1 декабря, 2025

Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай конушун  шаарга айлантабы?

Калаа мэри Жеңишбек Токторбаевдин аракетинин натыйжасында Ош шаарынын Кең-Сай массивинин инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏ иштерин баштап, алгачкы кадамдар жасалды. Алсак, алгач мурда курулган кɵмɵкчʏ чордон оңдолуп, кайрадан жаңыртылган. Аны менен катар эле сугат суу менен камсыздоочу станция курулуп, бала бакчанын, ипотекалык ʏйдʏн курулуш иштери башталган.

Ушул жылдын 3-апрель кʏнʏ Жеңишбек Токторбаев тиешелʏʏ жетекчилер менен бирге Кең-Сай конушуна барган учурда конуштун мурдагы тарыхы белгилʏʏ болгон. Анда шаар башчысы конуштун башкы планы делген кагазды алып, тɵмɵнкʏлɵрдʏ айткан эле.

«7 мектеп, 6 бала бакча, 11 соода жайы, 31 кɵп кабатуу турак ʏй, 1 банк, 1 оорукана, 2 ФАП , 1 мейманкана, 1 кɵрʏстɵн, 2 мечит, 4 мончо, 2 май куюучу жай, 1 ɵрт ɵчʏрʏʏ кызматы, 1 трансформатор, 1 ɵндʏрʏштʏк кампа, 2 дарыкана, 1 чайкана, 1 стадион, 1 базар, 2 автоунаа токтоочу жай, 1 автоунаа оңдоочу жай, 1 ресторан, 1 кичи базар,    1 сквер жана башка кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ жайлар орун алган дейт».

Анда ошондой эле Кең-Сай конушунан 3 миң 224 жаранга жер бɵлʏнгɵнʏ айтылып, жалпы конуштун Ош шаарына караган аймагы 500 гектарды тʏзɵрʏ белгилʏʏ болгон.

Ош кездеги Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шайырбек  Жылдызбек уулу билдиргендей, Кең-Сай конушунун Араван, Кара-Суу жана Ош шаарына  караган жалпы 1624 гектар жеринин инфратʏзʏмʏнɵ, суу, жарык жана башка маселелерине делинип 9 млрд 928 миң сомдук сметага долбоор тʏзʏлгɵн. Бул смета 2010-жылы тʏзʏлʏп, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келитирʏʏ дирекция ишти ашырмак болгон.

«Биздин эсеп менен долбордун 8 пайыз гана акчасы бɵлʏнгɵн. Ошого ʏзʏп-ʏзʏп эле жумуштар жасалган. Электр мамылары гана тартылган. Анан жол, 11 чакырымдык канал, БСР жасалган», — деген анда Шайырбек Жылдызбек уулу.

Ал учурда калаа башчы анын кабылдамасына конуштун тургундары тынымсыз келип жаткандыктан аталган маселени чечʏʏ ʏчʏн жерине келгенин айткан.

Кең-Сай конушунун тагдыры далай адамдарды кызыктырды. Анын ичинен Минстрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары – УКМКнын тɵрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын июль айында Кең-Сай массивине бɵлʏнгɵн  акчаларды ɵздɵштʏрʏʏ боюнча текшерʏʏ жʏргʏзʏнʏ Оштун УКМКсына тапшырган.

Мындан улам УКМК 25-июлда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж, башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана «С» ЖЧКсынын жетекчиси А.К.Б., Кең-Сай конушун жол, суу, электр энергиясы менен камсыздоого тийиштʏʏ болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо боюнча кармалганын кабарлаган. 

Ошондой эле атайын кызмат ушул жылдын 5-сентябрында ушул эле иш боюнча дагы 6 адам кармалганын билдирген болчу.

Ташиев 2025-жылдын 9-июлдагы жыйында УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башчысы Даниэл Рысалиевге кайрылып, канча млн зыян келтирилгенин сураган учурда, Рысалиев 260 млн сом зыян аныкталганын, текшерʏʏнʏн жʏрʏшʏ менен сумма мындан кɵп болуп калышы мʏмкʏн экенин айткан.

Ушул жылдын сентябрь айынан баштап Кең-Сай конушунун инфратʏзʏмʏн оңдоо боюнча иштер жанданган.

18-сентябрда Ош шаарынын Кең-Сай массивинде электр энергиясын тартуу иштеринин алгачкы этабы башталган. Бул багытта 6300 кВт кубаттуулуктагы жаңы трансформатор алынып келинип, орнотулган.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев иштин жʏрʏшʏн жеринен кɵрʏп чыккан.

Мындан 10 жыл мурун курулуп баштаган электр подстанциясы бʏтпɵй, ара жолдо каралбай калган. Мэрдин демилгеси менен маселе кайрадан кɵтɵрʏлʏп, иш жанданган болчу.

Конушту сугат суу менен камсыз кылуучу станция ишке берилсе, ушул жылдын аягына чейин жергиликтʏʏлɵр жеткиликтʏʏ электр энергиясы менен камсыз болушары айтылган эле.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин Кең-Сай массивин ʏзгʏлтʏксʏз электр энергиясы менен камсыз кылуу демилгеси ишке ашып, 30-октябрда 110/10 кВ “Кең-Сай” кɵмɵк чордону ишке берилген.

Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” электр подстанциясы Ош шаарынын Кең-Сай жаңы конушун, ошондой эле Гʏлбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын сапаттуу жана ʏзгʏлтʏксʏз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулган. Анын ичинде социалдык, ɵндʏрʏштʏк, коомдук жана жеке менчик объектилерди туруктуу электр жарыгы менен камсыздоого багытталган маанилʏʏ инфраструктуралык объект болуп саналат. Мындан тышкары, ал 110/6 кВ “Учар” жана 35/10 кВ “Гʏлбаар” кɵмɵк чордондорунун ашыкча жʏктɵмʏн азайтууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

Кең-Сай массивин жашоого ылайыкташтыруу, зарыл шарттарды тʏзʏʏ иши мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен быйыл жанданган. Буга чейин сугат суу менен камсыз кылуучу станция курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондой эле бала бакчанын жана ипотекалык кɵп кабаттуу ʏйдʏн курулушу жʏрʏʏдɵ. Бул жылы суу, электр энергия сыяктуу маселелер чечилсе, келерки жылдан тарта социалдык мекемелер иштеп баштайт.

Мындан 15 жыл мурун Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга бɵлʏнʏп берилген. Бирок зарыл шарттардын жоктугу элдин отурукташуусун кечеңдетип келген. 2025-жыл Кең-Сайлыктар ʏчʏн кайрадан куруу жылы болуп, конушта жашоо жанданды.

Негизинен Кең-Сай массивинен жалпы 3800дɵн ашуун жаранга жер участоктору бɵлʏнʏп берилген. Аймакта 7 мектеп, 6 бала бакча, 31 кɵп кабаттуу ʏй, поликлиника, мечит, мончо, май куюучу жайлар ʏчʏн орун каралган. Конушка таза ичимдик жана суугат суу тартылып, электр энергиясын берʏʏ иштери алдыга жылгандан бери бир топ кыймыл жанданып, жер ээлери курулуштарын тʏптɵй баштаганы байкалат.

Дооран Токтошев.

About The Author