12 айылдан турган Тɵлɵйкɵн айыл аймактык башкармалыгы акыркы жылдары бир катар ийгиликтерге жетишип, тургундардын жашоосун жакшыртуу багытында масштабдуу иштерди жʏргʏзʏʏдɵ. Биз айыл аймактык башкармалыктын жетекчиси Мирланбек Орозбаев менен ачык маектешип, жыйынтыктар жана алдыдагы пландар тууралуу сʏйлɵштʏк.

Инфратʏзʏм, суу жана айыл чарба — жашоонун негизги тиреги
Айыл аймактын жалпы аянты – 11 510 га. Айыл чарба жери – 6148 га, анын ичинде айдоо жерлери – 1180 га (сугат – 785, кайрак – 395), кɵп жылдык бак – 42 га, жайыт жерлер – 4924 га. Мамлекеттик фонддун жери – 196 га.
Айыл чарба тармагы Тɵлɵйкɵн аймактык башкармалыгы ʏчʏн негизги тармак болуп саналат. Аймакта дыйканчылык менен мал чарбачылыгы тең ɵркʏндɵп, эгин жана жашылча айдоо аянттары жылдан-жылга кɵбɵйʏʏдɵ. Айыл чарба жана жер ресурстарын туура пайдалануу боюнча жʏргʏзʏлгɵн иштердин натыйжасында жергиликтʏʏ дыйкандардын эмгеги алгылыктуу жыйынтыктарды берʏʏдɵ. Мисалы, суу чыгаруу каналдары оңдолуп, эгин талааларына жеткирʏʏ системасы жакшыртылды. Бул иштер тургундардын айыл чарба продукцияларын мол алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн кеңейтти.
Мирланбек мырзанын айтымында, суу жана медицина тармактарында да бир топ ийгиликтер бар. Айыл тургундары ʏчʏн таза ичʏʏчʏ суу — эң маанилʏʏ муктаждыктардын бири. Акыркы жылдары ар бир айылда жаңы суу тʏтʏктɵрʏ тартылып, калктын таза суу менен камсыз кылуу иштери жогорулады. АРИС жана CASA-1000 долбоорлору аркылуу ири иштер аткарылды: Бодур-Таш жана Тɵлɵйкɵн айылдарын таза суу менен камсыздоо ʏчʏн 73,8 млн сом бɵлʏнʏп, долбоор ишке берилгени турат.
Ошондой эле, медицина кызматтары да ɵркʏндɵп жатат: ФАПтар оңдолуп, жаңы медициналык жабдуулар алынууда. Айрым айылдарга жаш дарыгерлер келип, элдин саламаттыгын сактоого ɵз салымын кошууда. Озгур айылындагы ФАПка 3,7 млн сом, Бодур-Таштагы ФАПты оңдоого 2 млн сом жумшалды.
Жолдор менен газ маселеси да кɵңʏл борборунда. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу жана жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен ондогон чакырым жолдор оңдолду. Жаңы асфальт тɵшɵлʏп, айылдын ичиндеги кɵчɵлɵргɵ шагыл тɵшɵɵ иштери жʏргʏзʏлдʏ. Мындан тышкары, айрым айылдарда кɵптɵн бери кʏтʏлʏп келген газ тʏтʏктɵрʏ тартылып, тургундардын жашоосу кыйла жеңилдеди. Газдын келиши менен айыл тургундарынын турмушу жакшырып, айлана-чɵйрɵнʏн тазалыгын сактоого да ɵбɵлгɵ тʏзʏлдʏ.

«Айылды ɵнʏктʏрʏʏнʏн негизги кɵрсɵткʏчʏ – жол жана коммуналдык шарттар. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин колдоосу менен биз бир катар иштерди аткардык. Алардын айрымдары:
• Коргон участогундагы 7 кɵчɵгɵ 3 млн 191 миң сомго асфальт тɵшɵлдʏ.
• Тɵлɵйкɵн айылындагы бир нече кɵчɵлɵргɵ жаратылыш газы тартылып, долбоордун баасы 3 млн 260 миң сомду тʏздʏ.
• Дыйкан-Кыштак айылындагы Нормирзаев-2 кɵчɵсʏнɵ 2 млн 179 миң сомго асфальт тɵшɵлʏп, пайдаланууга берилди.
• Ошол эле айылдын 11 кɵчɵсʏндɵ 2 млн 939 миң сомдук иштер жʏрʏп жатат.
• Бодур-Таш айылына узундугу 7,5 км жаратылыш газы тартылып, жумуштун жалпы баасы 15 млн 398 миң сом болду.
• Жаны-Турмуш, Учар жана Кыргызстан айылдарында дагы жалпы кɵлɵмʏ 6 млн 479 миң сомдон ашуун газ тартуу иштери жʏрʏп жатат.
Мурда тургундар кɵмʏргɵ кɵз каранды болсо, азыр газга жеткенде сʏйʏнʏчʏбʏздɵ чек жок. Бул – жашоонун сапатын ɵзгɵрткɵн кадам. Айыл тургундары ʏчʏн асфальтталган кɵчɵ – кышкы кʏндɵ баткак баспаган бут, ал эми газ – ʏйдʏн жылуулугу менен тынчтык», – деп кошумчалады жетекчи.

