24 ноября, 2025

“Медиага болгон басым жана жашыруун цензура байкалууда”: Азыркы журналистиканын абалы

Reporter or TV journalist at news conference, holding microphone and writing notes

Санарип доорунда журналистика тез ɵзгɵрʏп,  жаңы чакырыктар мезгилине туш келди. Коомдогу ɵзгɵрʏʏлɵр, жасалма интеллекттин ɵнʏгʏшʏ, социалдык тармактардын таасири жана сɵз эркиндигине болгон мамиле журналистиканын жаңы формасын жаратты. Ар кандай кɵз караштагы журналисттер — мамлекеттик медиадан баштап эркин журналисттерге чейин бул процесске ар башка баа беришет. Бирок баарын бириктирген бир ой бар: чындыкка берилгендик жана коомго кызмат кылуу журналистиканын тʏбɵлʏктʏʏ миссиясы бойдон калышы керек. Бул жолу биз  журналисттердин ушул жана башка маселелер боюнча пикирин уктук.

Олжобай Бубатаев, ЭлТР мамлекеттик телерадиоберʏʏ компаниясынын комментатору:

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ журналистика ɵтɵ тез ɵзгɵрʏп жаткан мезгилге туш келди. Коом кайсы багытка кɵчʏп жатса, журналистика да ошол нукта ɵнʏгʏʏдɵ. Мурун, 15 жыл мурун бийликти катуу сындаган журналисттер кɵп болсо, азыр андайлар азайды. Кɵпчʏлʏк маалымат каражаттары бийлик тарапка ооп, коомдук ишенимге кɵлɵкɵ тʏшʏрʏʏдɵ. Бʏгʏнкʏ журналистика али бир калыпка тʏшɵ элек. Мурда ар тʏрдʏʏ пикирлер эркин айтылып, журналист коомдук пикирди калыптандыруучу кʏч болсо, азыр кɵп учурда саясаттын куралына айланып калды. Бул кɵрʏнʏш кесиптин эркиндигине жана коомдук ишенимге доо кетирʏʏдɵ.

-Жасалма интеллект журналистика ʏчʏн чоң сыноо болуп калды. Ал азыр журналисттерге салыштырмалуу ылдамыраак ɵнʏгʏп жатат. Балким, дагы беш жылдан кийин жасалма интеллект маалымат даярдоо процессине толук аралашат. Бирок, ЖИ адамдын ордун баса албайт. Ал фактыларды так бере алганы менен, окуянын жʏрɵгʏн, адамдык сезимди, чынчыл кɵз карашты жеткире албайт. Ошондуктан чыныгы журналистика ар дайым адамдын акылы жана жʏрɵгʏ менен жандуу бойдон калат.

-Мурдагыдай редактордук кɵзɵмɵлдʏн жоголушу журналистиканын сапатына терс таасир этти. Мурун ар бир макаланы редактор ʏтʏр, чекитине чейин карап чыкчу. Ал грамматикасын, саясий ɵңʏтʏн, логикалык мазмунун кɵзɵмɵлдɵчʏ. Азыр андай система жок болуп кетти, натыйжада орфографиялык жана стилдик каталар кɵбɵйдʏ. Бул кесиптик деңгээлдин тɵмɵндɵп жатканынын белгиси.

Азыр “телефон журналисттеринин” заманы келди. Социалдык тармактарда эки сʏйлɵмдʏ кошуп, элди адаштырган адамдар кɵп. Алар ɵздɵрʏн журналист деп эсептешет, бирок жоопкерчилик жана этика жɵнʏндɵ тʏшʏнʏгʏ жок. Бул сабатсыздык кесиптин аброюна кɵлɵкɵ тʏшʏрʏп жатат. Ал эми келечек билимдʏʏ, чынчыл жана мамлекетине берилген журналисттердин колунда деп эсептейм. Журналист кайсы жерде иштебесин, ɵз элин сатпашы керек. Патриот журналисттерди ʏлгʏ кылып, алардын чынчыл жолун улантуу зарыл. 

Адашгʏл Акматова, АКИпресс маалымат агенттигинин Оштогу бɵлʏмʏнʏн редактору:

-Кыргызстанда журналистика оор, бирок мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ бай кесип. Сɵз эркиндиги формалдуу тʏрдɵ сакталып турат, бирок медиага болгон басым жана жашыруун цензура байкалууда. Фейк маалыматтар жана маалыматтык манипуляциялар журналисттердин ишин оорлотуп жатат. Бирок ошол эле учурда коом ʏчʏн чыныгы журналистика ʏчʏн кʏрɵшкɵн кесиптештер арбын.

