3 ноября, 2025

Марипжан Эндешов:  “АСУНО”  системасы ишке кирсе   санариптик секирик болот

Акыркы жылдары Ош шаарынын тʏнкʏ кɵрʏнʏшʏ ɵзгɵрдʏ. Кɵчɵлɵр жарыктанып, коопсуздук кʏчɵп, шаар тургундарынын жашоосу дагы ыңгайлуу боло баштады. Бул иштердин артында эмгекчил жамаат – Ош шаарынын мэриясына караштуу “Ош свет” муниципалдык ишканасы турат. Биз аталган ишкананын директору Марипжан  Эндешов менен жолугушуп, шаарды жарыктандыруу багытындагы иштер тууралуу маектештик.

—“Ош свет” ишканасынын негизги багыты тууралуу айтып берсеңиз.

— Биздин ишкананын негизги милдети – Ош шаарын тʏнкʏ жарыктандыруу системасы менен толук камсыз кылуу, аны ʏзгʏлтʏксʏз иштетип, оңдоп-тʏзɵп, коопсуз абалда кармоо. Акыркы эки жыл ичинде шаарыбыздын аймагы кеңейди, анткени Кара-Суу районунун эки айыл ɵкмɵтʏ – Тɵлɵйкɵн жана Кызыл-Кыштак Ош шаарына кошулду. Учурда алардын да кɵчɵлɵрʏн жарыктандыруу боюнча активдʏʏ иштер жʏрʏп жатат.

—Азыркы учурда шаардын канча пайызы жарыктандырылды?

— Мурун шаар аймагындагы кɵчɵлɵрдʏн 85 пайызы жарыктандырылган болсо, жаңы аймактар кошулгандан кийин бул кɵрсɵткʏч азыр 70 пайыздан жогору. Азыркы учурда 25 миңден ашуун тʏнкʏ чырактар жана 400дɵн ашуун башкаруу калканчалары (щит) биздин тейлɵɵдɵ турат. Шаардын негизги кɵчɵлɵрʏнʏн дээрлик бардыгы жарыктандырылган, ички кɵчɵлɵрдɵ да жумуштар акыркы этабына жетип калды.

—Ишкананын ички тʏзʏмʏ кандай? Кʏнʏмдʏк иш кандай уюштурулган?

— Биз шаарды алты участокко бɵлʏп иштейбиз. Ар бир участокто ɵзʏнʏн устасы, бригадасы бар. Эртең менен жана кечинде эки бригада кɵчɵлɵрдʏ кыдырып, бузулган чырактарды, ʏзʏлгɵн зымдарды, техникалык мʏчʏлʏштʏктɵрдʏ ыкчам оңдойт. Акыркы ʏч жылда диспетчердик кызматты тʏздʏк. Мурда жɵн гана кароолчу болгон, азыр болсо тɵрт кызматкерден турган атайын диспетчердик бɵлʏм кʏнʏ-тʏнʏ чалууларды кабыл алып, ишти координациялайт.

Мындан тышкары, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн короолорундагы жарыктандыруу да биздин кɵзɵмɵлдɵ. Азыркы учурда 640 кɵп кабаттуу ʏйдʏн короосу жарыктандырылган. Парк, сквер сыяктуу эс алуучу жайларга да ɵзʏнчɵ бригада жооп берет.

—Техникалык базаңыздарда кемчиликтер жокпу?

— Буга чейин эски автоунаалар менен иштеп кыйналып жʏргɵнбʏз. Быйыл мэрибиз Жеңишбек Шермаматовичтин демилгеси менен 5 жаңы автоунаа алынып, азыр 8 техника менен толук кандуу иштеп жатабыз. Бул чоң колдоо болду. Техникалык маселе азырынча толук чечилди десек болот.

—Авариялык кырдаалдар кандай жоюлат?

— Кээде унаалар мамыларды сʏзʏп, же шамал, жаан, кар сыяктуу аба ырайынын шарттары электр линияларын ʏзʏп кетет. Мындай учурда биздин бригада дароо чыгып, мʏмкʏн болушунча ошол замат калыбына келтирет. Эгер кырдаал тʏн ичинде болсо, эртеси кʏнʏ сɵзсʏз оңдоп чыгабыз.

—Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵ боюнча кандай иштер жʏрʏʏдɵ?

— Мен бул  ишканага келгенден кийин шаардагы бардык эски, кɵп энергия сарптаган чырактарды заманбап, ʏнɵмдʏʏ светодиоддуу чырактарга алмаштырдык. Учурда шаар толугу менен ушул тʏрдɵгʏ чырактар менен жабдылган. Ушул жерге кыстырып айтып ɵтсɵм, акыркы убакта ак эмес, сары тʏстɵгʏ жылуу чырактарды орнотууга ɵттʏк. Бул кɵздʏ чарчатпайт, туман шартында жарыкты жакшы чагылдырат жана унаа айдоочулар ʏчʏн коопсуз. Бул дʏйнɵлʏк чоң шаарларда колдонулган тажрыйба. Сары тʏстɵгʏ чырактар Кытайдан жана Россиядан алынат. Баасы жана сапаты жагынан кайсынысы ылайыктуу болсо, ошол ɵндʏрʏш менен келишим тʏзɵбʏз.

— Акылдуу жарыктандыруу системасына ɵтʏʏ пландарыңыздар бар экен?

— Ооба, бизде “АСУНО” (сырткы жарыктандырууну автоматтык тʏрдɵ башкаруу системасы) деп аталган — тʏнкʏ кɵчɵ жарыктандырууну алыстан автоматтык башкаруу системасын киргизʏʏ долбоору даяр. Бул система ишке кирсе, Ош шаарындагы бардык чырактарды “Ош светтин” диспетчердик борборунан туруп эле бир баскыч менен кʏйгʏзʏп же ɵчʏрʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлɵт. Башкача айтканда, убакытты ʏнɵмдɵп, иштин ылдамдыгын жана тактыгын жогорулатат. Учурда бул долбоор техникалык жактан толук изилденип, ишке ашырууга даяр турат, бирок ал олуттуу каржылоону талап кылгандыктан, убактылуу кийинки жылга жылдырылды. Ошентсе да, бул система киргизилсе, жарыктандыруу тармагында чыныгы санариптик секирик болот деп ишенебиз.

—Кʏн нурунан кубатталуучу чырактар орнотулуп жатыптыр…

— Туура, акыркы жылдары дʏйнɵдɵ энергиянын жаңылануучу булактарына ɵтʏʏ багыты кʏч алды. Биз да ушул нукта кадам таштап, Ош шаарында кʏн нурунан кубат алып иштеген чырактарды орнотуу боюнча сыноо иштерин баштадык. Учурда мындай чырактар Б. Осмонов кɵчɵсʏнʏн тротуарларына жана Асранкулов кɵчɵсʏнɵ коюлду. Алгачкы жыйынтыктар кубандырарлык — алар тʏнʏ туруктуу иштеп, электр энергиясын ʏнɵмдɵɵгɵ салым кошууда. Эгер бул сыноо ɵзʏн актаса, кийинки этапта мындай энергияны ʏнɵмдɵй турган чырактарды шаардагы башка кɵчɵлɵргɵ жана жаңы конуштарга да жайылтууну пландап жатабыз.

—Кыш мезгилине даярдыктар сиздердин ишканаңыздарда кандай кɵрʏлɵт?

— Кыш айлары биздин ишкана ʏчʏн эң жооптуу мезгилдердин бири. Шамал, катуу кар же муз сыяктуу аба ырайынын шарттары электр линияларына кошумча кʏч келтирип, ʏзʏлʏʏ же мʏчʏлʏштʏк жаратышы мʏмкʏн. Ошондуктан биз кʏз айларында атайын “кышкы даярдык” иш-чараларын ɵткɵрɵбʏз. Ар бир участоктогу линиялар текшерилип, зымдар тартылып, бекемделет, кабелдердин изоляциясы жана туташуулары кайрадан каралат.

Акыркы ʏч жылдан бери ачык абадагы жылаңач зымдардын ордуна ɵзʏнɵн ɵзʏ изоляцияланган сапаттуу СИП кабелдерди (ɵзʏн изоляциялаган ɵткɵргʏчтɵр) колдонуп келебиз. Бул жаңы технология коопсуздук жагынан да, ишенимдʏʏлʏк жагынан да абдан жакшы натыйжа берди: электр зымдарында жогорку чыңалуу  дээрлик болбойт, дарак тийсе же зым жерге тʏшʏп кетсе да ток уруу коркунучу жаралбайт. Башкача айтканда, бул жаңычыл ыкма менен биз кыштагы ʏзгʏлтʏктɵрдʏн санын кыйла азайттык жана шаар тургундарына коопсуз, туруктуу жарык берʏʏнʏ камсыздап келе жатабыз.

—Алдыдагы пландарыңыздар тууралуу айта кетсеңиз.

— Кийинки жылдардан биз “акылдуу” чырактарды киргизʏʏнʏ пландап жатабыз. Алар тʏнкʏ саат 1ге чейин толук кубатта кʏйʏп, андан кийин автоматтык тʏрдɵ жарыкты азайтып, таңкы 5те кайра толук кубаттуулукка ɵтɵт. Бул энергияны ʏнɵмдɵɵнʏн заманбап жолу болот.

Ошондой эле жумушчулардын маянасы маселеси да каралып жатат. Учурда 57 кызматкер иштейт. Эмгек акынын аздыгынан улам кадрлар тез-тез алмашууда. Мэрия бул маселени колго алып, жакында айлыкты жогорулатуу боюнча иштер жʏрʏʏдɵ. Бул, албетте, кадрларды туруктуу кармоого ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

—Сɵз соңунда…

— Шаарыбыздын тʏнкʏ кооздугу – биздин эмгектин жыйынтыгы. “Ош светтин” ар бир кызматкери кʏнʏ-тʏнʏ эмгектенип, шаар тургундарынын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу ʏчʏн иштеп жатат. Мэриянын колдоосу менен алдыда дагы кɵп жакшы иштерди аткарабыз деп ишенем.

Гульнура Ормонова

About The Author