Кыргыз почтасынын тарыхы терең жана бай. Байыркы мезгилдерде кат жана кабарлар араба же атчан чабармандар аркылуу жеткирилчʏ. Ал кезде байланыш каражаттары жɵнɵкɵй болсо да, элдер ортосундагы алаканы камсыз кылган негизги кʏч ошол почта кызматы болгон.
Совет мезгилинде Кыргыз ССРинин бирдиктʏʏ байланыш системасына кирип, каттар союздук маркалар менен жʏрдʏ. Ошол жылдары ɵлкɵдɵ почта тʏйʏндɵрʏ кеңейип, айылдарга чейин кат ташуу кызматы уюштурулду. Советтик маркаларда кыргыздын тоолору, жаратылышы жана белгилʏʏ инсандары да чагылдырылып, дʏйнɵлʏк альбомдорго кирген учурлар болгон.
Эгемендикке жеткенден кийин кыргыз почтасы ɵз алдынча ɵнʏгʏʏнʏн жаңы этабына чыкты. 1992-жылдын 4-февралында алгачкы улуттук марка жарык кɵрʏп, анда Сары-Челек коругунун кооз кɵрʏнʏшʏ менен кекилик сʏрɵттɵлгɵн. Бул кʏн — почта тармагынын тарыхындагы ɵзгɵчɵ барак болуп калды.
1993-жылы Кыргызстан Бʏткʏл дʏйнɵлʏк почта союзунун мʏчɵсʏ болуп, эл аралык байланыш системасына кошулду. Ушул кʏндɵн тартып «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы эл аралык стандарттарга ылайык иш жʏргʏзʏп, жаңы кызмат тʏрлɵрʏн киргизип, заман талабына ылайык жаңыланууга багыт алды.
Жыл сайын 9-октябрда белгилене турган Бʏткʏл дʏйнɵлʏк почта кʏнʏ — почта кызматкерлеринин талыкпас эмгегин эскерип, алардын коомдогу ордун даңазалаган ɵзгɵчɵ дата. Ар жылы бул кʏнʏ мыкты кызматкерлер сыйланып, алардын эмгегине коомчулук жогору баа берет. Бул салт мекенчилдик сезимин кʏчɵтʏп, “Кыргыз почтасынын” кадыр-баркын арттырууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун “Ош почтамт” филиалынын директору Бакытбек Шералиев менен болгон маекте биз бʏгʏнкʏ почта тармагынын абалы, жаңылануу багыттары жана кызматкерлердин эмгеги тууралуу сʏйлɵштʏк.

“Почтанын орду ар бир доордо бар”
— Азыркы санариптешʏʏ мезгилинде да почта кызматын колдонгондор арбын. Эл арасында «почта эски кызмат» деген тʏшʏнʏк бар, бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵ анын орду таптакыр башкача. Мисалы, сот органдары тарабынан жɵнɵтʏлгɵн расмий каттар сɵзсʏз тʏрдɵ кат форматында гана жиберилет. Бул — юридикалык документтин расмий кʏчʏн сактоо ʏчʏн маанилʏʏ шарт.
Мындан тышкары, акыркы жылдары жеткирʏʏ кызматы (доставка) абдан кʏч алды. Себеби, жаштардын кɵбʏ интернет дʏкɵндɵрдɵн буюртма берген товарларын дал эле «Кыргыз почтасы» аркылуу алдырышат. Ошондуктан мен ойлойм: кайсы доор болбосун, заман канчалык ɵнʏкпɵсʏн, почтанын ɵз орду ар дайым болот.
“Жаңы долбоорлор – жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵр”
— Азыркы учурда биздин жогорку жетекчилик тарабынан жаңы долбоорлордун ʏстʏндɵ тынымсыз иш жʏрʏп жатат. Анын ичинде эң маанилʏʏ жаңылыктардын бири — Кытай Эл Республикасы менен тʏздɵн-тʏз келишим тʏзʏлʏп, Кашкар шаарында “Кыргыз почтасынын” баалуу кагаздар кампасы ачылды. Бул — эл аралык сооданын жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн ачып, логистикалык байланыштарды жеңилдетет.
Ошондой эле Ош облусунун Каратай аймагында атайын почта зонасы ачылып жатат. Ал эми Бишкек шаарында электрондук соода аркылуу келген бардык товарларды сорттоочу эң чоң ишкана ишке кирди. Бул жерде Кытайдан жана башка мамлекеттерден келген товарлар тез жана сапаттуу тʏрдɵ иргелип, керектʏʏ даректерге жɵнɵтʏлʏʏдɵ.
Тоолуу райондордо да почта кызматтарын автоматташтыруу иштери жʏрʏп жатат. Максат — ар бир айыл тургуну ʏчʏн жеткиликтʏʏ, заманбап почта кызматын камсыз кылуу. Биз убакыттын талабына жооп берген, элге ыңгайлуу кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ максат кылабыз.
“Жаштар келʏʏдɵ, ардагерлерибиз ʏлгʏ болууда”
— Бʏгʏнкʏ кʏндɵ биздин “Ош почта” филиалына жаш кадрлар келе баштады. Бул кубанычтуу кɵрʏнʏш, анткени жаштар жаңы энергия, жаңы кɵз караш алып келет. Бирок ошол эле учурда биздин тармакта 40–45 жылдык тажрыйбасы бар ардагер кызматкерлерибиз да иштеп жатышат.
Алардын ичинде Галина Замелова Александровна, Мукарам Мойдунова эже сыяктуу эмгек сиңирген кызматкерлер бар. Мисалы, №16-почта бɵлʏмʏнʏн башчысы болгон Мукарам Мойдунова эжебиз 45 жылдан ашык убакыттан бери элге тынымсыз кызмат кылып келет. Бул адамдар — жаштар ʏчʏн ʏлгʏ, мекенчилдик менен берилгендиктин чыныгы кɵрсɵткʏчʏ.
“Элге кызмат — ар бирибиздин сыймыгыбыз”
Шералиев Бакытбек мырзанын айтымында, почта кызматкеринин иши – элге кызмат кылуу, байланыш тʏзʏʏ жана ишеним кɵрсɵтʏʏ менен бааланат.
— Биз ар бир катты, ар бир посылканы ɵз убагында жеткирʏʏнʏ гана эмес, элдин ишенимин сактоону эң башкы милдет деп эсептейбиз. Почта – бул жɵн гана кат ташуучу эмес, ал эл менен мамлекетти, жаран менен дʏйнɵнʏ байланыштырып турган кɵпʏрɵ, — дейт Бакытбек Акимжанович.
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды