1 декабря, 2025

“БУРЕВЕСТНИК”ЖАНА “ПОСЕЙДОН” КАЙСЫЛ АЛААМАТТЫН АЛДЫН АЛУУГА ТИЙИШ?

“Буревестиник” ракетасына карата жасалган бенефистин айланасындагы ар тʏрдʏʏ кеп-сɵздɵр басаңдай электе Россиянын президенти Владимир Путиндин “Посейдон” ядролук дрону сыноодон ɵткɵнʏ жɵнʏндɵ кулактандыруусу жарыяланды. Мындан улам суроо жаралат:бул билдирʏʏлɵр кандай мааниге ээ жана Россия муну менен ага дос эместерге эмнени эскертʏʏдɵ?

“Биринчиден, бул АКШга  айтылып, эскертилип жаткан алгачкы эмес ишаараттардын бири. Вашингтон ядролук куралдарды чектɵɵ боюнча СНВ-3 келишимин узартуу боюнча Россиянын сунушуна жооп берʏʏгɵ шашылбай турат. “Посейдон” “ойлонуп бʏттʏңɵрбʏ?” кыязында аларга кɵз ымдоодо, — дейт аскердик эксперт Виктор Баранец. – Экинчиден, Россия менен согушууга Европа даярдык кɵрʏʏдɵ. Ооба-ооба, Европа лидерлери, НАТО генералдары Россияга чабуул жасоонун мɵɵнɵтʏнɵн ачык айтышууда-2030-жыл! Андан албетте, “биздин аскердик корпорацияда отуздан ашык мамлекет бар, силер жалгызсыңар” деген  ооз кɵптʏрмɵ мактанчактык байкалып  турганы менен, Кремль аларга “жеңе албайсыңар, биздин аргумент кʏчтʏʏ” деп жооп берʏʏдɵ.”

“Акылдуу ойлонгуча, тобокелчи бел ашат”, — дейт кыргызда.Орустар ошол жолду тандаганы талашсыз болуп турат. Эскерте кетʏʏчʏ нерсе, “Буревестник “ менен “Посейдонду” сыноо азыркы учурда тыюу салынган ядролук сыноолорго кирбейт. Учуруу алыстыгы чектелбеген”Буревестник”  ɵзʏнɵ  алты ракеталык системаны — “Авангард”,”Сармат””Кинжал”,”Циркон”,”Статус-6” жана  спутникке каршы лазердик комплекс “Пересветти”камтып, гиперʏндʏʏ ядролук ракеталардан алдына ат салдыра элек жаңы курал.

”Посейдонго” келсек, ал толугу менен роботтоштурулган суу астында жʏрʏʏчʏ аппарат.Аны суу алдында сʏзʏʏчʏ ʏч атомдук кемелер -”Белгород”, “Хабаровск” жана ”Оренбург” алып жʏрɵт. Алгачкы аталган эки кеме бир нече ирет аппаратты сыноодон ɵткɵррʏʏ машыгууларына катышкан.

“Посейдондун” жарылуусу бир нече  чакырым радиусту кʏлгɵ айландырып, тарыхтагы эң коркунучтуу табигый кырсыктарды пайда кылат. 30 метрден ашык ɵйдɵгɵ кɵтɵрʏлгɵн радиоктивдʏʏ цунами 50-150 чакырымдагы кургакты жаап калат. Жɵнɵкɵйлɵштʏрʏп айтканда, бир “Посейдон” Британиянын ʏчтɵн бирин же Европанын деңиз жээгиндеги ар кандай мамлекетин ойрон кылат.

Экономика боюнча Киев мектебинин президенти Тимофей Милованов: “Согуштук аракеттерди дагы уланта берсе, Украина дагы он жылдан кийин калктын жарымын жоготуп, анда 10-15 миллиондун тегерегинде гана жарандар калат”, — деп билдирди. Эске сала кетсек, Украинада Майдан окуяларына чейин 45 миллион эл жашаган.

”Демек,Украина азыркы эсепте, кийинки он жылда эле жарым калкынан айрылды.Тɵрɵлʏʏ ɵлʏмгɵ карата алганда, 5-6 эсеге аздык кылат. Болгондо да, бул маалыматка  согушта тʏздɵн-тʏз курман болгондордун саны кирбейт, ал маалымат аскердик сыр катары сакталат, — дейт Украинанын 2010-2014-жылдардагы премьер-минстри Николай Азаров. — Дагы канча курмандыктар болот, аны кудай билет, бирок бʏтʏндɵй бир мамлекет геосаясий садагага чабылып жатканы ɵкʏнʏчтʏʏ чындык”.

Азаровдун кам эсебинде, бул согуштун качан  бʏтɵрʏн эч ким айта албайт.Анын пикиринде,  согуштун улантылышына биринчи кезекте Европа кызыкдар, аткени, аны бʏтʏшʏ Европанын жеңилʏʏсʏ дегенди тʏшʏдʏрɵт. Бул аларга ɵтɵ чоң шермендечиликти алып келээрин баары эле аңдап атпайбы.

25жылдан бери АКШ бийлиги Венесуэланын солчулдар  ɵкмɵтʏн кулатуу аракетин кɵрʏп келатат-оболу президент Уго Чавестин, эми  Николас Мадуранын бийлигин кулатуу амалы кʏчʏндɵ турат.Трамп жакында эле “кандай тʏшʏнсɵң, ошондой тʏшʏн” кыязындагы адатына салып, карама-каршылыктуу мʏнɵздɵгʏ мындай билдирʏʏсʏн жарыялаган: “Мадуронун Венесуэла бийлигиндеги кʏнʏ эсептелип эле калды. Шегим бар, биз Венесуэла менен согушабыз деп ойлобоймун”. Муну кандай тʏшʏнʏʏ керек, табышмак бойдон калды.

Канткен менен, Кариб деңизинде заманбап тарыхтын эң орчундуу”антинаркотикалык миссиясы” ɵткɵрʏлгɵнʏ турат. Бирок, мындай аракетке венесуэлалыктардын туруктуулукка карата сакталып-калыптанып калган феноменалдык жɵндɵмʏ тоскоолдук кылып келатканы жашыруун эмес. Бул туруктуулук ɵлкɵнʏн эң эле жакыр, кембагал калкынын бийликке биротоло бекем ишенимине барып такалат. Мамлекетте алар ʏчʏн турак-жайдан тартып, бекер азык-тʏлʏк наборлоруна чейин камтылган ʏлкɵн социалдык программалар ийгиликтʏʏ иштейт. Бийлик режимин дал ушул кембагалдар гана ичтен кулатууга кызыкдар болбосо, башканын аны менен иши жок деп айтууга болот. Муну менен кошо Мадуродо ага толук лоялдуу армия жана милиция менен  бирге, ”коллективос” деп аталган, партиянын мыйзамдаштырылган ыктыярдуу кошундары бар. Суроо туулат: мунун баары Трампка неге зарыл болуп жатат? Жооп жɵпжɵнɵй. Венесуэланын Гайан-Ээсекибо шельфинде 10 миллиард барреллдерди камтыган  мунайдын ʏлкɵн жаңы запасы табылды. Мындайга кɵзʏ кызарып турган АКШ Венесуэлага  аскердик базасын коюуга аракет жасады. Бирок, мынча байлыктан кур калгысы келбеген Каракас андай оюндан баш тартты. Ошол себептен, Венесуэла Вашингтонго наркокартель катары кɵрʏнʏп жатат.Андыктан,  Кариб деңизиндеги америкалыктардын азыркы аракеттери Мадурону кулатуу эмес,  шельф менен мунайга кɵзɵмɵлдʏктʏ орнотууга багытталган деп эле тʏшʏнʏʏ керек.

Донадьд Трамптын бир жакын тарапташы Трамп 2028-жылдан кийин да,
конституциялык чектɵɵлɵргɵ карабай, ʏчʏнчʏ мɵɵнɵткɵ президент болуп шайланууга бир план тʏзʏп жатканын кабарлагандан кийин, бʏткʏл Америкада бʏк тʏшкɵндɵй ызы-чуу пайда болду. Трамптын ʏчʏнчʏ мɵɵнɵткɵ баруусу, башканы кой, Кудайдын ɵзʏнɵ жаккан маселе болуп жатканын кабарлап жиберген  стратегдер да чыгууда. Алардын бири — Трамптын мурдагы башкы стратеги Стив Беннон. АКШ Конституциясынын президенттиктин эки мɵɵнɵтʏнɵн ашпоосу  жагдайындагы талабын Беннон  “аны кыйгап ɵтʏʏнʏн тʏрлʏʏ альтернативалары бар” деген пикирин ортого таштады. Анын ою боюнча, Трампка баштаган ишинин аягына чыгуу ʏчʏн дагы убакыт зарыл. Трамптын башаламан, ɵɵдʏк-сɵɵдʏк сɵздɵрʏнɵ,  коомчулук дагы бир мɵɵнɵт чыдай алабы?..

Абдираим МАМЫТОВ.

About The Author