2025-26-ЖЫЛДЫН КЫШКЫ МОДАСЫНА ТЕРЕҢ САРАСЕП
Быйыл кыш капысынын киргендей ɵңдɵндʏ. Ɵзʏ келбесе да илеби байкалып, тоолор ак тонун жамынып, жар-жарларда кɵкмɵк муздар самсаалап, шаардын абасынан муздун жыты сезилип турат. Элдин кийими кадимкидей калыңдай тʏштʏ. Суук мезгилдин келиши менен сезим да ɵзгɵрдʏ, темп да ɵзгɵрдʏ — эми жан дʏйнɵ жылуулугу менен чыгармачылыктын мезгили башталды.
2025–26- жылдын кышкы модасы жɵн гана сууктан коргонуу эмес, бул кышкы кɵчɵлɵрдʏ кɵрккɵ бɵлɵгɵн “кɵгʏлтʏр-фантазиянын”, калаанын ритминин, адамдын ички абалынын айкалышы.
Дизайнерлер быйыл “функцияга жарашыктуу форма” концепциясына кайтып, адамды коргогон, бир эле учурда аны эстетикалык жактан толуктаган кийимдерди жаратты. Кышкы сезон ушунун ɵзʏ менен кызыктуу — жылуулукту жоготпой туруп, стилди сактоо — эң жогорку мода оюнунун эрежеси.

ЖЫЛУУЛУКТУН ЖАҢЫ ФОРМУЛАСЫ: “МОНО-ПУФФЕР” — МИНИМАЛИЗМДИН ЖАҢЫ МИЗГИЛИ
Быйылкы кышкы мода сахнасында эң кɵп талкууланган жаңылык — шырылып тигилген пиджактар менен узун курткалардын жаңы муундагы тʏрʏ, тагыраак айтканда “моно-пуффер” стили. Адистердин айтымында, бул форма салттуу пуховиктердей бир нече катмардан турбайт, тескерисинче, жалгыз эле монолиттʏʏ силуэт менен белгилʏʏ. Мындай кɵрʏнʏш кийимдин денени толук кучактап, жылуулукту жоготпой кармап туруусуна жол ачат. Ошол эле учурда сырткы келбетинде эч кандай ашыкча деталь жок — абсолюттук минимализм.
Мода аналитиктери бул тенденциянын жаралышын коомдун акыркы жылдардагы тандоосу менен байланыштырат. «Жɵнɵкɵйлʏк, бирок сапат» — керектɵɵчʏлɵрдʏн жаңы ураанына айланган каалоо. Ушул себептен улам ɵндʏрʏʏчʏлɵр да форманы жеңилдетип, функциясын кʏчɵтʏʏгɵ басым жасоодо.
“Моно-пуффердин” ʏлгʏлɵрʏ бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵлʏк подиумдарда да, кɵчɵ стилдеринде да ɵз ордун бекем таба баштады. Кышкы шамалы катуу соккон шаардын кɵчɵлɵрʏндɵ бул стилде кийингендерди бир карап эле айырмалап билʏʏгɵ болот: лаконизм, ишенимдʏʏ силуэт жана бир калыпта сакталган жылуулук.
Адистер быйыл “моно-пуффер” тренди массалык тʏрдɵ популярдуу болуп, кийинки сезондордо дагы уланат деп болжолдошот. Демек, минимализмдин модасы токтобойт. Бирок, бул жолу ал жылуулук менен коштолууда.
Дʏйнɵлʏк мода аренасындагы белгилʏʏ дизайнер Майкл Корс мындай деп белгилейт(NY Fashion Week 2025):
«Мага жеңил, ыңгайлуу жана кыймыл эркиндигин сезʏʏ идеясы жагат… Быйылкы кыш бизге эркин кыймылдап, чектелбей жашоого, жылуулукту жана коопсуздукту сактап, ошол эле учурда ɵз потенциалын мода аркылуу толук ачууга мʏмкʏнчʏлʏк берет».
ПАСТЕЛДЕН НЕОНГО КАРАЙ — ЖАҢЫ СЕЗОНДУН ТYСТYК РИТМИ


Кышкы мода кɵп жылдар бою «жайбаракат ɵңдɵрдʏн мезгили» катары кабылданып келген. Бирок жаңы сезон бул тʏшʏнʏктʏ такыр башка нукка бурат. “Пастел палитрасы” ɵз ордун сактаганы менен, анын ʏстʏнɵн бийликти “неон-лайм”, кызгылт сары жана ультра-кɵк ɵңдɵр (Холодный голубой цвет) биротоло колго алып жатат. Натыйжада кыштын сʏрɵтʏ мурдагыдан жаркырап, шаардын ɵңʏнɵ жакын боз тʏстɵргɵ жаңы толкун кирʏʏдɵ.
Дизайнерлердин айтымында, бул тʏстɵр жалаң эле кийимде эмес, эмоционалдык фонду да ɵзгɵртɵт: «неон» — маанайдын активдʏʏ импульсу, кызгылт сары — жылуулуктун визуалдык иллюзиясы, “муз-кɵк” — тунуктуктун жана тактыктын символу. Ушул ʏчтʏк биригип, бʏгʏнкʏ кɵчɵ модасын динамикалуу, жашоого толгон, ритми тез ɵзгɵргɵн шаардык атмосферага ылайыктап жатат.
Мода эксперттери белгилешкендей, бул тенденция — кышты «ачык бойдон кабыл алуу» чакырыгы. Караңгылыктан качпастан, тескерисинче, аны боёк менен жеңʏʏ аракети. Ошондуктан быйыл тʏстɵрдʏн кʏчɵшʏ — бул жɵн гана тренд эмес, кышкы образдар менен да ɵзʏн-ɵзʏ кɵрсɵтʏʏнʏн жаңы формасы.
МАТЕРИАЛДАР: ЖУМШАКТЫК — БАШКЫ ТРЕНД
Бул кышкы мода сезонунда материалдын ɵзʏ образдын негизги каарманына айланды. Форма, тʏс же декоративдик элементтерден да маанилʏʏсʏ — туюм, ыңгайлуулук жана жылуулук.

• Эко-мех — жумшактыгы табигый мехтен кем калбайт, бирок салмагы бир кыйла жеңил. Экологиялык жоопкерчилик менен люксту айкалыштырган материал катары учурдун эң ири тенденциясы.
• Термокотон — атайын токулган, салттуу пахтадан да жылуураак инновациялык кездеме. Ɵтɵ жеңил, бирок жылуулукту мыкты кармайт. Кышкы кʏндɵрдɵ максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган.
• Металлдык нубук — айрыкча дизайнерлердин сʏймɵнчʏлʏгʏнɵ айланган материал — металл текстуралуу нубук. Бул материал жарыктан кɵз каранды ɵзгɵрʏп турат — кʏндʏз кʏңʏрт, кечинде жаркырак. Сырткы кɵрʏнʏшʏ люкс, ал эми кармалышы — жумшак, бархаттуу.
Бул материалдар айкалышканда кышкы образдар бир убакта жылуу жана саркеч боло баштайт. Ал эми 2025–26-жылкы сезонуна таандык эң чоң ɵзгɵчɵлʏгʏ — жумшактык жаңы деңгээлге кɵтɵрʏлгɵнʏ.
АКСЕССУАРЛАР: ЧОҢ ЖАКА, ЧОҢ ШАПКА ЖАНА ЧОҢ ШАРФ

Быйыл “чоң” сɵзʏ аксессуарлардын расмий титулу болду.
• Шарфтар — дээрлик плащ сыяктуу узун.
• Шапкалар — бийик формаларда, жʏн жана мехтен.
• Жакалар — курткаларга кошулган ʏлкɵн мех жака формасында.
Мунун баары кыштын суугунан коргоо менен бирге образга айкыныраак мʏнɵз берет.
БУТ КИЙИМ: КƟЛƟМ, ИШЕНИМ, СТИЛЬ

Калың таманы бар, суу ɵткɵрбɵгɵн, ички катмары термопластик же жʏндɵн турган, тʏнкʏсʏн жаркыраган жарык чагылтуучу тилкелер менен жабдылган бут кийимдер быйылкы кышта трендде.
Кышта тайгаланбоо — бул сезондун мода эмес, коопсуздук принциби. Бирок дизайнерлер муну да стили менен бириктирип, калың боталарды мурункуга караганда кыйла футуристтик формаларда чыгарып жатышат.
Ушул жылдын кышкы модасы жылуулук менен стилди карама-каршы тʏшʏнʏк катары эмес, кышында да саркеч, стилдʏʏ кийинсе болоорун кɵрсɵттʏ. Демек алдыдагы кыш модасы — жылуулук жана стилдин жаңы гармониясы.
Гульнура Ормонова


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды