1 марта, 2026

Алайдагы 10 адамдын ɵмʏрʏн алган жол кырсыгынан кийин жер-жерлерде тʏшʏндʏрʏʏ иштери кʏчɵтʏлдʏ

30-31-октябрь кʏндɵрʏ Алайда жол кырсыгы катталып, 10 адамдын ɵмʏрʏн алды. Бул каргашадан кийин жол кайгуул кызматкерлери жол кырсыгын алдын алуу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин кʏчɵттʏ.

«Алайдагы кырсыктан мурун деле, кийин деле кʏчɵтʏлгɵн тартипте жол коопсуздугу боюнча рейддер жʏрʏп, тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрдʏ. Азыр деле жʏрʏп жатат. Жер-жерлерге барып, эл менен жолугуп, мечиттерге барып, ал жерлерде жол коопсузду боюнча, кырсктарды алдын алуу боюнча байма-бай тʏшʏндʏрʏʏ компанияларын ɵткɵрʏп турабыз. Андай иштер ар дайым уланат жана дагы деле жʏрʏʏдɵ», — деди Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бɵлʏмʏнʏн басма сɵз катчысы Замирбек Бакыев.

Ош облусу боюнча акыркы 10 айда 706 жол кырсыгы катталып, 98 адам адам каза болуп, 1 миң 177 адам жараат алган. 706 жол кырсыгынын ичинен 213 жол кырсыгы ɵспʏрʏмдɵрдʏн катышуусунда (балдар автоунаанын ичинде жʏргʏнчʏ катары болгон учурлар арбын) орун алып, 18 бала каза болуп, 241и жараат алган.

«Жол кырсыгын алдын алуу боюнча иштер кʏн сайын жʏрʏп жатат. Кʏн сайын инспекторлор план тʏзʏп, элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатышат. Ошондой эле жɵɵ жʏргʏнчʏлɵргɵ тынымсыз жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктɵрдɵн абайлап ɵтʏшʏ керектиги боюнча эскертʏʏлɵрдʏ берип жатабыз», — Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сɵз катчысы Эржигит Паизов.

 Ош шаары боюнча 10 айда 225 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 288 жаран жараат алган. 225 жол кырсыгынын ичинен 72 жол кырсыгы балдардын катышуусунда  болуп, 3 бала кɵз жумуп, 81и жараат алган.

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны тынчсыздандыраарлык деңгээлде кɵбɵйʏʏдɵ. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын алгачкы сегиз айында ɵлкɵ боюнча 5 393 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 540 адам каза болуп, 7 964 киши ар кандай жаракат алган. Бул кɵрсɵткʏч ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3 пайызга кɵп.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кырсыктардын кɵбɵйʏшʏнɵ айдоочулардын жоопкерсиздиги, ылдамдыкты ашыруу жана мас абалда унаа башкаруу негизги себеп болуп жатат.

ИИМ айдоочулардын жоопкерчилигин кʏчɵтʏʏ максатында жаңы мыйзам долбоорун сунуштоодо. Анда: документи жок же ичкилик ичип унаа айдагандарды жетиге чейин, мас абалында жол кырсыгына себеп болгондорду 20 кʏнгɵ чейин камакка алуу, айдоочулук кʏбɵлʏгʏ жок туруп мас абалында машина айдагандарды 10 кʏнгɵ чейин камакка алуу сунушталган.

Учурда мындай учурлар ʏчʏн айыпкер ʏч кʏнгɵ камалат. Ошондой эле иштеп жаткан мыйзам боюнча мас абалында автоунаа башкарган адам бир жылга айдоочулук кʏбɵлʏктɵн ажыратылат.

Жаңы ɵзгɵртʏʏгɵ ылайык, мас абалында кармалгандарды эки жылга, ал эми мындай жорук кайталанса тɵрт жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Мындан тышкары, мас абалында башкарылган автоунаа убактылуу алынат.

Расмий маалыматтарга караганда, 2024-жылдын 11 айында Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 640 адам каза болуп, 9 миңге жакын адам жаракат алган.

ИИМдин ɵкʏлдɵрʏ коомчулукту жол эрежелерин так сактоого чакырып, ар бир айдоочунун жоопкерчилиги адам ɵмʏрʏн сактап кала аларын эскертишти.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бɵлʏмʏнʏн басма сɵз кызматынын маалыматына караганда, облус боюнча тʏрдʏʏ иш-чаралар, рейддер тынымсыз ɵтʏʏдɵ.

Алсак, жʏк ташуучу унаалардын жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирʏʏчʏ бузук тетиктерине, ɵз алдынча орнотулган кошумча жабдыктарына, ошондой эле айдоочулар тарабынан автоунааларды жана алардын чиркегичтерин токтотуу эрежелеринин сакталуусуна кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ менен жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2025-жылдын 3–7-ноябрь кʏндɵрʏ Ош облусунун аймагында “Жʏк ташуучу автоунаа” аталыштагы алдын алуу иш-чарасы ɵткɵрʏлдʏ.

Иш-чаранын алкагында тɵмɵнкʏ багыттарда иштер жʏргʏзʏлдʏ:

• жʏк ташуучу автоунаалардын техникалык абалы текшерилʏʏдɵ;

• ɵз алдынча орнотулган кошумча жарык жана ʏн жабдыктары аныкталууда;

• жʏк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталуусу кɵзɵмɵлдɵнʏʏдɵ;

• жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тʏшʏндʏрʏʏ жана профилактикалык иштер жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана коопсуз кыймылды камсыз кылуу.

Аталган бɵлʏмдʏн басма сɵз кызматынын маалыматына ылайык, Ош облусунда 11–12-ноябрь кʏндɵрʏ ИИМдин ЖКККББсынын кɵрсɵтмɵсʏнɵ ылайык «Коркунучтуу жʏк» аттуу рейд ɵткɵрʏлгɵн.

Рейддин максаты — жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар арасында жол эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иштерди кʏчɵтʏʏ.

«Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бɵлʏмʏнʏн кызматкерлери коркунучтуу жʏк ташыган айдоочулар менен тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, жоопкерчиликти жогорулатууга чакырышты», — деп айтылат маалыматта.

Дооран Токтошев

About The Author