Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Абдилашим Топчубаев менен маек курулуп, жɵлɵкпулдар, мамлекеттин социалдык жактан аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ кɵрсɵткɵн жардамы жана миграция маселелери боюнча баарлаштык.

— Абдилашим Мамасалиевич, алгач ɵзʏңʏз тууралуу айтып берсеңиз.
— Мен, Топчубаев Абдилашим Мамасалиевич, Чоң-Алай районунун тургуну болом. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы билимимди 2000-жылы алып, ошол жылдан тарта ʏзгʏлтʏксʏз ушул тармакта эмгектенип келем. Быйыл менин бул системада иштегениме 25 жыл толду. Анын 24 жылын Чоң-Алайда ɵткɵрʏп, 10 жолу ар кандай жетекчилик кызматтарды аркаладым. Ал эми 2024-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалдым.
– Башкармалыктын тʏзʏмʏ жана негизги милдеттери кандай?
– Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык тʏзʏмʏ болуп саналат.
Биздин негизги милдет — жарандардын социалдык укуктарын камсыз кылуу, эмгек рыногун жɵнгɵ салуу, калктын аялуу катмарына мамлекеттик колдоо кɵрсɵтʏʏ жана ʏй-бʏлɵ менен балдарды коргоо системасын ɵнʏктʏрʏʏ.
Учурда башкармалыктын курамында жети бɵлʏм иш алып барат. Алар: социалдык жардам жана жɵлɵк пулдарды берʏʏ, ардагерлерге жана жеңилдик алуучуларга колдоо кɵрсɵтʏʏ, майып жарандарды реабилитациялоо, ʏй-бʏлɵ жана балдарды коргоо, эмгек рыногун ɵнʏктʏрʏʏ, миграцияны кɵзɵмɵлдɵɵ жана социалдык кызмат кɵрсɵтʏʏнʏн сапатын жакшыртуу. Жалпы 88 кызматкер эмгектенет, алардын 36сы мамлекеттик кызматчы, 30у социалдык кызматкер, 18и балдарды социалдык коштоо боюнча адис. Бул структура жарандардын бардык категорияларына – пенсионерлерден тартып балдарга чейин – комплекстʏʏ социалдык колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берет.
— Жетекчи катары айтсаңыз, Ош шаарында социалдык саясат багытында кандай ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жетише алдыңыздар?
— Соңку жылдарда социалдык тармакта чоң ɵзгɵрʏʏлɵр болду. Президенттин 2022-жылдагы №385 токтомуна ылайык, “Социалдык контракт” долбоору ишке киргенден бери аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ колдоо кɵрсɵтʏʏнʏн жаңы форматы иштелип чыкты. Бул долбоордун негизинде жɵлɵк пул гана алып жашабастан, ʏй-бʏлɵлɵр ɵз алдынча ишкердикти баштоого мʏмкʏнчʏлʏк алышууда.

2025-жылы “Социалдык контракт” боюнча берилʏʏчʏ бир жолку жардамдын ɵлчɵмʏ 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин кɵбɵйтʏлдʏ. Учурда Ош шаары боюнча 211 квота бекитилип, алардын ичинен 123 ʏй-бʏлɵ мамлекеттик комиссиянын чечими менен тастыкталып, 150 миң сом ɵлчɵмʏндɵ жардам алышты. Мындан тышкары, жеке ишкерликти баштаган социалдык контракт катышуучуларына мамлекет тарабынан пайызсыз 200 миң сомдук насыя берʏʏ механизми да каралган.
– Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация берʏʏ иши кандай жʏрʏп жатат?