Шаар менен айылдын байланышы
«Ош мэриясынын кɵмɵгʏ менен бир катар айылдар шаардын деңгээлиндегидей шарттарга ээ болууда. Мисалы, Ак-Буура-3 айылында тротуар курулуп, кʏн энергиясы менен иштеген тʏнкʏ чырактар орнотулду. Ак-Буура-2де 3 кɵпʏрɵ курулду. Айыл менен шаардын ортосундагы кɵпʏрɵ – бул элдин ортосундагы ишеним жана кызматташтык. Учарда 2,7 км асфальт тɵшɵлʏп, тротуар салынып жатат. Булардын баары келечек ʏчʏн инвестиция», – деди айыл аймактын башчысы.
Жаңы ɵндʏрʏштɵр – жаңы жумуш орундары
«Аймакта чакан ɵндʏрʏш ишканалары ачылып, элге жумуш орду тʏзʏлʏп берилʏʏдɵ. Мисалы, Кыргызстан айылында “Адал Азык” ЖЧКсы нан азыктарын чыгара баштады. Учарда газоблок ɵндʏрɵ турган ишканасы ишке кирди. Ал эми «Керемет Дан» ЖЧК шоро суусундугун чыгарып жатат.
Бул ишканалар айылдын экономикасына дем берип, жаштарга жумуш ордун ачууда», – деди ал.

Курулуштар жана билим берʏʏ
Айыл аймактын башчысы белгилегендей, жакынкы кундɵрʏ Тɵлɵйкɵн айылында 60 орундуу бала бакча ачылган. Ал эми Кыргызстан айылындагы О. Курбанбаев орто мектебинин жаңы имараты Эгемендʏʏлʏктʏн 34 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда пайдаланууга берилди. Учарда спорт комплекси курулуп, ачылышы да мамлекет башчысынын катышуусунда болду. Озгурда жаңы мектеп, Жапалакта спорт комплекси курулуп жатат.
«Балдардын кʏлкʏсʏ угулбаган айылдын келечеги да кʏмɵн. Ошондуктан биз балдарга багытталган социалдык объекттерге ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп жатабыз. Балдардын ʏнʏ жаңырган имарат – бул эң чоң кубаныч, анткени ал айылдын эртеңкисинин тиреги болуп саналат», – деди Мирланбек Абдимиталипович.
Коомдук жана маданий иштер
Мирланбек Орозбаев баса белгилеп ɵткɵндɵй, коомдук жана маданий иштер да байма-бай ɵткɵрʏлɵт. Жайкысын гʏлдɵгɵн кɵчɵлɵр менен балдардын кʏлкʏсʏ айылды шаңга бɵлɵп турат.
Балдардын саламаттыгы, жарнамалардагы каталар, зордук-зомбулуктун алдын алуу ж,б. Боюнча алгылыктуу иштер жʏргɵн. Алар:
• кызамык илдетинин алдын алуу боюнча 75 ʏй-бʏлɵдɵ тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрдʏ;
• 1-июнь – Балдарды коргоо кʏнʏндɵ майрамдык иш-чара ɵткɵрʏлдʏ;
• жарнактарды текшерʏʏдɵ туура келбеген 30 жарнама алынып салынды, 5 соода жайына эскертʏʏ берилди;
• коомдук алдын алуу борбору ачылып, зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жʏрʏʏдɵ;
• “Жашыл мурас” алкагында 87 ийне жалбырактуу, 3593 жазы жалбырактуу кɵчɵт, 5000 гʏл отургузулду.

«Эмгек эске алынганда – кʏч арта тʏшɵт»
«Биздин кызматкерлердин талыкпаган эмгеги бааланып жатканына кубанычтамын. С. А. Токсонбаев жана башкармалыктын адиси А. А. Жороев “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” тɵш белгиси менен сыйланышты. Ошондой эле аппарат кызматкерлерибиз Ош мэриясынын, шаардык кеңештин жана Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамоталары менен сыйланды. Бул биздин жалпы команданын жеңиши. Ар бир кызматкер ишин жʏрɵгʏ менен аткарганда жыйынтык ушундай болот экен. Чындыгында, сыйлык биз ʏчʏн жɵн гана кагаз эмес, ар бир адамдын кʏн сайын кылган мээнетинин баасы. Биздин максат – айылды шаардык деңгээлге жеткирʏʏ эмес, элге ылайыктуу шарт тʏзʏʏ. Кайсы айылда болбосун, жол жарык болуп, балдар мектепке кенен класска барып, эне-бала дарыгердин кызматын убагында алып турса – ошол биздин жеңиш. Бул жолдон кайтпайбыз», – деди Тɵлɵйкɵн айыл аймактык башкармалыгынын жетекчиси Мирланбек Орозбаев.
Тɵлɵйкɵн айыл аймагынын калкы – 35 504, кожолугу – 5455 .
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр