18 апреля, 2024

Баскетбол

Баскетбол оюну дʏйнɵнʏн бардык булуң-бурчтарына тараган спорт тʏрʏ.  Ɵзгɵчɵ популярдуулукка ээ болгондуктан, дʏйнɵнʏн бардык жерлеринде аны спорт оюну катары эсептешет. Негизи эле бул оюндун негиздɵɵчʏсʏ ким болгон? Мына ушул суроолор кɵпчʏлʏктʏн оюна келе бербейт. Анда эмесе биз сɵздʏн нугун ушул багытка буралы. 

БАСКЕТБОЛДУН ЖАРАЛЫШЫ

Канадалык доктор Жеймс Нейсмит баскетбол оюнунун тʏзʏʏчʏсʏ катары бʏткʏл дʏйнɵгɵ таанымал болгон. Ал 1861- жылы Ремсей шаарчасында тɵрɵлгɵн. Мектепте окуп жʏргɵн кʏндɵрʏнʏн биринде  “duck- on- a- rock” оюнун кɵргɵнʏ барат. Оюнду карап отуруп анча чоң эмес таш менен бийиктикте турган чоңураак ташты уруу кыймылын кɵрɵт. Бул кыймыл анын аң сезимине ɵзгɵчɵ таасир калтырат. Ошондон тартып жаңы спорт оюнун тʏзʏп чыгуу ою пайда болот. Кийин колледжде окутуучу – профессор болуп иштеп жʏргɵн кезинде бир тʏйшʏктʏʏ маселеге дуушар болот. Бул учурда Массачусетс штатында футбол жана бейсбол оюндары боюнча мелдеш ɵтʏп жаткан эле. Кыш мезгили болгондуктан мелдеште бир топ кыйынчылыктар жаралат. Ошондон улам Жеймс Нейсмит ɵзʏ тʏзʏп жаткан оюнду жабык имаратка ылайыкташтырууну чечет. Мунун жакшы жери оюнду ɵткɵрʏʏ жыл мезгилинен жана аба ырайынын бузулушунан кɵз каранды эместигинде.  1891- жылы декабрь айында Жеймс Нейсмит ɵзʏ тʏзʏп чыккан аталышы жок оюнду ɵткɵрɵт. Алгачкы оюн футбол тобу менен ойнолуп, залдын эки тарабындагы балкондун тосмосуна жɵнɵкɵй эле себет орнотулат. Эки командада тогуздан бала болуп, жалпысынан 18 студент ойнойт. Жеймс ɵзʏ тʏзʏп чыккан оюндун эрежелерин кагазга жазып, дубалдын бетиндеги тактага илип койгон. Эреже жалпысынан 13 бɵлʏктɵн турган. Оюн ийгиликтʏʏ ɵтʏп, кɵпчʏлʏктʏн купулуна толгон. Бирок оюндун аягында баягы эреже жазылган барак кʏтʏʏсʏздɵн жоголуп кетет. Кɵп кʏн ɵтпɵй эле эреже барагын уурдаган адам белгилʏʏ болот. Ал Нейсмиттин студенттеринин бири Франк Мейхон болуп чыгат. Мейхон ɵзʏнʏн мугалимине тɵмɵнкʏчɵ жооп берет: “Аны мен алгамын. Анткени бул оюн кɵптɵгɵн ийгиликтерге жетишерин билгемин. Ошондуктан бул баракты мен азем белек катары алып кеткемин. Бирок, менимче, бул барак сизге тийиштʏʏ болушу кажет.”  Баскетбол оюну кɵпчʏлʏк элди кызыктырып, купулга толот. Кийинчерээк ɵзгɵчɵ популярдуулукка ээ болуп, бʏт дʏйнɵгɵ тарап кетет. 1936- жылы олимпиада оюндарынын катарына кабыл алынып, Берлинде ойнолгон.

БААРЫНАН  КЫЗЫГЫ

Эң эле кызыгы – баскетбол оюнун биздин заманга чейин 10 – кылымда эле ойношкон.  Мексикадагы археологиялык табылгалардан тɵмɵнкʏлɵр белгилʏʏ болгон. Оюн аянтчасы 147 метр узундукта болуп, кɵрʏʏчʏлɵр  8- 8, 5 метр бийиктиктеги трибунадан кɵрʏшкɵн. Алар ойногон топтун чоңдугу адамдын башынчалык кɵлɵмдɵ болуп, лит каучугунан жасалган. Ал эми оюндун аты  “Пок-та-пок” деп аталган. Илимий чɵйрɵдɵ кийинчерээк белгилʏʏ болгон маалыматтарга караганда, баскетбол оюну 16- кылымда да индеецтердин ацтек уруусу ойногон. Мурункулар сыяктуу эле алар да каучук тобун пайдаланышкан. Оюн эрежелери болсо бʏгʏнкʏ баскетболдон анча айырмаланган эмес. Бирок мезгилдин ɵтʏшʏ менен бул оюн унутта калып, кийин Жеймс Нейсмиттин чыгармачылыгынын аркасында кайра жаралуу бактысына ээ болгон.

ПАЙДАЛУУ  ЖАКТАРЫ

Баскетбол ɵтɵ кыймылдуу оюндардын катарына кирет. Баскетболдогу кыймылдарды санай келсек: чуркоо, басуу, токтоо, бурулуу, секирʏʏ, ыргытуу, топту башкаруу, аны алып жʏрʏʏ, каршылашы менен жекеме- жеке кармашуу, алдашуу. Мындай кɵп тʏрдʏʏ кыймыл организмдеги системалардын иштешин жана зат алмашууну жакшыртат. Бул оюндун тарбиялык мааниси да зор. Баскетбол менен алектенʏʏ туруктуулуктун,  чечкиндʏʏлʏктʏн, кайраттуулуктун, батымдуулуктун, эл арасында ɵзʏн эркин алып жʏрʏʏнʏн калыптануусуна кɵмɵк берет. Бирок бул тарбиялоо процесси адеп- ахлактык тарбия менен айкалышканда гана ɵз жемишин берет. 

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ  БАСКЕТБОЛ БАЯНЫ

Баскетбол оюну Ала-Тоо аймагына 1927-жылы кадам таштап, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин ойнолуп келʏʏдɵ. Ошол кʏндɵн тартып кыргыз баскетболу телчигип, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары ɵнʏгʏʏ бактысына ээ болгон.  1949- жылы ɵспʏрʏмдɵр ʏчʏн баскетбол мектеби ачылып, Кыргызстандын кɵпчʏлʏк аймактарында спорт залдары курулган жана ар бир спорт залында баскетбол секциялары жигердʏʏ иш жʏргʏзʏшкɵн. Кɵпчʏлʏк баскетбол секциясында жогорку квалификациялуу машыктыруучулар иштешкен. Кыргызстандын шаарларында бʏткʏл союздук жана республикалык мелдештер ɵткɵрʏлʏп турган. Бул ɵз кезегинде кʏчтʏʏ атаандашдыкты жаратып, курч мʏнɵздɵгʏ баскетбол таймашы келип чыккан. Натыйжада кыргыз баскетболу тездик мегнен ɵнʏгɵ баштаган. Ошондон улам кыздар командасы эки жолу СССР чемионатында жогорку лигада ойноого жетишкен. Ал эми балдар командасы ɵз убагында 1-лигадагы бирден-бир кʏчтʏʏ командалардан болуп турган.  1969- жылы жаштар командасы СССР биринчилигинде кʏмʏш медалды, кыздар командасы  Бʏткʏл союздук универсиядада 1-орунду,  Азия чемпионатында 5-орунду жеңип алган. Улам бир жогорку бийиктиктерди багындырып келе жаткан кыргыз баскетболу дагыда нечендеген бийиктиктерди багындыруу алдында болуучу. Бирок СССРдин кулашы менен кыргыз баскетболунун ɵнʏгʏʏсʏ кан буугандай токтогон. 2013- жылы борбор калаабызда балдар жана кыздар командасынын 1- спартакиадасы ɵткɵрʏлʏп,  Чʏй жана Ош облустарынын спортчуларынын беттешʏʏсʏ менен  баскетбол мелдеши ɵткɵрʏлгɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кыргыз баскетболу оор учурду башынан ɵткɵрʏп келʏʏдɵ. Каржылоонун ɵтɵ аздыгы, демɵɵрчʏлɵрдʏн жоктугу, спорт мектептеринин аздыгы, балдар менен иштɵɵчʏ профессионал машыктыруучулардын ɵз кызматын таштап кетʏʏсʏ,  машыктыруучулардын эмгек акысынын аздыгы, баскетбол боюнча ɵлкɵ чемпионатынын ɵткɵрʏлбɵшʏ кыргыз баскетболунун кендирин кесʏʏдɵ. Кɵйгɵйлɵрдʏн кɵптʏгʏнɵн улам кыргыз баскетболу кенен канат жайып кете албай, чеке жылытаарлык ийгиликтерди жарата албай келет.

КЫЗЫКТУУ   ФАКТЫЛАР

-Алгач баскетбол оюнунда топту шакекчеге эмес, себетке салышкан жана ар бир упайдан кийин тепкич менен чыгып, топту алып тʏшʏп турушкан. 

-Майкл Жордан 1992- жылы Барселонада ɵткɵн олимпиадада алтын медалды жеңип алган жана Американын желегин желбиреткен. Чемпион ʏчʏн  Американын желегин желбиретʏʏ бир гана мекенчилдик сезимден эмес, Nike фирмасы менен тʏзгɵн контракттан улам келип чыккан. Анткени анын спорттук кийиминде фирманын логотиби болуп саналган Reebok деген жазуу болгон.

— Карим  Абдул- Жаббар NBAда 20 сезон ойноп, дʏйнɵдɵгʏ эң кɵп упай топтогон баскетболчулардын катарына кирген. Ал 20 сезондо 38 387 упай топтогон. 

-1962- жылы 2- мартта филадельфиялык оюнчу Уилт Чемберлен бир эле оюнда 100 упай  топтогон.  Бул оюнда ал  Нью- Йоркко каршы чыккан.

Сыдык Токонов