— Бул багытта да иштер туруктуу жʏрʏп жатат. 2025-жылдын 1-октябрына карата Ош шаарында 16 категориядагы 1 839 жеңилдик алуучуга акчалай компенсация дайындалган. Бул жарандар ар ай сайын ɵз ʏлʏшʏн алып турушат, жалпы сумма боюнча ай сайын орто эсеп менен 5 миллион 449 миң сом бɵлʏнɵт. Албетте, жыл сайын кɵрсɵткʏчтɵр ɵзгɵрʏп турат . Мисалы, быйыл алуучулардын саны ɵткɵн жылга салыштырмалуу 89 адамга азайганы менен, каржылоо кɵлɵмʏ тескерисинче 908 миң сомго кɵбɵйдʏ. Бул ɵзгɵрʏʏ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №132 токтому менен айрым категориядагы компенсациялардын ɵлчɵмʏ 33 пайызга жогорулатылганына байланыштуу.
Жалпы социалдык жɵлɵкпул алуучулардын саны да аз эмес — бʏгʏнкʏ кʏндɵ 5542 жаран жɵлɵкпул алып турат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар 1552ни, бала кезинен майыптар 2020ны, жалпы оорудан майыптар 833тʏ, кары-картаңдар 221ди, жарым жетимдер 861ди, ал эми тоголок жетимдер 48ди тʏзɵт. Ай сайын жɵлɵкпул тɵлɵɵгɵ жумшалган жалпы сумма 31 миллион 900 миң сомдун тегерегинде. Бул каражаттар аркылуу мамлекеттин социалдык камкордугу шаар тургундарына тʏздɵн-тʏз жетип жатат деп ишеним менен айта алам.
– Майыптыгы бар жарандарды колдоо жана жеке ассистенттер боюнча жагдай кандай болуп жатат?
— Бул багыт биз ʏчʏн эң жооптуу жана маанилʏʏ иштердин бири. Учурда Ош шаарында 725 майып жаранды жана мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген баланы туруктуу карап жаткан жеке ассистенттер бар. Аларга ай сайын 7681 сом ɵлчɵмʏндɵ эмгек акы тɵлɵнɵт. Бул сумма ɵткɵн жылга салыштырмалуу кɵбɵйдʏ — болжол менен 261 миң сомго. Себеби быйыл 18 жаштан жогору бала чагынан майып болгон жарандарга да жеке ассистент дайындалып, алардын акысы кɵтɵрʏлдʏ. Ассистенттердин ишине квартал сайын мониторинг жʏргʏзʏлʏп, алардын кызмат сапаты кɵзɵмɵлдɵнʏп турат.
Мындан тышкары, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарды реабилитациялоо иштери да кʏч алды. Быйыл 207 жаран санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо алды — бул кɵрсɵткʏч ɵткɵн жылга караганда 157 адамга кɵп. Ошондой эле шаар боюнча 73 чоңдор ʏчʏн жана 39 бала ʏчʏн майыптык кресло-коляскалары тапшырылды. Демек, ɵткɵн жылга салыштырмалуу дагы 107 жаранга кɵбʏрɵɵк жардам кɵрсɵтʏлдʏ. Бул кɵрсɵткʏчтɵр биздин тараптан майып жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иштин натыйжалуу жʏрʏп жатканынан кабар берет.
– “Келечекке салым” долбоору боюнча кандай маалыматтар бар?.
— Бул долбоор ɵлкɵ жетекчилигинин балдардын келечегине багытталган эң маанилʏʏ кадамдарынын бири деп айтсак болот. Учурда Ош шаарында ата-энесинен ажыраган 78 баланын ар бирине “Айыл Банктагы” эсептерине 500 миң сомдон каражат которулду. Бул акча баланын 23 жашка чыкканга чейин сакталат жана аны билим алууга, ʏй-жай курууга же ден соолугун чыңдоого пайдаланса болот. Бул – мамлекеттин жетим балдардын келечегине болгон тʏз жана маанилʏʏ салымы деп эсептейм.
— Эмгек рыногундагы абал жана жумушсуздукту азайтуу боюнча чараларга токтолсоңуз.
— Бʏгʏнкʏ кʏндɵ биздин маалымат базада 4 356 адам иш издɵɵчʏ катары катталган. Алардын ичинен 3 092 адамга “жумушсуз” деген статус берилген.
2025-жылдын ичинде 234 жаран кесиптик окутууга жɵнɵтʏлдʏ, ал эми 956 адам акы тɵлɵнʏʏчʏ коомдук иштерге тартылды. Бул иш чаралар эмгек рыногундагы социалдык чыңалууну азайтууда маанилʏʏ роль ойноп жатат.
Ош шаарында жылына эки жолу бош орундар жарманкеси ɵткɵрʏлʏп турат. 2025-жылы мындай иш-чаралар ʏч жолу ɵткɵрʏлʏп, 41 иш берʏʏчʏ жана ондогон билим берʏʏ мекемелери катышты.
Мындан тышкары, 48 мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жаран иш издɵɵчʏ катары катталып, алардын ичинен 10у туруктуу жумушка орноштурулду. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 125%га жогору кɵрсɵткʏч.
— Миграция багытындагы иштер жɵнʏндɵ элге кандай маалымат бере аласыз?.
— Азыркы учурда тʏштʏк региондордо, анын ичинде Ош шаарында да миграциялык борбордун жоктугу чоң кɵйгɵй болуп келген. Ошондуктан, мэриянын колдоосу менен бизге 400 чарчы метр жер бɵлʏнʏп, жаңы миграциялык борбордун курулушу башталды. Ачылышы быйыл, 2025-жылдын 18-декабрына белгиленген.
Бул борбордо чет ɵлкɵгɵ чыгууга даярданган жарандарыбызга тил ʏйрɵтʏʏ, эмгек келишимдерин тʏзʏʏ, укуктук консультация берʏʏ сыяктуу кызматтар кɵрсɵтʏлɵт. Максат – чет жакка чыккан жарандарыбыз мыйзамдуу, коопсуз жана билимдʏʏ тʏрдɵ чыгып, эмгектенʏʏсʏнɵ шарт тʏзʏʏ.
— Балдарды жана ʏй-бʏлɵнʏ колдоо багытында кандай иштер жʏргʏзʏлʏʏдɵ?
— Бул тармак биздин башкармалыктын эң маанилʏʏ багыттарынын бири. 2025-жылдын ʏчʏнчʏ кварталына карата 3891 кат тʏшʏп, бул ɵткɵн жылга салыштырмалуу 497ге кɵп. Турмуштук оор кырдаалда жашаган балдардын саны да кɵбɵйʏʏдɵ – 1904тɵн 2817ге жетти. Бул балдардын ар бири менен жеке иш пландары (ИПЗР жана ПИРС) тʏзʏлʏп, социалдык коштоо иштери жʏргʏзʏлɵт.
Ошондой эле 2025-жылы:
— 18 бала камкордукка берилди (2024-жылы 13 бала болгон),
— 65 балага убактылуу камкорчу дайындалды,
— 82 бала интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырылды,
— 58 бала ʏй-бʏлɵсʏнɵ кайтарылды.
Бул кɵрсɵткʏчтɵр биздин системанын иши натыйжалуу багытта экенин далилдейт.
— Алдыдагы негизги максаттарыңыз тууралуу эмнелерди айта аласыз?
— Биздин башкы максат — жакырчылыкты азайтуу жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Жɵлɵкпул алуу менен эле чектелбей, ар бир жаранды ɵз алдынча ишкерликке тартуу – негизги приоритеттердин бири.
Учурда биз Президенттик иш башкармалыгы менен биргеликте Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынан 5 гектар жерди бɵлдʏрʏп, тʏштʏк аймак ʏчʏн биринчи реабилитациялык борбор ачуу долбоорун иштеп жатабыз. Бул борбор мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген 1000 жаранга кызмат кɵрсɵтʏʏгɵ багытталат. Бул иш жʏзʏнɵ ашса, социалдык тармак ʏчʏн чоң секирик болот деп ишенем.
Гульнура Ормонова


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды