Кыргызстандын билим берʏʏ тарыхында алтын тамгалар менен жазылган, бир кылымдык улуу жолду басып ɵткɵн Ош мамлекеттик педагогикалык университети быйыл ɵзʏнʏн 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Бул окуу жай жɵн гана билим берʏʏ мекемеси эмес, ал — кыргыз агартуучуларынын тамыры, мугалимдик салттын бешиги жана жаңы доорго карай багытталган ɵнʏгʏʏнʏн жаркын символу.
«Биздин миссия — сапаттуу билим аркылуу коомго кызмат кылуу», — деген ураанды туу тутуп келе жаткан бул билим уясынын ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекмурза Бекболотович Зулуев менен маектешип, университеттин ɵткɵнʏнɵ, бʏгʏнкʏсʏнɵ жана келечегине тереңирээк саякат жасадык.
Окуу жайдын тарыхы — бул агартуучулуктун тамыры

ОшМПУнун жʏз жылдык тарыхы — узун, татаал, бирок даңктуу жол.
Ректор Бекмурза Зулуевдин айтымында, университеттин башаты 1924-жылы Ош шаарында алгачкы 6 айлык педагогикалык курстар ачылып, кыргыз мугалимдеринин алгачкы муунун даярдоо иши башталган учурдан тартып башталат.
«Бул — кыргыз билим берʏʏ тарыхындагы эң маанилʏʏ кадамдардын бири болгон», — деп ректор тарыхый учурду баса белгиледи.
1925-жылдын 15-январында Ош округдук ревкомунун №14 токтому менен бир жылдык педагогикалык техникум тʏзʏлʏп, анын пайдубалын кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Базаркул Данияров тʏптɵгɵн. Ал ошол мезгилде эл арасынан чыккан алгачкы педагогдордун катарын тʏзʏп, техникумду уюштурууда зор эмгек сиңирген. Анын демилгесин Ош ревкомунун тɵрагасы, кыргыздын кɵрʏнʏктʏʏ ишмерлеринин бири Дали Зулфибаев колдогон.
Техникумдун алгачкы бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнʏн арасында кыргыз маданиятынын даңктуу ɵкʏлдɵрʏ — эл акыны Темиркул ʏмɵталиев, Жоомарт Бɵкɵнбаев, Тɵлɵн Шамшиев сыяктуу кɵрʏнʏктʏʏ инсандар болгон. Бул ɵзʏ эле окуу жайдын ошол кезден тартып эл ʏчʏн канчалык маанилʏʏ экенин айгинелеп турат.
Окуу жайдын тарыхында кыйынчылыктар да болгон. 1968-жылдары жетекчи болуп иштеген, азыр 94 жаштагы Канада Кадыровна Юлдашеванын айтымында, жаңы тʏптɵлʏп жаткан учурда окуу жайдын материалдык-техникалык базасы аябай начар болгон.
«Ага карабастан, студенттердин билим алууга болгон ынтызарлыгы, каалоосу кʏч эле. Шарт жок болчу, бирок балдар билимге ɵтɵ умтулуу менен окушчу», — деп ал ошол кездеги студенттерди жылуу эскерет.
1927-жылы педтехникумда 8 класс болуп, алар эки смен менен окушкан. Эки бɵлмɵлʏʏ жатаканада 15 окуучу жашап, калган студенттер батирде турушкан. Мугалимдердин кɵпчʏлʏгʏ Москва, Ташкент, Алматы шаарларынан билим алып келген ар улуттун ɵкʏлдɵрʏ болушкан.
1928-жылы Ош менен Жалал-Абад округдары бириктирилип, Ош округу тʏзʏлгɵндɵ Ош педагогикалык техникуму Жалал-Абад шаарына кɵчʏрʏлгɵн. Оштогу техникумду бʏтпɵй калган окуучулар Жалал-Абаддагы жана Пишпектеги (Бишкек) окуу жайлардан окууларын улантышкан. Педагогикалык техникум ʏч жыл аралыгында 300гɵ жакын мугалимди даярдоого жетишкен.

Бир кылым — бир максат: билим сапаты жана мугалимдин миссиясы
ОшМПУ ɵзʏнʏн бир кылымдык жолунда бир нече баскычтарды басып ɵтʏп, ар бир доор менен жаңыланып, ошол мезгилдин талабына ылайык ɵзгɵрʏп отурду.
Техникумдан педагогикалык окуу жайга, андан аялдар училищесине, кийин колледжге, институтка жана бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ заманбап университетке чейин узак жол ɵттʏ.
Бул баскычтар тɵмɵнкʏчɵ:
• 1925-ж. — Ош педагогикалык техникуму;
• 1928-ж. — Ош–Жалал-Абад техникуму;
• 1937-ж. — Ош кыздар педагогикалык окуу жайы;
• 1939-ж. — Ош педагогикалык окуу жайы;
• 1952-ж. — Ош аялдар педагогикалык училищеси;
• 1966-ж. — Ош педагогикалык училищеси;
• 1994-ж. — Ош педагогикалык колледжи;
• 1996-ж. — Ош жогорку колледжи;
• 2002-ж. — Ош гуманитардык-педагогикалык институту;
• 2021-ж. — Ош мамлекеттик педагогикалык университети.
2021-жылы окуу жайга университет макамынын ыйгарылышы — жаңы доорго кадам таштаганынын жаркын белгиси болду.
Соңку жылдары жʏргʏзʏлгɵн системалуу реформалардын натыйжасында ОшМПУ заманбап кɵп профилдʏʏ, илимий-билим берʏʏчʏ, маданий-агартуучу, эл аралык кызматташууда бай тажрыйбасы бар окуу жайга айланды. Университетте атаандаштык шартында ийгиликтʏʏ ишмердʏʏлʏктʏн экономикалык модели иштелип чыгып, натыйжалуу ишке ашырылып жатат.
Окуу жай 100 жылдык тажрыйбаны жыйноо менен ɵлкɵнʏн жогорку окуу жайларынын арасында чоң абройго ээ болуп, коомчулукка педагогикалык багытта кесипкɵй адистерди даярдоонун тʏптʏʏ устаканасы катары белгилʏʏ боло алды.

Санарип университет — сапаттын кепилдиги
Бʏгʏнкʏ ОшМПУ — заманбап технологиялар менен жабдылган, кɵп профилдʏʏ, илимий жана эл аралык байланыштары кеңири жогорку окуу жай.
Ректор Бекмурза Зулуевдин айтымында, университет азыр «Санарип университет» концепциясын ишке ашырып жатат.
«Бул деген — бардык окуу жана административдик процесстерди электрондук форматка ɵткɵрʏʏ», — деп ректор санариптештирʏʏнʏн маанисин тʏшʏндʏрдʏ.
Студенттер экзамендерди AVN порталы аркылуу автоматтык тʏрдɵ тапшырып, баалары заматта чыгат. Ата-энелер да балдарынын окуудагы жетишкендигин онлайн кɵрɵ алышат.
Мындан тышкары, AIDoc, InfoDocs, электрондук журнал, электрондук архив жана электрондук китепкана системалары иштеп жатат.
Бул — кагаз ишин азайтуу, убакыт ʏнɵмдɵɵ жана ачык-айкындыкты камсыздоо деген сɵз. Санариптештирʏʏ билим берʏʏнʏн сапатын жогорулатууга жана башкарууну эффективдʏʏ кылууга ɵбɵлгɵ тʏзʏʏдɵ.
Окутуучулар — билим берʏʏнʏн элчилери
Университеттин жʏрɵгʏ — анын профессордук-окутуучулук курамы.
Азыр ОшМПУда 425 окутуучу эмгектенет. Алардын арасында 12 илим доктору, 40 илим кандидаты, ондогон магистрлер, доценттер жана «Билим берʏʏнʏн мыктылары» бар.
Ректор: «Бизде окутуучу — жɵн гана сабак берʏʏчʏ функцияны гана аткарбайт, ал инновация алып келген лидер».
Ошондуктан ар бир мугалимдин кесиптик деңгээлин жогорулатуу ʏчʏн чет ɵлкɵлʏк жана ички семинарларга катышууга шарт тʏзʏлɵт.
Окутуучулар Чехия, Англия, Россия, Ɵзбекстан, Казакстан сыяктуу ɵлкɵлɵрдɵ тажрыйба алмашып келишет. Бул алардын дʏйнɵлʏк билим берʏʏ тенденциялары менен таанышып, алдыңкы тажрыйбаларды алып келʏʏсʏнɵ шарт тʏзɵт.

Эл аралык кызматташтык — университеттин кʏчтʏʏ багыты
ОшМПУ бʏгʏн дʏйнɵлʏк билим мейкиндигине активдʏʏ интеграцияланып жатат. Университет 50дɵн ашуун чет ɵлкɵлʏк университеттер менен келишим тʏзгɵн. Алардын катарында Япония, Чехия, Германия, Венгрия, Ɵзбекстан, Казакстан, Россия сыяктуу ɵлкɵлɵр бар.
«Мобилдʏʏлʏк» программасы аркылуу студенттер чет ɵлкɵлɵрдɵ окуп, практика ɵтɵп келишет. Ал эми чет элдик профессорлор университетке келип, лекциялар жана мастер-класстар ɵткɵрʏп турушат.
«Бул — студент ʏчʏн чыныгы эл аралык билим чɵйрɵсʏ», — деди ректор.
Мындай байланыштар студенттердин дʏйнɵлʏк деңгээлдеги билим алуусуна, тил ʏйрɵнʏʏсʏнɵ жана маданий бидим алышына чоң мʏмкʏнчʏлʏк берет.
Жаштар — университеттин сыймыгы
Студенттик жашоо да университетте ар тараптуу ɵнʏгʏп жатат. Студенттер ʏчʏн бардык шарттар тʏзʏлгɵн.
Университеттин «Кербен» ансамбли, «Нона» тобу, «Мурас» телестудиясы, жаштар комитети жана спорттук клубдар активдʏʏ иштейт. Бул студенттердин чыгармачылык, спорттук жана коомдук потенциалын ачууга жардам берет.
Ишкердикке кызыккан жаштар ʏчʏн «Бизнес-идеяларды ишке ашыруу борбору» иштейт. Ал жерде студенттер долбоорлорун иштеп чыгып, 2000–6000 долларлык гранттарды утуп алышууда. Айрымдары ɵзʏнʏн жеке ишин ачууга жетишти.
Жыл сайын мыкты студенттерге президенттик жана жеке ишкерлердин атайын стипендиялары ыйгарылат. Университеттин ɵзʏнʏн да студенттик долбоорлорго 50 миңден 100 миң сомго чейинки гранттары бар. Бул жаштарды шыктандырып, алардын келечекке болгон ишенимин арттырат.

Жʏз жылдык маараке – тарых менен келечектин жолугушуусу
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракеси — окуу жайдын тарыхындагы эң чоң окуялардын бири болду.
Салтанаттуу иш-чарага министрлер, жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏ, чет ɵлкɵлʏк ɵнɵктɵштɵр жана окумуштуулар катышты. Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, ардактуу агартуучуларга арналган чыгарма тартууланды.
ОшМПУнун «Санарип доор жана педагогикалык инновациялар» аттуу тасмасы кɵрсɵтʏлʏп, иш-чараны ректор Бекмурза Зулуев расмий ачып берди.
Куттуктоо сɵздɵрʏн КР Илим, жогорку билим берʏʏ жана инновациялар министри Бактияр Орозов, КР Агартуу министри Догдургʏл Кендирбаева, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, ошондой эле Билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ɵкʏлʏ Айбек Кудайкулов айтышты.
Мааракеге ошондой эле чет ɵлкɵлʏк коноктор — Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин проректору Радик Юлбаев, Оштогу «Орус ʏйʏнʏн» жетекчиси Аврам Дмитрий Николаевич, шаардагы ЖОЖдордун ректорлору жана ОшМПУнун ардактуу бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ катышып, университеттин 100 жылды менен куттукташты.
Айнура Валижанова

Окшош макалалар
Марипжан Эндешов: “АСУНО” системасы ишке кирсе санариптик секирик болот
Балдардын укуктарын коргоонун коомдогу орду: балдар жɵнʏндɵ материал даярдоодо эмнелерди эске алуу керек?
Жасалма интеллект душман эмес, жардамчы!