13 октября, 2025

Адамзаттын бешиги Африка: Эмне ʏчʏн ɵнʏгʏʏдɵн артта калган жакыр континент?

Адамзаттын таралуусунда баштапкы чекит — Африка. Жʏз миңдеген жылдар мурун дал ушул континенттен биринчи Homo sapiens (адамдын аң сезимдʏʏ тʏрʏ) бʏткʏл дʏйнɵгɵ тараган. Бирок бʏгʏн Африка дʏйнɵдɵгʏ эң жакыр жана ɵнʏгʏʏдɵн артта калган аймактардын бири. Бул кандайча болду?

Эмне ʏчʏн “адамзаттын бешиги” азыр дʏйнɵлʏк технология, билим, экономика жана саясат жаатында башка континенттерден — Европадан, Азиядан, Америкадан кыйла артта турат? Бул суроого жооп издɵɵ ʏчʏн биз тарыхты кылдат карап чыгууну чечтик.

Африканын кечиккен ɵнʏгʏʏсʏ — бул жɵнɵкɵй эле тʏшʏндʏрмɵ менен айтыла турчу маселе эмес. Бул — кылымдарга созулган факторлордун татаал аралашмасынан чыккан жыйынтык. Ошондуктан, ушул макалада биз бул континенттин артта калышынын чыныгы себептерин илимий, тарыхый жана саясий кɵз караштан карап чыгабыз.

Континенттин 60 пайыздан ашык бɵлʏгʏ — кургакчылыкка жакын, суу жетишсиз аймактар. Сахара сыяктуу кеңири чɵлдɵрдɵ жашоо шарты ɵтɵ татаал. Ал эми борбордук жана батыш Африканын токойлуу бɵлʏктɵрʏ — тропикалык нымдуулук менен кошо, малярия, денге сыяктуу ооруларга жагымдуу шарт тʏзɵт. Бул табигый факторлор, албетте, айыл чарбасын, турак жай курууну, транспорт жана байланышты ɵнʏктʏрʏʏнʏ кыйындатат.

Мындан сырткары, Африканын ички суулары — Конго, Нил, Нигер сыяктуу ири дарыялары болгон менен, алардын кеме жʏрʏʏгɵ ыңгайлуу бɵлʏктɵрʏ чектелʏʏ. Бул — соода, адамдардын жʏрʏп турушу жана маданий байланыш ʏчʏн дагы бир кошумча тоскоолдук болуп келген.

Ал эми Европада же Азияда айдоо жерлер кенен, климат айыл чарбага ыңгайлуу, дарыялар жʏк ташууга ылайыктуу. Натыйжада бул континенттер цивилизациялык секирикке эртерээк жетишти. Африка болсо ошол эле убакта, кʏнʏмдʏк жашоо ʏчʏн табият менен кʏрɵшʏп жашаган континентке айланды.

Жыйынтыгында, Африканын географиясы — тарыхтын башаты болгону менен, ɵнʏгʏʏнʏн татаал жолунда чоң табигый тоскоолдуктарды жаратып келди. Бул — биологиялык же маданий эмес, геосаясий теңсиздиктин башаты болгон. Дʏйнɵнʏн ɵзгɵрʏшʏнɵ шарт тʏзгɵн аймактар менен Африканын салыштырмалуу артта калышы дал ушул жерден башталган.

Тарыхта Африкага колония катары эмес, байыркы цивилизациянын мекени катары мамиле кылынганда, балким бʏгʏн бул континент ɵнʏгʏʏнʏн алдыңкы сабында турмак. Бирок XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, Африка Европанын экономикасы ʏчʏн керектʏʏ ресурстарды ташып чыккан базасына айланды.

Англия, Франция, Бельгия сыяктуу державалар Африканын жерин бɵлʏп алып, алгачкы кезекте кен-байлыктарын кɵздɵштʏ. Алмаз, алтын, резина, нефть, кофе, пахта – баары сыртка чыгарылды. Бирок бул байлыктын ɵз эли ʏчʏн эмес, империянын таасирин сактап калуу ʏчʏн жумшалганы белгилʏʏ.

Атактуу тарыхчы Вальтер Родни ɵзʏнʏн “Европа Африканы кандайча ɵнʏгʏʏсʏн токтоткон” (How Europe Underdeveloped Africa 1972) аттуу эмгегинде мындай деп жазат: “Империализм Африканын байлыгын ɵзʏнɵ тартып гана тим болбостон, бул континенттин ɵз ресурстарын ɵз алдынча ɵнʏктʏрʏʏсʏн да жараксыз кылды”.

Колониалдык доордо билим берʏʏ системасы да саясаттын бир куралы болгон. Родни муну мындайча сыпаттайт: “Колониялык билим берʏʏ системасы Африка элин кызмат кылууга гана ʏйрɵткɵн. Аларга башкаруу эмес, баш ийʏʏ ʏйрɵтʏлгɵн”.

Кɵпчʏлʏк колонияларда мектеп программалары Европанын тарыхын, тилин жана баалуулуктарын ʏйрɵткɵн. Жергиликтʏʏ элдин ɵз маданияты, тили, кɵз карашы четке сʏрʏлгɵн. Бул континенттин менталдык эркиндигин да басынткан кɵрʏнʏш болгон.

Дʏйнɵгɵ белгилʏʏ экономисттер Дэрон Асемоглу, Саймон Жонсон жана Жеймс Робинсон да 2001-жылы жазган «Колониализм жана ɵнʏгʏʏнʏн тарыхый себептери: Салыштырмалуу изилдɵɵ» (The Colonial Origins of Comparative Development) аттуу эмгекте Африкадагы институттардын ɵнʏкпɵй калышынын себебин колониалдык башкаруу системасы менен тʏшʏндʏрʏшɵт. Алар: “Европалык колониялык режимдер ɵнʏгʏʏгɵ эмес, ресурстарды чыгарып туруу максатында тʏзʏлгɵн. Бул жерде узак мɵɵнɵттʏʏ стратегия, адам капиталын ɵстʏрʏʏ, же адилеттʏʏ институттар болбогон”, — дешкен.

Колониализм Африкага жол салды, бирок ал жолдун багыты – сыртка чыгуу ʏчʏн гана болгон. Темир жолдор, порттор жана байланыш каражаттары — жергиликтʏʏ ɵнʏгʏʏ ʏчʏн эмес, европалык базарга ресурстарды жеткирʏʏ ʏчʏн курулган. Ички рыноктор, агрардык реформалар, коомдук кызматтар — колониялык башкаруу ʏчʏн экинчи даражадагы маселе болгон.

Колониализм системалуу тʏрдɵ бул мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ жок кылган. Ошондуктан, кɵз карандысыздык алган кɵптɵгɵн африкалык мамлекеттер мурас катары тажрыйбасыз башкаруу системасын, инфраструктурасы жок коомду, жана калк арасында билими тɵмɵн деңгээлде кабыл алышты. Бул мурас бʏгʏнкʏ кризистин тʏп башаты экени талашсыз.

Табигый ресурстар — ɵлкɵ ʏчʏн чоң мʏмкʏнчʏлʏк. Бирок ал мʏмкʏнчʏлʏктʏ кантип пайдаланары мамлекеттин келечегин аныктайт. Ресурс табигый тʏрдɵ ɵнʏгʏʏгɵ алып келбейт. Ал — курал. Бул курал туура колдонулса, ɵлкɵ алдыга жылат; туура эмес колдонулса, тескерисинче, артка кетет. Дал ушуну азыр дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ кɵптɵгɵн ресурска бай мамлекеттердин абалы далилдеп жатат.

Африкадагы табигый байлыктардын молдугу кɵп учурда мактана турган нерсе эмес, маселе жаратуучу фактор болуп калды. Алтын, нефть, алмаз сыяктуу ресурстар ɵлкɵгɵ киреше алып келгени менен, бул каражаттар элдин турмушун жакшыртууга эмес, кɵбʏнчɵ коррупцияга, чыр-чатактарга жана авторитардык башкарууга жумшалууда.

Бирок бул кɵйгɵйлɵр ресурстардын ɵзʏндɵ эмес, аларды кантип башкарууда. Мисалы, Ботсвана алмаздан тʏшкɵн кирешени билимге, инфраструктурага жана коомдук кызматтарга багыттап, туруктуу ɵнʏгʏʏнʏн ʏлгʏсʏн кɵрсɵттʏ.

Ресурска анча бай эмес Кения, Руанда жана Эфиопия да адам капиталына, технологияга жана ишкердикке басым жасап, акыркы жылдары туруктуу экономикалык ɵсʏшкɵ жетишип жатышат.

Демек, ɵнʏгʏʏ байлыкта эмес — башкаруунун сапатында. Байлыктан элге пайда алып келʏʏ — мамлекеттин жана коомдун колунда.

21-кылым — технологиялык секирик, глобалдык байланыш жана санариптик трансформация доору. Бирок бул мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн бардыгы бардык аймактар ʏчʏн ачык эмес. Африканын кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ базалык инфраструктура — жолдор, электр энергиясы, байланыш жана билим берʏʏ системасы — дагы эле жетишсиз бойдон калууда.

Wilson Center (АКШдагы таанымал изилдɵɵ жана аналитикалык борбор) жʏргʏзгɵн изилдɵɵлɵргɵ ылайык, Кения, Уганда жана Танзания сыяктуу ɵлкɵлɵрдɵ миңдеген мектептер жана айылдар электр жарыгына туташпаган бойдон турат. Мунун натыйжасында, билим берʏʏнʏн сапаты тɵмɵндɵп, санарип технологиялар менен иштɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏк дээрлик жок.

Технология дʏйнɵсʏ глобалдык мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ сунуп жатса да, Африканын кɵпчʏлʏк аймактары инфраструктуралык артта калуу менен «поездден тʏшʏп калган» абалда калууда. Бул — жɵн гана техникалык жетишсиздик эмес, бул — ɵнʏгʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнʏн унутулушу, теңсиздиктин тереңдеши жана келечек муундар ʏчʏн жоготулган шанс.

Африкада кɵз карандысыздык чоң ʏмʏттɵрдʏ жараткан. Бирок бул ʏмʏттɵр кɵп учурда саясий туруксуздук, коррупция жана этникалык кагылышуулар менен коштолуп, ɵнʏгʏʏнʏн жолун бɵгɵттɵгɵн. Кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрдɵ мамлекеттик институттар калыптанып бʏтпɵй, башкаруу системалары алсызыраак бойдон калды.

Муну менен катар, континент адам капиталын да толук пайдалана алган жок. Brain drain (билимдʏʏ, квалификациялуу кадрлардын чет ɵлкɵгɵ кетиши) — Африканын келечегин кɵтɵрɵ турган адистердин агымын сыртка оодарды. Ɵзгɵчɵ илим, медицина, инженерия жана технология тармагында бул кɵрʏнʏш олуттуу таасир берди.

Натыйжада, мʏмкʏнчʏлʏк бар болчу, таланттар да бар эле. Бирок аларды багып ɵстʏрɵ турган, сактап кала турган жана багыттай турган туруктуу мамлекеттик структуралар жетишпей калды.

Африканын ɵнʏгʏʏсʏнʏн кечеңдеши — кокустук эмес. Бул континент кɵптɵн бери топтолуп келген татаал факторлордун кесепетин тартып келет: географиялык чакырыктар, колониалдык мурас, ɵнʏкпɵгɵн инфраструктура, ресурстардын туура колдонулбашы жана натыйжалуу институттардын жетишсиздиги — мунун баары бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ абалга алып келди.

Бирок бул кɵрʏнʏштʏ ɵзгɵртʏʏ мʏмкʏн эмес дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Африкада ɵзгɵрʏʏнʏн кʏчтʏʏ потенциалы бар. Калктын басымдуу бɵлʏгʏ жаштар, технологияга ачык жана жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ даяр. Туура кадамдар менен, бʏгʏн артта калгандай кɵрʏнгɵн Африка — эртең алдыда турган континентке айланышы мʏмкʏн.

Гулнура Ормонова

About The Author