Ош шаарынын борбордук стадиону — тʏштʏк аймагынын эң ири, эң тарыхый жана эң маанилʏʏ спорттук жайларынын бири болуп саналат. Бул стадион 1967-жылы курулуп, жарым кылымдан ашуун убакыттан бери миңдеген кʏйɵрмандарды, спорт сʏйʏʏчʏлɵрдʏ жана спорттун ар тʏрдʏʏ тʏрлɵрʏ менен машыккан жаштарды кабыл алып келет. Акыркы жылдары мамлекеттин ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруусу жана жергиликтʏʏ бийликтин колдоосу менен бул тарыхый жай толугу менен жаңыланып, заманбап спорттук инфраструктурага айланды. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ал Ош шаарынын гана эмес, бʏтʏндɵй тʏштʏк аймагынын сыймыгы жана элдин машыга турган жайына айланды. Ушул жана башка маселелер боюнча стадиондун жетекчиси Мирлан Бакиров менен маек курдук.

-Мирлан мырза, ɵзʏңʏз тууралуу жана стадиондогу ишмердʏʏлʏгʏңʏз жɵнʏндɵ айтып берсеңиз?
-Мен, Мирлан Бакиров, Ош шаарынын борбордук стадионунун директору болуп 2024-жылдын июнь айынан бери иштеп келем. Бул кызмат мен ʏчʏн чоң жоопкерчилик менен бирге чоң сыймык. Себеби, бул стадион Ош элинин, ал тургай бʏтʏндɵй тʏштʏк аймагынын спорттук жʏрɵгʏ болуп эсептелет. Бул жерде нечендеген оюндар, тарыхый беттештер, спорттук мелдештер жана элдин эсинде калган концерттер ɵткɵн. Азыр болсо ал заманбап талаптарга жооп берген, ар тараптан жаңыланган спорттук жай болуп калды.
-Стадион качан курулуп, кандай ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ башынан ɵткɵрдʏ?
-Борбордук стадион 1967-жылы курулуп, ошол эле жылы ишке берилген. Ушул кʏнгɵ чейин ʏзгʏлтʏксʏз иштеп келе жатат. Бул жайдан кыргыз футболунун ɵнʏгʏшʏнɵ зор салым кошкон, ондогон профессионал оюнчулар спорттук жолун баштаган.
Кɵп жылдар бою стадион эскилиги жетип, инфраструктурасы кейиштʏʏ абалга кептелген эле. Ошондуктан ɵлкɵ жетекчилиги – президентибиз Садыр Нуркожоевич жана генерал Камчыбек Кыдыршаевичтин [Министрлер кабинетинин тɵрага орун басары – УКМКнын тɵрагасы ] жеке тапшырмасы менен 2020-жылдан тарта чоң реконструкция иштери башталган. Бир нече жылдык талыкпас эмгектен кийин стадион толугу менен жаңыланып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ эл аралык деңгээлдеги форматка ээ болду.
-Реконструкциялоо иштеринин каржылык жагы тууралуу эмне айта аласыз?
-Негизги курулуш жана оңдоо иштерин Ош шаардык капитальдык курулуш башкармалыгы (УКС) жʏргʏзгɵн. Алар тендер ɵткɵрʏп, компанияларды тарткан. Ошондуктан, жалпы каржы кɵлɵмʏ боюнча так маалымат менде жок. Бирок негизги нерсе – жумуштардын сапаты.
Оңдоп-тʏзɵɵ иштери эл аралык стандарттарга ылайык аткарылып, заманбап жабдуулар орнотулду. Мисалы, жеңил атлетика ʏчʏн атайын чуркоочу аянтча, ыңгайлуу отургучтар, жогорку сапаттагы жарык берʏʏ системасы жана коопсуздук кɵзɵмɵлʏ орнотулду. Стадиондун ар бир майда-бараты ойлонулуп жасалган.


-Стадиондун сыйымдуулугу жана артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?
-Азыр стадион 11 600 кɵрʏʏчʏнʏ батыра алат. Бул кɵрсɵткʏч боюнча Кыргызстандагы экинчи чоң спорттук арена болуп эсептелет. Жаңы стадиондор курулуп жаткандыктан, келечекте орун жагынан ʏчʏнчʏ болуп калышыбыз мʏмкʏн, бирок биз ʏчʏн негизги максат — сапат жана ыңгайлуулук.
Жаңы трибуналар, видеокɵзɵмɵл системалары, ɵрт жана коопсуздук сигнализациялары орнотулуп, оюн талаасы гибриддик чɵп технологиясы менен жабдылды. Бул чɵп тʏрʏ климаттык шартка туруктуу жана футбол оюндары ʏчʏн эң ылайыктуу.
-Стадион кимдер ʏчʏн кызмат кылат жана азыр кандай иш-чаралар ɵтʏʏдɵ?
-Учурда стадиондо негизинен Ош шаарынын сыймыгы болгон “Алай” футболдук клубу машыгат жана ɵз оюндарын ɵткɵрɵт. Талаанын сапатын сактоо максатында башка клубдарга жана спорттук эмес иш-чараларга уруксат берилбейт. Буга чейин стадиондо ар кандай концерттер, чоң жыйындар ɵтʏп келген болсо, азыр гибриддик чɵп менен жабылгандыктан, ал футбол ʏчʏн гана пайдаланылууда. Ошондой эле стадион аймагында жаштар ʏчʏн атайын футболдук академиянын машыгуу базасы тʏзʏлгɵн. Бул жерде жаш таланттар, “Алайдын” ар тʏрдʏʏ курактагы («Алайдын» 13, 14, 16, 17 жаштагы балдардын куралган командалары)командалары жана жаштар лигасынын ɵкʏлдɵрʏ машыгышат. Бул – келечек муунду спортко тартуунун эң мыкты жолу.

-Стадиондун учурдагы абалы жана жакынкы келечекке пландары тууралуу айтып берсеңиз?
-Азыр стадион дээрлик толук бʏткɵн. Аз гана иштер калды – атлеттер ʏчʏн чуркоочу аянтчанын акыркы катмары тɵшɵлʏʏдɵ. Ал бʏткɵн соң биз эл аралык деңгээлдеги мелдештерди ɵткɵрʏʏгɵ толук даяр болобуз.
-Сиздерди ким каржылайт жана жеке сектор менен иштешʏʏ барбы?
-Стадион Ош шаардык мэриясынын карамагында болгондуктан, негизги каржылоо да жергиликтʏʏ бийлик тарабынан жʏргʏзʏлɵт. Учурда жеке сектор менен кызматташуу аз, бирок келечекте демɵɵрчʏлɵрдʏ тартуу, ɵнɵктɵштʏк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландар бар. Бул багытта сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏʏдɵ.
-Келечектеги долбоорлор тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
-Азыркы максат — стадионду гана эмес, анын айланасын да заманбап спорттук борборго айлантуу. Ал ʏчʏн атайын футбол академиясын куруу долбоору даярдалууда. Академияда жаш таланттарды тарбиялап, келечектеги улуттук кураманын оюнчуларын ɵстʏрʏʏ максаты бар. Мындан тышкары, стадиондун аймагында спорт дʏкɵнʏ, фитнес-зал, жана эс алуу зонасын куруу боюнча сунуштар берилген. Бул – элдин спорт менен активдʏʏ жашоого болгон кызыгуусун арттырат.

-Жаштарды спортко тартуу боюнча кɵз карашыңыз кандай?
-Акыркы жылдары жаштар арасында ар кандай терс кɵрʏнʏштɵр кɵбɵйʏп жатканын баарыбыз билебиз. Биздин максат — спорт аркылуу жаштарды туура жолго багыттоо. Ар бир ата-эне баласын жаштайынан спортко кызыктырып, машыктырууга умтулушу керек. Спорт жɵн гана дене тарбия эмес — бул тарбиянын эң кʏчтʏʏ формасы. Ал адамды тартипке, чыдамкайлыкка, эмгекчилдикке ʏйрɵтɵт. Эгер ар бир ʏй-бʏлɵ спортту жашоо маданияты катары кабыл алса, анда коомубуздун келечеги дагы жарык жана ден соолуктуу болот.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек