Кыргызстандын Конституциясы боюнча балдар коомдун эң аярлуу катмары болуп саналат. Балдардын укуктары баш мыйзам менен корголгон соң, аны сактоого бардык жарандар бирдей милдеттʏʏ болуп саналат. Айрыкча, акыркы учурларда балдарга байланыштуу чуулуу кабарлар тарап, балдардын укугуна байланышкан маселелерди башкы темага айлантты.
Ушул айдын башында Ысык-Кɵл облусундагы мектептердин биринде окуучу бала окуучу кызды сабаган видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун кɵңʏлʏн ɵзʏнɵ бурду. Анда айрым колдонуучулар окуучу баланы жазалаш керектигин жазышса, кээ бирлери эки тарапты тең колдоп чыкты.
Балдардын укугу менен шугулданган юристтер жана психологдор балдар тууралуу макала, кабар жана башка нерсе жазууда ɵтɵ кылдаттык талап кылынарын, андыктан журналисттер же башка тараптар балдардын келечектеги жашоосуна, учурдагы жашоосуна таасир тийгизе турган маселелерди ЖМКда чагылдырууда ɵтɵ этияттык талап кылынарын белгилеп келишет.

Балдар — коомдун эң корголуучу катмары. Алардын кɵйгɵйлɵрʏ, турмушу жана укуктары тууралуу маалымат берʏʏдɵ ЖМК жана журналисттер чоң жоопкерчилик тартат. Журналисттер коомчулукка балдардын кɵйгɵйлɵрʏн жеткирип жатканда, алардын коопсуздугун сактап, психологиялык жана социалдык зыян келтирбеши абзел.
Бул багытта ЮНИСЕФ журналисттер жана медиа ɵкʏлдɵрʏ ʏчʏн балдардын укуктарын коргоо боюнча принциптерди жана кɵрсɵтмɵлɵрдʏ иштеп чыккан. Алар балдардын кɵйгɵйлɵрʏн чагылдырууда баланын кызыкчылыгы, коопсуздугу жана кадыр-баркы биринчи орунда болушу керектигин белгилей турган негизги багыттарды камтыйт.
Алты жалпы принцип
1. Ар бир баланын кадыр-баркы жана укуктарын урматтоо
Балдар менен байланышта болгон учурда журналисттер ар дайым алардын жеке кадыр-баркын жана укуктарын сыйлашы зарыл. Бала тууралуу маалымат берʏʏдɵ эч качан кемсинтʏʏ же басмырлоо болбошу керек.
2. Балдардын купуялуулугун сактоо
Балдар менен маектешкенде алардын жеке турмушу корголушу керек. Маек учурунда баланын оюн угуп, ага зыян келтирʏʏчʏ маалыматтарды кабыл албоого шарт тʏзʏʏ маанилʏʏ.
3. Балдардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу
Маалыматты берʏʏдɵ балдардын кызыкчылыгы ар дайым артыкчылыктуу болушу керек. Журналисттер алардын ʏнʏн чагылдыруу менен, коомдук талкууну аларга зыян келтирбестен уюштурууга умтулушу зарыл.
4. Балдардын пикирин баалоо
Баланын пикири жаш курагы жана жетилгендик деңгээлине жараша маанилʏʏ. Журналист баланын пикирин угууга жана аны туура чагылдырууга аракет кылышы керек.
5. Социалдык, саясий жана маданий контекстти тʏшʏнʏʏ
Балдар тууралуу маалыматты берʏʏдɵ алардын жашоосу, ɵнʏгʏʏсʏ жана чɵйрɵсʏ тууралуу кеңири контекстти эске алуу зарыл.
6. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу
Жашыруун тексттер коддор же видеоматериалдарды жарыялоо учурунда журналисттер балдардын коопсуздугуна шек келтирбеши керек. Бул, ɵзгɵчɵ зомбулукка кабылган же оор абалдагы балдар ʏчʏн маанилʏʏ.

Балдар менен маектешʏʏ боюнча алты жетекчи кɵрсɵтмɵ
1. Баланы зыяндан коргоо
Баланын айланасындагы кырдаалга этият болуу керек, коркунуч туудурган окуялардан кийин бала менен баарлашууда зыян келтирбɵɵгɵ аракет кылуу зарыл.
2. Айырмачылыктан алыс болуу
Балдарды тандоо учурунда жынысы, расасы, жаш курагы, ден соолугу, билим деңгээли же социалдык статуска карата дискриминация болбошу керек.
3. Жасалма окуяларга жол бербɵɵ
Балдардан бирɵɵнʏн окуясын сɵзсʏз айтып берʏʏсʏн талап кылбоо. Бардык маектер чындыкка негизделʏʏсʏ керек.
4. Стигма жана басмырлоодон алыс болуу
Баланын кɵйгɵйʏн чагылдырганда “курмандык”, “жардамга муктаж” сыяктуу сɵздɵрдʏ колдонбоо. Бул балага жана ʏй-бʏлɵсʏнɵ психологиялык зыян келтириши мʏмкʏн.
5. Сʏрɵт жана видео материалдарды колдонууда коопсуздук
Баланын сʏрɵтʏ же видеосу жарыяланганда сɵзсʏз макулдук алынуусу керек. Эгерде бала жашы жете элек болсо — ата-энесинин уруксаты талап кылынат. Кɵзʏ, жʏзʏ жана аты-жɵнʏ жашырылышы мʏмкʏн.
6. Маек учурунда бала эркин болушу керек
Суроолор бала тʏшʏнгɵн тилде жана сылык формада берилʏʏсʏ зарыл. Маектешʏʏ ʏйдɵ же бала ɵзʏ коопсуз сезген чɵйрɵдɵ жʏргʏзʏлʏшʏ сунушталат.
Балдардын сʏрɵттɵрʏн жана материалдарын колдонууда негизги талаптар:
— чыныгы же болжолдуу зыян келтирʏʏ ыктымалдыгы бар учурда, баланын аты-жɵнʏн жана жʏзʏн кɵрсɵтпɵɵ;
— интервью же сʏрɵт жарыяланганда, баланын макулдугу тʏшʏнʏктʏʏ тилде, ата-эне же ишенимдʏʏ чоң адамдын катышуусунда алынуусу керек;
— маектешʏʏ учурунда баланын ʏнʏ, дене кыймылы жана маанайы маанилʏʏ.
ЮНИСЕФтин бул принциптери менен кɵрсɵтмɵлɵрʏн сактоо аркылуу журналисттер балдардын укуктарын сыйлап, алардын кɵйгɵйлɵрʏн чынчыл жана коопсуз жол менен коомго жеткире алышат.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Марипжан Эндешов: “АСУНО” системасы ишке кирсе санариптик секирик болот
ОшМПУ – жʏз жылдык билим уясынын жаңы доору
Жасалма интеллект душман эмес, жардамчы!