13 октября, 2025

Ош:  20-октябрдан  10-ноябрга чейин  Ош шаарында  айыл  чарбасын каттоо жʏргʏзʏлɵт

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ” №122 токтомун ишке ашыруу максатында Ош шаардык мэриясы тарабынан 2024-жылдын 11-апрелинде №471 токтому чыгарылып, айыл чарбасын каттоону уюштуруу жана ɵткɵрʏʏ ʏчʏн Ош шаарынын мэриясынын 22 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия тʏзʏлгɵн жана ушул жылдын 20-февралында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ боюнча иш-чаралардын  планы иштелип чыккан.

Ош шаардык статистика башкармалыгынын башчысы У. Мокеев билдиргендей, “жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн токтомдорду  ишке ашыруу максатында Ош шаардык статистика башкармалыгы тарабынан тʏзʏлгɵн планга ылайык иш-чаралар жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

“Азыркы учурда 9 координатор жумушка алынып, иштеп жатышат,   3-октябрдан 45 инструктор-контролер  233 каттоочу 13-октябрдан жумушка алынат. Иштейим деген Ош шаарынын жарандары ɵзʏңʏздɵр жашаган муниципалдык жана айылдык аймактарга кайрылсаңыздар болот.

Ош шаардык мэрия жана Ош шаардык статистикалык башкармалык тарабынан 4 жолу комиссиянын отуруму ɵткɵзʏлдʏ. Акыркысы 2025-жылдын 26-сентябрда ɵткɵрʏлʏп мекеме уюмдардын жетекчилерине, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына ɵздɵрʏнʏн жамааттарында, жыйындарда айыл чарбасын каттоо боюнча маалыматтарды жеткирʏʏ милдеттендирилди (Айрыкча билим берʏʏ жана саламаттыкты сактоо тармактарына)», — деди ал.

 Мокеев кошумчалагандай, Ош шаарындагы 6 муниципалдык жана 3 айылдык аймактык башкармалыктарда атайын бɵлмɵлɵр жана тиешелʏʏ эмеректер, оргтехникалар жана башкалар менен камсыздалган.

 “Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ” токтомун ишке ашыруу ʏчʏн Ош шаардык мэрия тарабынан  комиссиянын отуруму ɵткɵрʏлʏп, протоколдук тапшырмалар берилди.Тактап айтсак, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга ошондой эле жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Ош филиалы, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктары менен биргеликте чек араларды тактоо, кɵчɵлɵрдʏн жана турак жай массивтердин аттарын, ʏй чарбаларынын номурларын тартипке келтирʏʏ  иштер жʏргʏзʏлʏп аягына чыгып калды”, — деди Мокеев.

 Ош шаарынын башкы статистинин айтымында, азыркы учурда Ош шаарындагы, аймактардын, айылдардын админстративдик-аймактык чек араларын тактоо, алардагы кɵчɵлɵрдʏн жана турак жай массивтеринин аттарын, ʏй чарбаларынын номурларын тартипке келтирʏʏ, ʏйлɵрдʏн номердик белгилерин жана кɵчɵлɵрдʏн аталыштары жазылган табличкалардын болушун камсыздоо менен курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивтериндеги турак ʏйлɵрдʏ номурлар менен камсыздоо, кɵчɵлɵрдʏн аттарын жазуу иштери жʏрʏп жатат. Ал эми бузулуп (снос) кеткен жер ʏйлɵрдʏ жана башка айыл чарба каттоого тиешелʏʏ обьектилерди тактоо жумуштар МАБ жана ААБтар тарабынан такталып бʏткɵн.

“Ошондой эле Министирлер Кабинетинин “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык кɵрʏʏ  жɵнʏндɵ №122 токтому менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоого оз убагында жана сапатту даярдык кɵрʏʏ жана ɵткɵрʏʏ боюнча  негизги иштердин календардык планынын 5 жана 13 пунктарына ылайык, калктын арасында каттоонун максаттары боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатабыз — 27- баннерлер  даярдалып илинди. Ош шаарында жер ʏйлɵрдɵ жашаган жана айыл чарба жерлери, мал жандыктары,бакма канатуулары жана айыл чарба техникалары бар атуулдар каттоого барган каттоочуларга сураган суроосуна толук жооп беришиңиздерди ɵтʏнɵбʏз”, — деди У. Мокеев.

About The Author