“Кыргыз жараны” концепциясы – этностор аралык ынтымакты чыңдоонун жана мамлекеттин бʏтʏндʏгʏн сактоонун жаңы жолу. Анын негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ – ар бир этностун ɵкʏлʏн тең укуктуу жаран катары таанып, бирдиктʏʏ иденттʏʏлʏктʏ калыптандыруу.
Тарыхтан сабак
Адамзат тарыхында элдин жʏрɵгʏнɵ урунган ар бир трагедия ɵзʏнʏн изин калтырып келген. Биздин эл ʏчʏн дагы 1990- жана 2010-жылдагы июнь кандуу окуялары унутулгус сабак болуп калды. Ош жана Жалал-Абад шаарларында эки элдин ортосунда чыккан чатактын айынан ондогон адамдар ɵмʏрʏнɵн ажырады, миңдегендердин жʏрɵгʏнɵ тʏбɵлʏк жара тʏштʏ. Айрыкча 2010-жылдын июнундагы кандуу каргаша 448 адамдын ɵлʏмʏнɵ, 28 жарандын дайынсыз жоголушуна алып келди.
Жыл сайын 10-июнда Ош шаардык мэриясынын жанындагы “Энелердин кɵз жашы” мемориалында дайынсыз кеткендердин ата-энелери, жакындары чогулуп, кɵз жашын тɵгʏшɵт. Алардын: “Эч болбосо балабыздын сɵɵгʏн кɵрсɵк да кɵңʏлʏбʏз жай табат эле”, — деген муңдуу сɵздɵрʏн угуу ар бир адамдын жʏрɵгʏн тилип ɵтɵт. Бул кɵрʏнʏш бизди бир гана нерсеге ʏндɵйт: кандай болгон кʏндɵ да кайталангыс каргаша болбосун.
Жаңы улуттук саясаттын зарылдыгы
Тарыхтагы кайгылуу сабактар коомду жаңы кɵз карашка жетеледи. “Бир элдей болуп жашайлы” деген идея жаралып, анын негизинде “Кыргыз жараны” концепциясы иштелип чыкты. Бул концепциянын тʏпкʏ максаты – этностук, улуттук айырмачылыктарды четке какпастан, жалпы мамлекеттик иденттʏʏлʏктʏ (ɵзʏн таанууну) жаратуу болду.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен академик Абдыганы Асанканов жетектеген жумушчу топ кɵп ɵлкɵлɵрдʏн тажрыйбасын изилдеп, кыргыз коомунун менталитетине ылайыкташкан моделди сунуштады. Мисалы, Орусияда мурдагы “Улуу орус эли” тʏшʏнʏгʏнʏн ордуна “Мен – орусиялыкмын” деген бирдиктʏʏ иденттʏʏлʏк кабыл алынган. Бизде да ушул сыяктуу “Мен – кыргыз жаранымын” деген тʏшʏнʏк бекемделʏʏдɵ.
“Кыргыз жараны” деген эмне?
“Кыргыз жараны” деген сɵз – Кыргыз Республикасынын жараны дегенди тʏшʏндʏрɵт. Бул аталыш жɵн гана символикалык эмес, терең философиялык мааниге ээ. Кыргызстан деген сɵздʏн ɵзʏндɵгʏ “стан” араб-перс тилинен которгондо “жашаган жерим” дегенди билдирет. Демек, бул жерди мекен кылып жашаган ар бир адам – кыргыз жараны.
Этностук ɵзгɵчɵлʏктɵрдʏ баса белгилебестен, ар бир жаран “Сен кимсиң?” деген суроого “Мен – кыргыз жаранымын” деп жооп берсе, ɵлкɵбʏздɵгʏ тынчтык менен ынтымакты чыңдоого чоң кадам болот.
Концепциянын беш багыты
Кыргыз жараны концепциясы беш негизги багытты камтыйт:
1. Ɵзʏн “Кыргыз жараны” катары аң-сезимдʏʏ кабыл алууну калыптандыруу.
2. Элдин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту (сабырдуулукту) жогорулатуу жана кɵп тʏрдʏʏлʏк баалуулуктарын урматтоо.
3. Мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ менен бирге этностук кɵп тʏрдʏʏлʏктʏ сактоо.
