Ош технологиялык университети (ОшТУ) 1963-жылы Ош техникалык факультети катары негизделген. Алгачкы кʏндɵрдɵн тартып эле университет аймактагы инженердик-техникалык кадрларды даярдоодо маанилʏʏ ролду ойноп, Кыргызстандагы жогорку билим берʏʏ системасынын ɵнʏгʏшʏнɵ чоң салым кошуп келет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ОшТУ — ɵлкɵнʏн тʏштʏк аймагындагы эң ири жана заманбап жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат.

ОКУУ ЖАЙДЫН ƟЗГƟЧƟЛYГY
Ɵлкɵбʏз тоолуу жана шар аккан сууларга бай. Демек, электроэнергетика тармагын ɵнʏктʏрʏʏ аркылуу инфраструктураны жакшыртуу — артыкчылык. Электр жана жылуулук энергетика адистиктери ушул багытта бизде гана даярдалат.
Агрардык багыттагы мамлекетпиз. Бул багытта бизден билим алган агроинженерлер жана тамак-аш технологдору – калкыбызды сапаттуу азык-тʏлʏк менен камсыздоо, туура тамактануу жаатында иш алып барышууда. Калкыбыздын ден соолугу ʏчʏн медициналык кызматкерлер менен катар эле туура тамактануу жана пайдалуу азык-тʏлʏктɵрдʏ сунуштоо боюнча технологдорго – дʏйнɵдɵ маанилʏʏ кесип катары артыкчылык берилет жана жоопкерчилик артылат.
Жаратылышыбызды кɵздʏн карегиндей сактоо аркылуу кен байлыктарыбызды жигердʏʏ иштетʏʏ – заман талабы. Регион таануу, жаратылышты колдонуу, экология, химиялык технология, технологиялык коопсуздук адистиктеринин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ ушул багытта изденʏʏ менен окутулат.
Кийинки мезгилде КМШ жана айрым Европа ɵлкɵлɵрʏнун рыногунда ордун таап бара жаткан жеңил ɵнɵр жай, тигʏʏ индустриясын дагы да ɵнʏктʏрʏʏ, сатуу багытында Ош ТУда моделдɵɵ, дизайн, конструктор, текстиль жана костюм искусствосу, бизнести башкаруу адистерин дʏйнɵлʏк стандартка ылайыктап окутуудабыз. Бир катар бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз жеке ишкерликти колго алып, жумуш орундарын тʏзʏп, салык тɵлɵɵ менен мамлекет казынасын толуктоого салым кошууда.
21-кылым — илим-технологиянын доору. Ушул багытта информатика жана маалымат коопсуздугу, компьютердик лингвистика, бизнес информатика, интернет технологиясы жана башкаруу, прикладдык математика жана информатика боюнча атайын жогорку билим берʏʏчʏ Кыргызстандагы 2 гана окуу жайдын бири катары изденʏʏ менен билим берʏʏ жоопкерчилигин алганбыз.

ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ — КЫРГЫЗСТАНДА 1-ОРУНДА
Ош технологиялык университети (ОшТУ) алгач ирет дʏйнɵлʏк деңгээлдеги абройлуу рейтингге — Round University Ranking — 2025ке кирип, дʏйнɵ университеттеринин арасынан 734-орунду, ал эми Кыргызстанда 1-орунду ээледи. Бул жетишкендик RUR расмий сайтында жарыяланган.
ОшТУнун ректору, т.и.к., профессор Жанболот Турсунбаев бул ийгиликти тɵмɵнкʏдɵй баалады:
“ОшТУнун RUR-2025 рейтингине кириши – биздин билим берʏʏ жана илимий-изилдɵɵ программаларынын жогорку деңгээлин тастыктайт. Бул жалпы жамааттын – окутуучулар, студенттер жана администрациянын биргелешкен эмгегинин жемиши. Биз азыр ОшТУнун Кыргызстандагы лидер ЖОЖдун бири катары дʏйнɵлʏк деңгээлде таанылганын сыймыктануу менен айта алабыз”.
RUR рейтинги жɵнʏндɵ
Round University Ranking (RUR) — бул 2010-жылдан бери жʏргʏзʏлʏп келе жаткан, дʏйнɵнʏн 80ден ашык ɵлкɵсʏндɵгʏ 1200дɵн кɵп университеттерди 20 кɵрсɵткʏч жана 4 негизги багыт боюнча баалаган эл аралык система:
• окутуу сапаты;
• илимий-изилдɵɵ ишмердʏʏлʏгʏ;
• эл аралык байланышы;
• финансылык туруктуулук.
Маалыматтар Thomson Reuters эл аралык компаниясы тарабынан берилет.
ОшТУнун ɵнʏгʏʏгɵ карай кадамдары
Акыркы 3 жыл ичинде ОшТУда бир катар маанилʏʏ ɵзгɵрʏʏлɵр болду:
• Окуу корпустары жаңылануу иштеринен ɵттʏ;
• Ар бир окутуучу жаңы компьютер менен камсыздалды;
• “Известия” электрондук илимий журналы эл аралык деңгээлде жогорку орундарды ээлɵɵдɵ.

КЫРГЫЗ -КЫТАЙ ТЕМИР ЖОЛУНА АДИСТЕРДИ ДАЯРДООДО КЫТАЙ ТАРАП ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИН ТАНДАДЫ
Мындан сырткары, ОшТУ менен Кытай мамлекети ортосунда расмий келишим тʏзʏлʏп, Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ болгон темир жол тармагында инженерлерди даярдоо багытында кызматташтык башталды.
ОШТУ — ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГИНДЕ
«4 ЖЫЛДЫЗ» МАКАМЫНА ЭЭ
Акыркы жылдары университет билим берʏʏ сапаты, илимдеги жетишкендиктери жана заманбап инфраструктурасы менен эл аралык деңгээлде да таанылып, дʏйнɵлʏк рейтингдерде ийгиликтʏʏ орундарды ээлей баштады.
Жакында ОшТУ дʏйнɵлʏк деңгээлдеги QS Stars™️ рейтинги боюнча «4 жылдыз» статусуна ээ болду. Бул жетишкендик — сапаттуу билим берʏʏ, илимий изилдɵɵлɵрдɵгʏ ийгиликтер жана заманбап инфраструктуранын ʏзʏрʏ экендигин тастыктайт.
ƟТКƟН БИР ЖЫЛ ИЧИНДЕ
— Энергетика, азык-тʏлʏк жана архитектура багытында 4 жаңы лаборатория ачты;
— Бир нече миллиондук долбоорлорду утуп алды;
— Илимий басылмасын эл аралык деңгээлге чыгарды.
ОШТУ — АЛДЫҢКЫ 5 ОКУУ ЖАЙДЫН БИРИ
2025-жылы ОшТУ кабыл алуу кɵрсɵткʏчʏ боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен алдыңкы беш университеттин катарына кирди. Бул студенттердин университетке болгон ишенимин жана билим сапатынын жогорку деңгээлин далилдейт.
Ош технологиялык университети бʏгʏнкʏ кʏндɵ билим берʏʏ менен илимди айкалыштырып, улуттук гана эмес, эл аралык аренада да ɵлкɵнʏн аброюн кɵтɵрʏп келе жатат. Университеттин алдыдагы максаты — дʏйнɵлʏк сапаттагы билим берʏʏ моделин кеңири жайылтып, Кыргызстанды технологиялык билим берʏʏ борборуна айлантуу.
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады