Кыргызстандын энергетикалык системасы боюнча Президент Садыр Жапаров да буга чейин кайрылуу жасап, элди энергияны ʏнɵмдɵɵгɵ чакырган.
Мамлекет башчынын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун кɵлɵмʏ ɵткɵн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Бул энергетикалык тартыштыкты жаратууда.
Президент ɵз билдирʏʏсʏндɵ мындай деген:
“2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду тʏзгɵн. Кыргызстан кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде импорттоп, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатат. Азыр энергетика тармагынын карызы 25 миллиард сомго чейин азайды. 2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат. Энергетикадагы тартыштык убактылуу кɵйгɵй.”
Ошондой эле президент мурдагы жылдардагы коррупциялык схемалар жана жаңыланбаган жабдуулар энергетика системасына чоң зыян келтиргенин белгилеп, азыр реформа жʏрʏп жатканын кошумчалаган.
Акылдуу эсептегичтер – энергиянын ачык кɵзɵмɵлʏ

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, калкка акылдуу эсептегичтер орнотуу иштери жʏрʏп жатат.
Анын ичинде “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары ишканасында 100 850 даана акылдуу эсептегич (АИСКУЭ) орнотулат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 78 475 даана орнотулуп бʏттʏ, жыл аягына чейин 22 375 даана орнотулат.
Ош шаарында 100 пайыз акылдуу эсептегич коюлуп бʏттʏ. Ал эми облус боюнча алар тɵмɵнкʏдɵй бɵлʏштʏрʏлгɵн:
• Араван РЭТи – 27 766 даана берилген, 9 511 даана жыл аягына чейин орнотулат;
• Кара-Суу РЭТи – 18 390 даана берилген, 3 481 даана калды;
• Ɵзгɵн РЭТи – 29 586 даана берилген, 7 001 даана жыл аягына чейин орнотулат;
• Ноокат РЭТи – бʏгʏнкʏ кʏндɵ 1 657 даана орнотулду, 2026-жылы толугу менен орнотулат.
Акылдуу эсептегичтердин негизги артыкчылыктары тɵмɵнкʏлɵр:
• Электр энергиясын ʏзгʏлтʏксʏз жана сапаттуу берʏʏ;
• Электр жабдууларын ашыкча жʏктɵɵдɵн сактоо;
• Коррупцияны жоюуга шарт тʏзʏʏ;
• Кɵрсɵтмɵлɵрдʏ реалдуу убакытта автоматтык берʏʏ;
• Карыз болгондо автоматтык тʏрдɵ ɵчʏрʏʏ жана тɵлɵгɵндɵн кийин кайра кошуу;
• Эсептегичке тышкы кийлигишʏʏ болгондо дароо билдирʏʏ жɵнɵтʏʏ.
Мындан улам электр энергиясын ʏзгʏлтʏксʏз берʏʏ ʏчʏн чоң даярдык жана ʏзгʏлтʏксʏз кɵзɵмɵл талап кылынат. Бул тууралуу “Сулайман-Тоо” райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Акжол Карыбаев менен маектештик.

— Акжол Маркашевич, ɵзʏңʏз тууралуу жана ишкананын учурдагы абалы тууралуу айтып ɵтсɵңʏз.
— Мен, Карыбаев Акжол Маркашевич, “Сулайман-Тоо” РЭТинин жетекчиси болуп иштейм. Бул жерде иштегениме тɵрт айдын жʏзʏ болду. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ “Сулайман-Тоо” райондук электр тармактар ишканасында абал туруктуу. Авариялык ɵчʏрʏʏлɵр жок. Мʏмкʏн болушунча элге ʏзгʏлтʏксʏз электр энергиясын берʏʏнʏн ʏстʏндɵ тынымсыз иш алып барып жатабыз.
Жай айларындагы оңдоп-тʏзɵɵ мезгилинде белгиленген иштердин баары ɵз убагында аткарылып бʏттʏ. Кышка даярдыгыбыз 100 пайыз. Буюрса, кышында да элге электр энергиясын ʏзгʏлтʏксʏз берʏʏгɵ толук даярбыз. Азыр шаарда пландык ɵчʏрʏʏлɵр жок. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ берилген лимиттен 400 миң киловатт-саат ашыкча алып жатабыз. Мисалы, бир суткада 1 млн 934 миң кВт берилсе, 2 млн 315 миң кВт керектɵɵ болуп жатат.
— Электр энергиясын чектɵɵ маселеси боюнча да тʏшʏндʏрмɵ бере кетсеңиз.
— Азыр шаардагы ʏйлɵргɵ акылдуу эсептегичтер коюлган. Аларга кечки саат 6дан 9га чейин жана таңкы саат 6дан 9га чейин ʏч сааттан чектɵɵ киргизилет. Керектɵɵ 3 кВттан ашпашы керек. Бул ыкма электр энергиясын ʏнɵмдʏʏ пайдаланууга шарт тʏзɵт.
Акыркы мезгилде эл электр энергиясын кɵп колдонгондуктан, “час пик” убагында чектɵɵ киргизʏʏ зарыл болуп калды. Ош шаарында электр энергиясына болгон суроо-талап кескин кɵбɵйдʏ. Себеби, чакан бизнестер, ири завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Калктын саны ɵсʏʏдɵ, кɵп кабаттуу ʏйлɵр курулууда. Шаарыбыз чоңоюп, эл кɵбɵйгɵн сайын электр энергияга болгон муктаждык да жылдан жылга жогорулап жатат.
— Электр тармагындагы техникалык жабдуулардын абалы кандай?
— Ооба, электр тармагындагы жабдуулар эскирген. Биз аларды кɵп жылдык план боюнча капиталдык ремонттон ɵткɵрʏп жатабыз. Мисалы, 2024-жылы “Сулайман-Тоо” РЭТинде 99 трансформатор капиталдык оңдоодон ɵттʏ, кошумча 10 трансформатор алмаштырылды. Ошондой эле 5 эскилиги жеткен трансформатордун шкафтары жаңыртылды.
Аба чубалгылар боюнча айтсак, жалпы бизде 420 чакырым 0,4 кВт аба чубалгысы бар. Анын ичинен бʏгʏнкʏ кʏндɵ 261 чакырымы сип кабелге которулду. Бул — чоң жетишкендик.
Ашыкча жʏктɵм автоматтык ɵчʏрʏʏлɵргɵ алып келет. Кээде жарык кʏтʏлбɵгɵн жерден ɵчʏп калышы мʏмкʏн. Берилген лимиттен ашык колдонуу болгондо, же эл бир учурда ɵтɵ кɵп энергия иштеткенде, чоң кɵмɵкчʏ подстанцияларда кубат жетпей, автоматтык тʏрдɵ ɵчʏрʏʏ болот. Бул — системаны авариядан сактоо ʏчʏн зарыл кадам.
Мындай абалда авариялык кырдаалга туш болбош ʏчʏн биз жʏктɵмдʏ теңдɵɵ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Алгач чоң жʏк турган трансформаторлорду бирден ɵчʏрʏп, жалпы линияга энергия беребиз да, андан кийин ар бир трансформаторду кайрадан бирден кошобуз. Эгер баарын бир учурда кошуп жиберсек, система жʏктʏ кɵтɵрɵ албай кайра ɵчʏп калат.
— Электр энергиясын уурдоо маселеси боюнча эмне дейсиз?
— Уурдоо кризиске тʏздɵн-тʏз таасир этет. Уурдаганда ал эсептегичтен сырткары кетип жатат, анын эсеби чыкпайт. Ким канча колдонгону белгисиз болот. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ мындай кɵрʏнʏш дээрлик жокко эсе. Бул да акылдуу эсептегичтердин аркасында мʏмкʏн болуп жатат.
— Сиздерде кʏн панелдери орнотулган экен, бул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
— Ооба, “Сулайман-Тоо” РЭТинин чатырына кʏн панелдерин орноттук. Эки айдын ичинде 15 миң киловатт электр энергиясын ɵндʏрдʏк. Анын 2500кВт ɵз муктаждыгыбызга — РЭСтин администрациясына колдондук. Калган 12500 кВт элге сатылды.
Бул иш-аракет биздин электр системабызга да, жалпы шаарга да жардам болду. Азыр бул маселени Ош шаарынын мэри Женишбек Шермаматовичке сунуштадык. Ал да колдоп, мэриянын администрациясына да кʏн батареяларын орнотуу сунушун жактырды. Себеби, чет мамлекеттерде бул ыкма кеңири колдонулат.
— Акжол Маркашевич, элге кандай сунушуңуз бар?
— Элден суранарым, электр энергиясын болушунча ʏнɵмдʏʏ пайдаланышсын. Ɵзгɵчɵ “час пик” убагында шаймандарды жылытуу учун эмес, жарык ʏчʏн гана колдонсо жакшы болот. Бул бизге чоң жардам берет.
Азырынча веердик ɵчʏрʏʏлɵр боюнча эч кандай пландоо жок. Бирок электр энергиясы тартыш болгон учурда Ош шаардык мэриясы менен тʏзʏлгɵн план боюнча ашыкча жʏк тʏшсɵ, 1–2 сааттан ɵчʏрʏʏгɵ аргасыз болобуз. Бирок азыр акылдуу эсептегичтердин эсебинен бул абалды кармап турабыз.
Социалдык объектилер — оорукана, тɵрɵт ʏйлɵрʏ, ИИМ тʏзʏмдɵрʏ — ʏзгʏлтʏксʏз электр энергиясы менен камсыз болот. Тилекке каршы, айрымдары эл менен бир линиядан туташкандыктан, кээде аларда да ɵчʏрʏʏлɵр болуп калат.
Эң башкысы — ар бирибиз энергияны сарамжалдуу пайдаланууну ʏйрɵнʏшʏбʏз керек. Эл, бийлик жана энергетиктер биргеликте аракет кылганда гана туруктуу энергия менен камсыз болобуз.
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
“Медиага болгон басым жана жашыруун цензура байкалууда”: Азыркы журналистиканын абалы
Алайдагы 10 адамдын ɵмʏрʏн алган жол кырсыгынан кийин жер-жерлерде тʏшʏндʏрʏʏ иштери кʏчɵтʏлдʏ
Замирбек Арынов: “Биз элдин саламаттыгы ʏчʏн иштей турган чыныгы адистерди тарбиялайбыз”