2-3-4-сентябрь кʏндɵрʏ Ош шаардык кеңешинин бир нече туруктуу депутаттык комиссиялары Ош шаары ʏчʏн маанилʏʏ болгон ондогон маселелерди карап, талкуулап, киийнки сессияга сунушташты.

Электр энергия, таза суу, газ: туруктуу депутаттык комиссия бир катар маселелерди талкуулады
4-сентябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп ɵттʏ. Отурумду комиссиянын тɵрагасы Темир Исаев алып барды.
Кʏн тартибинде тɵмɵндɵгʏдɵй маселелер каралды:
— Ош шаарында калкты электр энергия, таза суу, жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ;
— Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Ош шаарынын такси кызматы” муниципалдык ишканасын тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ боюнча катын кароо.
Ар бир маселе боюнча депутаттар сунуштарын берип, талкуу жʏргʏзʏштʏ. Маселелер Ош шаардык кеңешинин сессиясына сунушталды.

Салык, бюджет, насыя: депутаттар шаардын социалдык-эконмикалык абалын талкуулашат
Аны менен катар эле Ош шаардык кеңешинин Бюджет, экономика жана ɵнɵр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму ɵттʏ.
Отурумду комиссиянын тɵрагасынын орун басары Мирбек Маматов алып барды.
Кʏн тартибинде тɵмɵндɵгʏ маселелер каралды:
-Ош шаарынын мэринин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жɵнʏндɵ;
— Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош шаары жана Тʏштʏк аймактар боюнча ири салык тɵлɵɵчʏлɵрдʏ контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бɵлʏгʏнʏн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ;
— Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетинде тышкы карыздарды тɵлɵɵгɵ каралган 327 448,0 миң сом акча каражатынын эсебинен 26 898,8 миң сом акча каражатын жана жергиликтʏʏ бюджеттин 2025-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен 1 902,8 миң сом акча каражатын тиешелʏʏ иш-чараларга бɵлʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ катын кароо;
— Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын ɵлчɵмʏн бекитʏʏ жɵнʏндɵ” №134 токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;
— Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарында мʏлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин ɵлчɵмʏн жана нарктык зоналардын чектерин бекитʏʏ жɵнʏндɵгʏ катын кароо;
— Ош шаардык маданият башкармалыгынын карамагында Жаштар театрын тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ;
— Ош шаарынын мэриясынын Республикалык бюджеттен 1 млрд. сом суммасында бюджеттик кредит алууга жана кредитти кʏрɵɵ менен камсыздоо ʏчʏн “Ошавтобекети” муниципалдык ишканасынын имаратын кʏрɵɵгɵ коюуга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ катын кароо;
— Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мʏлктʏн менчик ээсине компенсация берʏʏ тартиби жɵнʏндɵ Жобону карап берʏʏ жɵнʏндɵгʏ катын кароо жɵнʏндɵ.
Депутаттар жогорудагы маселелерди талкуулашып, аларды Ош шаардык кеңешинин сессиясына сунушталды.

Ички миграциянын абалы депутаттык комиссиянын талкуусуна коюлду
Агай улай Ош шаардык кеңешинин Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердʏʏлʏк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп ɵттʏ.
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Азиз Сурапбаев алып барып, депутаттар, комиссиянын мʏчɵлɵрʏ, мэриянын тиешелʏʏ кызматкерлери катышышты.
Отурумдун кʏн тартибинде ички жана тышкы миграциянын абалы жана калктын учурдагы агымдарын тактоо жана иретке келтирʏʏ боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ маселе каралды.
Депутаттар тиешелʏʏ мекемелердин жетекчилерине суроо, сунуштарын беришип, талкуулашып, аталган маселе Ош шаардык кеңешинин сессиясына сунушталды.

Ош мэриясынын ЖМКларынын ишмердʏʏлʏгʏ каралды
2-сентябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин Социалдык маданий ɵнʏктʏрʏʏ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп ɵттʏ. Отурумду комиссиянын тɵрайымы Акмарал Тентимишова алып барды.
Анда кʏн тартибинде тɵмɵндɵгʏ маселелер каралды:
— Ош шаарында маданият жана спорт тармагын ɵнʏктʏрʏʏ боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери;
— Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын жаңы окуу жылына карата даярдыктары;
— “Ош шамы” гезитинин редакциясынын жана “ОшТВ” телеканалынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ.
Жогорудагы маселелер боюнча депутаттардын сунушу эске алынып, сессиянын кароосуна сунуштоо боюнча чечим кабыл алынды.
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн зарыл кызмат:Оштогу залалсыздандыруу бекети