баңгизат чегип кɵрɵгɵн адамдардан сурап, алардын абалын тʏшʏнʏʏгɵ аракет кылдык. Ошого жараша образды ачтык. Актёрлор ролдорун жеткире ойноду деп ойлойм. Бирок биз сахнанын артында болгонубуз ʏчʏн спектаклди сырттан кɵрʏʏ, ага баа берʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз болбоду. Чыныгы бааны кɵрʏʏчʏ берет”.

Сахнадагы символизм тууралуу актёр буларды айтты:

“Каармандардын ɵлʏмʏ кийим аркылуу берилди. Маселен, Ташчайнар менен Базарбай ɵлгɵндɵ алардын кийимин Бостондун ʏстʏнɵ жаап коюшту. Бул “менин ɵлʏмʏм сенин абийириңде калды” дегенди билдирет”.

Жаш артист Нурилим Нурлан уулу спектаклде Авдий Каллистратовдун образын жаратты. Бул чыгармадагы эң татаал жана башкы ролдордун бири болгондуктан, ага чоң жоопкерчилик талап кылынды.

 “Кыямат” спектаклинде Авдийдин ролун аткардым. Бул чыгармада Авдий менен Иисустун тагдыры окшоштурулуп берилген. Экɵɵ тең асынып ɵлʏшɵт. Мени эң кɵп кыйнаган нерсе – Авдийдин чиркɵɵ башчысы менен болгон талашы болду. “Кудай барбы же жокпу?” деген глобалдуу теманы сахнада берʏʏ оңой эмес. Авдий эмне ʏчʏн чиркɵɵнʏ таштап кетти? Ал эмнени айткысы келди? Ушул суроолор мени кɵп ойлонтту”, – деди ал.

Актёр режиссёрдун кɵз карашы боюнча сахнадагы образдарды ачууга аракет кылганын кошумчалады:

“Сахнадагы жылаңачтанып жʏрʏшʏм да режиссёрдун чечими эле. Бул жерде Авдий менен Иисустун тагдырлары параллелдʏʏ берилди. Спектаклдин философиялык тереңдигин ачууга болгон аракетибизди жумшадык”.

Ачылыш аземинен кийин кɵрʏʏчʏлɵр К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрынын “Каргыш” спектаклин кɵрʏштʏ. А. Усɵнбаев, М. Байжиев жана К. Сыдыковдун чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде жаратылышка аёосуз мамиленин кесепети, адам менен табияттын гармонияда жашашы баса белгиленди. Кыргыз улуттук ыр-кʏʏлɵрʏ менен коштолгон бул чыгарма кɵрʏʏчʏлɵрдʏ дагы бир жолу терең ойго салды.

Фестивалдын жʏрʏшʏндɵ ɵлкɵнʏн бардык аймактарынан келген театр жамааттары кʏнʏнɵ экиден спектакль кɵрсɵтʏп, Ош шаары маданий борборго айланды. Кʏндʏзгʏ спектаклдер С. Ибраимов атындагы театрда, ал эми кечинде Бабур атындагы театрда кɵрсɵтʏлдʏ.

Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайды аяктап келген жаш актёрлор сахнага чыгып, тажрыйбалуу артисттердин катарын толукташты. Бул театр ɵнɵрʏнʏн келечегине болгон ишенимди арттырды.

XIII республикалык театр фестивалы “Кыямат” спектакли менен ачылып, кɵрʏʏчʏлɵрдʏ ойго салган улуу чыгармачылык майрамга айланды. Театр – коомдун кʏзгʏсʏ, руханий тарбиянын булагы экендиги дагы бир жолу далилденди.

“Фестивалдын жолу байсалдуу болсун! Ар бир актёрдун эмгеги кыргыз элинин маданий казынасын байыта берсин”, – деген тилектер менен бул маданий иш-чара тарыхта калды.

 Айнура Валижанова

About The Author