-Акыркы жылдары журналистикада сапат жагынан айырмасы кʏчɵдʏ. Бир тарапта фактчекинг жʏргʏзʏп, тең салмактуу маалымат берген журналисттер бар. Экинчи тарапта болсо рейтинг артынан тʏшкɵндɵр кɵп. Бирок жаңы технологиялар журналистиканы жаңы деңгээлге чыгарып, мультимедиалык жана конвергенттик форматты кʏчɵттʏ. Азыр журналист бир эле учурда текст жазып, видео тартып, монтаждай билʏʏгɵ тийиш. Бул — заман талабы.

-Социалдык тармактар журналистиканы ылдамдатты, бирок ошол эле учурда сапатка сокку урду. Социалдык медиа журналисттерге элге тʏз жетʏʏгɵ шарт тʏздʏ, бирок жоопкерчиликти да кʏчɵттʏ. Эң башкысы — фактыларга гана таянып, тең салмактуулукту сактоо. Ошондо гана журналистика коомго ишенимдʏʏ булак болуп кала алат.

-Этика бардык учурда сакталбайт. Кээ бир журналисттер рейтинг, кɵңʏл буруу же саясий кызыкчылык ʏчʏн этиканы унутуп коюшат. Бирок, кесиптик намыс менен иштеген журналисттер дагы деле бар жана алар коом ʏчʏн ʏлгʏ болушу керек. Журналистика — бул коомдун кʏзгʏсʏ жана эл менен бийликтин ортосундагы кɵпʏрɵ. Эгер журналист ɵз миссиясын аткара албаса, коом чындыксыз калат.

-Бизден кийинки муундагы журналисттерге айтаарым:  чындыктын артынан барыңыздар. Маалыматты биринчи эмес, туура берʏʏгɵ аракет кылыңыздар. Сабырдуу болуңуздар, кɵп окуңуздар жана ар бир фактыны терең талдаңыздар. Журналисттин эң кʏчтʏʏ куралы — калем, кагаз жана чындыкка берилген жʏрɵк.

Гʏлзат Газиева, эркин журналист жана медиатренер:

-Кыргызстандын Баш мыйзамы ар бир жаранга маалымат издɵɵ жана таратуу укугун берет. Санарип доорунда бул укук мурдагыдан да кеңейди. Ар ким эле маалымат таратууга катыша алат, бирок бул журналист дегенди билдирбейт. Чыныгы журналист фактыларга гана таянып, текшерилген маалымат берʏʏгɵ милдеттʏʏ.

-Журналистика доорго жараша ɵзгɵрɵт. Азыр жасалма интеллект маалымат ɵндʏрʏʏдɵ колдонулууда, бирок ал журналисттин ордун баса албайт. Чыныгы журналист окуяны гана эмес, анын себептерин жана кесепеттерин талдайт. Келечекте журналистика аналитикалык багытта ɵнʏгɵт — бул жасалма интеллект менен бирге сапаттуу контент жаратуунун жолу болот.

-Акыркы жылдары Кыргызстанда сɵз эркиндигине болгон басым кʏчɵп, айрым медиа каражаттардын иши токтоп жатат. Бул кɵрʏнʏш келечектеги журналистиканын ɵнʏгʏшʏнɵ коркунуч туудурат. Медиа сабаттуулук ʏй-бʏлɵдɵн башталышы керек. Баланы сынчыл ой жʏгʏртʏʏгɵ, маалыматты текшерʏʏгɵ, шектенʏʏгɵ ʏйрɵтʏʏ зарыл. Ошондой эле эркин коом гана медиа сабаттуу боло алат.

-Мурда ЖМКлар жарнамадан киреше табышчу, азыр аудитория интернетке кɵчкɵн соң, бул булак азайды. Эгер медиа саясатчы же бизнеске кɵз каранды болсо, бейтараптуулугун жоготот. Эл ɵзʏ маалымат каражаттарын колдошу керек. ЖМК элдин ишенимине таянып, эл ʏчʏн иштеши зарыл. Ошондо гана журналистика коомго кызмат кылуучу кʏч бойдон калат.

Тансулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author