ОшМУнун медициналык колледжи бʏгʏн дʏйнɵлʏк билим берʏʏ мейкиндигине кадам таштап, Швейцария, Германия жана Тʏштʏк Корея сыяктуу ɵлкɵлɵр менен тыгыз кызматташууда. Колледждин директору Замирбек Арынов менен болгон маегибизде билим сапаты, практика жана келечектеги пландар тууралуу ой бɵлʏштʏк.

— Замирбек Сапарбаевич, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵлкɵдɵгʏ эң чоң орто медициналык окуу жайлардын бири болуп калды. Алгач колледждин тарыхына кайрылсак.
— Биздин окуу жайдын тарыхы 2002-жылдан башталат. Ошол жылы ОшМУнун медициналык факультетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен, министрликтин уруксаты жана ректордун буйругу боюнча медициналык окуу борбору ачылган. Бир жылдан кийин, 2003-жылы бул борбор “медициналык училище” болуп ɵзгɵртʏлʏп, 2008-жылы “медициналык колледж” статусуна ээ болгон.
Ошентип, быйыл биздин колледжге 23 жыл толду. Мен бул жамаатты 2021-жылдан бери жетектеп келем. Учурда 2800дɵн ашык студентибиз жана 178 окутуучубуз бар. Алардын ичинен тогузу — медицина илимдеринин кандидаттары, билим берʏʏнʏн жана саламаттыкты сактоонун отличниктери.
— Колледждин ишмердʏʏлʏгʏнʏн негизги максаты эмнеде?
— Биздин миссия — заманбап медициналык билимге ээ, адамдык баалуулуктарды сыйлаган адистерди тарбиялоо. Колледждин эң башкы баалуулугу — жамаат жана студенттер. Алар биздин негизги кʏчʏбʏз. Биз ачыктыкты, лидерликти, жаңычылдыкты, ɵнʏгʏʏнʏ жана командалык духту башкы принцип катары кабыл алганбыз.

— Учурда эл аралык кызматташуу да активдʏʏ жʏрʏп жатат экен ээ?
— Ооба. Акыркы ʏч жылдан бери биз Швейцариянын “МЭР” долбоору менен иштеп жатабыз. Бул долбоордун негизинде эксперименталдык “Медайымдык иш” адистиги боюнча жаңы форматтагы студенттерди даярдоону жолго койдук. Кыргызстан боюнча болгону беш колледж ушул долбоордун алкагында иш жʏргʏзɵт — ОшМУнун медициналык колледжи, Ɵзгɵн эл аралык медициналык колледжи, Бишкек, Токмок жана Нарын медициналык колледждери.
Бул долбоордун максаты — медайымдык кесипти эл аралык стандартка алып чыгуу жана сапаттуу орто медициналык адистерди даярдоо. Себеби, бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵдɵ да, Кыргызстанда да медайымдар жетишсиз. Азыркы учурда ɵлкɵдɵ 2000дей фельдшер жетишпейт. Муну мамлекеттин деңгээлинде чечмейин бул кɵйгɵй жоюлбайт.
Студенттерибиздин кɵбʏ контракттык негизде окушат, ошондуктан аларды белгилʏʏ бир аймакка милдеттʏʏ тʏрдɵ жɵнɵтʏʏ мʏмкʏн эмес. Эгер студенттер бюджеттик негизде окуса, бʏтʏрʏʏчʏлɵрдʏ айыл жергесине милдеттʏʏ тʏрдɵ жɵнɵтʏʏгɵ мʏмкʏн болмок. Азыр кɵпчʏлʏк жаштар шаарда иштеп калгысы келет. Айылдагы айлык аз — медайым менен фельдшердин эң жогорку маянасы 15 миң сомдун тегерегинде.

Бирок жакшы жаңылык да бар: жакында Тʏштʏк Кореянын Инчхон шаарынан келген ɵкʏлдɵр биздин студенттерди ишке чакырып жатышат. Алар карыларды карап, айына 3000 долларга чейин маяна алуусун убадалашууда. Биздин бʏтʏрʏʏчʏлɵрдʏн айрымдары Германияда иштеп жатышат — алар 250–350 миң сом айлык алышууда. Чет ɵлкɵдɵ иштɵɵ ʏчʏн студенттерибиз тил ʏйрɵнʏп, лицензия алуу жолунда даярданып жатышат. Германия, Япония, Тʏштʏк Корея — бул ɵлкɵлɵрдɵ биздин бʏтʏрʏʏчʏлɵр иштеп жатканы биз ʏчʏн сыймык.
— Колледждин билим берʏʏ процессинде практикага кандай кɵңʏл бурулат?
— Практика — биздин билим берʏʏ процессинин эң маанилʏʏ бɵлʏгʏ. Ансыз билим курулай теория бойдон калып калат. Ошондуктан студенттердин практикалык кɵндʏмдɵрʏн ар тараптуу ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурабыз.
Биздин студенттер Ош шаардык ооруканасында, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, тɵрɵт ʏйлɵрʏндɵ, ОшМУнун клиникасында жана башка райондук ооруканаларда практика ɵтʏшɵт. Ар бир адистик ʏчʏн атайын лабораториялар жабдылган.

Мисалы, “Медайымдык иш” адистигиндеги студенттер манекендерде веналык жана булчуң ичине инъекция жасоону ʏйрɵнʏшɵт. Ал эми “Фармация” адистигиндегилер дарыкананын макетинде иштеп, “1С” программасын ɵздɵштʏрʏшɵт — анткени бʏгʏнкʏ кʏндɵ бардык дарыканалар дал ушул программа аркылуу иш алып барышат.
Студенттерди реалдуу шартка даярдоо максатында биз “мини-практика” системасын киргизгенбиз. Практикага чыгаардан мурда алар машыгуу залында жана манекендерде машыгышат. Ошол машыгуулардан кийин гана бейтаптар менен иштɵɵгɵ уруксат берилет.
Мындан тышкары, колледж “Медикана Плюс” лабораториясы менен кызматташуу келишимине ээ. Студенттер ал жакта практика ɵтɵшʏп, окууну аяктагандан кийин кɵпчʏлʏгʏ ошол эле жерде ишке орношууда.
-Санариптик тиркемелер дейбизби, деги эле ɵлкɵдɵ бардык документтик иштерди санариптештирʏʏ процесси жʏрʏʏдɵ. Бул жаатта силерде абал кандай?
-Бʏгʏн колледжге санарип системалары кеңири киргизилген. Окутуу кредиттик технологиянын негизинде жʏргʏзʏлɵт. “ОшМУ студент” деген тиркеме аркылуу ата-эне баласынын сабакка катышуусун, бааларын кɵрɵ алат — баары ачык-айкын. Окутуучулар “MYedu” платформасында электрондук журнал менен иштешет. Эгер студент сабакка келбесе, анын «кж” (келбɵɵ) саны кɵбɵйʏп, модулга кире албай калат. Коррупциялык элементтерди жоюу максатында экзамендер толугу менен компьютер аркылуу ɵтɵт.

-Агай, айтсаңыз, ар бир ЖОЖдо студенттерди шыктандыра турган иш-чаралар байма-бай ɵтɵт. Менин билишимче сиздерде да бул ыкма бар. Ал кандайча ишке ашары мага кызык болууда. Анан калса чет ɵлкɵлʏк ЖОЖдор менен келишим тʏзʏлʏп, студенттердин тажрыйба алмашуусу сыяктуу программалар да азыр кеңири жайылган.
-Колледжде жыл сайын студенттер арасында ички олимпиадалар ɵткɵрʏлɵт. Жеңʏʏчʏлɵр республикалык деңгээлге чыгышат. Ɵткɵн жылы “Фармация” жана “Медайым иши” адистиги боюнча эки студент кыз 1-орунду багындырып келишкен.
Студенттик жана окутуучулук мобилдʏʏлʏк да ишке ашып жатат. Мисалы, биздин бир студент бир семестрге Кызыл-Кыя медициналык колледжине окууга кеткен. Ал эми окутуучубуз Бакиров Нурлан Жалал-Абат медициналык колледжинде бир ай тажрыйба алмашып, конок лекцияларды окуп келди.
Мындан тышкары, Ɵзбекстан жана Казакстан менен да меморандумдар тʏзʏлгɵн. Быйыл Германиянын Бавария жергесинин Кам шаарындагы медициналык окуу жай менен меморандумга кол коюлуп, тɵрт студентибиз бир жарым айлык окууга жɵнɵдʏ. Тʏштʏк Корея менен да кош диплом берʏʏ боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏп жатат.
Андан сырткары, Казакстан, Ɵзбекстан жана Россиядагы бир катар медициналык колледждер менен кызматташуу жолго коюлган. Студенттер онлайн конференцияларга катышып, мугалимдер тажрыйба алмашуу программаларына чыгышат. Мисалы, жакында эле биздин окутуучулар Ɵзбекстанда ɵткɵн эл аралык форумга барып келишти. Бул — колледждин гана эмес, жалпы ОшМУнун кадыр-баркын кɵтɵргɵн кɵрʏнʏш.
— Ар бир иште ийгилик менен катар кɵйгɵй да болот. Учурда сиздерди эмне тʏйшɵлтʏп жатат?
— Биздин эң чоң кɵйгɵй — имарат маселеси. Азыркы окуу имаратыбыз мурда жатакана болгон, типтʏʏ окуу жай эмес. Эл аралык конокторду чакыргандан уялабыз. Казакстандын Талды-Коргон шаарындагы жогорку медициналык колледжине барганда, алардагы шартты кɵрʏп, суктанып келдик. Биз дагы ошондой деңгээлге жетсек дейбиз.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ колледжде студенттердин билим алуусуна шарт тʏзʏлгɵнʏ менен, айрым негизги окутуу жабдуулары жетишпейт. Бизде анатомикалык “Пирогов” машыгуу залы жок. Ал ОшМУнун медицина жана эл аралык медициналык факультеттеринде бар, бирок бизде жок.
Кыйынчылыктар бизди токтотпойт. Биз кандай шарт болбосун, билимдин сапатын тʏшʏрбɵй ишибизди уланта беребиз. Бирок заманбап лаборатория, анатомиялык борбор жана китепкана курулуп берилсе, студенттерибиздин деңгээли дагы да жогоруламак. Материалдык-техникалык база студенттин да, окутуучунун да ишине тʏздɵн-тʏз таасир этет.
— Замирбек агай, соңку суроо. Медициналык билим берʏʏнʏн келечеги тууралуу кандай ойлойсуз?
— Биздин заманга жогорку билимдʏʏ дарыгерлер гана эмес, ишин мыкты билген орто кесиптеги медициналык адистер кɵбʏрɵɵк керек. Чет ɵлкɵлɵрдɵ дал ошолор бааланат. Биз ошол деңгээлдеги кадрларды даярдоого багыт алып баратабыз.
Айнура Валижанова

Окшош макалалар
“Медиага болгон басым жана жашыруун цензура байкалууда”: Азыркы журналистиканын абалы
Акжол Карыбаев: “Пландуу ɵчʏрʏʏлɵр болбойт”
Алайдагы 10 адамдын ɵмʏрʏн алган жол кырсыгынан кийин жер-жерлерде тʏшʏндʏрʏʏ иштери кʏчɵтʏлдʏ