Шаардын ар бир бурчунун коопсуздугу ʏчʏн кʏнʏ-тʏнʏ кʏрɵшʏп жʏргɵн, бирок кɵп учурда элге байкалбаган кызмат бар. Алар – залалсыздандыруучулар. Келемиштен тартып чиркейге, чаяндан тартып коркунучтуу вирустарга чейин кʏрɵшʏп, оорулардын алдын алып жʏргɵн бул тармакты Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекетинин башкы дарыгери Эркин Мамаев «оор болсо да ыйык милдет» деп сыпаттайт.

Тарыхы жана бʏгʏнкʏ абалы
Эркин Мамаев алгач бул кызматтын тʏптɵлʏʏ тарыхына кыскача айтып, аталаган кызматтын маанилʏʏгʏнɵ токтолду.
“Биздин мекеме Ошто алгач 1971-жылы тʏптɵлгɵн. Ал кезде чоң кʏч, кең база менен иштегенбиз: 510 кызматкер, 17 бригада, 27 техникабыз болгон, имарат 2 гектардан ашык жерде жайгашкан.
Совет мезгилинде биздин ишкананын кадыры бийик болчу. Бирок жылдар ɵтʏп, айрым жерлер аткаминерлер тарабынан сатылып кетти, кызматкерлер кыскарды. Азыр болсо болгону 6–6,5 сотых жерде иштеп жатабыз. Колдо бар кʏчʏбʏз – 17 кызматкер гана. Бирок ошол аз кызматкерлерибиз менен бʏтʏндɵй шаардын коопсуздугун камсыздап келебиз,- деп белгиледи Эркин Мамаев кызматтын маанилʏʏлʏгʏн баяндап жатып. Эпидемиолог катары тажрыйбам бар эле. Пандемия биздин иштин баалуулугун айгинелеп койду. Кʏнʏмдʏк жашоодо биздин ишибизге кɵпчʏлʏк эл маани бербейт, анткени ал кɵрʏнбɵгɵн тарапта, оорунун алдын алуу, зыянкечтерди жок кылуу менен байланышкан. Бирок эгер биз болбосок, жугуштуу оорулар жайылып, келемиш, чаян, чиркей шаарыбызды каптап кетмек. Биздин иш кɵпчʏлʏккɵ байкалбаганы менен, ар бир кадам элдин ден соолугуна тʏз байланыштуу”.
Эпидемия менен пандемияга каршы ʏч курал
Дарыгердин тʏшʏндʏрмɵсʏ боюнча, эпидемия – бул оору белгилʏʏ бир аймакта гана жайылган учур. Алсак, бир шаарда же болбосо аймакта кызамык кʏчɵп жайылганы эпидемия болуп эсептелет. Ал эми пандемия – дʏйнɵлʏк масштабга чыккан абал. Мисалы, 2020-жылдагы COVID-19 пандемия болуп саналат.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ профилактикалык залалсыздандыруу бекетинин иши ʏч багытта жʏрɵт: дезинфекция, дезинсекция жана дератизация. Дезинфекция вирустар менен бактерияларга каршы жʏргʏзʏлсɵ, дезинсекция чиркей, чымын, таракандарга каршы багытталган. Ал эми дератизация келемиштерди кɵзɵмɵлдɵɵгɵ арналган.
Мисалы, чиркей кичинекей экенине карабай, чоң коркунуч жаратат. Ал безгек, чикунгунья, денге сыяктуу ооруларды ташыйт. Таракан деле вирус ташыйт.
Айрым маалыматтарга караганда, Сингапур сыяктуу ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵр алгач чымын-чиркей менен кʏрɵшкɵндɵн кийин гана ɵнʏгʏʏгɵ кадам таштаган.
“Биздин жумуштун ɵзгɵчɵлʏгʏ – кɵзгɵ кɵрʏнбɵй тургандыгы. Эл бизди кɵбʏнчɵ кɵрбɵйт, бирок биздин профилактикалык ишибиздин аркасында оорулар жайылбайт. Мисалы, жакында эле «шаардын четинде чаяндар кɵбɵйʏп кетти» деген маалымат тʏштʏ. Бул –кɵрʏстɵндɵр рекультивация болгондон кийин ачка калган зыянкечтердин сыртка чыгышынан улам болду. Биз аларды убагында токтотпогон болсок, элдин турмушуна тʏз коркунуч жаралмак”, – дейт ал.

Пандемиядагы кɵрʏнбɵгɵн баатырлар жана тажрыйба сабактары
Мамаев 2005-жылдагы оор кырдаал боюнча ке козгоп, коронавирус пандемиясы учурундагы кырдаалды кенен баяндап берди.
“Эл арасында унутулбай калган учур бар. 2005-жылы Ошто келемиштер ɵтɵ кɵбɵйʏп кеткен. Анда тɵрɵт ʏйʏндɵ балдарды тиштеген учурлар катталган. Ошол убакта дезинфекция иштерин кʏчɵтпɵсɵк, кырдаал мындан да оор болмок. Мына ошондон кийин эл “дезинфекция зарыл экен” деп тʏшʏнʏштʏ.
2020-жылы пандемия учурунда да биз башкы кʏч болдук. Пандемия учурунда залалсыздандыруу кызматтарынын иши ɵзгɵчɵ мааниге ээ болду. Биздин кʏндɵлʏк милдеттерибиз адаттагыдан да кʏчɵп, элдин саламаттыгын сактоо ʏчʏн ʏзгʏлтʏксʏз иш жʏргʏздʏк. Негизги ишибизге тɵмɵнкʏлɵр кирген: коомдук жайларды залалсыздандыруу, автобус, троллейбус, маршруттук такси сыяктуу коомдук транспорттор кʏн сайын атайын эритмелер менен тазалоо. Базарлар, соода борборлору, мектептер, ооруканалар, мекеме-ишканалар жана кɵчɵлɵрдɵ да массалык тʏрдɵ дезинфекциялоо иштери жʏргʏзʏлгɵн.
COVID-19 менен ооругандарды дарылоо жайлары ʏзгʏлтʏксʏз залалсыздандырылып турган.
Жугуштуу оорулар бɵлʏмдɵрʏнʏн ичинде атайын санитардык нормалар катуу кɵзɵмɵлдɵнгɵн.
Дарыгерлер жана залалсыздандыруучу адистер жарандарга беткап тагынуу, антисептик колдонуу, ʏйдʏ жана жумуш ордун тазалоо боюнча тʏшʏндʏрмɵ иштерин жʏргʏзʏшкɵн.
Биздин кызматкерлер атайын костюм, кол кап, беткап, кɵз айнек кийип иш алып барышкан.Бул алардын ɵздɵрʏн да, айланадагыларды да коргоо ʏчʏн шарт болгон.
Эгерде кайсы бир жерде коронавирус аныкталса, ошол аймак дароо изоляцияланып, адистер келип дезинфекция иштерин жʏргʏзʏшкɵн.


Жумуштун оордугу жана кызматкерлердин тагдыры
Башкы дарыгер ɵзʏ иштеген тармак канчалык кооптуу болгондуктан, жаш кадрларды тартуу кыйын болуп жатканын белгиледи.
“Биз уулуу заттар менен иштегендиктен, кызматкерлерибиз кɵп ооруйт. Азыр деле ооруканада жаткан 2 жумушчубуз бар. Бирок ден соолука зыяндуу болгонуна карабастан айлык акы аз, жаштар бул тармакка келгиси келбейт. Учурда иштеп жаткандардын кɵпчʏлʏгʏ – 60тан 72 жашка чейинки улуу адамдар. Жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн жылын 1-2 жолу Бишкеке окууга жɵнɵтʏп турабыз. Мен аларды кармап калуу ʏчʏн колумдан келишинче стимул берем. Бирок келечекте бул кызматты алып кете турган, кɵтɵрɵ турган жаштар керек.
Биздин ишти кɵптɵр баалабайт. Бирок айтыңызчы, жалгыз бой кароосуз калган чал-кемпирлер каза болгондо, алардын сɵɵгʏ туруп калат. Анан сɵɵгʏн таап алып кеткен соң, калган жерди ким дезинфекциялайт? Же болбосо, мектептерде, бала бакчаларда жугуштуу оорулар чыкпашы ʏчʏн ким алдын ала иш жʏргʏзɵт? Бул – биздин милдет. Биз кээде тʏн ортосунда да чыгып, элдин коопсуздугу ʏчʏн иштеп келебиз”, – деди ал.

Келечектеги максаттар жана муктаждыктар
Башкы дарыгердин айтымында, алардын эң чоң муктаждыгы – жаңы база, заманбап техника жана жаш кадрлар.
“Биздин эң чоң муктаждыгыбыз жаңы база. Азыркы отурган имаратыбыздын абалы мышык ыйлай турган. Дагы биз муктаж болгон нерсе — заманбап техника,бизди канаатандыраарлык айлык маяна жана жаш кадрлар. Буюрса, жакынкы жылдары жаңы имарат салынып, техникалардын саны кɵбɵйɵт деген ʏмʏт бар. Ошондо биздин кызматтын мʏмкʏнчʏлʏгʏ да артат.
Анан да айта кетчʏʏ нерсе, жеке дезинфекциялык фирмалар бар. Бирок алар кɵпчʏлʏк учурда жоопкерчиликти моюндарына алышпайт. Бир жолу жасап кетишет, бирок натыйжа береби-бербейби анысы менен иштери жок. Мисалы, келемиштерге бир эле ууну бере берсе алардын организиминде ууга карата иммунитет пайда болуп, келемишти жок кыла албай калат. Ал эми мамлекеттик мекеме жоопкерчиликти толук ɵз моюнуна алат. Зыянкеч жок болуп кеткиче иш алып барат” , — дейт ал кызматтын маанилʏʏлʏгʏн белгилеп. -Мен башчы катары, ар бир кызматкерим менен сыймыктанам. Алар оор болсо да, элдин ден соолугу ʏчʏн кʏнʏ-тʏнʏ иштеп жʏрʏшɵт. Биздин кызмат – бул адам ɵмʏрʏн сактап калуучу кʏч.
Менин тилегим – жаштар бул кесипке кызыгып, биздин оордуубузду улантса. Анткени мен да 7 жылдан кийин пенсияга чыгам. Бул кызмат жашап калышы ʏчʏн мамлекеттен субсидиянын берилʏʏсʏ, мамлекет ɵз бюджетине алуусу, коомдун да колдоосу зарыл.
Биз шаарыбызды таза кармоо менен элдин бейпилдигин сактайбыз. Жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербей, келечек муундардын ден соолугу ʏчʏн кызмат кылабыз. Бул биздин ыйык милдетибиз»,- деп маегин жыйынтыктады жетекчи.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады