Yй-бʏлɵ, оор сыноо жана сабырдуулук темаларын камтыган “Керексиң” тасмасы — чыныгы турмуштан алынган сюжетке негизделген кɵркɵм фильм. Бул тасмада продюсерден тарта драматургга чейин ар бир чыгармачыл адам ɵз кɵз карашын, жʏрɵгʏн, тажрыйбасын кошуп, реалдуу жашоодогу оор учурларды чагылдырууга аракет кылган. Аталган тасманын жаралуу тарыхы, идеясы жана башкы каарман аркылуу берилген эмоциялар тууралуу режиссёр, сценарист, актер жана драматург менен болгон маектерден билебиз.

-“Керексиң” тасмасын жаратуунун баштапкы идеясы тууралуу айтып берсеңиз?
Караш Жанышов (режиссёр, сценарист, оператор, монтажёр): “Бул кино Дʏйшɵн деген байкенин башынан ɵткɵн чыныгы окуялардын негизинде тартылды. Ал ɵзʏнʏн тарыхын айтып берип, “ушундай кино тартса болобу?” деп, аялынын онкологиялык оорусу жана ʏй-бʏлɵсʏ менен болгон окуясын бизге жеткирип, киного айлантууну сунуштаган. Бизге аны Саламат Калыбек уулу айтып бергенден кийин, бул окуя чындап жʏрɵгʏбʏзгɵ жетип, коомго сабак болсун ʏчʏн, тасманы тартууга чечим чыгардык. Сценарийди мен жана Сооронбек экɵɵбʏз биргеликте жаздык”.

-Сценарийди жазууда кандай негизги идеяларды талкууладыңыздар?
Караш Жанышов: “Сценарийди жазууда эң башкы максатыбыз — ʏй-бʏлɵнʏ бекемдɵɵнʏ кɵздɵп, жаш ʏй-бʏлɵлɵргɵ сабак берʏʏ болду. Ошол себептен, ʏй-бʏлɵ институтунун маанисин кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн фокусту ушул темага коюп, жаштарга ʏй-бʏлɵнʏн орду жана сʏйʏʏ тууралуу тʏшʏнʏк берʏʏ ʏчʏн бардык кʏчʏбʏздʏ салдык. Кино бизге ʏй-бʏлɵ куруу оңой болбосо да, сʏйʏʏ менен иштешʏʏ керектигин тʏшʏндʏрʏʏгɵ багытталган”.
-Кино тартып жатканда сиздер ʏчʏн кандай кыйынчылыктар болду?
Караш Жанышов: “Кино тартуу процесси аябай оор болду. Биринчиден, каржылык кыйынчылыктар болду. Биздин бюджет аябай тартыш болгондукта кɵп нерселерди ишке ашыра албай калдык. Экинчиден, тартуу убактысы да чектелʏʏ болчу. Сценарийди жазуу жана тартуу боюнча бардык даярдыктарды гана эмес, локацияларды табуу, актерлорду тандоо жана башка техникалык жагын кɵтɵрʏʏ ʏчʏн кɵп убакыт керек эле. Бирок, ушулардын баары кыска убакыттын ичинде жасалгандыктан, тажрыйба да мол болду”.
-“Керексиң” тасмасын кантип тартылды жана сиздер ʏчʏн кандай мааниге ээ болду?
Сооронбек Тургунмаматов (режиссёр, актер, сценарист): “Бул кинону тартуу идеясы биздин досторубуздун, актерлорубуздун демилгеси менен башталды. Алгач кинону тартуу ʏчʏн биз “Вердикт” тасмасын тартып бʏтʏп, дем алышсыз эле “Керексиң” киносу боюнча иштей баштадык. Мындан тышкары, коомдогу ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды кɵтɵрʏʏ, эркек балдардын ролун кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн ушул кинонун темасын кɵтɵрʏʏнʏ кааладык. Биз кɵптɵгɵн ʏй-бʏлɵлɵрдʏн кɵйгɵйлɵрʏ, ажырашуулары жана ата-эненин ордуна бирɵɵлɵрдʏн болушу керектигин кɵрʏп, ʏй-бʏлɵ институтун бекемдеген маанилʏʏ кино тартууну ойлонуп, ушул кинону тартып калдык.

-Кинону тартууда кайсы принциптерге таяндыңыздар?
Сооронбек Тургунмаматов: “Биздин эң негизги принцип — чыныгы жашоону кɵрсɵткʏбʏз келди. “Керексиң” тасмасы – кɵптɵгɵн ʏй-бʏлɵнʏн чыныгы, жɵнɵкɵй тарыхы. Биз ашыкча кооздуктарды, байлыкты кɵрсɵтʏʏнʏ каалабадык. Балким, башка тасмалардан айырмасы — баары жɵнɵкɵй жана чын болушу мʏмкʏн. Кино тартып жатканда баардык каарман ɵзʏнʏн жашоосундагыдай эле образда болду. Мисалы, тасмадан терс каарман же жаман каарманды таба албайсың, баардыгы жɵнɵкɵй адамдар. Бирок ошол эле учурда жʏрɵккɵ жеткен окуялар жана жʏрɵктɵ калган тасма болду деп айта алам. Анткени кинону кɵргɵн ар бир адам сезимди туюп, жан дʏйнɵсʏ менен берилип кɵрʏп ыйлап чыгып жатышат. Бул да болсо биздин жетишкендик деп ойлойм”.
— “Керексиң” тасмасынын визуалдык стилистикасы тууралуу айтып берсеңиз?
Сооронбек Тургунмаматов: “Кинонун визуалдык стилистикасын даректʏʏ тасмадай кылууга аракет кылдык. Кино кɵрʏʏчʏлɵргɵ жашоонун табигый кɵрʏнʏшʏн берʏʏ ʏчʏн, ашыкча жасалмалуулуктан качууга аракет кылдык. Тʏстɵр дагы ɵтɵ кооз эмес, жɵнɵкɵй жашоого жакын кылынган. Бʏткʏл процессти ачык, жɵнɵкɵй жана табигый кылып кɵрсɵттʏк”.
-Кинонун тʏпкʏ максаты эмне болду?
Сооронбек Тургунмаматов: “Тасманын тʏпкʏ максаты — ʏй-бʏлɵнʏн, сʏйʏʏнʏн жана анын баркын кɵтɵрʏʏ болду. Биздин максатыбыз — адамдарга ʏй-бʏлɵ кура турган жаштарга жана ɵзгɵчɵ, ʏй-бʏлɵсʏ менен тʏрдʏʏ кɵйгɵйлɵрдʏ баштан кечирип жаткан адамдарга сабак берʏʏ. Кино аркылуу алардын бири-бирине болгон сʏйʏʏсʏн жана тʏшʏнʏгʏн кʏчɵтʏʏнʏ кааладык”.
“Керексиң” тасмасы — ʏй-бʏлɵ, сʏйʏʏ жана сабырдуулук тууралуу тасма”
Башкы каарман Саламат Калыбек уулу: “Керексиң” тасмасына тартылуу мен ʏчʏн чоң сыноо болду. Себеби, бул тасмада рак оорусу менен ооруп жаткан жубайынын жанында болгон адамдын образын жаратуу — жɵнɵкɵй иш эмес. Мындай оор абалды башыңдан ɵткɵрʏп жаткандай сезимге кирип, ошол мʏнɵттɵрдʏ терең тʏшʏнʏʏ зарыл эле. “Керексиң” тасмасына тартылып калуума себеп — бул тасма ʏч актёр тарабынан тартылган: Дилмухаммед Орозбеков, Жыргал Талантбек уулу жана мен. Досторум: “Сен тартыл, ɵзʏңдʏн кыздарың менен чогуу болосуң, алар сени ата деп билишет”, — деп сунушташты. Ошентип, мен да башкы ролду аткарып калдым. Бул тасма мен ʏчʏн жɵн гана роль эмес, ʏй-бʏлɵ, сʏйʏʏ, сабырдуулук жана адамдык баалуулуктар тууралуу терең ой жараткан чыгарма болду.

Мен ɵзʏмɵ: “Эгер мен ушундай жагдайга туш болсом, эмне кылмакмын?”, — деп суроо берип, ошол сезимге кирʏʏгɵ аракет кылдым. Бул абал мен ʏчʏн ɵтɵ оор болду. Ɵзгɵчɵ кичинекей балдар менен тартылган эпизоддорду чыныгы жашоого окшоштуруп берʏʏ чоң жоопкерчилик талап кылды. Балдар мени кыйнаган жок, бирок ошол атмосферага толук кирʏʏ маанилʏʏ эле”.
“Жашоодо деле башкы каармандаймын”
-Тасмадагы башкы каарманымдын сабырдуулугу менен ɵзʏмдʏн мʏнɵзʏм окшошуп кетти. Чыныгы жашоодо да токтоо, сабырдуу адаммын. ʏй-бʏлɵм, айрыкча, балдарымдын айтымында, камкор атамын. Негизинен ʏй-бʏлɵмдʏ ар дайым биринчи орунга коём. Балким ушул сапаттарым ошол каарман менен окшошуп кетти окшойт.
“Эң оор сахна кубанычтын кɵз жашын чагылдыруу болду”
— Тартуу процессиндеги эң оор учур — жубайынын айыгып кеткени тууралуу жакшы жаңылыкты угузуп, кубанып ыйлаган сахна болду. Бул учурда менин каарманым бʏтʏндɵй ɵткɵндʏ кɵз алдына элестетип, бир эле учурда кубаныч, жеңилдик жана тʏйшʏк сезимдерин башынан ɵткɵрɵт. Мындай абалды чагылдырып берʏʏ мен ʏчʏн абдан оор болду.
Кыргыз киносуна жана коомдогу эркектердин ролуна болгон кɵз караш
Кыргыз эл жазуучусу, драматург Суранчы Жетимишов: “Кыргыз маданияты, ɵзгɵчɵ кыргыз киносу мен ʏчʏн терең ойлорду жараткан тармактардын бири. Мен кʏткɵн темалар качандыр бир кезде жаралып калабы деген ʏмʏт менен жашайм. Азыркы кʏндɵ кыргыз киносундабы, же сатира жанрындабы айтор, эркектердин ролу тɵмɵндɵп бараткандай сезилет. Кɵп учурда бардык нерсеге эркектерди кʏнɵɵлʏʏ кылып кɵрсɵтʏʏ кɵбɵйʏп кетти. Бир жагынан, чындыгында айрым эркектер жалкоолонуп, жоопкерчиликтен качып калган учурлар бар. Ошол эле учурда аялдардын коомдогу орду жогорулап, айрым учурларда “ʏй-бʏлɵнʏ аялдар багат” деген пикирлер айтылып жʏрɵт. Эч убакта бир тарапты кʏнɵɵлɵп коюуга болбойт. Ооба, аялын, апасын сыйлабаган эркектер да бар. Бирок ошол эле учурда аялзатына ушунчалык терең сый-урмат кɵрсɵткɵн, жада калса кызга кыз кʏйгɵндɵн да артык мамиле кылган эркектер да бар.

Эркек деген мекенди коргогон, ʏй-бʏлɵсʏн багып, балдарын тарбиялаган инсан. Ошондуктан эркектердин коомдогу кадыр-баркын жоготпой, тескерисинче кɵтɵрʏшʏбʏз керек. Кээ бир адамдардын терс жоруктарын жалпы элге тиешелʏʏ кылбай, аны жеке адамдын кемчилиги катары карашыбыз зарыл.
Кыргыз киносу азырынча мурдагы бийик деңгээлине чыга элек. Турмуштук темалар кɵтɵрʏлʏп жатат, бирок улуттук нарк-насилди чагылдырган, кɵрʏʏчʏнʏ ойлонткон чыгармалар аз. Кино элге тарбия берген курал. Ошондуктан кыргыздын салтын, наркын, адамгерчилигин кɵркɵм тасмалар аркылуу кɵрсɵтʏп, жаштарга туура багыт берʏʏ зарыл деп ойлойм”.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр