Чыгармачыл адам жан дʏйнɵсʏндɵ болуп жаткан нерсени чыгармасында чагылдырат: жазуучулар повесть, романында, акындар ырларында, композиторлор обондорунда, ырчылар ырларында. Айтор, кайсыл гана адам болбосун жан дʏйнɵ кубанычы менен шаңга бɵлɵнʏп, кайгы-капасы менен муңга чулганган учурда, жʏрɵктɵн чыккан чыгармалар жардам берет эмеспи. Ошондой аруу дʏйнɵнʏн ɵкʏлʏ, ɵзʏ да аккордеон ойноп, комузда да кол ойнотуп, жʏрɵгʏнɵн чыккан обондорду жаратып, жʏздɵгɵн ɵнɵр адамдарын тарбиялап келе жаткан Гʏлпиза Абдрахманова менен чыгармачылык дʏйнɵсʏ, эсте калган кызыктуу учурлары, деги эле ɵнɵр дʏйнɵсʏ тууралуу маектештик.

— Алгач ɵзʏңʏз тууралуу кыскача…
— Мен, Гʏлпиза Абдрахманова 55 жаштамын, ɵнɵр дʏйнɵсʏнɵ аккордеон аспабына болгон чын ыкласым аркылуу аралашып калдым. Ырдаганды абдан жакшы кɵрчʏмʏн. 10-классты аяктаар алдында аккордеон ойноону ɵзʏм ʏйрɵнʏп, андан бери музыка менин жашоомдун ажырагыс бɵлʏгʏнɵ айланды. Учурда мектепте мугалим болуп иштейм, бирок негизинен комуз ийриминен сабак берем.
Комузга болгон кызыгуум Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын эки жылдык студиясында окуган кезимде башталды. Ал жакта Асек Жумабаев агайыбыздан комуз жана вокал боюнча билим алдым. Ошондой эле Эстебес Турсуналиев агайыбыздын колунда эки жыл ыр, дастан, гастроль жана сахна маданияты боюнча сабагын алдым.
Ошол жактан алган билимдерим кɵɵдɵнʏмдɵ сакталып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ошол билимди жаш муунга ɵткɵрʏп берʏʏдɵɵмʏн. ʏч баланын — эки кыз, бир уулдун энесимин. Кара-Суу районуна караштуу Эркин айылынын тургунумун.
— Ар бир чыгармачыл адамдын “унутулгус бурулуш учуру” болот. Сиздин чыгармачылык бурулушуңуз кайсы мезгилде болгон?
— Мен ɵнɵргɵ кызыгып, ырды жаңыдан ʏйрɵнʏп жʏргɵн чакта, мени тааныбаган бир киши “окууга кел” деп чакырган. Ал учурдагы маданият министри Акун Токтосартов агай экен. Бир жолу “Кызгалдак” бригадасынын бригадири болгон эжем Ажар Абылованын иш-чɵйрɵсʏндɵ, текшерʏʏ келген учурда конокторго ырдап берипмин. Ɵзʏмдʏ “мен артистмин” деп сахнага чыгып алып, Байдылда Сарногоевдин сɵзʏнɵ жазылган “Бир бригада болобуз” аттуу ырды аткаргам.
Ошол ырды мен эжемдин бригадасына арналган чыгарма экен деп ойлоп, чоң сезим менен ырдаптырмын. Кɵрсɵ, ал башка обончу агайдын чыгармасы экен. Акун агайга ыр жагып, “бул ыр сеникиби?” деп сураганда, мен тартынбай “ооба, меники” деп жооп бериптирмин. Мен ырдап атсам меники деп ойлогон окшойм (кʏлʏп). Ошондон кийин менин чыгармачылык жолум башталып, ɵзʏмдʏ чыныгы ырчы катары сезип, ушул дʏйнɵгɵ баш отум менен кирип кеткем.

— Ырчылык менен ʏй-бʏлɵлʏк жашоонун ортосунда тандоого кабылгансызбы?
— Ооба, аял кишинин жашоосунда эки чоң жол болот экен: же чыгармачылык менен карьераны улантуу, же ʏй-бʏлɵ куруу. Мен да ошол тандоого туш болдум. Ырды токтоткум келбесе да, турмуш жолуна кадам таштадым. Кудайдын буйругу менен уул-кыздуу болдум.
“Таш тʏшкɵн жеринде оор болот” дегендей, ошол жашаган жеримде музыка мугалими болуп иштеп калдым. Бирок чыгармачылык мени эч качан таштаган жок — сармердендерге, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып, ɵзʏмдʏн кичинекей чɵйрɵмдɵ да ийгиликтерди жаратып келем. Демек, ɵнɵр кайсы жерде болбосун, адамдын ичинде жашай берет экен.
— Сахнага чыкканда ɵзʏңʏздʏ кандай сезесиз — аткаруучубу же чыгармаңыздын кабарчысыбы?
— Сахна — бул менин ɵзʏмдʏ бактылуу сезген жерим. Эл алдына чыкканда ɵзʏмдʏ абдан эркин сезем. Эл менен жɵн гана сʏйлɵшʏп жаткандай абалда болуп, ар бир ырыма болгон сезимимди толук жеткирʏʏгɵ аракет кылам. Ошондуктан сахнада мен ɵзʏмдʏ ырдын кабарчысы катары сезем.

— Ар бир обон сиз ʏчʏн эмнени билдирет: ой, сыр же тарыхпы?
— Обон — бул жʏрɵктʏн тереңинен чыккан сыр. Кээде айта албай жʏргɵн оюңду обон аркылуу айтууга болот экен. Чоң энем айтып калчу: илгери келиндер кайнатасына же кайненесине айта албай жʏргɵнʏн ооз комуз кагып билдирчʏ экен. Ошол сыяктуу, обон — бул ички дʏйнɵнʏн тили.
Бир обонум бир айда жаралса, дагы бири 19 жылда бышкан. Себеби мен ар бир обондун ɵзʏнчɵ жʏзʏ болушун каалайм. “Башка обонго окшоп калбаса экен” деп кайра-кайра иштеп чыгам. Обон жаратуу — бул баланы тɵрɵп, чоңойткондой эле эмгек.
— Ɵз колуңуз менен музыкалык аспаптарды жасайт экенсиз…
— Ооба, мектепте иштеп жʏргɵндɵ эле аспап жасоого болгон кызыгуум ɵзʏнɵн-ɵзʏ пайда болду. Балдардын табити ар тʏрдʏʏ да — бири комузду жакшы кɵрɵт, бири ырдоону, айрымдары аккордеонго жакын болот. Бирок кээде балдар ойной албай кыйналып кетет. Ошондо мен алар кетип калбасын деп, жɵнɵкɵй нерседен баштайм. Мисалы, жыгач кашыктарды берем, же кичинекей аспап жасайм. Ошолор аркылуу ʏндʏн табиятына кɵнʏшɵт, ʏндʏ сезʏʏ жɵндɵмʏн ɵнʏктʏрʏшɵт.
Жыгач аспаптардын ʏнʏн угуп отуруп, ар биринен башкача добуш чыгарын байкадым. Ошондон улам усталар менен сʏйлɵшʏп, шылдырак, аса таяк сыяктуу аспаптарды чогуу жасап, кийин ашкабактын кабыгынан да аспап жасай баштадым.
Азыр ошол иштен чоң ырахат алам. Ар бир аспап ɵзʏнчɵ бир дʏйнɵ, ɵзʏнчɵ мʏнɵз. Балдардын колуна тийгенде эле алардын жʏрɵгʏнɵн чыккан ʏн сыяктуу болуп угулат. Ошондуктан мен ʏчʏн ар бир аспап — жандуу нерсе, ал мени да, балдарды да шыктандырган дʏйнɵ.
— Аял музыкант катары кайсы тоскоолдуктарды жеңдиңиз?
— Аял киши ʏчʏн чыгармачылык жол оңой эмес. Илгери “ырчы болбой эле кой”, “аял артист болбош керек” деген тʏшʏнʏктɵр болгон. Бирок турмуш ɵзʏ театр экен — ар ким ɵз ролун ойнойт. Мен да ошол сахнада жашап келдим: оор кʏндɵрʏмдɵ да эл алдына жылмаюу менен чыгып, ыры аркылуу ички дʏйнɵмдʏ билдирдим. Эч кимге кɵрсɵткʏс абалымды ыр аркылуу жеткирдим. Ошентип, турмуштун сыноолорун жеңип, ɵз жолумду уланттым, акыры баарын жеңдим.

— Ар бир окуучу сизден бир нерсе ʏйрɵнɵт, ал эми сиз окуучулардан эмне ʏйрɵнɵсʏз?
— Чынында, балдар — чоңдордун устаты. Окуучуларыма ыр ʏйрɵтʏп жатып, ɵзʏм да кɵп нерсе ʏйрɵнɵм. Кээде алар “эжеке, муну мындай кылса болбойбу?” деп суроо беришет. Ошондо алардын ой жʏгʏртʏʏсʏ, идеялдуулугу мени таң калтырат. Биз бири-бирибизден ʏйрɵнʏп, биргеликте чоң нерселерди жаратат экенбиз.
— “Ар бир обон — жʏрɵктʏн чагылышы”, — деп коюшат. Кɵбʏнчɵ кандай темадагы обондорду жараткыңыз келет?
— Азыр жʏрɵгʏм мекен деп согуп турат. Элдин жʏрɵгʏнɵ жетчʏ, патриоттук маанидеги обон жаратсам дейм. Дʏйнɵдɵгʏ соңку окуяларды кɵрʏп, эгемендʏʏлʏк — эң чоң баалуулук экенин сездим. Кɵз карандысыздыгын жоготкон элдер канча. Биз болсо ɵз мекенибиз менен сыймыктана алабыз. Ошол сʏйʏʏнʏ обон аркылуу элдин жʏрɵгʏнɵ жеткиргим келет.
— Ар тʏрдʏʏ этно аспаптарда ойнойсуз. Кайсы аспап жан дʏйнɵңʏзгɵ жакын?
— Кыргызга эң жакын аспап — комуз. Бирок мен ʏчʏн аккордеон ɵзгɵчɵ. Себеби, аккордеон менен ырдаганда ʏнʏм да, сезимим да башкача чыгат. Ал аспап менен мен ɵз дʏйнɵмдʏ толук ачам.
— 15 ɵлкɵнʏн делегаттары менен жолугушуу — бул чоң сыймык. Эсиңизде калган учур барбы?
— Ооба, ал кезде мектепти жаңы эле бʏткɵн кезим. Ажар Абылова эжемдин бригадасында иштеп жʏрдʏм. Президенттердин иш сапары болуп, биздин айылга келишкен. Президенттердин алдына чыгып тамашалуу ыр тɵгʏп бердим. Алардын котормочусу ар бир сɵзʏмдʏ айтып берип жаткан экен, мен болсо жɵн эле музыкасын жактырып кол чаап жатышат деп ойлоп, токтобой ырдай бергем. Азыр эстесем уялам (кʏлʏп). Бирок ошол учур мен ʏчʏн чоң тажрыйба болгон.
— Ɵзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовго чай куюп жаткан сʏрɵтʏңʏз бар экен. Ошол учур кандай болгон?
— Илгери бизди талаа иштерине кɵп чыгарышчу. Бир кʏнʏ пахта терими жʏрʏп жатканда Аскар Акаев, Нурсултан Назарбаев жана Ислам Каримов келишкен. Кийип жʏргɵн улуттук кийимимди ɵз колум менен тиккен элем. Президенттер ошол кийимди кɵрʏп, “ушул кыздын колунан чай ичсек” деп айтышыптыр. Ошондо мен аларга чай куюп берген элем. Агайларым “ушул улуу инсандар сенин колуңдан чай ичишти” деп сʏйʏнʏшкɵн. Азыр ошол окуяны эстесем, ɵзʏм да сыймыктанам.
— 35 жылдык чыгармачылык жолуңуздан артка кылчайып караганда, кандай сабак ала аласыз?
— Артымды карасам, ушул 35 жыл ичинде кɵптɵгɵн окуучуларды тарбиялаптырмын. Ɵнɵрʏм текке кетпептир. Азыр ошол эмгектин жыйынтыгы катары чоң программадагы юбилейлик концерт уюштурулуп жатат. Бул мен ʏчʏн чоң бакыт.

— Азыркы жаш муунга кайсы сапатты ʏйрɵтʏʏ эң маанилʏʏ деп ойлойсуз?
— Азыркы балдарга эң биринчи кезекте маданияттуулукту ʏйрɵтʏʏ зарыл. Себеби, маданияттуу адам кайсы жерде болбосун ɵсɵт. Адамдын сʏйлɵгɵн сɵзʏ, жʏрʏм-туруму, кʏлкʏсʏ — баары маданият менен ченелет. Кечээ эле бир окуучум чалып, “сиз мага кɵркɵм окууну ʏйрɵткɵнсʏз” деп айтып, мугалимдери телефон аркылуу ыраазычылык билдиришти. Ошондо менин кɵзʏмɵ жаш тегеренип, ыраазы болдум. Демек, устаттын эмгеги текке кетпейт экен.
— Алдыдагы концертиңиз тууралуу айтып берсеңиз.
— Учурда жандуу ʏн менен ырдоо талабы кʏч. Менин концертим толугу менен 100 пайыз жандуу аткарууда ɵтɵт. Кызым, шакирттерим жана белгилʏʏ ырчылар катышат. Куудулдар да сахнага чыгат. Ɵзʏмдʏн колум менен жасаган аспаптар да колдонулат.
Бул концертке ар бир ыр дʏйнɵсʏн сʏйгɵн адам келип, ɵзʏнɵ пайдалуу, руханий азык алып кетет деп ишенем. Элди жылуу маанай, жандуу музыка жана улуттук рух кʏтʏп турат. Баарыңыздарды чакырам!
Гульнура Ормонова


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды