Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун тестирлɵɵ жана лаборатория бɵлʏмдɵрʏнʏн ишмердʏʏлʏгʏ
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ АИВ инфекциясына чалдыккан жарандардын саны аябай кɵп болгондугуна байланыштуу оорулуулардын арасында кечигип аныкталып, ооруну ɵтʏштʏрʏп алган учурлар кɵп.
2025- жылдын 10 айына карата Ош облусу боюнча АИВ-илдетине катталгандардын жалпы саны — 97, ал эми 2024- жылдын 10 айына карата 88 АИВ–илдети катталган. Салыштырмалуу 2025-жылдын 10 айында АИВ илдети 9 учурга же 1,1 эсеге кɵбɵйгɵн.
Акыркы жылдар ичинде жугуу жолдорунун ичинен жыныстык жолу менен жугуу жолу басымдуулук кылып жатат. 2025-жылдын 10 айында жыныстык жолу менен 94 учур катталып, 96,9% тʏзсɵ, ал эми 2024-жылдын 10 айлыгында 84 учур катталып, 95,4% тʏзгɵн.
Энеден балага жугуу жолу аркылуу 2025-жылдын 10 айында 2 учур катталып, 2% тʏзсɵ, ал эми 2024-жылдын 10 айында 3 учур (3,8%)катталган.
2025- жылдын 10 айында Ош шаары боюнча АИВ илдетине чалдыккандардын саны 64, 2024- жылдын 10 айында АИВ-илдети чалдыккандардын саны 60. Салыштырсак, 2025-жылдын 10 айында АИВ- илдети 4 учурга же 1,0 эсеге кɵбɵйгɵн.
Ал эми 2025-жылдын 10 айында жыныстык жугуу жолу аркылуу 61 учур катталып, 95,3% тʏзгɵн. Кандан баңги затын ийне саюу аркылуу жугуу жолу менен 2025-жылдын 10 айында 1 учур катталып, 1,8% тʏзгɵн.

АИВ инфекциясына (адамдын иммундук жетишсиздик вирусу) канчалык эрте текшерилип, аныкталса ошончолук жуктуруп коюу коркунучун алдын алууга мʏмкʏнчʏлʏктɵр болот. Тест тапшыруу ʏчʏн Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борборунда кеңеш берʏʏ жана тестирлɵɵ бɵлʏмʏ иштейт. Каалоочулар кайрылып, ар бир жаран ɵз статусун билип алуусун сунуштайбыз.
Тест тапшыруу ʏчʏн ɵздʏк тастыктоочу документ талап кылынбайт, жашыруун (анонимно) акысыз тапшырса да болот. Эгерде жумушка же болбосо чет ɵлкɵгɵ, окуу жайларга тапшырып жаткан болсо анда ɵздʏгʏн тастыктоочу паспорт керектелет, анализ жыйынтыгын “Тʏндʏк” тиркемесинен кɵрʏп алса болот. Бул бɵлʏмдɵ тестирлɵɵгɵ чейинки жана тестирлɵɵдɵн кийинки кеңеш берилет. Кеңеш берʏʏ учурунда АИВ инфекциясынын жугуу жагдайлары, сактануу жолдору, оорунун белгилери жана тестирлɵɵдɵн ɵтʏʏ мɵɵнɵттɵрʏ жɵнʏндɵ кеңири маалымат берилет жана “серологиялык терезе” мезгили жɵнʏндɵ эскертилет. Ɵз каалоосу менен тестирлɵɵдɵн ɵткɵрʏʏдɵ Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттыкты сактоо” жɵнʏндɵгʏ мыйзамынын негизинде АИВге текшерʏʏдɵн ɵтʏʏгɵ ɵз макулдугу менен тапшырылат. Текшерʏʏнʏн жыйынтыгы тестирлɵɵдɵн ɵткɵн жарандын ɵзʏнɵ гана берилет. Берилген корутунду текшерʏʏ жʏргʏзʏлгɵн кʏндɵн тартып ʏч айдын ичинде жарактуу.
Кыргыз Республикасында АИВ инфекциясын аныктоонун тɵмɵнкʏ лабораториялары кызмат кылат:
— улуттук деңгээлде – Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун АИВ инфекциясын аныктоо референс лабораториясы, Республикалык кан борборунун АИВ инфекциясын аныктоо лабораториясы;
-аймактык деңгээлде – облустук, шаардык Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борборунда каршы кʏрɵшʏʏ жана алдын алуу борбору жана ички иштер министирлигине караштуу АИВ инфекциясын аныктоо лабораториясы;
-райондук деңгээлде — аймактык ооруканаларына жана жалпы дарыгердик практикалык борборлоруна караштуу АИВ инфекциясын аныктоо лабораториясы.

АИВ инфекциясын лабораториялык аныктоо эки негизги маселени чечʏʏгɵ багытталган:
— пациенттин АИВ статусун аныктоо (АИВ жуккан/жуккан эмес);
— АИВ инфекциясынын агымын кɵзɵмɵлдɵɵ жана АИВ инфекциясы аныкталган пациент менен иш алып баруу тактикасын тандоо,башкача айтканда антиретровирустук (вируска каршы) дарылоону дайындоого АИВ инфекциясынын стадиясын аныктоо жана анын агымын алдын ала божомолдоо, кɵрсɵткʏчтɵрдʏ тʏзʏʏ, АРВ дарылоонун натыйжалуулугун контролдоо жолу менен.
АИВ инфекциясына текшерʏʏ АИВ 1 жана АИВ 2ге карата вирустук антителаларды табууга негизделген жана тɵмɵнкʏ лабораториялык ыкмалар пайдаланылат:
-чоңдордо жана 18 айдан жогорку курактагы балдарда: АИВге вирустук антигендерди жана антителаларды ɵз убагында табуу ʏчʏн серологиялык изилдɵɵлɵр(экспресс тест жана иммуно ферменттик анализ);
— 18 айга чейинки балдарда АИВди аныктоо ПТР(полимераздык тутумдаш реакциясы)ыкмасы менен жʏргʏзʏлʏп, жана провирусту АИВ –инфекциясынын ДНКсын табууга негизделген, ал ʏчʏн молекулярдык-биологиялык изилдɵɵлɵр колдонулат.
-АИВ –инфекциясы бар жактардын иммундук статусуна мониторинг жʏргʏзʏʏ максатында иммундук клеткалардын санын аныктоо ʏчʏн цитометрикалык изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлɵт:
— АРВ дарылоонун натыйжалуулугуна мониторинг жʏргʏзʏʏ максатында АИВ (вирустук жʏктɵм) сандык аныктоо ʏчʏн молекулярдык-биологиялык ыкмалар колдонулат;
-Генотиптɵɵ ыкмасы менен АИВдин дарылык туруктуулугун табуу жʏргʏзʏлɵт.
Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун лабораториясы капиталдык ремонттон ɵткɵн, стандарттык талаптарга жооп берет, ПЦР, биохимиялык, гематологиялык аппаратуралар менен камтылган. АИВге текшерʏʏдɵн сырткары вирустук гепатиттеринин «В», «С» тʏрлɵрʏнɵ тестирлɵɵ, гематологиялык жана биохимиялык изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлɵт. Донордук анализдерди тестирлɵɵдɵ 4-муундагы диагностикалык тест-системаларын колдонуп, антиген жана антителаларды табуу менен жʏргʏзʏлɵт.
Адамга АИВ инфекциясы жуккандан кийин вируска каршы антителалардын пайда болуусу 2 жумадан 6 айга чейин созулушу мʏмкʏн, бул мезгил «серологиялык терезе» мезгили деп аталат.
Экспресс тесттер АИВге тестирлɵɵдɵн ɵтʏʏнʏ каалаган жарандар кайрылган учурда ʏй — бʏлɵлʏк медицина борборлорунда, аймактык ооруканаларда, бейɵкмɵт уюмдарында, жазык аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтарында, шприц алмаштыруу пункттарында, анонимдʏʏ жана ишеним кабинеттеринде атайын даярдыктан ɵткɵн адистер тарабынан жʏргʏзʏлɵт.
Эгерде АИВди жуктуруп алган жаран ушул мезгилде текшерилип калса, лаборатория антителаларды таба албай калгандыгына байланыштуу туура эмес терс жыйынтык берилип калуусу ыктымал. Ошондуктан бардык текшерилген жарандар 3ай жана 6 айдан кийин АИВге кайталап текшерилип коюусу зарыл.
Б.К.Жакыпова, ВГжАИВТБнун башчысы.Тел: 0779252043.
Ч.Б.Сайдиева, АИВди аныктоо лабораториясынын башчысы.
Тел: 0556567887


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды