«Келечек» балдардын чыгармачылык борбору жаңыдан толук оңдолду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сɵз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык борбордун ички бɵлмɵлɵрʏнʏн дубалдары тегизделип, шыбалып, жаңы пол тɵшɵлʏп, жылуулук системасы жаңыланып, тʏтʏктɵр алмашылып, ички тепкичтери жаңыланып, эшик терезелери алмаштырылган. Аны менен бирге имараттын сырткы кɵрʏнʏшʏ да жакшырып, коопсуздук ʏчʏн жаңы тосмолор орнотулуп, кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу иштери жʏргɵн.

«Бʏгʏн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш тɵрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана шаар тургундарынын катышуусунда жаңыланган чыгармачылык бор менен таанышып, балдар тарабынан даярдалган чакан майрамдык концертке кʏбɵ болушту. Калаа башчысы жакынкы убакыттарда борборго балдар ʏчʏн кичи автобус белеке берерин убадалады»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган борбордо жалпысынан 3 миңге жакын бала келип ар кандай ийримдерге катышып, билимин, чыгармачылык ɵнɵрлɵрʏн арттырып, ʏйрɵнʏп кетишет. Аталган имарат 31-август кʏнʏ пайдаланууга берилди. Анда калаа башчысы чогулгандарды Эгемендʏʏлʏктʏн 34 жылдыгы менен куттуктап, буларга токтолду. «Келечек» балдардын борбору толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵттʏ. Ɵзʏңʏздɵр жакшы билесиздер, бул имараттын сырткы кɵрʏнʏшʏн билет элеңиздер. Бак, газон, фасад, жасалгалары… Жер тɵлɵсʏнʏн абалын билет элеңиздер. Артындагы жанагы анфитеатрын капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрɵбʏз. Башкача айтканда, колдон келишинчи Ошубузду колдоп, ɵстʏрʏп, кɵкɵлɵтʏп, чет жакка даңазалаганга аракет кылып жатабыз.

Балдардын отурган жерлеринин шарттарын кɵрʏп, маанайым тʏшгɵн болчу, урматтуу тɵрагабыз менен кеңешип, ушул жерди оңдоп берели, биздин балдар жакшы маанайда келсин деп ушул жерди оңдодук.
Айланып, карап кɵрдʏм. Ош шаарында лагерлер абдан кɵп болгон экен. Ошолордун баары жеке колдорго берилип кеткен экен. Лагерлердин мурдагы жетекчилери, мурдагы иштеген «уурулар» ушул жаш балдардын акысын талап-тоноп, ошол жердеги лагерлер жеке менчикке ɵтʏп кетиптир. Азыр ошол жердеги бир лагерди алдык, Кудай кааласа оңдоп-тʏзɵɵ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Мындайча айтканда, жаштык лагерин алдык. 3-4 кабаттуу лагер курулуп, кийинки жылдын май айынан баштап, толук пайдаланууга беребиз. Ɵзʏбʏздʏн лагер болот, балдар ɵзʏбʏздʏн лагерге барып дем алышат»,- деди мэр.
Ага улай эле 70 жыл мурда курулган балдардын реабилитациялык борбору толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлгɵндɵн кийин ачылды.
Ош мэриясынан кабарлашкандай, жарым кылымдан бери капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтпɵй турган кыймыл-таяныч тутумундагы мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирʏʏ борборунун жаңыланган имараты менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш тɵрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана балдар алардын ата-энелери чогу кɵрʏп чыгышты.
«Эки кабаттуу имараттын эскилиги жетип чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы дубалдары кɵчʏрʏлʏп, жаңыдан акталып-сырдалды. Эшик-терезелери толугу менен алмаштырылып, полу жана шыптары жаңыртылды, коридорлоруна плитка тɵшɵлдʏ.

Мындан сырткары, коляскадагы балдардын ыңгайы ʏчʏн лифт курулду. Имараттын сырты жылууланып, сырдалды. Короосуна брусчатка жана асфальт тɵшɵлʏп, газон эгилди. Балдар ʏчʏн бардык шарттары менен атайын ашкана курулду. Ошондой эле имараттын сырткы тосмосу курулуп, арка жана дарбаза орнотулду», — деп айтылат муниципалитет таркаткан маалыматта.
Ооруканага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары кайрылышат. Борбор бир учурда 70 бейтапты кабыл алууга ылайыкташкан. Имарттын ачылышына катышкан мэр имарат 1957-жылы курулганын айтып, аны оңдоп-тʏзɵɵгɵ жергиликтʏʏ бюджеттен 30 млн сомдон ашык акча коротулганын билдирди. «Бул имаратты толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрдʏк. Оңдоп-тʏзɵɵ иштерине 30 млн сомдон ашык акча кетти.
Биздин реабилитациялык борборубуз боюнча, эжеке, ата-энелердин бир аз таарынычы бар. Анткени, сизге айтышкан жок. Сиз жаңы жетекчи болуп дайындалып келдиңиз. Ɵткɵндɵ рейд учурунда эки эже келип, менин кулагыма шыбырады. «Уулум» дедиби, «кызым» дедиби, эстен чыгып калды, иши кылса, «майыптыгы бар баламды ушул реабилитациялык борборго алып келсем, орун жок» дейт. «Массаждарды жакшы жасашпайт. Келсең орой мамиле кылышат» дейт. Жаңы жетекчи, ушуну оң кулагыңыз менен да, сол кулагыңыз менен да угуп алыңыз Мындан кийин андай факты катталбасын. Силерге мамлекет акча тɵлɵп берет»,- деди ал.
Доорон Токтошев.
Окшош макалалар
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады
Кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн зарыл кызмат:Оштогу залалсыздандыруу бекети