4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процессине бардык этносторго бирдей шарт тʏзʏʏ.
5. Мамлекеттик бийликке жана саясий институттарга ишенимди арттыруу.
Бул беш багыт – биримдиктин, ынтымактын жана жарандык иденттʏʏлʏктʏн негизи.
Кыргызстан – кɵп этностуу ɵлкɵ
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргызстанда 7,3 миллионго жакын калк жашайт. Алардын ичинен:
кыргыздар – 5,6 млн (77%),
ɵзбектер – 1 млн,
орустар – 274,9 миң,
дунгандар – 68,7 миң,
тажиктер – 62,2 миң,
калгандары – башка этностор.
Жалпысынан 130дан ашуун этностун ɵкʏлʏ жашаган Кыргызстанда биримдикти сактоонун эң мыкты жолу – “Кыргыз жараны” иденттʏʏлʏгʏн бекемдɵɵ.
Улут менен этностун айырмасы
Кээде жогорку кызматтагылар да улут менен этностун ортосундагы айырманы билбей калышат. Бул тʏшʏнʏктɵрдʏ айырмалоо зарыл:
Улут – мамлекетке ээ болгон эл. Мисалы, Кыргызстандын жараны болгон кыргыз – улут.
Этнос – ар кайсы мамлекетте жашап жаткан элдин ɵкʏлʏ. Мисалы, Кыргызстандагы ɵзбектер, орустар, татарлар – этностун ɵкʏлдɵрʏ.
БУУнун мисалын алсак, дʏйнɵдɵ 194 мамлекет бар, бирок 3000ден ашуун этностун кɵпчʏлʏгʏнʏн ɵз мамлекеттери жок. Ошондуктан Кыргызстандын жаңы Конституциясында “улут” деген сɵз этностук деңгээлде колдонулбай калды. Бир гана “Кыргыз жараны” тʏшʏнʏгʏ калды. Бирок “улуттук” деген сɵз ɵз маанисин жоготпойт: Улуттук университет, Улуттук музей, Улуттук саясат деген тʏшʏнʏктɵр сакталууда.
Концепцияны турмушка ашыруу
“Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу ʏчʏн кɵп этностуу аймактарда Коомдук консультативдик кеңештер (ККК) тʏзʏлгɵн. Ош шаарында 21 адамдан турган кеңеш иштеп жатат. Анын курамына 6 муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери, 3 айылдык аймактын башчылары жана коомдук уюмдардын ɵкʏлдɵрʏ кирет. Кеңеш квартал сайын жыйын ɵткɵрʏп, социалдык биримдикти чыңдоо боюнча сунуштарын берет.
Ошондой эле, тʏшʏнʏксʏз терминдерди элге жеткиликтʏʏ кылуу максатында тʏшʏндʏрмɵ иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ.
Толеранттуулук – сабырдуулук, токтоолук.
Иденттʏʏлʏк – ɵзʏн аң-сезимдʏʏ кабыл алуу.
Кɵп тʏрдʏʏлʏк – айырмачылыктардын баалуулугу (эркек-аял, тʏндʏк-тʏштʏк ж.б.).
Символ – тɵрт шакек
Кыргыз жараны концепциясынын логотиби да маанилʏʏ идеяны камтыйт. Ал тɵрт бирдей шакектен турат: ортосундагы шакекче – “Кыргыз жараны”, калган тɵртɵɵ – ɵлкɵнʏн тʏндʏк, тʏштʏк, чыгыш жана батышындагы жарандарды туюнтат. Бардыгы бир борборго – Кыргыз жаранына биригет. Бул образ ынтымактын, бирдиктин жана теңдиктин символу.
Кыргызстанда 130дан ашуун этностун ɵкʏлдɵрʏ жашайт. Бирок биздин орто жалпы ат – кыргыз жараны. Ар кимибиз ушул иденттʏʏлʏктʏ кабыл алып, жʏрɵгʏбʏз менен “Мен – Кыргыз жаранымын” деп айта алганда гана ɵлкɵбʏздɵ ынтымак менен бейпилдик тʏбɵлʏккɵ орнойт.
Ош шаарындагы этностук мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы: Султанов Б.К.
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр