Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусунан кийин деле орус-украин жаңжалынын жакынкы аралыктарда бʏтɵ коюусуна дʏйнɵ коомчулугунун кɵзʏ жетпей тургандай абал ɵкʏм сʏрʏʏдɵ.
Ойлонуп сʏйлɵгɵнʏнɵн ойлонбой эле сʏйлɵп койгону кызыктуураак мааниге ээ болгондой таасир калтырган Трамп бул аптада алгачкы ирет Путинди “агрессор” деп атады.Сɵз артында эмне жатканын ким билсин, бирок буга чейин Трамп тынчтык жаатындагы сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн башталышындагы башкы тоскоолдуктардын бири катары Зеленскийди айыптап келгени белгилʏʏ.
Кандай болгондо да, орус-украин согушуна чекит коюуга али эрте болуп турганы ырас, бирок мында “аз айып, кɵп кʏнɵɵнʏ” кайсыл тарапка же кимге артууну да эч ким айта албагандай кырдаал тʏзʏлгɵнʏ да маалым. Жаңжалдашкан эки тараптын лидерлери тең ɵз позицияларында бекем турушат жана андан таптакыр кайтпоочудай сезилет, бул “эч кимдин ɵлгʏсʏ келбейт” дегендей эле кеп.
“Бир аз мурдааракта эле киевдик режим биз жɵнʏндɵ, жумшагыраак айтканда, осол сɵздɵрдʏ айтып, тʏз байланыштардын мʏмкʏнчʏлʏгʏн жокко чыгарган. Азыр биз кɵрʏп турабыз: андай байланышты эми ɵздɵрʏ суранып жатышат. Мен кɵп ирет кайталап айтып келгендей, мындай байланыштарга биз даярбыз, бирок мен андан анчалык деле чоң маани кɵрɵ албай жатам. Неге дегенде, Украина тарап менен чечʏʏчʏ маселелерде келишимге келʏʏ жагы таптакыр мʏмкʏн эмес”, -деди Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сʏйлɵп жатып. Ал ошондой эле, Евробиримдик Украинага жайгаштырмакчы болуп жаткан аскердик континент жаатында буларды белгиледи: “Бул Украинаны НАТОго тартуу аракеттеринин бири. Андыктан, эгерде ал тарапта кандайдыр бир аскерлер, айрыкча азыркы тапта пайда болуп калса, анда алар мыйзамдуу бута болуп калат. А эгерде, узак мɵɵнɵттʏʏ тынчтык келишимине алып бара турган кандайдыр бир чечим кабыл алынып калса, анда алардын Украина аймагында жайгашуусунда эч кандай маани-маңыз жок”.

“АКЫЛДАН” АЗАП
Евробиримдик орус-украин согушунун дагы уланышын ак эткенден так этип каалап тургандардын, ал гана турсун ɵзʏ да согушка кирип кетʏʏ ыктымалдуулугун жокко чыгарбаган уюм болуп калганын ɵзʏ да аңдабай калды. Согушка кирʏʏнʏн мɵɵнɵтʏ да белгиленген — 2030-жыл.
Урсула — Эстониянын аскердик аэродромунда. Урсула — беларусь-поляк чек арасында. Урсула — Болгариядагы дрондорду чыгаруучу заводдо… Бул Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин Орусия менен коңшулаш ɵлкɵлɵргɵ тынымсыз жасап жаткан турнесинин бир бɵлʏгʏ. Батыш басма сɵз каражаттары сайрап жаткан жаңылыктардын маңызы Евробиримдиктин учурдагы урунттуу, орчундуу, олуттуу деп атоого мʏмкʏндʏк берʏʏчʏ тышкы саясатына шайкеш келет. НАТОнун чыгыш чек араларында торфторду томолотуу, окоп казуу, кɵпʏрɵлɵрдʏ “ажыдаар тиш” менен тосмолоо, талаа жана токойлуу участокторду ʏч метрлик дубал конструкциялары менен тосуу, Латвия, Литва, Эстонияда ар бир жанга 600 бункерден туура келʏʏчʏ “коргонуунун Балтикалык линиясы”, Польшада 800 чакырымдык тилкеде траншей жана миналанган талаа тʏзʏлʏʏдɵ.
Урсула шаштырууда. “Путинге каршылык кɵрсɵтʏʏнʏн Ыйык иши” жайбаракатыкты сʏйбɵйт! 150 миллиард еврону “аскерди тешиктерге” тыгындоо зарыл, 2030-жылга,чабуулга чейин ʏлгʏрʏп калуу керек. Тообо-тообо! Эс-акылы жайындабы? Буга кошумча, 2028-2034-жылдардагы Евроюз бюджетинин эсебинен коргонууга кетʏʏчʏ чыгымды беш эсеге, аскердик мобилдʏʏлʏктʏ он эсеге кɵтɵрʏʏ да каралган, эмне дейсиң?
Мунун фонунда Европа лидерлери “Украинадагы тынчтыкты талкуулоонун” катар-катар слетторун ɵткɵрʏшʏʏдɵ. Ал эми коргонуу боюнча Еворокоммисар Андрюс Кубилюс тескерисинче, Орусия менен боло турган согушка 5 жыл даярдык кɵрʏʏ ʏчʏн Украинадагы жаңжалды дагы да мʏмкʏн болушунча созууга чакырып жатат. Фон дер Ляйен да ушул эле мɵɵнɵттʏ кɵңʏлгɵ тутууда: ”НАТОнун максаты аныкталды — биз ага мурда пландаштырылган 2044-жылы эмес, 2034-жылы жетишишибиз керек”,- деген ал.
Германия бундесверди кайра курулдандырууга жана 2031-жылга эсептегенде, армия санын 181 миңден 460 миңге кɵбɵйтʏʏгɵ100 миллиард евро бɵлʏп, аскердик инфраструктура ʏчʏн 500 миллиард евролук фонд тʏздʏ. Мунун баарын карап туруп: ”Ким менен согушууга даярданып жатасыңар, кеңкелестер?”, –деп сɵɵмɵйдʏ чыкыйдан айланткың келери чындык.

БУМЕРАНГ
“Алар жомоктор эмес, коркунучтуу фильмдер боюнча адистер, — деп баалайт еврорпалыктардын кʏжʏрмɵн дымагын Владимир Путин. –“Орусия Европага кол салат” деген жɵɵ жомок менен дайыма элди дʏрбɵлɵңгɵ тʏшʏрʏп келишет. Аң-сезимдʏʏ ар бир адам Орусияда кол салуу каалоосу болгон эмес, жок жана болуусу да мʏмкʏн эместигин аңдап-сезип турат”.
Анда мунун баары эмне ʏчʏн жасалууда? Биринчиден, Евробиримдиктин ɵнɵр жайын кайра жандандыруу талап кылынууда. Орусияга салынган санкция бумеранг болуп кайра ɵзʏнɵ тийип жатканын европалыктар ʏч жарым жылда тʏшʏнʏп калышты. Ɵндʏрʏштʏн тɵмɵндɵшʏ, автогиганттардын токтоп калуусу жана жумушсуздук менен баалардын ɵсʏʏсʏ ушунун эсебинен болду. Эми коргонуу заводдорун ишке салуу аркылуу жумуш орундарын тʏзʏʏ жана ɵндʏрʏштʏ кɵтɵрʏʏ зарыл болуп турат. Буюртманы мамлекет берип жаткан соң, рентабелдʏʏлʏктʏн камын ким кɵрмɵк эле? Ал эми болочоктогу ыктымалдуу чоң конфликт бардык карыздарды жокко чыгарат.
Экинчиден, бул бекер тамак берʏʏдɵн ( халявадан)кутулуунун бир мʏмкʏнчʏлʏгʏн жаратат. Алды менен ар кандай жɵлɵк пулдар, биринчи кезекте Европаны иттин жʏнʏндɵй каптаган мигранттар, андан ары атамекендик аксакалдар, кары-картаңдар ʏчʏн жоюлат. Фатерланд коркунучта турганда, кайдагы бекер тамак. ʏчʏнчʏдɵн, тышкы агрессиянын коркунучу аркылуу батыштык “макталма демократиянын” бурамасын бурап коюу. Антпесе, кɵчɵлɵргɵ чыгышат да, нараазычылыкты кɵрʏп ал! Орусиянын кол салуу коркунучу астында демократияны да садакага чабууга мʏмкʏн: мырзалар жана айымдар, азыр мунун убактысы эмес!

Айтылгандардын баары албетте , “2030-жылы ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк согуш башталып кетет” дегенди билдирбейт, анын бетин ары кылсын. Бирок, кооптонуу да жок эмес. Демек, андайга даяр туруудан ɵтɵɵрʏ жок. Орусияда Прибалтика жана Финляндия менен болуп калуусу ыктымал ар кандай чек ара инцидентерине каршы туруу ʏчʏн Ленинград аскердик округу тʏзʏлдʏ. “Орешниктин” минималдуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ Украинада кɵрсɵтʏлдʏ.Дегиңкисин айтканда, ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк согушка каршы эмдɵɵнʏн препараттары ВПКнын эле цехтеринде эмес, 1-3- сентябрда Кытай ɵткɵрлгɵндɵй каммиттерде да даярдалып калуусу ыктымал дешет байкоочулар. Дʏйнɵ ылдам ɵнʏгʏʏдɵ, дагы беш жылдан кийин Европанын ʏргʏч тобу маргиналдар ролунда ойгонуп, тонналаган снаряддары менен ɵздɵрʏ эл аралык изоляцияда калып кетʏʏлɵрʏ да мʏмкʏн.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр