13 октября, 2025

Алина Абдашимова:  “Мекенге жетчʏ жер жок, жʏрɵгʏм дайым Кыргызстанда”

Италия кɵпчʏлʏк ʏчʏн романтика, мода, искусство ɵлкɵсʏ. Бирок ал ɵлкɵ кимдир бирɵɵ ʏчʏн – чоң сыноо, башкалар ʏчʏн – мʏмкʏнчʏлʏк. Мына ошолордун бири – азыркы кʏндɵ Болонья шаарында жашап жаткан мекендешибиз Алина Абдашимова. Ал ɵзгɵчɵ максат менен эмес, жɵн гана эжесине жардам берʏʏ максатында Италияга барган. Бирок тагдыр аны аталган мамлекетте калтырды.

Алина 1993-жылы 6-мартта Алай районунун Гʏлчɵ айылында тɵрɵлгɵн. Бир жашка чыккандан кийин ʏй-бʏлɵсʏ менен Ош шаарына кɵчʏп келишкен. Алты бир туугандын ортончусу болгон каарманыбыз бала чактан эле жигердʏʏ болгонун эскерет.

“Кɵп бала ɵссɵк да, ʏйдɵ ар кимдин ɵз орду, милдети бар болчу. Жаштайымдан ɵз алдынча болууга ʏйрɵндʏм”,  — дейт ал.

Орто билимди Ош шаарынан алып, кийин Ош соода-экономикалык колледжинде окуган. Андан соң Москвага иштегени барып келгенден кийин, ОшТУга тапшырып, окуусун сырттан уланткан. Ал эми 2017-жылы улуу эжеси Италияда эгиз балалуу болгондо, ага жардамдашуу ʏчʏн барып, бʏгʏн ошол жерде жашоосун улантып келет.

— Учурда эмне менен алектенесиз?

— Тɵрт жылдан бери Италияда ОСС болуп, карылар ʏйʏндɵ иштейм. Бул кесип “операторе социо санитарио” деп аталат. Кыргызча айтканда – социалдык жана санитардык кызматкер. Бул жумуш  жɵн гана бирɵɵгɵ жардам берʏʏ эмес, чоң жоопкерчилик. Биз жашоонун акыркы этабындагы адамдар менен иштейбиз. Ар бир карыянын ɵзгɵчɵлʏгʏ бар: бирɵɵ кыймылдай албайт, экинчиси эс тутумун жоготкон, дагы бири кɵңʏл бурууну кɵп талап кылат. Кээде алар сени ʏй-бʏлɵсʏндɵгʏдɵй жакын кɵрʏшɵт, кʏндɵ келип, кɵмɵктɵшкɵнʏңɵ ыраазы болушат. Бул иштин эң чоң сыйлыгы — ошол ыраазычылык.

Иш кʏнʏбʏз, адатта, 7-8 сааттан ашпайт. Ар дайым   экиден иштейбиз. Ɵзгɵчɵ техника, жардамчы аппараттар менен камсыз болгонбуз. Негизи эле бул ɵлкɵдɵ жумушчунун укугу так корголот. Эгерде узак мɵɵнɵттʏʏ келишимиң бар болсо жана жумушуңду так аткарып жʏрсɵң, сени эч ким оңой менен жумуштан айдап жибере албайт. Ɵзʏңдʏ ишенимдʏʏ сезесиң.

Андан сырткары, бош убактымда кошумча каражат табуу ʏчʏн маникюр жасайм. Бул да мага жагат. Сулуулук, эстетика менен иштешʏʏ дайыма кɵңʏл кɵтɵрɵт. Кээде ушул иш аркылуу башка кыргыздар же жергиликтʏʏ айымдар менен жакындан таанышып калам. Достошуп кеткен учурлар да болгон.

— Чет ɵлкɵдɵ жумуш табуу кыйын болбодубу?

— Чет ɵлкɵдɵ жумуш табуу, албетте, оңой эмес. Бирок жеке ɵзʏм чоң кыйынчылыкка туш болгон жокмун. Эң эле оор болгон жагдай — бул тил ʏйрɵнʏʏ жана менталитетке кɵнʏʏ болду. Башында айланамдагы адамдар менен тʏшʏнʏшʏʏ кыйын эле, жɵнɵкɵй сɵздɵрдʏ айта албай, тʏшʏндʏрɵ албай калчумун. Азыр тилди ʏйрɵнʏп, коомго аралашып, ɵзʏмдʏ эркин сезе баштадым. Бирок Европанын жашоо образы, ар кимдин ɵз оокаты менен алек болушу бизге караганда таптакыр башкача. Ошол ɵзгɵрʏʏлɵргɵ кɵнʏʏ убакытты, сабырды жана ийкемдʏʏлʏктʏ талап кылат.

— Жергиликтʏʏ элдин мамилеси кандай?

— Кыргызстанды билгендер аз. Кɵпчʏлʏк бизди кытай же жапон деп ойлошот. Тʏшʏндʏрʏп, Кыргызстан тууралуу айтып беремин. Негизинен жакшы эле кабыл алышат. Бир жолу борборго документ тапшырганы барсам, кезекте ар улуттун ɵкʏлдɵрʏ турат. Бир кытай кызы келип, мага кытайча сʏйлɵп баштады. «Мен кытай эмесмин» десем, уялып кечирим сурап кетип калды. Кийин бир филиппиндик кыз да мага сʏйлɵй баштады. Мен кайра эле “тʏшʏнбɵдʏм” дедим. Баары «бул кандай азиат болду экен?» деп ойлошту окшойт. Анан эки украин аял келип, ɵз ара орусча сʏйлɵшɵ баштаганда, мен дагы орусча сʏйлɵп жиберсем, баары таң калышып, «бул каяктан келген?» дегендей карашкан. (кʏлʏп)

— Диаспора жɵнʏндɵ эмне дейсиз?

— Болонья шаарында кыргыздар аз эмес, кɵбʏнчɵ улуу эжелерибиз иштейт. Диаспорабыз активдʏʏ — бири-бирибиз менен байланышып, майрамдарда, маанилʏʏ кʏндɵрдɵ чогулуп турабыз. Мекенди сагынып калганда же жардам керек болгондо дал ушул мекендештердин колдоосу баа жеткис. Ɵзʏңдʏ бɵтɵн жерде эмес, жакын адамдардын арасында жʏргɵндɵй сезесиң. Бул жерде кыргыздардын ынтымагы кʏчтʏʏ деп айта алам.

— Бош убактыңызда эмне кыласыз?

— Бош убактымда ɵзʏмɵ кɵңʏл бурууга аракет кылам. Мурда пилатеске барып жʏрчʏмʏн, азыр убакыт тар болгондуктан жетишпей калдым. Бирок кʏн сайын кечкисин ден соолукту чыңдоо максатында жок дегенде 2 сааттай жɵɵ басууга чыгам. Музыка угуп, денени жеңил гимнастика менен бошотуу маанайымды кɵтɵрɵт. Жумуштагы стрессти дал ушул жɵнɵкɵй нерселер менен жеңем.

— Кыргызстанды сагынасызбы?

— Албетте, Кыргызстанды абдан сагынам. Айрыкча улуттук тамактарды, элибиздин  мамилесин, тилибизди, ɵз жеримдин жытын сагынам. Мекенге барып келген сайын жʏрɵгʏм жеңилдеп калат, бирок кайра кеткенде жʏрɵктʏн бир бɵлʏгʏ ошол жакта калып кеткендей болот. Ɵзгɵчɵ чет жерде жʏргɵндɵ “ɵз ʏйʏңдɵй эч жер жок” деген сɵздʏн чындыгын терең сезет экенсиң.

Алина жашап жаткан Болонья — тарыхый шаар, Европанын билим жана маданият борборлорунун бири. Ал жакта жашоо деңгээли жогору, айлык акы да жакшы. Бирок ал баары бир жʏрɵгʏ Кыргызстанда экенин айтат.

“Бул жакта жашоо кымбат. Жакшы киреше табасың, бирок баасы да ошого жараша. Кыргызстанда болсо – аз тапсаң да баарына жетет. Ɵз тилиңде сʏйлɵйсʏң, досуң кɵп, ʏй-бʏлɵң жанында. Булардын орду эч нерсе менен алмашпайт”, – дейт ал.

Алинанын азырынча Кыргызстанга кайтуу планы жок. Бирок келечекте ʏй-жайлуу болуп, кээ бир максаттарды ишке ашыргандан кийин кайтып келʏʏ ниети бар.

“Италия мага кɵп нерсе ʏйрɵттʏ: эркин болууну, ɵз укугуңду билʏʏнʏ, кʏн сайын ɵзʏңɵ ишенʏʏнʏ. Бирок эң башкысы — кайда жʏрсɵм да кыргыз болуп кала береримди тʏшʏндʏм. Кайда жʏрбɵ, ким болбо — мекенди унутпа. Ар кʏнʏ ɵз максатыңа иште, ийгилик ɵзʏнɵн-ɵзʏ келбейт,” – деп кеңешин айткан Алина, ата-энесине жана баардык тааныштарына салам айтып, “Кыргызстанды жʏрɵгʏмдɵ сактасам, ал мага кайсы жерде болсом да кʏч берет,” – деп маекти жыйынтыктады.

About The Author