29-августта Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди. Мамлекет башчы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы жаңы жатак-мектебинин ачылыш аземине катышып, ошондой эле ɵлкɵдɵгʏ 100дɵн ашык социалдык жана ɵнɵр жай объекттеринин ачылышына онлайн режимде кʏбɵ болду.

Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата ɵткɵрʏлгɵн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында белгилʏʏ боксчу Николай Валуев баштаган Мамдуманын депутаттары, атактуу шахматчы Сергей Карякин да бар.
Ɵлкɵ башчысы Садыр Жапаров мугалимдердин статусу жогорулап, айлык-акысы кɵтɵрʏлɵрʏн айтты.
«Билим уясына онлайн форматта катышып жаткан урматуу Валентина Владимировна жана Россиядан келген ардактуу меймандар!
Мен ɵклɵбʏздʏн билим берʏʏ тармагында кандайдыр бир жакшы саамалык болсо, ар дайым кубанам.

Бʏгʏн биринчи космонавт айым, Советтер Союзунун баатыры Валентина Терешкованын ысымын жарым кылымдан ашуун мезгилден бери алып жʏргɵн бул жатак-мектептин тʏп тамыры менен кайрадан курулуп бʏтʏп, колдонууга берилип жатканына абдан сʏйʏнʏп турам.
Валентина Владимировна, сизге жана Россиядан келген жоон топ делегация ɵкʏлдɵрʏнɵ биздин дарегибизге айткан жылуу сɵздɵрʏнɵ жана колдоолору ʏчʏн чоң рахмат айтам.
Урматтуу замандаштар, сɵзʏмдʏ эки кʏндɵн кийинки Эгемендʏʏлʏк майрамыбызды утурлаган бʏгʏнкʏ билим берʏʏ жаатындагы жакшынакай саамалык менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктап кетейин.
Мына бʏгʏн ɵзʏңʏздɵр кɵрʏп тургандай, 700 орундуу окуу имараты жана 500 орундуу жаткана толугу менен курулуп бʏттʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мектеп-интернат 2,3 гектар жерге жайгашып, балдардын заманбап шартта билим алуусуна жана жашоосуна толук мʏмкʏнчʏлʏктɵр тʏзʏлдʏ.
Ал эми жаркын келечегибиздин тарбиячылары менен мугалимдерине кам кɵрʏʏ максатында, сиздер ʏчʏн бардык шарттарды тʏзʏп берʏʏгɵ аракеттенип жатабыз. Заман талап кылган мектептерди куруп, сиздердин катышууңуздарда иштелип чыккан китептерди басып чыгаруудабыз. Талбай изденген мекенчил агай-эжейлердин аракети аркылуу балдарыбыздын талант-шыгы ойгонот. Ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди заманбап билим менен жуурулуштуруп, тарбия, билим берсеңиздер, чыныгы атуулдарды тарбиялап чыгасыздар.

Мына ошол уул-кыздарыбыз Кыргызстанды ɵнʏккɵн мамлекеттердин катарына кошот. Албетте, сиздердин мындай ат кɵтɵргʏс эмгегиңиздер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш. Жаңы мектептер, жаңы окуу китептери, жаңы усулдук программалар менен катар быйыл эмгек акыңыздарды да кɵтɵрʏп беребиз. Буюрса мугалимдердин бардык кɵңʏлʏ мектепте, мектеп окуучуларында болорушун толук камсыздайбыз»,- деди президент.
Жатак-мектептин ачылышына мектепке ысымы берилген биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова да онлайн катышып, куттуктоо сɵзʏн жолдоду.
Бул билим берʏʏ мекемеси 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана, спорт залы, волейбол аянтчалары, актовый зал, санитардык блок, эс алуу багы жана заманбап шарттары менен курулду.

Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады
Кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн зарыл кызмат:Оштогу залалсыздандыруу бекети